АВАЗ ЖЫРТЫК КОСТЮМУН КҮЙӨРМАНЫНАН АЯП КОЙДУ

№731 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж

Концерттин аталышы – "Жаңы альбомдун бет ачары шоу-концерт Аваз Акимов"
Концерттин датасы – 26-октябрь
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:30 (21 мүнөт кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 80 пайызы
Алып баруучу – Нурсултан Майназаров
Билет баасы – 250-500 сом
Мыкты номер – Аваз менен Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Атаман" ыры жана Аваздын аккордеондун коштоосунда аткарган жандуу ырлары

Концерттин башталар убактысы билетке эмнегедир жазылбаптыр. Атайын кылышканбы же унутуп коюшканбы, айтор, афишаларын издөөгө туура келди.
Сахнанын дал ортосуна чоң экран коюлуп, туш тарабын түстүү жарык берүүчү лампалар менен кооздошуптур. Жарык берилгенге чейин карап отуруп "сахнанын декорациясына көңүл бөлүнгөнбү деги?" деген суроого чөмүлдүм. Саат туптуура 19:51ди какканда экранга Аваздын бала кезиндеги кыяк менен ырдап жаткан видеосун коюшту. "Аа, бали, баланын таланты бар" дедим ичимден. Концертти "Drum Show" тобунун барабанчы кыздары ачып беришти. Артынан эле сахнага жалпы карындаштарына ыр арнап, күндүн күнөөкөрү Аваз Акимов чыкты. "Бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы. Куудулдар айтмакчы, бүгүн эми жакшы эс алып кетиңиздер, үйдөгү көйгөйлөрдү, насыяларды унуталы",- деген Аваз көпчүлүктүн көйгөйүн унуттурбай эле, кайра эсине салды көрүнөт.
Көп узабай кеченин коноктору чыга башташты, алардын алгачкысы Анжелика Бекболиева болду. "Бүгүн ар бир коногубуз менен оюн ойнойбуз" деген алпаруучу залда отурган ырчы Нурмат Садыровду чыгарып алып, "ким атактууларды бала кезиндеги сүрөтүнөн тааныйт?" деп Анжелика экөөнү жарышка койду. Нурлан Насип, жаш ырчы Айдана Дека, Данияр Эрматов, Дайыр Исмадияров жана башка коноктор да өз таланттарын тартуулап жатышты.
Аваздын чыгармачылыктагы атасы Сыймык Бейшекеев акыркы чыгармаларынын бирин аткарып берди. Ал арада концерттин башталганына бир топ болуп кетти көрүнөт, көрүүчүлөргө антракт берилбегендиктен жаштардын көпчүлүгү сыртты көздөй агылып жатышты. Аттуу-баштуу кыргыздын чыгаан таланттарынын бири ырдап жатканда чыдап эле турушса эмне!
Аваздын аккордеон менен жандуу ырдаганы залда отурган көрүүчүлөрдү жандандыра түштү. "Айганышты", "Эркинайды" көрүүчүлөр өздөрү суранып жатып ырдатып, кошо ырдап кол чаап чер жазышты.
Концерттин жандуу ырлар бөлүгү аяктаган соң алпаруучу Авазды да күйөрмандарынын бири менен оюнга чыгуусун суранып алып калды. Гүлдесте берүү үчүн сахнага чыккан бийкеч Аваздын каршылашы болду. "Кап, оюндун алдынан алпаруучу Нурсултан Майназаров менен Аваз бир макулдашып алышса болмок экен" деп койдум. Анткени оюнду жеңсе кызга Аваздын костюму белекке берилерин Нурсултан айтканда ырчы бир аз кызаңдап алды. Оозуна салгандай эле күйөрман кыз жеңүүчү деп табылып, күтүлбөгөн "концерт" ошондо башталбадыбы. Костюмун чечип колуна бекем кармап алып алпаруучунун кулагына шыбырап, "бербейм бул костюмду" дегенсиди. Бул тумар туткан костюму окшойт депмин ичимден. Алпаруучу Нурсултан мырзанын да шаштысы кетип калганда"ушул костюмду элге ыргытайынчы, ырымдап койдум эле" деп чыкты Авазыбыз. Алпаруучу да "жестокийсиң го" деген бойдон кала берди. Акыры бир күйөрманына бермек экен, анда эмнеге минтти? Кыздын шагын аябай сындырып койду го эл алдында. Аны да жөн ыргытпай "машина сатсак да кемчилигин айтып сатат эмеспизби, костюмдун жеңинде бир аз жыртыгы бар" деп жатпайбы. Туптуура 3 саат 20 мүнөткө созулган кубанычы, сүйүнүчү, чарчоосу, таң калуусу, ыраазычылыгы, нааразычылыгы бар бул концертти Аваздын "Кыргызстан" деген чыгармасы жыйынтыктады.

Толик сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(44)
07.11.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Jook baikuw znachit jyrtygynan uylgandyr Avazdyn ichine kirip chykkandai jazyp iripsinerda tooba
07.11.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Авааз костюм кетсе кетсин намыс кетпесин. канчалаган душмандарын ушундай каталарынды карап турушат.
07.11.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Туура эле кылган озу кийген кийимин эч кимге бербеш керек,ал кыз эмне кылат эле эркектердин костюмун.
07.11.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Берип эле салса болмок.Озу эле жаман корунуп алды элге.Кайрат Нуртас костюмдарын эч аябайт го.ойлонбой туруп берип салат.
07.11.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Берсе эле эмне кылмак ал кыз...кызыктуурак кылайын дегенго
07.11.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Муну окуп концертте биринчи катарда отуруп коруп келгендей болдум сонун жазыптыр калеминерге береке
07.11.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Элге костюмун берет деген салт кайдан чыкты эми озу билет. Силер намыс учун дейсинер Ал ошону убада кылбагандан кийин озу билет
07.11.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оюн башталаарда эле бул кызга бере албайм,элге ыргытам деп айтып койсо болмок экен. Кыздын шагын сындырбай.
07.11.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тырышкан саран бала окшойт. Жыртык костюмун аяп.
07.11.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Толик сынчы деген атка татыбайт окшойсун.Дегеним базардагыбы же үйдөгү бош аялдарга окшошсун го.Мынчалык сындын эмне кереги бар деймда,жумурткадан кыр издеп.Өзүнүз деле эркек адам экенсиз мынча болду жолук салынсак жакшы жарашмак экен.Озүнүз костюмунузду таратып жаткансып бирөөнү эмне кыласыз дейм да.Эркек эркектей эле болсо жакшы болот.
09.11.2016. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jentelman,Толик брат силер да кайсы артист акча берсе ошого чан жугузбай сындайт окшойсунар сынынардын катасын ондогум келди кызга комтюмин бербегени жакшы болду кыз ал кастюмду эмне музей кылмак беле Анжела кыздарын карап отурбай жетип келиптир ж.б. Сындайм деп бир кун бир жерге апарып Назира Айтбековага окшотуп койюшса Толик сынчы на первом канале деп чыгып журбо пусть говорятдан
07.11.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сынчы эмей эле Толик ушакчы десен туура болчудай эркек ар бир майда нерселерге конул бурбай ала барман болгону жакшы го.
08.11.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми сизге не болду Толик сынчыга асылып. Кайра ушундай ырчыларды сындап турган адам керек болбосо булардын анча мынча кылык жоруктарын айтып турбаса ырчылар кооп жылдыз оорусу м.н ооруп калышат
08.11.2016. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен дагы концертти кошо коруп келгендей болуп калдым. Сонун сындапсын, туура кыласын.
Коммент бергендер башында ырчы баланын Толик сынчынынсындаганын окуп жатып, сынчыны да сындай кетипсинер эээ. Боорум эзилип калды. Укмуш тим эле.
08.11.2016. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кылыптыр бербеш керек модага айлантып
08.11.2016. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакын досунда кастюмун бербейт берип турушу мумкун 1кунго. Аваз неге берсин биздей эле адамда
08.11.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш Аваз окуп алып жаман болуп жаткандыр
08.11.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсыздарбы!Эмнеге эле Аваз Акимовду жамандап жатасыздар аны да тушунуп койгон адам жокго деги...Эмне Кайрат Нуртас кийимин берсе эле,Аваз байке да бере бериш керекби? Аваз Акимовго кийим алып бер десе алып бермек болуш керек эч кимден аябастан!Бирок озунун кийимин бербейтта!Ал дайым эле айтып келетго бироого кийимимди жана буйумдарымды бериштен корком окутуп коёт деп.Аваз байке туура кылат, адам кандай экенин биз кайдан билебиз балким бироо кийимин алып окутуп коюшуда мумкун да туурабы???
09.11.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толик сынчы атып айтып тургандай сындайт. анын иши сын айтыш. мага Толиктин сындагандары жагат.
09.11.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Дааа жаман иш болуптур.
09.11.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аваз костюмун бергидей ким эле эркек балага берсе бир жөн кызга да костюмун берчүү беле тообо.
10.11.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat)
10.11.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Байкуш кыздын шаныг сындырбай эле койсо болмок экеен
10.11.2016. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы чыгармачылык ийгилик
10.11.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кайрат нуртас качанкы аваз акимов кечеле чыккан
10.11.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун костьюмун,эртен шымын чечип берсинби? Береби,бербейби оз иши да. Эмне деген келесоолук кийимин чечип бироого берген.Кайсы жерди караба Анжелика. Пиардын да чеги болсо керек.
Гульжайна Атаханова жонундо жазып койгулачы же интервью алып бергилечи Суперчилерден сураныч.
10.11.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бербей деле ыргытпай деле койсо болмок.сага бергиче ыргытканым жакшы дегендей болуп калыптыр)).
10.11.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге ыргытканда эч ким тосуп албай койсо болмок
11.11.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгула урушбагыла тырышып канча канча пул кетирген кийимин бироого тартуулап салса болбойтго алып баруучу бираз создон кетип калыптырда эми бирок новосибирге болгон консерттерде оюдан женгендерге айфон телефонун в подарок кылган Билайн компаниясынын директору кастюмду аябай эле берип койсо эл ыразы болуп калмак да тиги кыз костюмду эмне кылат дейсинерда Аваз байкенин костюму деп эстеп журмокда бироону суйлобой эле койолу э
11.11.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Толик сынчыга асылбагыла!Азаматсын Толик,чындык ачу болот.Аваз Кайратты туурады деп чыкмак,ырас бербептирсин))))!
11.11.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайдакы ушакчы жазган ким кандай болсо башканы да озундой корбош керек костюму деп жаман болупсунго колундан бир сап ыр жазыш келбейт анан сындайсынар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо