АТАКТУУЛАРДЫН КИМИСИ ӨКҮЛ БАЛАГА БАЙ?

№730 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж

"Өкүл ата, өкүл апанын башкы максаты – жаш жубайларга өздөрүнүн көрөгөчтүгүн үйрөтүп, келечегине багыт берүү" дешет этнографтар. Акыркы кезде "баланчанын 20, түкүнчөнүн 15 өкүл баласы бар экен" деген кептерди кулагыңыз чалса керек. Ушунча түгөйдүн жеке жашоосуна кийлигишип, туура жол көрсөткөнгө мүмкүнбү? Атактуулардын арасында бери дегенде 3, ары дегенде 12 өкүл баласы барлары бар. Алар моюнуна жүктөлгөн милдетин кандай аткарып жатышат? Төмөнкү макаладан окуп билиңиз.

Бердигул Темирбаев, Кыргызстан эл аралык университетинин доценти, этнограф: "ЖАШТАР ДАРАЖАСЫНА КАРАП ӨКҮЛ АТА ШАЙЛАП ЖАТЫШАТ"

– Жаңы баш кошкон жубайларга өкүл ата, өкүл апа дайындоо 19-кылымдан бери келе жаткан кыргыздын каада-салты. Мурда теги жакшы, эл арасында кадыр-барктуу, нарк-насилдүү адамдарды коюшкан. Алар жаштарга колунан келген тартуусун кылып, мал энчилешчү. Өкүл ата, өкүл апаны жубайларга өздөрүнүн турмуштагы көрөгөчтүгүнө үйрөтүшсүн, келечегине багыт беришсин деген максатта дайындашкан. Учурда жаштар материалдык байлыгына, бийлигине, даражасына карап "кызмат береби же акча береби?" деп шайлап жатышат. Алардын арасында бойдокторду коюп алгандары да бар. Илгери күйөө тараптан кызга эле шайланса, азыркылар кайдан алынганын билбейм, кыз да, бала тарап да өзүнчө өкүл ата, өкүл апа коюп жатышат, бул албетте туура эмес.

Гүлзат Байзакова, ырчы: "ӨКҮЛ БАЛДАРЫМДЫН БААРЫ БУТУНА ТУРГАН"



– 12 өкүл балалуу болдук. Алардын акыркысы Гүлбү Ороскул кызы менен Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура менен жолдошу Мирзат Муканов. Өкүл балдарыбыздын көпчүлүгү чыгармачыл адамдар. Той болгондо келип кызмат кылып турушат. Алар чакырганда мен барып турам. Азыркы жаштар кыйын эмеспи, баары тең бутуна туруп, жашоодо өзүнүн жолун табышкандар. Бизден жардам сурагыдай абалда эмес. Ушуга чейин өкүл балдарыбыз урушуп кетип биз аралашкан учур болгон эмес, болбой эле койсун. Жалаң жакшылыктардын үстүндө карым-катнашта жүрөбүз.

Алтынай Нарбаева, ырчы: "ӨКҮЛ БАЛДАРЫМДЫН САНЫ 7ГЕ ЖЕТТИ"



– Биздин өкүл балдарыбыздын саны 7ге жетип калды. Баары туугандарыбыз, жолдошум менен чогуу иштегендер. Алар балдарыңдай эле болуп калышат экен. Жакшылыктарга келип кол-кабыш кылып, оорун колдон, жеңилин жерден алып турушат. Ар дайым "апам келди" деп сыйлашат. Алардын алдында жоопкерчилик чоң. Көйгөй жаралганда чогулуп чечебиз. Акыл-насаат айтып, кеңешимди берем. "Өкүл атам министр, заводдун директору" дегендерди көп угам. Балдарга материалдык колдоо көрсөткөнгө бул да жакшы болсо керек деп ичимден ойлоп калам. Жолдошум экөөбүз да өкүл балдарыбызга "бул жагын биз берели, бул жагын биз көтөрөлү" деп жардам берип турабыз.

Урмат Усенов, ырчы: "ӨКҮЛ АТА БОЛУП БЕРИҢИЗЧИ ДЕГЕНДЕР КӨП"



– Менин 3 өкүл балам бар. Билишимче, өкүл атанын башкы милдети – жаштарга көпүрө болуу. Жубайлардын ата-энеси кийлигише албаган маселелерди чече турган өкүлдөр. Алардын материалдык же моралдык абалына эмес, жеке жашоосуна кийлигише турган маанилүү адамдар. Эң биринчи кезекте кыз тарапка колдоо көрсөтчү кишилер. Буларды эмне себептен айтып жатам? Себеби мен өзүмдүн өкүл атамдан көргөн сабакты өкүл балдарыма көрсөтөм. Өкүл атам мага дос, байке, бир тууган катары мамиле кылат. Ата-энеме айта албаган маселени өкүл атам менен кеңешип, чечип алам. Өкүл бала менен ата эл көзүнө эмес, чындап бири-биринен жашыра турган сыры жок мамиледе болуш керек деп ойлойм. Мен дагы өкүл балдарыма колумдан келишинче ошондой мамиле жасайм. "Өкүл ата болуп бериңизчи" деген кайрылуулар, Кудайга шүгүр, көп болгон. Бирок мен буга чейин мамиле курган адамдарга гана өкүл ата болгонго аракет жасайм. Анткени тааныбаган адам менен кийин жылдызың келишип, үлгүлүү өкүл ата болуп кетериң күмөн. 20-30 өкүл балдары болгондорду угуп жүрөм. Бирок бул реалдуу эмес, бул сөз үчүн гана деп ойлойм.

Рахман Разыков, куудул: "КАНЧА ӨКҮЛ БАЛАМ БАР ЭКЕНИН БИЛБЕЙМ"



– Мен көбүнчө "заочный" өкүл атамын. Канча өкүл балам бар экенин так санын билбейм, 6-7 болсо керек. Орусияга барсам бир бала "сиз менин өкүл атамсыз" дейт. Көрсө, ал мени өкүл ата кылып дайындаса, тоюна бара албай калсам "заочный" өкүл ата кылып дайындап коюптур. Анын баласы 5 жашка чыгып калыптыр. Өкүл ата дегенге өтө олуттуу карагандар бар. Алар өкүл балдарын чогултуп чай беришкенине күбө болуп калам. Мен андайга маани бербеген жоопкерчиликсиз өкүл атамын. Ал тургай өзүмдүн неберелерим төрөлгөндө бир көрөм, анан басып жүргөндө бир көрөм. Кийин барсам эле "чоң ата", "таята" деп калышат. 12 неберем бар, кимиси кайсы баламдыкы, кызымдыкы экенин айырмалай албай, аттарынан адашам. Анан өкүл балдарыма качан убакыт табам (күлүп). Сапар Сакабаев деген өкүл балам бар. Ал менден 5 эле жаш кичүү. Жубайы экөө чоң ата, чоң эне болуп калышты. Чыгармачыл адам болгондуктан жакын катышып жүрөбүз. 2-3 өкүл балаң болсо жетиштүү, көп болсо көңүл бурууга жетишпей каласың.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(30)
31.10.2016. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Негизи 7 уй булого окул ата болсон ошолордуоз баландай карасан бейишке чыгасын деген соз бар балким бул бекеринен айтылбаса керек.
31.10.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
ZHaziko,каерде ошондой сөз бар экен?
31.10.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
ZHaziko,Бул создун чындыгын билип анан айтыш керек , динге кошумча алымча кылган чоон куноо.
31.10.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менде дагы суроо бар? Ушул маселе окул ата, окул эне боюнча дин аалымдарынан билип берсениздер жакшы болот эле Супер- Инфо гезитинин жамааты!
05.11.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.arts.,динде айтылган
01.11.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ZHaziko,kim aitty komik go))))))
03.11.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZHaziko,dinde okul ata degen bar beken oilonup suiloson.
31.10.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
ооба баары эле адамдын колуна карап окул ата окул апа шайлашат...колунда жок болсо эч ким деле шайлабайт...
31.10.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сыймык Бейшекеевдин бир интервюсун окудум эле 21окул балам бар дегенин. Жыргал Саматовтун 40тан ашык окул балам бар дегенинда укканмын.
31.10.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жок эле нерсе бир же экоо болотда 21же дагы канча бут кыргызстанга болуп алгыла анда
31.10.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Омой менин Атамын 18 окул балдарын бар
31.10.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Саптын башында турган улуу муундар Урматтай болуп окул ата апанын маани манызын тушуно билбеген инсандар экен.
Жаш бодсо да Урмат ушу создун маани-манызын, милдетин чечмелеп айтып бериптир.
Рахман Разыковдун суйлогон создоруно кулкум келди, копту коруп калса да балдарынын алдында оз милдетин билбеген киши окшойт.
Коз отуп келкенде сизди чон ата катары кандай киши болгонунузду айтып улай жургон ошол небере чоборолор дээр элем
01.11.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KYRGYZJERI,Рахман байкебиз боюнча оюнузга кошулам. Ото коп небере болсо бир жон, уй булого жоопкерчилик жок окшойт. Тамашалады дейин десем, пайгамбар жашындагы адам кантип ушинтсин.
04.11.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KYRGYZJERI,атактуу рыспай абдыкадыровдун кыэдары атасы тураалуу толук нерсе айта албай калгандай болот да ракман разыков да уят эле чон эле кишинин созу
31.10.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуу муундар материалдык байлыкка басып жасашыптырго тообо!
31.10.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Anjelikanyn da okul baldary kop bolush kerek, tamashounun baldary koiup jatty ele
01.11.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кимдин колунан иш келсе, авторитети кучтуу б.со, акчалуу б.со ошонун окул балдары коп.
01.11.2016. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куудул ушул жерде да кулдуруп отуптур,торолгондо бир кором басканда бир кором деп уйлонгондо бир кором деп койбоптур
01.11.2016. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лейлекте өкүл ата-апа жок эле жашап атабыз. Андай түшүнүкда жок. Кээ бир теманы билгендер менен баарлашып коёбуз...
01.11.2016. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлекте өкүл ата-апа түшүнүгү жок.
01.11.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул окул ата эненин эмне кереги бар ашыкча чыгым азыр мат байлыгына карашат.Оло албай жургондор ла айтып калышат бизди окул кылып шайлашты деп.Тоюна озунун шакегин ломбардка коюп нике шакек бизден деп алып баргандарды коруп аргасыздан жылмаясын
01.11.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде окул ата жок же озум окул эмесмин жакшыле жашап жатабыз каинсинди куйоого берсек бир тууганын окул кылышса бишкек алтын такканкен карайып кетип оздору россия алтын алышты ошого не керек дейм да расход эле болоткен ошол алтынына тоодой дасторкон себет сарпай килем бересин болбосо кыйратып койгонсуп гапкылып кеткенине олосун
krem түзөттү 2016-11-02 00:01:08
02.11.2016. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу маселени дин аалымдарынан бир сурап корушсо Супер инфо, анткени биз Лейлек тарапта андай нерсеге такыр конул бурбайбыз 19 кылымдан берки келген Салт болсо эмнеге бизге жеткен эмес кызык...
02.11.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazgulyakg, glaz_almaz, саламатсыздарбы! Сунуш-сурооӊор тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
02.11.2016. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Чоналайдан болом, бизде да окул ста, окул апа деген тушунук жок. Мен билгенден баткен тарапта да ошондой. Динге тиешеси жок, болгону кыргызстандын кээ бир аймактарында салтка айланган корунуш деп ойлойм.
03.11.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS,Туура айтасыз баткенде жок
02.11.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окул ата оз ата.
О..п кетсин кайната.
03.11.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алясбек Алымкуловдун канча окул баласы болчу эле.
06.11.2016. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Рахман байке жарат го)) тамаша иретинде жооп бериптир.
06.11.2016. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашым 28.учурда бир окул балам и кызым неберем да бар мен алар менен сыймыктанам ,Бири бирине топ келишкен ынактуу тугойлор..Бюрса жакында дагы бир жигит окул ата болуп бериниз деп кулак кагып койду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо