Анжелика, ырчы: "ЖОЛДОШУМА УУЛ ТӨРӨП БЕРГИМ КЕЛЕТ"

№730 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж

"Баары мага эрте келет" деген ырчы Анжелика бардык нерсенин даамын эрте татып, жаш болсо да өзүн көп жакта сынап келет. Анын жыйынтыгы кандай болуп жатканына окурмандар өздөрү күбө. Кезектеги баарлашуубузга ырчы кыз жолдошу жана жардамчысы менен келди.

– Кандайсың, Анжелика? Үчүнчү ирет да кыз төрөгөндө айрым эжелердин жеригенин өздөрүнөн укканым бар, сенде ушундай сезим болгон жокпу?
– Баланы эмес, иштеп жаткан ишиме, ийгилигиме кичине эле нааразы болуп койсом "сага кереги жок турбайбы" деп Кудай алып койчудай кызгана берем. Негизи эле жаман ойлорго жетеленүүдөн корком. Үчүнчүсү да кыз болуп калды деп такыр оюма алган жокмун. Бул наристени мен аябай күткөм. Айлин туулгандан кийин жолдошумдан "3-кыздуу болдук, сезимдер кандай?" деп акырын сурап жатпаймынбы. "Кандай болушу мүмкүн, албетте бактылуумун" деп жооп берди. "Кыз башка үйдүн бүлөсү" деп коёт эмеспизби, ошондуктан жолдошума уул төрөп бергим келет.

– Мектепти бүтө элегиңде турмушка чыкпадың беле. Азыр 3 кыздын энеси катары ошол учурга кандай баа бересиң? Кыздарыңдын бири ошондой кадамга барам десе макул болосуңбу?
– Мектепти бүтө элек болгонум менен, чынында жыл менен санаганда 18ге чыккам, бирок туулган күнүм келе элек болчу. Турмуш жолуна мындан он жыл мурун, 28-декабрда аттангам. Ойлоп көрсөм, турмушка чыгарымды олуттуу маселе катары карабаптырмын деле. Бул менин караңгылыгымбы же жаштыгымбы билбейм. Чоочун жигитке турмушка чыкканы жатсам, балким, коркуу сезими болмок. Бирок Урматты жакындан тааныгандыктан ойлонгон жок окшойм. Анын үстүнө тууганбыз. Мага туугандардыкына 1-2 айга каникулга бара жаткандай сезилген. Эгер менин кызым 17 жашында турмушка чыгам деп калса, анын себебин карап көрмөкмүн. Меникиндей жагдай болсо, анда макул болсом керек.

– Жолдошуң дайыма сени коштоп жүрөт. Мурун "Орусияда бизнеси бар, ошону менен алек" дечү элең. Азыр ал киши сенин жардамчыңдай, кыздарын карап үйдө отургандай сезилет же андай эмеспи?
– Эртең менен мени уктап алсын деп аяп, кыздарды окууга жеткирип, кайра окуудан алып келгени болбосо, Урмат кыздарды үйдө отуруп карабайт. Өзүнүн жумушу бар. Кечкисин саат жетиден тогузга чейин менин жанымда болгонго аракет кылат. Анткени бул убакытта көбүнчө тойлордо, студияда болуп калам. Тойго бара жатканда "артист көйнөк" менен машина айдаган ыңгайсыз. Анан "бул жакка алып барып келчи" деп суранам. Чыгармачылыктын аркасы менен жакшы акча табыларын экөөбүз тең түшүнөбүз. Адам канча акча таппасын дагы көп болсо деп ойлонот турбайбызбы. Үй-бүлөнүн бюджетине мен да чоң салымымды кошуп жатам деп эсептейм. Ачык эле айтам, кээде ырчылар, анын ичинде мен айрымдардын бир айда тапкан акчасын жарым саатта таап коём. Ушундай жөндөм, тагдыр берген Кудайга ыраазымын.

– Үй-бүлөдө акчаны ким кармайт?
– Жаңы үйлөнгөндө акчаны 2 жылдай жолдошум кармады. Кызым менен үйдө отурганда нанга деп күнүнө күзгүнүн үстүнө 100 сомдой таштап кетчү. Кийин мен иштеп баштагандан тарта өзүмдүн капчыгым пайда болду. Өзүм иштеп тапкан акчама шуба аламбы, алтын аламбы, жолдошум алып берди деп эсептейм. Анткени кандай иш кылбайын аны Урмат колдоп, иштегенге шарт түзүп берип жатпайбы.

– Ишиңдин көптүгүн билебиз, баарына жетишкенге убакытты, энергияны кайдан аласың?
– Мисалы, адам 1 саатта бир орундан жылбай телефонун чукулап же телевизор көрүп деле убакытты өткөрүп койсо болот. Мен эч качан жетишпей калам го деп алдын ала кабатырланбайм. Кааладымбы, кылгым келеби, болду, ал нерсени жасайм жана жетишем деп ойлоном.

– "Анжеликанын "түш көрүп, көйнөктөргө оймо түшүрүп калгам" деген интервьюлары калп, оймолорун биз чийип берчүбүз" деген аял чыкты, сенин жообуң кандай?
– "Супер-Инфо" гезитине, Super.kg порталына дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирем. Анткени качантан бери дизайнерлик менен алектенем, бул кыялым качан пайда болгон, аны силерге берген интервьюларыма таянып далилдей алам жана ушул темада сүйлөгөндөрдүн оозун жаба алам. Бишкекте мода үйүн ачкандан кийин мага көптөгөн тикмечилер, саймачылар келип, "чогуу иштешели" дешти. Бир күнү "таластык эжең болом" деп улгайып калган бир эже келип, оймо түшүрүлгөн жаздыктарын, жер төшөктөрүн көрсөттү. Эмгектери жагып, чогуу иштешип калдык. Эже-сиңди катары катташып да калдык. Ал эже эки кызы менен иштечү. "Банкка насыя төлөйт элек, болбосо үй-жайыбыздан ажырап калганы турабыз" дешкенде да жардам бергем. Ал акчаны кайтарарда "акчалай бере албайбыз, сайма сайып берип кутулабыз" дешти, ага да макул болдум. Чынында алар сайманы өтө сапаттуу сайышат. Кийин "сайма биздики экенин айтпайсың" деп нааразы болуп чыгышты. Сайманы "Кыял" соода борборуна алып барып сайдырамбы, Айжангабы, Гүлжангабы, аны өзүм билем. "Сайманын идеясы биздики" деп эч ким талаша албайт. Анткени оюм-чийимдер бүтүндөй кыргызга таандык.

"Кичүү кызым Айлин 1 жашта. Баарыбыз эле эркелетип, анын көзүн карай беребиз. Ошондо улууларына мээрим жетпей жаткандай өзүмдү күнөөлүү сезип кетем".




"Жашоодогу тирегим, аска-зоом – балдарымдын атасы".


Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(115)
02.11.2016. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда жазылган комментарийлерди окуп отуруп мен дагы жазууну чечтим. Кээ бироолор жазып коюптур жарым саатта 15 мин сом табат экен, жарымыны садака бер,же бир жылда мынча сом болот экен депутаттыка койсон болот. Ушуларга айтып койот элем бироонун акчасын санабай озунордукуну санагыла.Молодец табат экен озу билет кантип жумшаарын силерден акыл сураган жокко.Силер дагы ошончо акча тапсанар силер дагы жазгыла эгер колунардан келсе мен мынча сом табам жарым саатта деп, эгер колунардан келбей тур
ZOR түзөттү 2016-11-02 03:19:02
02.11.2016. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мактанганы жакпады сулуугу жагат
02.11.2016. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кандай тапса ошондой табат. Кааласанар озунор тойго барып таба бергиле, мактангыла. Ал эмне кылса да озунун иши. Бизде баягы эле ич куймой. Оозунардан жакшы соз чыкпаса, хотя бы жаман соз чыгарбагыла. Жакпаса окубай эле койгула, никто не заставляет.

кедейге тийеби, байга тиеби, жашыбы, картанбы ал озунун жашоосу. Ага кийлигишкенге эч кимдин акысы жок. Жон эле бакыт каалап койгула.
02.11.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Байкуш,көрбөгөндүн көргөнү курусун болгон го..тытын иште береке кача электе карма бул да доор.Жарым саатта:студияда оңдолуп жазылган фонограмма ырыма күчтүү акча табам дее хе хе
02.11.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таптакыр жакпай ушул кыз.ото эле мактанчаак да.мындан откон кыйын жок болгонсуй берет
02.11.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактана тура турган нерсеси болсо мактанат да, эмне ал акчаны силерден алып жатабы, озу тапкан акча.
02.11.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мактанса дагы бирок колунан баары келет, баарына жетишет.Чындыгында мыкты айым!
02.11.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тошу кантет ыя,мактанбай тошун жаап тушсо болмок.
02.11.2016. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саламатсыздарбы супер инфо! Айкол Аликжановадан интервью алыныздарчы коптон бери кутур журом????
03.11.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элтр дагы алып баруучу Айжамалдан интервью алгылачы супер
03.11.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shirinai,kozuwka, саламатсыӊарбы! Сунушуӊар тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
03.11.2016. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжелика айткандай саймалар кыргыздыыкы эч ким меники деп талаша лбайт.
03.11.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озунду пиарлап,тапкан акчанды мактангандан коро Аллахтан да уулдуу болушту сурап намаз оку,аркы дуйного акчан менен,артист койногун кийип,машина минип барбайсын
03.11.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тооба кылдым. Ич күйдүлүк...көрө албастык мынча кенен жайнаган э? Акча тапса уррдаган жок,бирөөнү тоногон жок иши ошол ырдап табабы чордоп табабы эмгеги мн таап атат. Намаз оку садака бер дегендер көрөт элем азыр намаз окуйм садака берип атам деп интервью берсе не дегениңерди. Иши бар киши мн иши жок кишинин не иши дейм да?! Пусть бактылуу болсун мындан да көп ийгиликтерге жетсин. Жакшыле сөз айткыла. Жаман нерсе кылса жооп бере турган өзү го. Бактылуу болсун!!!
03.11.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
SayanRamzan,Мынакей ушул жерде комментарий жазып жаткандардын тушунугу дал сеникиндей болсо кана аттин.Жалан коро албастык ич тарлык ойдологонду буттан тартмай кичине ылдыйласан анга туртмой чуеулап какшыктамай.Акчанын кучу менен чыгат дейсинер силерден акча сурадыбы же акчанарды уурдадыбы оз акчасы чачабы орттойбу озу билет.Садака бербейби намаз окубайбы деп аксынгандар Анжеликадай акча тапсанар корот элем садакага чачканынарды.Так что ит уро берет бит журо берет ийгилик сага Анжелика
03.11.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Сендей болгусу келип, бирок боло албаган адам сени жек корот" дегим келет кээ бир комментарий ээлерине.
03.11.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
УФ эмнегедир Анжеликаны жактыра бербейм ...
04.11.2016. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге бирөөнү билип билбей сөз кыла бересиңер... Ал адам жакпаса ал адамга көңүл бөлбөгүлө... Ал адамды сөз кылып жатасыңарбы демек ал силерден алдыда. Эмне кыласыңар бирөөнүн күнөөсүн алып, акыретте өзүбүздүн күнөөбүз да көптүк кылат.
04.11.2016. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушул айымга чынында суктанам биз айым катары коро албай жаман кором деп жаза беребиз да чын чынына келсе Анжеликага жетишпейт
04.11.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bak.taalai,
Ооба, Анжеликага жетишпейт...
04.11.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жолдошу жанынан чыкпайт го уйдо болсо-уйдо,чуйдо болсо-чуйдо,тойдо болсо-тойдо болуп.Эркек адам озунчо киреше таап,табышмак болгону эле жакшы го.Баласындай ээрчип жанынан калбайт экен.
04.11.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyn anjelika iwine iigilik ui bulono baktyluuluk kaalaiym!ar kim ozu bilet otugunu torgo ilet jamandavai ele iigilik kaalap koigula.
04.11.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Анжелика мага мурда жакчу.А азыр Батыгул Бадыеванын ырлары оз жагат.Анжелика мактанчаак анан оз жашоосун бут элге жарыя кылып пиярлай бергени жакпай калды.
04.11.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймык Бейшекеев туулган жылы жонундо билгендер болмо так маалымат берип койгулачы,сураныч зарыл керек болуп жатат
04.11.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Коментарияларды окууп олтуруп мен да комен калтырганды тууура кордум. Кээ бир адамдарга тан калам озу кылалбай кылган адамды коралбайт. Молодец дейм Анжеликага!!! ото аракетчил айым экен.
04.11.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында бироонун жашоосун тапкан акчасын сындап кереги жок,колунардан келсе Анжеликадай ар тараптуу келишкен айым болуп алгыла.
04.11.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жакшы кором Анжеликаны жетишкен ийгиликтерине аябай суктанам мен дагы сиздей кучтуу айым болгум келет,бактылуу болосуз эжеке уулдуу болосуз Ин шаа Ааллах.
05.11.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика, жумуштарына чон ийгиликтерди каалап кетет элем!Чынында эмгекчил инсансын! Ким иштесе ал тиштейт! канча адам окуса интервьюнду, ошончо адамдын оюу, сунушу бар, ошондуктан терс жазылган комментарийлерге конул бурбай эле кой!Демек сен жонундо окуп, маалымат алуу баарына кызыктуу деп ойлом мен!
05.11.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"ЖОЛДОШУМА УУЛ ТӨРӨП БЕРГИМ КЕЛЕТ" - аракет кылсан эле торолот.
05.11.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jasalma adamdardan tajadym!Ar bir adam oz ordun bilse:(Talant jok yrdabai ele koisochuuu,"bulbul unu bulbul da"yrchyga dagy tiesheluu soz.
06.11.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошунар слабый ошон учун жалан кыз торотуп атат... жакшылап дарыланып даярданып чыгынсанар эркек бала торолот буюрса...
06.11.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Анжелика коро албагандар жаза берет маани бербейле гой.
06.11.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер баарынар бироонун жаман жагын емес жакшы жагын да билишти уйронгуло.Ар кимдин созун ондогучанар озунордун минусунарды ондоп силерде меенеткеч болгонго аракет кылгыла.Мен сыймыктанам кыргызымдын кыздарыда ушундай бактылуу айымдардын катарына кошулганына
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо