Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ситора Фармонова, актриса, ырчы: "МЕНИН АТЫМДАН ФЕЙК БАРАКЧА ИНТЕРВЬЮ БЕРИП ЖҮРҮПТҮР"

№731 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж

Ситора Фармонова – "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу, белгилүү өзбекстандык актриса, ырчы, модельер. Актриса социалдык тармакта анын атын колдонуп пайда көргөн фейк баракчадан жабыркаганын айтат. "Менин атымдан баракча ачып, жосунсуз жоруктарды жасап жүргөн фейк баракчанын кылыктарынан уялып жатам" дейт актриса.

СУЛУУЛАР СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

Ситора Фармонова 1984-жылы 20-августта Өзбекстандын Бухара шаарында жарыкка келген. 1-класстан баштап мектепте түрдүү концерт, музыкалык сынактарга катышып, 11 жашында сулуулар сынагын утуп алган. 1997-жылы үй-бүлөсү менен Ташкент шаарына көчүп келишкен. 2000-жылы актрисалык карьерасын баштап, "Аялзаты" деген тасмада эпизоддук роль аткарып дебют жасаган. Шоу-бизнесте жүргөнүнө 17 жыл болгон Ситора бул жылдарда 29 тасмада роль аткарып, 30дан ашуун ыр жаздырып, 8 клип тартканга жетишкен. 2013-жылы кыргыздардын "Общага" телесериалына тартылып, 2015-жылы Эльдияр Кененсаров жана жубайынын чакыруусу менен "Азия МIX" командасына кошулган. Учурда модельерлик кесип менен кызуу алектенип жүргөн убагы. Каарманыбыз келечекте 5 баланын энеси болууну кыялданат.

– Ситора, саламатсызбы, социалдык тармактагы баракчаңызга фейк баракчанын курмандыгы болгонуңузду кабарладыңыз.Ал адамды таба алдыңызбы?
- Саламатсыздарбы? Ооба, менин атымдан ачылган фейк баракчанын жоруктарынан жабыр тартканым үчүн баарына коңгуроо кагып, ызы-чуу кылганга туура келди. Себеби ал адам акыркы күндөрү атын, фамилиясын меникиндей кылып өзгөртүп, кайсы сүрөттү жүктөсөм ошону дароо баракчасына жүктөп мени туурап калды. Кыжырдантканы – жигиттер менен жолугушууга макул болуп, кайрымдуулукка деп элден акча сураганы болду. Кала берсе менин атымдан интервью берип жүрүптүр. Өзүм эл көзүндөгү адам болгондуктан фейк баракчалардын пайда болушуна башында көз карашым түз эле болчу, анткени кумирине окшошкусу келип, сүрөттөрүмдү социалдык тармактарга жүктөгөн күйөрмандарымды көп эле байкачумун.
Менин атымдан фейк баракча ачкан адам Инстаграмда бар болчу, бирок аны өчүрттүргөм. Кийинчерээк ошол эле ат менен Фейсбукка катталып алыптыр. Акыркы күндөрү мага "Эмне мени өчүрүп салдың?", "Качан жолугалы?", "Мен акча даярдап койдум" деген таң калычтуу каттар келе баштады. Андан соң 1-2 кыргыз тилдүү гезиттерден маегимди окуп алып "шок" болуп калдым. Анткени эч бир басылмага интервью берген эмес элем. Өзүм кыргыз тилин түшүнбөгөндүктөн анда эмне деп айтылганын биле алган жокмун. Аталган жалган баракча Фейсбукта катталганына эки жыл болуптур. Жакында эле Фейсбуктун администрациясына кайрылып, аны өчүрттүм. Күйөрмандарыма фейк баракчалардын курмандыгы болбогула деп эскерте кетет элем.

– Жай айында Өзбекстан сизди ырчылык лицензиядан ажыратып койду эле, жаңы лицензия алдыңызбы?
- Жок, ала элекмин. Чынында мени ырчылык лицензиядан "Узбекнаво" эмнеге ажыратып койгонун толук түшүнө элекмин. "Голосящий КиВиН-2015" оюнундагы эфирди кайталап көрүп чыгышса болот. Анда "Бул – Ситора, өзбекстандык актриса, азиат улутундагы күйөөсүнүн суранычы менен бай күйөө издеп келди" деген эле сөз бар. Бул жерде улутту уяткара турган деле сөз жок болчу. Кийинчерээк "чет өлкөдө концерт берип, анда 200дөн аз адам келген" деген шылтоо айтып лицензиямдан ажыратканын айтышты. Албетте, бул күлкүлүү. Анткени мен чет өлкөдө концерт бере элекмин. Чындык каякта?

– Ошондо учурда ырдап жатасызбы же ырчылык карьераңызды токтоттуңузбу?
- Жок, ырдабай элемин. 17 жылдык чыгармачылыгымды бир ирмемде жок кылып салгандай сезилип жатат. Бул окуядан улам азыркыга чейин жаман болуп жүрөм.

– Жакында эле "Азия MIX" командасы Александр Масляковдун Жогорку Лигасынын финалына чыкты, катуу сүйүнсөңүздөр керек?
- Финалга өткөндөгү сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайм. Ичимден "Оо, Кудай, ушундай керемет күндү белек кылганың үчүн рахмат!" деп сүйүндүм. Бул чоң бакыт.

– Кичи мекениңиз тууралуу да айта кетсеңиз?
- Таттуу балалыгым тарыхы бай Бухара шаарында өттү. Секелек кезде эркекке окшогон кыз элем. Биринчи класска барганда эле мага "Шоколад" деп ат койгону үчүн 3 баланы сабап салгам. Бак-дарактардын үстүнө тырмышып чыгып, кээде ошол жакта уктап калчумун. Бир жолу ошентип уктап калып арыкка кулап түшүп, бирок эч жерим сыйрылып, сынган эмес. Атам "бакка чыкпа, сен кызсың, назик, сулуу болушуң керек. Карачы, эркекке окшоп денеңдин баары тырык" деп урушчу. Чынында атам "бул кандай кыз болот?" деп коркчу экен. Анткени мен тентектик кылып жүрө берчүмүн, эч нерседен коркпойт элем.

– Актриса, ырчылыктан сырткары модельерликке да кызыгат экенсиз?
- Кичинемден эле белгилүү дизайнер болом дечүмүн. Өзүмдүн биринчи кесибим актриса, бирок 2002-жылы модельер-сүрөтчүлүк орто окуу билимине ээ болуп, училищени кызыл диплом менен аяктагам. Бүгүнкү күнгө чейин КВН оюндарына, концерттериме кийип чыккан көйнөктөрүмдүн эскизин өзүм чийип, тигем. Кудай буюрса, белгилүү дизайнер болуп өзүмдүн коллекциямды чыгарсам дейм.

– Өзүңүз Ташкентте жашасаңыз, Орусияга оюндарга катышуу, даярдануу үчүн тез-тез каттап турсаңыз керек?
- Ооба, мен кыла турган жумуштарымдын баарын абалга жараша бөлүштүргөнгө мажбурмун. Анткени КВН ойногону Ташкенттен бери учуп келип, оюндан кийин үйүмө эс алганы эмес, жумуштарыма жетишүү үчүн кайтып келем.

– Маек нугун жеке жашооңузга бурсак. Жолдошуңуз "чыгармачылыгыңды ташта" десе эмне кыласыз?
- Үй-бүлө – бул жашоодо сени толуктап турган адамды табуу. Ал сенин экинчи башың, колуң, бутуң, тең жарымың болушу керек. Мени менен тагдырын байлагысы келген жигит кимге үйлөнүп жатканын билип, менин кызыкчылыгымды, чыгармачылыгымды эске алып үйлөнүшү керек.

– "Азия МIX" финалдан утса, турмушка чыгам" деп айткан экенсиз?
- Жеке жашоом тууралуу көп айткым келбейт. Эгер финалдан утуп калсак, анан кыялымдагы ханзаадага жолугуп калсам, албетте, турмушка чыгам.

Актриса "Общага" сериалында Мека деген "стерва" кыздын ролун аткарган.


"Азия MIX" командасынын оюнчулары бир туугандай эле болуп калганбыз".


Ситора кичинекей кезинде.


Актриса Өзбекстанда көптөгөн жарнамалардын жүзү.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(28)
07.11.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Приянка Чопрага окшоп кетет ушул кыз...
07.11.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
а может супер инфого да фейкт Ситоралар интервью берип журбосун
07.11.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сулуу кыз. Бирок бойдок экенин билбептирмин
07.11.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул кыз тартылган кинолору аябай жагатта
07.11.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кызды жакшы кором эй, сулуулугун баалап мен сулуумун деп да бой которгонун королекмин, абдан жонокой сезилет. Ийгиликтер иштерине да жеке жашоосуна да.
07.11.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулуулугуна соз жок иштерине ийгилик!
07.11.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
бул кыз озбек тилин билбейт окшойт, кыргызчаны тушунбойм дегенине караганда.
08.11.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jass,
Өзбек тилин билет. Билбестен кантип өзбек сахнасында жүрсүн. Эми кыргызча бир аз түшүнбөшү мүмкүнда... Бишкектеши кээ бирлер өзбекче түшүнө бербейт ко, ошол сыяктуу...
07.11.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ой биз озбекче тушунобузго бул кантип кыргызча тушунбосун
07.11.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында сулуу талантуу кыз.Ийгилик каалайм Ситорашка эжеге))
07.11.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
шахзода жонундо интервью алгыла.
08.11.2016. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Финалда утулуп калса турмушка чыкпай калабы ошондо????
08.11.2016. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Оппоо эже деп аласынарда.))
Опажан деп алгыла биротоло!
11.11.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shahrizaada,жайладын
08.11.2016. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Пиар эмеспи? Башка гезиттин журналисттери интернеттен интервью алышып ХХХ Ситора кичине окшоштуруп калп айтсан эй кана анда ошо фейктин скриншоту. И вообще фейсбукта или соц тармакта башка баракчаны жаппайтго дейм.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-08 10:38:42
08.11.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
08.11.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Молочина!
09.11.2016. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага тийсе 5 эмес көп көп бала кылып берем
12.11.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ситораны апа кыласынбы сен
09.11.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзбекстан көрө албастык кылып эле лицензиясын алып койсо керек,менин оюм боюнча.
09.11.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озбектердин кашы козу уопшум да. Ото сулуу кыз.
09.11.2016. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Воопшим суперге да тан калдым. Ушул кыздан башка тема жокбу. Кайра кайра газетага чыгарат. Башкы бетине. (Ушул озбектен башка) десем дагы урушасынар.
gamster түзөттү 2016-11-09 23:37:38
11.11.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gamster,лунара апчебиз жактырып калган Бейм
10.11.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сулуу мага жагат
10.11.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар башка улуттан бип адам чыгып калса башына чыгарып алышат,бир кыргызды озбектер гезитине чыгарат бекен
10.11.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошондо Ситора сулуу 32 жашка чыккан болобу? Озбек туугандар кыздарын 20-22 жашка калтырбай эле турмушка берип салышат эле. Эмнеге турмушка чыкпай журот болдукен? Же озуно башка жигиттерди тенсинтпейт же биринчи оорунга карьерасын койгон айымдардан. Ылайым тенин таап турмуш куруп бактылуу болсун,бирок бул тендуу бойдок жигиттер деле калбай баратат го. Ханзааданы кутуп журо бербей чык эми турмушка. Сахнадан да семья ыйык го дейм.
11.11.2016. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жетим озбектерди баш котортпош керек не чыгардынар ушинтип туруп уктатып кетишет
11.11.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Улутчул эмесмин бирок кордунор ошто 2010 кандай кылышты даагы интервью атасын лунара алгын келсе бул жака чыгарбай ал озубуздун кыргыздар жетишет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо