КЫРГЫЗ ФУТБОЛУН АЛГА СҮРӨГӨН АЛЕКСАНДР КРЕСТИНИН

№730 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы "Орусия-2018" Дүйнөлүк чемпиондуктун тандап алуу оюндарында Азия континентинде сенсация жаратты. Футболчуларыбыз Азия чемпиону Австралия менен тең тайлаша ойносо, Иордания менен Тажикстанды жеңип алды. Талаада футболчуларыбыз татыктуу оюн көргөзүү менен, күйөрмандардын сүрөөнүнө арзып турду. Ал эми негизги каарман талаанын четинде футболчуларды башкаруу менен алек. Бул – улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин.

Аты-жөнү
– Крестинин Александр Сергеевич
Туулган жылы, күнү – 1978-жыл, 19-сентябрь
Туулган жери – Орусия, Краснодар шаары
Спорттук карьерасы – "Кубань", "Газовик", "Спартак" (Тамбов), "Нефтчи" (Кочкор-Ата) командаларында ойногон.
Жетишкендиктери – "Нефтчи" (Кочкор-Ата) менен 2010-жылы Кыргызстандын чемпиону.
2014-жылдан тарта Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу.
Үй-бүлөлүү. Уул жана кызын тарбиялап келет.

ФИФАдагы РЕКОРДДУК КӨРСӨТКҮЧ

Александр Крестининдин улуттук курама команданын башына келгенине 2 жыл болду. Бул аралыкта Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде рекорд жаратып, 200дөн ашык мамлекеттин арасынан 99-орунга илинди. Бул көрсөткүч менен Латвия, Эстония, Армения, Финляндия жана башка командаларды артка калтырды. Рейтингде ордун бекемдөөгө "Ак шумкардын" Иордания, Тажикстан, Казакстан сыяктуу командаларды жеңип алганы себеп.
– Өз үйүбүздө Казакстан курама командасы менен ойногон оюнду өзгөчө караса болот. Казакстан курама командасы биздин аймактагы күчтүү командалардын катарында. Алар Европада ойноп, мыкты жыйынтыктарды көргөзүп келишет. Жергиликтүү чемпиондугу да күчтүү, мыкты футболчулар чогулган. Өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүндө коңшуларыбызды утуп алганыбыз күйөрмандарга белек болду. Ал оюнда футболчуларыбыз казактарга эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок.

"НЕФТЧИ" КОМАНДАСЫНА КОШУЛУУ

Каарманыбыз Орусиянын Краснодар шаарында чоңойгон. Жаштайынан жергиликтүү футболдук клубда тарбияланган. Футбол талаасында коргоочунун милдетин аркалачу. 1999-жылы "Кубань" командасы менен 23 оюнда 2 гол киргизген. Андан соң Орусиянын чемпиондугунун 1-2-дивизиондорунда ойноп келсе, 2010-жылы Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасына кошулат.
– Ошол жылы алган жаракатымдан улам көп убакыт бою талаага чыкпай калдым. Башка командалар менен келишим түзүүгө болбой жатканда "Нефтчи" клубу байланышты. Алгач бул командага кошулам деген ой да жок болчу. Ал кезде мен 32 жашта элем.

МАШЫКТЫРУУЧУЛУКТУН БАШТАЛЫШЫ

Александр Крестинин "Нефтчиге" келгенде талапка жооп берерлик шарт болгон эмес. "Кайра кетем" деп жатканда клубдун жетекчилери "жок дегенде машыктыруучулук милдетти аткарып бер" деп суранышкан. Ошентип 2010-жылы Александр Крестининдин машыктыруучулук карьерасы башталган.
– Бир жыл жаракатымдан улам футболдон четтеп калган кезде машыктыруучулукту окуп баштагам. Кочкор-Атага келгенде "С" категориясындагы машыктыруучулук лицензиям бар болчу. Клубдун жетекчилиги менен сүйлөшүп, футболчу катары да, машыктыруучу катары да милдет аркалоого мүмкүнчүлүк болду. Алгач футболчулар үчүн шарттарды түзүү менен баштадык. Бардык иш-кагаздарды териштирүү, стадиондун чөбүнө чейин карап жаттык. Жыйынтыгында ошол жылы өлкөнүн чемпиону болдук. Улуттук курама команданы 2014-жылдан тарта машыктыра баштадым.

УЛУТТУК ЧЕМПИОНДУКТУН ДЕҢГЭЭЛИН КӨТӨРҮҮ

Кыргызстан курама командасы көзгө толумдуу оюн көрсөтүп, күйөрмандардын купулуна толуп жатканы менен, улуттук чемпиондуктун деңгээли алсырап жатат. Бул улуттук курама командага терс таасирин тийгизерин айтпаса да белгилүү.
– Футболду өнүктүрөбүз десек, футболчуларга тийиштүү шарттарды түзүп берүү керек. Мисалы, стадиондорду куруу. Шаарларда гана эмес, бардык аймактарда куруу. Өлкө боюнча сурамжылоо жүргүзүлгөндө аймактарда футбол талаалары жокко эсе экени билинди. Жаш балдарды машыктыруу үчүн тиешелүү материалдык-техникалык база болушу керек. Ошондой эле машыктыруучулук билим алуу. Сапаттуу жана татыктуу билим берүү менен, мыкты машыктыруучуларды үйрөтүү зарыл.

БАШКЫ МАКСАТ – АЗИЯ КУБОГУНА ЧЫГУУ

Кыргызстан курама командасы 2018-жылкы Дүйнөлүк чемпиондуктун тандап алуу оюндарынын тайпалык баскычында 3-орунду ээлеген. Алдыга Австралия менен Иордания гана чыккан. Эми "Ак шумкар" 2019-жылы өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн ат салышат. Буга даярдануу үчүн Кыргызстан курама командасы бир катар жолдоштук беттештерди өткөрүүдө.
– Жолдоштук беттештерде курама командабызга жаңы футболчуларды байкоо, аларды курамга кошуу аракеттери жүрүүдө. Жакынкы оюндар эми ноябрь айында болот. Алсак, 9-ноябрда Филиппин, 15-ноябрда Бахрейн менен жолдоштук беттеш болот. Эки оюнду тең конокто өткөрөбүз. Мунун бардыгы Азия кубогунун тандап алуу оюндарына даярдык. Кыргызстан Азия кубогунун финалдык баскычына чыга элек, андыктан жеңүү үчүн бардык аракетти жумшашыбыз керек.

Крестининдер үй-бүлөсү.


Футбол талаасында Александр коргоочу эле.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(14)
31.10.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгилик !!!!
31.10.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгилик! Кызы менен аялынын айырмасы жокко . Канча миң доллар экен келишим.
31.10.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Машыктыруучуну туура тандаганыныздарга рахмат
31.10.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик

Кубань клубунда ойногон экен да
31.10.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат, биз дагы куйорманбыз, биздин команда барган сайын кучтуу болуп жатат.
31.10.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коз тийбесин
31.10.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте айткан создоруно кошулам анткени биздин чемпионаттарды кучотуубуз керек!
Пайдасы тийет!!
Азамат АЛЕКСАНДР КРЕСТИНИН
31.10.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок дегенде бир орустун пайдасы тийди. Кыргыздын Улуттук Курама командасына Ийгилик! Дагы алдыда көптөгөн бийиктиктерди багындыра бергиле...
31.10.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура айткан,бизде футболду онуктуруу учун стадиондорду куруу керек жана футболдук академиялар жаралып,жакшы каражат болунсо жаш таланттар аябай коп келечекте Месси болом дегендер.Колдоо керек.Спонсорлор керек.Спортту онуктуруу керек.Азаматсыз Александр Крестинин.
01.11.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга
01.11.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик..!!! Каалайм
02.11.2016. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы менен кызы бирдейго
03.11.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Александр!Иштейт деген ушундай болот,биздин жаман адатыбыз бар эле мыкты иштеп элдин козуно корунуп калса ал адамды мин туркун шылтоо менен жок кылып жибермей!
Ушундай элдин керегине жараган азаматтарды колдойлу!
Ийгилик жана уй-булоолук бакыт сизге А.Крестинин!
03.11.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы абдан жаш корунот экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо