ТОКТОБҮБҮНҮН МУҢКАНТКАН МУҢАЙЫМ КОНЦЕРТИ

№730 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж

Концерттин датасы – 21-22-октябрь
Өткөн орду – Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония
Башталышы – 21-октябрь күнү 18:40 (10 мүнөт кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 80 пайызы
Алып баруучулар – Назира Кадыева, Аскат Алдашев
Билет баасы – 500-600 сом

Филармонияга кирерим менен залдын 40 пайызын араң толтурган көрүүчүлөр дароо көзүмө илинген эле. Бирок эл убап-чубап келип отуруп жарым саатта 80 пайыздан ашып калды. Көрүүчүлөрүн көпкө күттүрбөй Токтобүбү Черикчиева «Акак» комузчулар ансамбли менен бирге комузда кол ойнотуп сахнанын көшөгөсүн ачты. Ырчы айым сахнанын жасалгасына эмес, өзүнө, кийимдерине көбүрөөк көңүл бургандай. Анткени ар чыкканында алмашкан кийимдери көзгө урунуп жатты.
Концертке барарда билеттеги коноктордун тизмесиндеги отуз чакты адамды көрүп «концерт узакка созулат турбайбы» деп койгон элем, андай болгон жок. Алардын көпчүлүгү менен Токтобүбү айым дуэт аткарып, коноктор аты аталган соң көздөн кайым болуп жатышты.
Ырчылар менен катар куудулдар Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, Кубан Алимов, Гүлжайна Атаканова, Назира Жетигеновага убакыт бөлүнүп, аларга көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүү вазыйпасы жүктөлүптүр. Айтылган тамашалардын эң эле күлкүлүүсү Келдибек Ниязовдун тамашасы болду окшойт. Чынында бул кишинин буга чейинки тамашаларына анча ичим чыкчу эмес эле. Анын Токтобүбү Черикчиеванын филармонияга келип иштеп калганы тууралуу кызыктуу баяны көпчүлүккө жагып, эл жандана түшкөндөй болду. Ал эми куудул айымдар Назира менен Гүлжайнанын бири-биринен сөз талашып, күйөөсү каза болгон аялдын кошогун аткарганына күлкүм келбей эле нааразы болдум. Илгери интермедияны көрүп күлгөнүбүз менен, кайра "чын эле ошондой" деп ойго батып калчубуз. Андай ойго да жетеленген жокмун. Ал эми Кубан Алимовдун эмне максатта чыкканын түшүнө албай койдум. Куудул иштелип бүтө элек, чийки сатирасы менен чыгып, ошол жерден импровизация кылып жаткандай сезилди.
Куттуктап келген ырчылардын көпчүлүгү чыгармасын аткарып эле кетип жатышса, Сыймык Бейшекеев сөз алып, сахналашына жакшы сөздөрүн айтып куттуктап өттү. «Өйдө жактагылардын чукушмайлары бүтсө сизге да кезек келер. Мамлекет сизге эмдигиче Эмгек сиңирген артист наамын бербегени менен, эл эчак Эл артисти наамын берип койгон»,- деди ырчы мырза.
Көрүүчүлөрдүн 90 пайызы улуу муун болду. Динамикалуу ырларды жактыргандар бул концерттен тузу кем тамак ичкендей эле болсо керек. Черикчиеванын ырларынын муңдуулугу аз келгенсип, куттуктап келгендер да жалаң кайгылуу ырларды ырдашты. Ошентип ырчынын муңканган муңдуу концерти 9 жарымда соңуна чыкты.

Толик cынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(6)
31.10.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Толик досум!жок болуп кетбей ушинтип жазып турчу,концертке баргандай эле бололу.
31.10.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргызстанда 1гана таланттуу ырчы болсо,ал дагы Токтобубу Черикчиева ,ооба чындыгында ага Эл артистин бериш кк болчу
31.10.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен биринчи катарда отуруп концерт коргондой эле болдум окуп алып
04.11.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдагы кечее чыккан мирбек атабеков,иляз эмгек синирген артисти наамын кантип алышты,токтобубуго давно бериш керек эле коздорунорду кор топурак баскырлар,,
05.11.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мирбек Атабеков да жакшы да Гулзада Рыскуловачы мен кыргыздын кыыыызыымыын деген эле ырын билем
05.05.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эженин ырлары аябай жагымдуу,анан болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо