Жеңишбек Айтиев: "КОШУНАМ БАЛАМДЫ БЫЧАКТАГАНДА АПАСЫ КАРАП ТУРУПТУР"

№730 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж

Өткөн аптанын жума күнү ырчы Жеңишбек Айтиевдин тун уулу 12 жаштагы Туратбек Акпаралиев киши колдуу болуп каза тапты. Кылмышка шектүү деп кармалган 22 жаштагы Нуржигит аттуу жаран Жеңишбек мырзанын кошунасынын баласы.

 

– Саламатсызбы, Жеңишбек мырза? Уулуңуз Туратбектин арты кайрылуу болсун. Жалпы жамаатыбыз терең кайгыруу менен көңүл айтат. Кайрат кылыңыз.
– Рахмат.

– Жараткан ар бир пендесине ар кандай сыноо жиберет эмеспи. Бүгүнкү күндө сиздин башыңызга абдан оор сыноо түшүп турган убак.
– Тун уулум Туратбек 2004-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Төрөлгөн күнү да бүгүнкүдөй эсимде, Орозо айынын алгачкы күнү болчу. Агамдын "атын Рамазан коёлу" дегенине болбой, өзүм Туратбек деген ысым ыйгаргам. Бир аз чоңойгондо бала бакчага барды, андан соң Ош шаарындагы ВЛКСМ атындагы орто мектептин босогосун аттады. Окуусу да, Кудайга шүгүр, жакшы болчу. Быйыл жайкы каникулда "балам, эми сен чоңойдуң, дин жактан да сабаттуу болушуң керек. Каникулда айылга барбай эле медреседе оку" десем макул болуп, жайлай ал жакта окуган. Куран окуп, азан айтып, бир топ сүрөөлөрдү жаттап, окуусун жакшы аяктады. "Азан айтканда, куран окуганда кыраатын да абдан сонун келиштирет" деп устаттары мактап калышчу. Балам өзү да ыраазы болуп "ата, мени медресеге ырас эле жибериптирсиз, көп нерсени үйрөндүм" деп калчу. Эч кимге зыяны жок абдан элпек, жайдары, көздөрү күлүп турган, өзүнө тың, көңүлү назик бала эле. Бир зөөкүр минтип баламдын жапжаш өмүрүн кыйып салды.

– Бул каргашалуу окуя тууралуу айтып берүү сизге канчалык оор экенин билип турабыз, ошентсе да чындыкты өзүңүздүн оозуңуздан уксак.
– Мен окуя болгондон бир күн мурун айылга кеткен элем. Ошол жакта жүрсөм "балаңыз бирөөлөр менен мушташып кетиптир" деп чалып калышты. Келип эле баламдын сөөгүн кучактап калдым.
Жума намазды калтырбаган балам сабагынан келип, дааратын алып, мечитке чыгып бараткан жеринен бычактап салыптыр. Анан да баласы киши өлтүрүп жатса энеси кыйкырып карап тура бериптир. Эч ким жок ээн талаа болсо бир жөн, жардамга бирөөлөрдү чакырбайбы, же өзү эле барып баласын кучактап калса Туратбегим качып кетет эле го, шамдагай эле бала болчу. Анан баары бүткөндө "Тез жардам" чакырыптыр. Бул жагынан бир болсо, экинчи жагынан адам өлтүрүүдөн кайра тартпаган баланы тарбиялап өстүргөнү үчүн энесине наалат. Экөө тең бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жазасын алат деп ишенем.

– Кылмышка шектүү деп кармалган адам "мага уу бергени келаткан, ошол себептен бычактадым" десе, анын жакындары "балабыздын акыл-эси жайында эмес" дешүүдө...
– Муну адам эмес, малга айтсаң да ишенбесе керек. 6-класстын окуучусуна ким уу берип коюптур? Алардын кошуналардын бири менен да катыштыгы жок, менин балам тургай үйүнө бир конок келгенин көргөн эмесмин. "Акыл-эси жайында эмес" дешип алар баласынын жазасын жеңилдетүүнүн камын көрүп жатышат дээр элем. Буга чейин ал Орусияда иштеп жүрүптүр, ал жакка деле кем акылдарды киргизбесе керек. Психикалык жактан жабыр тартат деген калп кагазды эми минтип кылган иши үчүн жооп берер мезгилде жаздырып алыша турган болсо ошол кагазды жазып жаткан врачтарга "өзүңөрдүн балдарыңарды бир эстеп койгулачы" демекмин. Бул сөздү тергөө иштеринин акыйкаттуу жүрүшүнө кымындай болсо да тоскоол көрсөткүсү келгендердин баарына айтам. Ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек. Мыйзамдуу өлкөбүздө мыйзам иштейт, соттор акыйкаттуу жаза чегерет деп ишенем. Бирөөнүн өмүрүн алган адам өмүрү өткөнчө түрмөдө отурушу керек.

– Сиздин билишиңизче себеби эмне болду?
– Балам сентябрь айында жакшы эле окуп жүрдү. Октябрдын башында үйдөн күн алыс акча жоголо баштады. Башында өзүмдөн күмөн санадым, балким, туура эмес санап алдым го деп. Анан кайталана бергенинен балам менен сүйлөшүүгө туура келди. Алгач "алган жокмун" деди. "Калп айтып жаткан болсоң Кудайды эсте, мага чыныңды айт" десем, "ата, алдым" деп калды. Эмнеге коротконун сураганымда "гамбургер алып жедим, телефонума бирдик салдым, досторума да бир нерсе алып бердим" деп койду. Бала бир күндө 1000 сомго тамак жей албайт да. Анан кошуналардын балдары менен ойноп эле жүргөн уулум акыркы күндөрү үйдөн таптакыр чыкпай калган. Апасына "айылга эле барып окуюнчу" деп да айтыптыр. Азыр ойлосом мен акчаны башка жерге бекитип калганымда, балам тигиге акча бере албай, ал болсо катуураак коркута баштаган окшойт. Окуя болгондон бир күн мурун үйдө жүргөн карындаштарымдын бирине "мен коркуп жатам, менин жаныма жатыңыз" деп эжесин жанына алып жаткан экен.

– Балаңыз менен сырдашып сүйлөшчү белеңиз?
– Экөөбүз жакында эле дос болгонбуз. "Сен эми чоң бала болдуң, экөөбүз дос болуп сырдашып туралы, инилериңди сен тарбиялашың керек" деп келишкенбиз. Мен да жумушума байланыштуу сапарларда көп жүрөм, Ошко келгенимде тойлорго, концерттерге барганда жаныма ээрчитип алчумун. Жайдары бала эле, телефондон менин ырларымды коюп оозун кыбыратып фонограмма ырдап жаткан видеолору бар.
Өспүрүм балдардын арасында "эркек болсоң айтып барба" деген жаман сөз бар. Учурдан пайдаланып бардык ата-энелерге "уулуңузбу, кызыңызбы күн сайын сүйлөшүңүз, сырдашыңыз, баарын сизге айтып тургандай ишенимине кириңиз. Мындай тагдырга туш болгондордун акыркысы менин балам болсун. Биз жубайым экөөбүздөй эч ким боздоп калбасын" (ыйлап),- деп айтар элем. Биз анын бул дүйнөгө жаралышына жөн гана себепкерлербиз, берген да Кудай, алган да Кудай. Тиги дүйнөдө Кудайыма бир периште керек болгон экен, алып кетти. Кыргыз элимден суранам, колуңуздардан келсе Туратбегиме арнап куран окуп, калган 5 балама дуба кылып коюңуздар.

"Уулум абдан боорукер болчу. Мен ооруп калсам ыйлап, сүрөөлөрдү окуп отурар эле".


"Туратбегим апасына “айылга эле барып окуюнчу” деп айткан экен".


Жеңишбек Айтиевдин уулунун өлүмүнө шектүү жаран 2 айга тергөө абагына камалды.


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(62)
31.10.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жеңиш байке Кайрат кылыңыз.чын дилимден азыр Куран окудум Туратбеке багыштап ылайым Кудайым бейишинен жай берген болсун омийн
31.10.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жениш менен жубайына сабыр берсин Кудай.Апасына кыйын болду. Омур бою ыйлайт эми. Бала менен же атасы же апасы абдан сырдаш болуусу керек, Озгочо 10-17-18 жашында. Ошондо бала коп кыйынчылыкты башынан кечирет,бироого айталбаган сырлары болот. Балам чонойду уят дебей ооп-жыттап, тамашалашып, сырдашып туруу зарыл. Атам же апам урушат деп коп сырларын айтышпай суицидге же башка жаман кырдаалдарга кабылышат. ошондуктан биринчи кезекте булодо ата-эне психологиялык жардам корсотуп туруулары керек.
31.10.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Себебин толук жазса болмок неге екенин тушунбөй калдым
31.10.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
semo,неге тушунбойсун? ХХХ кундо акча талап кылып турган. Акчаны башка жака бекиткенде тигиге баласы акча бербей калган. ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-01 11:08:45
01.11.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Mile, этика нормаларын сактап, такталбаган маалымат жазуудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
31.10.2016. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун. Кайрат кылыныз.
31.10.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бейишин берсин кичинекей периштенин! Созсуз адилет жазасын алсын тиги каракчы. Жениш агабызга сабыр тилейли...
31.10.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Jannattan jai bergen bolsun! Sabyr tileim. Allax ozu beret ozu alat eken chynynda. Owol bala sebep boluptur olumuno arbir ajaldyn bir sebebi bolot jana owol sebep bolgon nerse omur boiu ARMAN bolup kalat eken. Echkimdin jakynan airybasynchy!!!
31.10.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ыйладым,ыйладым,эч кимдин башына салбасын.Кайрат кылыныз.
31.10.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jatkan jeri jailuu bolsun.Kudaiym beyiwten orun bergen bolsun Turatbeke.
Sizdin ui-buloogo sabyr tileim.
Mykaa4y akmaktyn jazasyn Kudaiym ozu bersin.
31.10.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун ата энесине сабырдуулук тилейм. Эч кимдин башына мындайды сала корбосун кудайым
31.10.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабыр кылыныз,жаткан жери жайлуу болсун.Кылмышкерди закондуу турдо жаш баланы олтургону учун омур бою камоо керек.
31.10.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах таалам ))) сиздерге Сабыр берсин ))) жаткан жери Жайлуу болсун))
31.10.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаткан жери жайлуу болсун.Сабыр кылын
01.11.2016. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун. Кылмышкер оз жазасын алсын керек болсо омур бойу темир тордо отурсун. Киши олтургондун баарын эле мееси ордунда эмес деп жасалма справка сатып алышса, анда биздин мамлекетке сот кызматкерлери кереги жокко. Кимге кандай кылсан кайра оз башына ошол келет. Андыктан киши олтургучко справка жазып берип аткандар дагы жана коргоп актап аткандар силер оз балдарынарды бир ойлоп койгула.
01.11.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
01.11.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
daaraty menen ketiptir inshallah beiishtik bolsun.
01.11.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жериң жайлуу болсун Туратбек. Жакшы атанын уулу элең, жакшы жигиттерден болуп чоңойсоң кандай гана бактылуу болот элек. Кудайдын буюрганы ушул болсо айла канча.((((((
01.11.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жениш байке сабыр етиниз Аллахым суйгон пендесинин тунгуч баласын алат дешетго еми калган балдарыныздын омурун берсин
anara.t96 түзөттү 2016-11-01 13:41:41
01.11.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ кантип бул ишке барганын биле албадыныздарбы? Чолпон Суйунбаева?
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-01 14:33:31
01.11.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurai8894, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-23 15:06:07
01.11.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто кошуна турчубуз Женешбектин балдары экен деп карачубуз жаткан жери жайлуу болсун
01.11.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаткан жери жайлуу болсун.Сабыр кылыныз баарыбыз бир куну эртеби кечпи олуучу жанбыз...
01.11.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр кылыныз Айтиев ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-02 09:39:46
01.11.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursultan.92-19, Сот туура емес чечим чыыгарса, ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-02 09:40:05
02.11.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zvezda.KGKG, провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт. Оозеки эскертүү!
01.11.2016. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жениш аке жубайыныз экоонорго терен кайгыруу мн конул айтам. Кайрат кылыныздар, Аллахым сабыр берсин. Калган балдарыныз омурлуу болушсун. Окуп алып журогумдон сыздадым....
02.11.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун сабыр кылыныз Жениш байке калган балдарыныздын омуру узун болсун
02.11.2016. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайы жаннаттан болсун. Баланы жоготкон оор нерсе деп билем. Бала бизди комсо деп бапестеп остурот эмеспизби. Аттин бирок чырактай баланы омуру кыйылганы абдан окунучтуу. Сиздерге сабыр канаат кылыныщдар демекчимин.
02.11.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай жазасын Берсин.Жениш аке чын дилимден конул айтам.
03.11.2016. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой тобоо жапжаш наристе экен,туболук наристе бойдон калыптыр,жаткан жери жаннат болсун,ата эне кайрат кылыныздар
04.11.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым жаннатына алсын Туратбекти!Жениш байке сизге Аллахым сабыр берсин!олум баарыбыздын башыбызда бар,ажал жаш карыга карабайт экен да дагы бир жолу сизге жана женебизге сабыр тилейм
04.11.2016. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр кылыныз Жениш байке. Сабыр кылыныз. Аллахым Туратбекке Бейишинен орун берсин. Зоокур болсо эки дунуйодо жазасын алсын.
05.11.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даарат алып мечитке бараткан жерде каза болгон экен,иншааллах шейит кетиптир. Аллах өз рахматына алсын. Кайрат кылыңыздар.
06.11.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун. Сабыр кылыныз Жениш аке,озунуз айткандай берген да кудай алган да кудай калган бала-чаканыздын сый урматын коруп торундо отуруш буюрсун
07.11.2016. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги баланын ХХХ ХХХ.1000 сом учун нормальный адам киши олтурбойт.биртке мандеми болуш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-07 10:27:46
07.11.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altyw555, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо