Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УБАКТЫСЫ ТАР КОЖОЙКЕЛЕР ҮЧҮН 10 МҮНӨТТҮК ТАМАКТАР

№731 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж

КОШУЛМАЛАРДЫ ТОҢДУРУУНУН СЫРЛАРЫ

  • Тоңдурулган кошулмалар тамакты даамдуу гана кылбастан, убактыңызды да үнөмдөйт. Бул өзгөчө жумуштан кеч келген кожойкелер үчүн табылгыс ыкма.
  • Куурулган жашылчаларды ысык боюнча муздаткычка салууга болбойт, сапатын жоготот.
  • Эгер фаршталган болгар калемпирин, капуста, чүчпара тоңдурсаңыз, ар бирин тактайга тизип, тоңгон соң целлофан баштыкка салыңыз.
  • Кошулмаларды бир тамакка ылайыктап бөлүп сактоо керек.
  • Тоңдурулган кошулмаларды целлофан баштыкта, капкактуу контейнерлерде сактоо керек. Темир жана айнек идиштерге жашылчаларды жана азыктарды тоңдурууга болбойт.

БОРЩ ҮЧҮН КОШУЛМА

Керектелүүчү азыктар:

Сабиз
– 1 килограмм
Пияз – 1 килограмм
Кызылча – 1 килограмм
Болгар калемпири – 10 даана
Помидор – 1 килограмм
Укроп, петрушка – 1 боо
Өсүмдүк майы – 1 стакан
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:



1.
Сабиз менен кызылчаны аарчып, жууп, ири тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз. Помидорду болсо эт туурагычтан өткөрөбүз. Болгар калемпири менен пиязды ичке туурайбыз.
2. Эми ысып турган майга алгач пиязды, андан соң жашылчаларды 10 мүнөттөй кууруйбуз. Бул туурамжыбыз муздагандан кийин бир тамакка ылайыктап бөлүп, желим идиштерге же целлофан баштыктарга салып тоңдуруп койсоңуз болот.

Эске алыңыз, эгер бул туурамжыга кызылча кошпой жасасаңыз, башка тамактарга да колдоно аласыз.

ЛАГМАН ҮЧҮН КОШУЛМА


Керектелүүчү азыктар:

Помидор
– 3 килограмм
Пияз – 500 грамм
Сабиз – 1 килограмм
Пекин капустасы – 1 даана
Болгар калемпири – 1 килограмм
Жандоо – 2 боо
Сельдерей – 1 боо
Укроп – 1 боо
Сарымсак – 3 баш
Өсүмдүк майы – 150 грамм
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп, тазалап алабыз. Сабиз, болгар калемпирин, пекин капустасын төрт чарчы, жандоо менен сельдерейди узундугун 1,52 сантиметрден, пиязды жарым шакекче, сарымсакты ичке пластинка түрүндө туурайбыз.
2. Помидорлорду эт туурагычтан өткөрүп, 15 мүнөт кайнатабыз.
3. Башка мискейге майды куюп алгач пиязды, андан соң сабизди, артынан болгар калемпирин, жандоо, пекин капустасын салып 10 мүнөттөй кууруйбуз.
4. Куурулган жашылчалардын үстүнө помидор ширесин куюп, сельдерей, укроп, сарымсакты кошуп, татымына жараша туз салып 5 мүнөттөй кайнатабыз. Жашылчалар киртилдеп турушу керек.
5. Кошулма муздагандан кийин атайын контейнерлерге же целлофан баштыктарга салып тоңдуруп сактасаңыз болот.

ФАРШТАЛГАН БОЛГАР КАЛЕМПИРИ ЖАНА КАПУСТА

Керектелүүчү азыктар:

Болгар калемпири
– 20 даана
Койдун же уйдун этинен фарш – 500 грамм
Ак күрүч – 200 грамм
Пияз – 2 баш
Жумуртка – 2 даана
Укроп – бир боо
Ашкөк (кинза) – бир боо
Татымына жараша туз, мурч, лавр жалбырагы

Даярдоо ыкмасы:


1.
Пиязды майда төрт чарчы түрүндө туурап, фарштын үстүнө салабыз.
2. Ашкөктү, укропту майда туурап, күрүчтүн таш-күрмөгүн тазалап, муздак сууга таза жууйбуз да, буларды да фаршка кошобуз.
3. Эми татымына жараша туз, мурч салып, үстүнө эки жумуртканы чагып, колду таза жууп алып жакшылап мыжыгып аралаштыруу кажет.
4. Калемпирди жууп, сабагын акырын кесип, уруктарын тазалайбыз да, көп ныктабай ичин туурамжы менен толтурабыз.
5. Туурамжы толтурулган болгар калемпирлерин тактайга тизип тоңдуруп алабыз да, кийин целлофан баштыктарга бөлүп салып коёбуз.
6. Ал эми капуста жалбырактарын фарштоо үчүн алгач аны 5 мүнөт кайнак сууга салып жумшартып алуу кажет. Жумшартылган капустанын жалбырактарын ажыратып, ар бирине фарштан салып тыгыз оройбуз. Оролгон капустаны тактайга тизип, тоңдуруп целлофан баштыктарга салып коёбуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(15)
07.11.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сонун жакты мага себеби мен кечке жумушта болом
07.11.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун! Сонун! Сонун!
07.11.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да калемпир кышкыга тондуруп салып койгом,жашылчалар тонуп турганы жакшы экен свежий колдоносун тамагын даамдуу болот..
07.11.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун кенеш! Рахмат!
07.11.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кошулма деген эмне,приправабы? Билгендер айтып койгулачы..
12.11.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ksb, заправка на зиму
08.11.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тондургучум толо эле кандай кылсам экем
08.11.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоолорунор менен жакшылап суйлошуп койсонор жазап коюшат,сонун кылып.
09.11.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
modem4999, негизи эркек киши тамак жазаса тусу окшошпосо да даамы негедир сонун болот. Бирок аял киши болгондон кийин эркек кишиге тамак жазаткым келбейт жеке менин оюм!
08.11.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тоңдургучум вареньеге, анан этке толуп калган. Бир аз орун бар ошол жерге жасап коюшум керек экен
08.11.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Капустаны жалбырактарын ажыратып андан кийин сууга 4-5муноттой кайнатып жумшартып алабыз
08.11.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан морозильниктен алып сразу кайнак сууга салса болобереби же холодильникте ээритип алабы билгендер айтып койгулачы,сураныч.
09.11.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен
13.11.2016. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
10 муноттук тамактар имиш)))
13.11.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм борщту ушинтип жасайм.абдан даамдуу айрыкча бир холод.салып суутуп кайра жылытып ичсен ииииии,турган сайын даамы чыгат.чон кастрюльга жасап коюп коём холод.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо