Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАКПАЙ КАЛГАНЫНА НАМЫСТАНГАН ЖИГИТ КЫЗДЫ БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН

№731 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж

Он гүлүнүн бири ачыла электе бычакталып каза болгон Айкерим Ашырбек кызы болгону 19 жашта эле. Эми гана окуучуларга билим бере баштаган кызды турмушка чыгуудан баш тартканы үчүн бир жигит 11 жолу бычак сайып өлтүргөн. Каргашалуу окуя 27-октябрь күнү Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында болуп өттү.

«КЫЗЫМА ТУРМУШКА ЧЫГУУНУ СУНУШТАГАН ЭКЕН»

Маркумдун апасы Гүлай Алиева менен байланышканыбызда бир сыйра ыйлап алып, анан төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биз Ысык-Көл районундагы Кожояр айылынан болобуз. Өзүм 6 эркек, 3 кыздын энесимин. Айкерим балдарымдын алтынчысы эле. 9-классты ийгиликтүү аяктап, Караколдогу Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин башталгыч класстар жана англис тили мугалими кесибин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ушул жылдын сентябрь айында Бактуу-Долоноту айылындагы Атаев атындагы орто мектепке мугалим болуп жумушка орношкон. Кызым эки айдын ичинде бардык кесиптештеринин көңүлүн алганга жетишиптир.
27-октябрь күнү ал күндөгүдөй эле мектепке барып сабагын өтүп, кайра үйгө келе жатканда мыкаачы жолунан тосуп чыгып, кызыма бычак такап жолдун ылдый жагына алып барыптыр. Айкеримди өлтүргөн баладан «бычакты эмнеге алып жүрдүң эле?» деп сурашса, «өзүмдү коргоо үчүн» дептир. Эгер кызымды чындап эле жакшы көрүп үйлөнгүсү келсе, бычак эмес, жайнаган гүл алып келбейби. Ал жерден кызыма турмушка чыгууну сунуштаптыр. Өзү жаш болсо кайдагы күйөө, кызым макул болгон эмес экен. Буга намыстанып минтип кызымды өлтүрүп жатпайбы. Биринчи кызымды таш менен башка чаап, эс-учун билбей калганда бычактаптыр. Күрөө тамырын шылып салгандыктан кан токтобой, кызым ооруканага жетпей жан берди.

«МЫНДАЙ ОКУЯГА КАНКОРДУН ЭНЕСИ ТҮРТКҮ БОЛДУ»

– Кызым экөө интернет аркылуу сүйлөшүп жүрүшкөн деп айтылып жатат. Айкерим бизден эч нерсесин жашырчу эмес. Ал жигит менен сүйлөшүп жүрсө мага айтмак, аны таанычу да эмес экен. Мындай окуяга канкор жигиттин энеси түрткү болду. Себеби ал «ошол кызга үйлөн, ал жакшы кыз» деп баласын үгүттөптүр. Энеси эмне себептен чырактай жыйырмага чыга элек кызымды соттолгон баласына алып берем дейт? Жумушуна байланыштуу кызым окуучулардын үйлөрүн кыдырып, булардын үйүнө да барган тура. Анан баласы Айкеримди көрөт. Ошондон баштап ал аял «менин балама турмушка чык» деп мектепке келген сайын айта берчү экен. Аны мектептин мугалимдери да айтып жатышат.
Айкерим 9 баламдын эң эле жароокери, иш билгиси да эле, чыгармачылыкка жакын, акындык өнөрү да бар болчу. Балдардын күйүтү жаман экен, жакында бир уулум жол кырсыгынан каза болуп жүрөгүм эзилип жатса, эми минтип кызымдан айрылдым.
Айылыбыздын аксакалдары, жергиликтүү тургундар милицияга атайын барып, «ал зөөкүрдү чыгарып бергиле, таш бараңга алабыз» дешсе болбой коюшуптур. Ал эми анын апасын үйүнөн таппай жатабыз. Түп-орду менен жоголуп кеткенсип дайны жок. Угушубузча, ал Бишкекте экен. Баласын үгүттөгөн энеси да жоопко тартылышы керек.

«КЕЛЕЧЕКТЕ МЫКТЫ АДИС БОЛМОК»

Бактуу-Долоноту айылынын Атаев атындагы орто мектебинин директору Майрам Атаева буларды айтып берди:
– Август айында Айкеримди даярдоочу класстын окуучуларына мугалим кылып жумушка кабыл алганбыз. Биз жумушка аларда Кожояр айылындагы мектебинен жана окуган жеринен да жакшы мүнөздөмө беришкен. Өзү жаш, иш билгилигинен улам 2 айдын ичинде биздин сүймөнчүлүккө ээ болду. Тажрыйбалуу мугалимдерден калышпай окуучуларга сабак өтчү, келечекте өз ишин мыкты билген адис болмок. Мындан тышкары мектепке бий ийримин ачканына 2 жума болуп калган. Ал окуя болгон күнү түшкү саат 2лер чамасында жумуштарын бүтүрүп, мектептен чыгып кеткен экен. Бир киши анын бейтааныш жигит менен көлдү көздөй баратканын, бир убакта ал жигит Айкеримди жулкулдатып жатканын көрүп милиция кызматкерлерине кабарлаптыр.

«АЙКЕРИМ АКЫРКЫ КҮНДӨРҮ КӨЛДҮ КӨП АЙТЫП КАЛГАН»

Айнура Токтоназарова маркумдун кесиптеши жана курбусу. Ал дагы деле окуяга ишене албай жатканын айтат:
– Айкерим менен сентябрь айында жакындан таанышып, чогуу иштешип калдым. Ал адамгерчиликтүү жана жароокер эле. Биз дайыма чогуу жүрчүбүз. Каза болгон күнү экөөбүз ашканада бирге чай ичкенбиз. Ал күндөгүдөн башкача сулуу болуп, аябай жарашыктуу кийинип да алыптыр. Мен аны «бүгүн өзгөчөсүң го» деп тамашалагам.
Ал акыркы күндөрү көлдү көп айта баштаган. «Көлгө баргым келип жатат, сагындым, жээгинде басып келеличи» деп калчу. Экөөбүз дем алыш күндөрү барып келели деп пландаган элек. Көрсө, ажалы аны көлгө ээрчиткен тура, сөөгү көлдөн табылбадыбы. Аны бычактаган жигиттин карындашы Айкеримдин классында окучу, ошогобу же башкагабы билбейм, мектепке анын апасы көп келчү. Ал оюнда Айкеримди келин кылып алам деп жүрүптүр. Бир жолу келгенде мен аны «эже, үйүңүздө жумушуңуз жокпу, эмнеге эле ушул жакта жүрөсүз» деп урушуп салгам. 27-октябр күнү да ал аял менен Айкерим сүйлөшүп турганын көргөм.

«ШЕКТҮҮ БУГА ЧЕЙИН БИР ЖОЛУ СОТТОЛГОН»

Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов окуя тууралуу буларды айтып берди:
– 27-октябрда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында киши колдуу болгон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Бул кылмышка шектелип ошол эле түнү Бактуу-Долоноту айылындагы өз үйүнөн Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулган 24 жаштагы Т.К. кармалды. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип кармалган жаран 2013-жылы бейбаштык беренеси менен соттолуп, жазасын өтөгөн. Ал 2 жылдан бери Бактуу-Долоноту айылында жашап келген. Алгачкы тергөөдө белгилүү болгондой, кылмышка шектүү менен маркум интернет аркылуу таанышып сүйлөшүп жүрүшкөн. Кылмышка шектүү кызга кезигүүнү сунуштап, жолугушмакчы болушат. Жолугушууда кыз жигитти жактырган эмес жана мындан кийин байланышты токтотууну айткан. Буга намыстанган кылмышка шектүү кызды 11 жолу бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал жерден ыкчам иликтөө тобу далил буюм катары канга боёлгон бычак табышкан. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда ал Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(46)
07.11.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тообо тообо. Кудай сактасын. Заман бузулбай эле адамдар озубуз бузулуп жатабыз. Ар пандага ынсап берсин.
07.11.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун.Ата -энесине ,бир туугандарына Аллах сабыр берсин.Мындай коркунучтуу адамдардан Кудай озун сакта .Ал ошто эле жашай бербей ,колго эмне барган.Колдук ,оштук деп болбойм.Бирок колду да каптап баратканбы. .
Kethup1986 түзөттү 2016-11-07 16:44:55
08.11.2016. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kethup198ы6,
Кара суудан соттолуп анан кол тарапка кочуп барышкан окшойт
07.11.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооойй кызга боокм ачып атат. Балдар силердинди карындаш, эженер барго эмнеге аял кишини кордойсуна. Ата энеси ардактап чонойтот кыздарын жакшы бкло болсун деп. Ар кимдин озунун пешенесине жазган адамы болот. Сабыр кылсанар оз тенинерди табасынар.
07.11.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.
07.11.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айдай кыз экен он гулунун бир гулу ачылбай ойрон болуптур Жаткан жери жайдуу болсун
07.11.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынакай кыз екен жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
07.11.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikerim jatkan jerin jailuu bolsun alaxym beiiwinen orun bersin.tuboluk jurogubuzdosun . kurstawyn Periza
07.11.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин азыркы убакта жигиттерибиз озгоруп баратат.Мындай окуялар коп болуп атат акыркы кундору.Не дегее заман болуп атат.Балдар эсинерге келгилечи.Чет олкодо да кыздарды уруп сабап зордуктаган кыргыз балдар,Кыргызстанда деле сабап олтургондор кобойду.Кудай ыйман бере кор жигиттерибизге((
07.11.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жигиттер айнып баратшат.
07.11.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чымын өлтүргөндөй эле болуп калды го акыркы күндөрү адам өлтүргөн!!!
Кудай сактасын!!!Байкуштун жайы жаннаттан болсун!!!
07.11.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
snegurochka11, олгон адамды байкуш дебейт эсине кел
07.11.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыздын жаны жанната болсун.ата энесине кайрат берсин Аллахым.мыкаачы оз жазасын алсын
07.11.2016. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир нерсе болсо эле заман озгорду дешет..заман эмес адамдын пейли озгорду.женил ойлуу адамдар барган сайын кобойуп бара жатат.ошондуктан мындай кылмыштар эч качан азайбайт .жакынкы жылдары адам олтуруш тоок сойгонго барабар болкп жатат
08.11.2016. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш кыз. Жаткан жери жайлуу болсун. Мыкаачы оз жазасын толуну менен алсын.
08.11.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окунучтуу
08.11.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр адамдарда сабыр деген такыр жок.
08.11.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акмак десе мындайларга каттуу жаза бериш керек
08.11.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаза женил болтат. Ошол учун кылмыш коп болуп жатат. Кимге ишеништида билбейсин. Аллах озун сакта. Жаткан жери жайлуу болсун
08.11.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамбет бычак мн эмес гул , жылуу соз мн кыздын журогун багындырбайбы? Ушинтип атып кыздардын конулун суутуп бутушот
08.11.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХ ХХХ жокко дуйнодо
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-09 10:51:19
08.11.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
_adil_,кара суу районунан ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-09 10:51:35
08.11.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
_adil_,конкобайлардын кызын алайын десе керек да.
08.11.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биз ХХХ Бишкекти басып алганбыз ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-09 10:49:19
09.11.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ozgeldi, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
09.11.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Интернеттин пайдасы да зыяны да коп.интернеттен коп соз б.к соз болуп чатакташып акыры жолугушуп суйлошбуз деп ачууга алдырып,анустуно соттолгон бала болсо дайым эле бычак алып журуп конгондойго.кыргыздар интернетти колдонушту деле билбейбиз,жаман жагын тез синиребиз.канча уй-булолор да дал ушул интернеттин айынан бузулууда
veryme түзөттү 2016-11-09 02:10:19
09.11.2016. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу биздин жигитердин ан сезими онукпой калган
09.11.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyw555, Krai, _adil_, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү! Билдирүүлөрүӊөр өчүрүлдү.
09.11.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өлүм жазасын киргизгенде мындай окуялар азыраак болот беле. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Үй-бүлөсүнө сабыр берсин кудайым.
09.11.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бир туугандары эмне кылып журот ХХХ ХХХ бул кыз дагы канча жашап канча иш бутурот эле.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-09 18:00:19
09.11.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Truelensk, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки
эскертүү!
10.11.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уйлонгон кундо деле олтуруп салмак болуш керек, ал балага жин киргендейго. Соо киши эмнеге олтурот...
10.11.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандан бизде мыйзам иштебейт ошон учун мындай окуялар коп болуп атат, акча менен жогорудагылардын оозун жаап конуп алды.
12.11.2016. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кунажын козун сузбосо бука жибин узбойт, кыздар жаман макоосунар силер эле куноосу жоктой чыга каласынар, колдо не бар тем боле таныбаган адам менен, бирок кудай жакшы адамды тез алат дейтго озуно
13.11.2016. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай сактай гоор
16.11.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ээх жашоо деген ушул экенда, ажылың келсе кете бересиң!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо