Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАЛАШТА КАЛГАН ЖАҢГАК ТОКОЮ

№730 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж

Жаңгак сезону башталды дегенде Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн тургундары окуучусу, мугалими, аксакал, кемпир-кесеги баш болуп тоону көздөй мүшөк, чатырларын артынып жөнөшөт. Сентябрдын 20ларынан тартып октябрдын аягына чейин, кар түшкөнчө ээлеген аймактарында чатыр тигип жашап, жаңгактарын терип күн көрүп келишет.

  • Өзгөн району боюнча 4 миң гектар жерди жаңгак токою ээлейт.
  • Өзгөндө токойчулук Чаңгет, Доңуз-Тоо, Көлдүк, Ара-Көл жана башка тоолуу аймактарда кездешет.
  • Жыл сайын 7 гектардай жерге жаңы көчөттөр отургузулуп, толукталып турат.
  • Айыл тургундарына 1 гектары жылына 1100 сомго ижарага берилет.
  • Былтыр жаңгактын килограммы 120 сомдон болсо, быйыл 50-70 сомго бааланууда.

БИР АЙЛЫК МЭЭНЕТ БИР ЖЫЛГА ЖЕТЕТ

Күркүрөгөн күздө кызыл-тоолуктарды үйүнөн кезиктирүү кыйын. Жадакалса окуучулар да сезон башталганда суранып, теримге кетишет. Жаратылыш айыл тургундарына ушундай шарт түзүп берген, жылына гектарлап жерди ижарага алып түшүмүн терип, акча табышат. Эшек, ат мындайда айылдыктарга алмашкыс транспорт болуп берет. Жолдо бензин деп кыйнабайт, бузулбайт, жалгыз аяк жол менен баштаган жакка кете беришет. Жерди ижарага алган жергиликтүү калк үй-бүлөсү менен теримге чыгып, бир айга чейин тоону өрдөп жүрүшөт.
Бири-биринин аймагына көз арткандар болгондуктан, чогулган жаңгактарды тоо бооруна төгүп, күнү-түнү кайтарууга туура келет. Бир ай үй бетин көрбөй жүргөнү менен, жаңгактан түшкөн акчага бири окуусунун акысын төлөсө, бири той, жылдык ашын өткөрөт. Ал эми айрымдар ошол акча менен жашап, кийинки күздү, жаңгактын сезонун күтүп калышат.


СУУККА ДА КАЙЫЛ БОЛУП ЧАТЫРДА ЖАШАШАТ

Ижарага берилген ар бир аймак токойчулардын көзөмөлүндө турат. Эгер жаңгак кыйылган болсо, ал үчүн ижарага алган киши жооп берет.
Асел Канжанова, мугалим: – Жаңгактын аздыгы айыл тургундарына чоң эле зыян болду. Биз 5 гектар жерден мурун 2 тоннадан ашык жаңгак алчу элек. Быйыл 800 килограммдай эле түшүп, аны 70 сомдон өткөрдүк. Жаңгакты Жалал-Абадда ортомчулар бар, ошолор алып кетишет. Кээде алар чагып сатып, Түркияга кондитердик фирмага жөнөтүшөт. Чагылган жаңгактын даны бир кыйла кымбат, 500 сомдон алынарын айтышат.
Жаңгактын түшүмү даамдуу болгону менен, кыйынчылыктары көп. Терим учурунда суук түшсө да кайыл болуп чатырларга от жагып отурганга туура келет. Сезон башталды дегиче мектепте окуучулардын сабакка катышуусу азаят. Ата-энесине "балаңды алып калдың" десең, "балдарга кийимди биз алып бере албайбыз, тамак-аш, кийим-кечеге акча иштеп алсын" дешет. Айла жок, элдин шартын да ойлош керек.
Жакында эле элдин ортосунда чоң тартыш болду. Жергиликтүү эл "жерибиздеги байлыгыбызды өзүбүз карасак болбойбу, эмнеге бирөөлөргө беребиз?" деп чыгышты. Чырга дагы бир себеп, айрым кыйындар документке аз кылып жаздырып, 10 гектардан ашуун жерди ээлеп алышыптыр. Муну билген эл толкуп чыкты. Аймактардан атайын комиссия түзүлүп, токойго барып текшерип, документте көрсөтүлгөн жерден ашык болсо алып коюшту. Айылдан 10-15 чакырым алыста орун алган жаңгак токоюна баратканыбызда ар бир үйдөн мүшөк-мүшөк болуп турган жаңгактар көзгө урунду. Алардын арасында жаңгактарды кургатуу үчүн темир торго салып койгондору да бар. Быйыл жаңгак эле эмес, көп мөмө-жемиштер түшүм бербеди деген 22 жаштагы Нургүл айым төмөнкүлөргө токтолду:
– Биздин ижарага алган жерибиз айылдан алыс, ошондуктан көчүп барып алганбыз. Күндүн суугуна карабай 2 жумадан бери чатырда түнөп жаңгак терип жүрдүк. Жаңгакты тергенден кийин кайтарып турбасаң уурулукка киргендер болот. Ошон үчүн үй-бүлөбүз менен киришип, 6-7 киши болуп терип, кар түшкөндө кайтууга туура келди.

 

"ЖАҢГАК ТОКОЙДУ ЭЛ ӨЗҮНӨ КАЙТАРЫП АЛДЫ"

Кызыл-тоолуктарды багып келе жаткан аянты 1000 гектарга жакын жаңгак токоюнун тарыхы тээ алыскы кылымдарга барат. Айыл аксакалдарынын айтымында, жаңгак токоюн эч ким эккен эмес, бул табияттын белеги.
Токо Анарбаев:
– Жаңгак токойдун качан пайда болгонун ата-бабаларым да билишпейт. Мен азыр 80 жаштамын, эс тарткандан бери бул жакты жакшы билем. Бала кезимде токой чарбасына жете бергенде ийри жаңгак бар болчу, ошол жаңгак күнү бүгүнкүдөй мөмөсүн берип ошол бойдон карыбай турат. Илгери токойдун баары токой чарбачылыгынын карамагында болчу. Жыл сайын план коюлуп, эгилип, терилет эле. Союз тарагандан кийин минтип жеке адамдарга берилип, ижарага өтүп кетти. Азыр токойчулардын көпчүлүгү ижарага берип акчасын, жаңгагын алып коюп жүрүшөт.

– Жакында жаңгак токоюн талашып, жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыкты деп уктук эле...
– Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу токой чарбачылыгынын директору коңшу Көлдүк айылдан болот. Кол ийрисине тартып, ошол жактагыларга ижарага 49 жылга берип койгон эле. Ошого эл нааразы болуп, өз жерибиздин теримин өзүбүз алабыз деп чырдашып жүрүп, быйыл бөлүп алышты. Эми көлдүктүктөр биздин аймакка келбей калышты.

Жаңгак – кызыл-тоолуктардын күзүндө тапкан байлыгы. Жергиликтүү эл бадам, ышкын, ит мурун, козу карын, сары айбан сыяктуу мөмө-жемиштерди терип кошумча киреше табышат. Кара күч кетирип эмгек кылбай жаратылыштын табигый байлыгы менен жашоосун кечирип келген кызыл-тоолуктардын жашоо-шартына суктанса болчудай.

19 жаштагы Канымгүл 10-класстагы иниси менен теримден кайтып келатат. 4 күндө 5 мүшөк терген бир туугандар "жаңгакты сатып жылдык өткөрмөкпүз" дешет.


Жаңгакты терүүдө мындай чогултуп, өткөрүшөт кичинекей баштыктар керекке жарайт.


Терилген жаңгак минтип тордо кургатылат.


Кургатылгандан кийин мүшөктөп чогултуп, өткөрүшөт.


Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
31.10.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызыл тоолуктар бар болгула менин классташым журоот го
31.10.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аба салкын, суусу таза экен деп, Ата бабам келген экен мекендеп.
31.10.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буткул дуйно кызыгышат жангагына,
Жайыт кенен бакканга мал жайына.
Кызылтоодой кооз жерди тартуу кылган,
Шугур кылам туболукко кудайыма.
31.10.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Арсланбапка бир барып келсен атан гору. Кандай керемет жер
31.10.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
арсланбап дуйнодогу эн чон жангак токой экен.Кобу билишпейт муну а шаркыратма болсо 7-20нын ичинде бийиктиги боюнча
01.11.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тиричилик экен да баарыбызда
01.11.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала кезде ошол жангак токой аркылуу Айтийбес жайлоосуна барат элек,токойдун ичи суктананаарлык аябай кооз эле,озунчо эле джунглиге киргендей болосун го чиркин.Ал кезде машина да бара албайт эле.
01.11.2016. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токойдун кенен тартылган фотосун киргизбепсинерда.
02.11.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаңгакты башкача терет турбайбы. Биз эшиктин астындагы эки үч түп жаңгакты тербей жадайт элек. Тагамын кызы барат эле жаңгак тергени, оңой сезиле берчүү негедир.
02.11.2016. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyzyl Too keremet jer,bul jerde jashsgandar ach kalbait)
02.11.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Keremet jer Kyzyl Too
02.11.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Быйыл арзан экен жангак.жылда 100 сомдон откорчубуз.
02.11.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда жаратылыш байлыгы ар бир райондо барго укмуш жер кыргызстан
04.11.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин айылдаш агаларым, аяш атамын кызы баласы, деги баары таанышымго. Бул Кызыл-Тоо а/ө. Тартылган тоосу Миңтур да экен. Калганы Доңуз-Тоо. Келгиле бир туугандар Кызыл-Тоо а/ө ак пейилдүү ,мейман дос келип эс алып , чер жазып кеткиле.
05.11.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстаным кандай кооз жер баркына жетели
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо