Азур, ырчы: "МЕНИ НЮШАГА ОКШОШСУҢ ДЕШЕТ"

№731 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж

Азур деген ысым менен тааныла баштаган ырчы кыздын клибин, сүрөтүн көргөндөр аны куурчакка окшоштурушат. "Эл менин бетимди шпаклёвка, толугу менен пластика дешет",- дейт ал. Айтылган кептер канчалык деңгээлде чындык? Маекти окуп билиңиз.

Туулган жылы, күнү
– 1993-жыл, 23-июль
Туулган жери – Кочкор району, Кара-Суу айылы
Билими – Кыргыз экономикалык университетинин менеджмент жана туризм факультетин бүтүргөн
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу
Учурда – Бойдок
Репертуарындагы ырлар – "Элесиң", "Ак кептер", "Ашык болсоң", "Сага барам", "Эч бир...", "Иссык-Куль"

– Азур, ысымың өзүңдүкүбү же сахнадагы каймана атыңбы?
– Азур – каймана атым, ушул ат менен элге таанылгым келет. Ошондуктан баарына "азан чакырып койгон атым башка" деп отурбай, паспортумдагы атымды Азур кылып өзгөртүп алгам. Мени көбү Нюшага окшоштура беришкендиктен продюсерим "Анюша болуп чык" деген. Бирөөнү туураганды жактырбаган жаным "өзүм эле бир нерсе ойлоп табайынчы" деп өзгөчө ысымдарды издеп отуруп Азур деген ысымга токтолдум. Ал француз тилинен "көк" деп которулат экен. "Көк" деп которулса, демек, образымда бул түстөгү бир нерсе болуш керек деп көк линза тагынмай болдум. Ойлоп тапкан атым, образым продюсериме жагып, Азур болуп калдым.

– Буга чейин сулуулар сынактарын уюштурууга жардам берип жүргөнүңдү билебиз. Ырчылыкка ооп кеткениңдин себеби барбы?
– Сулуулар сынагын уюштуруп келген эжекем менен 14 жашымдан бери иштешчүмүн. Анын айткан тапшырмаларын так аткарып, көпчүлүк уюштуруу иштерин мен жасачу элем. Өзүм бирөөгө зыяным жок жоош кызмын, какса да унчукпай жүрө берем. Кийин ал элдин көзүнчө басмырлап, "сен эч ким эмессиң" деген сөздөрдү айтып намысыма тийди. Экөөбүз урушуп кеткенде "кете бер, сени кармабайм" деп үйүнөн чыгарып койду. Жанымда акчам да жок болчу. Бир тааныш кыз менен байланышып, аныкында жашап калдым.
Учурдагы менин продюсерим сулуулар сынактарын өткөрүп жүргөндүктөн жакындан таанышып калганбыз. Ал чогуу иштешүүнү сунуштап, 3 жылга келишим түздүк.

– Сени концерттерден көп көрбөйбүз...
– Чоң концерттерге чакыруу түшө элек. Элге жакшы тааныла элек ырчы болуп алып атактуулар менен мамиле түзгөндөн качам. "Алардын арты менен таанылып алды" деген сөзгө калгым келбейт. Көбү "мегажылдыздар менен дуэт жаздырып таанылууга акчаңар жокпу?" деп сурашат. Бирок мен атактуулукка дароо эмес, акырындап жетким келет.

– Башкалардан айырмаланып туруу үчүн өзгөчө болуш керек эмеспи...
– Мени кийинүү стилим өзгөчө көрсөтөт деп ойлойм. Көп боёнбой жүргөнгө аракет кылам, бирок "мунун бети шпаклёвка, толугу менен пластика" деген комментарийлерди жазышат (күлүп). Мага көңүл бөлүп жатышса, демек, кызыктырып жатам деп ойлойм. Таптакыр көңүл бурбай коюшса сыртта калмакмын.

– Пластикалык операция жасатып көрдүң беле?
– Көзүмө сурма жасатканымды жашырбайм. Өзүмдүн деле сурмам бар болчу, бирок жүзүмдү европалыктарга окшоштуруш үчүн чоңураак сурма жасатууга туура келди. Бул деле мени аябай өзгөрткөн жок. Анткени образымды линза гана ачат.

– Өзүңө кантип кам көрөсүң?
– Мурда аябай толук болчумун. Эл сырткы келбетиңе карап мамиле кылгандыктан диета кармап, азыркы калыбыма келдим. Таттуу, камыр тамактардан баш тартып, жашылча-жемиштерди көп жейм.

– Башка улуттун кызындай көрүнөт экенсиң...
– Атамда кыргыз, өзбектин, апамда болсо татар, калмактын каны бар. Алар айылда дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенишет. Метис болгонум менен, өзүмдү кыргызмын деп эсептейм.

– Айылдан шаарга канча жашыңда келдиң эле?
– 14 жашымда Бишкекке окуганы келгем. 8 ай туугандарымдын үйүндө жашадым. Алар кабак-кашын бүркөп баштаганда өзүнчө батирге чыгып, өз алдынча жашоого үйрөндүм. Тырышып аябай жакшы окудум. Бирок орус тилин жакшы билбегендиктен кыйналчумун. Сабакта орусча акцент менен жооп берсем, группалаштарым туура эмес айтып алган сөздөрүмдү кайталашып шылдыңдап, каткырышчу. Айтылган сөздөр жүрөгүңө тийсе өзүңдү өстүрүүгө аракет кылат экенсиң. Азыр орусча так сүйлөйм.

– Маегиңе рахмат!

"Атамда кыргыз, өзбектин, апамда болсо татар, калмактын каны бар".


Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
(Айрым сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Азур: "Намысыма тийген сөздөн улам ырчы болууну чечтим"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(77)
SUPER.KG видео
07.11.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Нюшага окшош дешет деп, Нюшанын мурду менен озундун мурдунду эле салыштырып корчу башка жагын коюп.
07.11.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул кыз жагат мага эмнегедир
07.11.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Нюшага окшошкусу келеткен байкуш бирок окшобойт озунор менен болгула бироону туурабай.
07.11.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нюшага окшобойт го. Кыпкыргыз эле болуп турат.
07.11.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Admin emkide Baktygul Badyevadan maek alynyzdarchy suranych.
SUPER.KG видео
08.11.2016. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу да суйлогону да тузук еле кыз екен. Аракети да бар екен. Бирок уну ырлары мага жакпады чын айтканда.
08.11.2016. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абайлап сындагыла, жизнь бумеранг. Ар биринердин башынарда кыз, эже-карындаш болсо керек.
09.11.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
u.n.m, эл деген эл айта берет айтып келген дагы!!!!
08.11.2016. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул кызды биринчи жолу корушум,анан да Нюшага ээээч эле окшойбойт го, бироок ачык суйлоптур
08.11.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аида Чаловага окшоштурдум
08.11.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurdash,Айгул Чалова эмесби мен да ошого окшоттум ооздорун
09.11.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurdash,Айгул Чалова
08.11.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
орусчаны билбеген уят эмес бизге, кыргызчаны билбеген уят
Медиа-портал
08.11.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ийгилик
08.11.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ата энене кийим алып берсен кечке озунду жасай бербей.
08.11.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргыздын кызын шылдындап орустун кызын сулуу деп жатасынар, тобоо кыргыздар ушундай болгонубуз учун онукпойбуз.
Медиа-портал
08.11.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козун жасатканы дароо байкалды.
Медиа-портал
09.11.2016. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун эле кыз экен ар бир эркекдин шилекейн агыза турган:)
09.11.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокой эле уй булонун жакшынакай эле кызы экен чындыгында. Бирок шоу чойрого келген ар бир адам негедир ото эле озгоруп кетишетко.
09.11.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ун деген таптакыр жокго.....
09.11.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Семиз экенсиң, Нюша арык. Бир аз арыкта, кичине окшошосуң.))))
09.11.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мактанчак экенсин кичнине акыртаса боло тоголок пандаларга окшоп калыпсын
09.11.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супсулуу татынакайсын ырдай бер, королбагандар жаза берет ар нерсени, зато озундун кучун менен чыгып атасын молодец
10.11.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нюшанын бетин кара,бунун ХХХ ХХХ)ийгилик кантсе да
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-10 14:03:44
10.11.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aseras, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт, билдирүүӊүз түзөтүлдү. Оозеки эскертүү!
10.11.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орус тилин билбеген,бул уят эмес, Кыргызстанда жашап кыргыз тилин билбеген УЯТ!. Орус тилин уйронуп жатам деп озу ачык эле айтып жатпайбы. Козумо сурма жасаттым деп ачык айтыптыр. Айрым ырчы-чоорчулар баары озумдуку, озум эле ушундай супсулуумун деп бир тонна макияжы корунуп турса да жасалмаланышат го. Азурга ийгилик каалайм.Талыкпай талпына берсен,ийгиликке жетесин.
SUPER.KG видео
10.11.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козун коруп кыйналып кеттим ото начар жасаптыр пластиканы. Кыйналып кеттим козунон
10.11.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Недалекая
SUPER.KG видео
11.11.2016. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блефорапластика ....
SUPER.KG видео
12.11.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дикарь боло бербегилечи! Бир татынакай кыз экенго кийинген кийими, чачы озуно жарашкан!
13.11.2016. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бел деген жокко))
14.11.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дом2гы кыздарга окшоп каптырго
17.11.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Эч бир" деген ыры мага жагат, азаматсын
30.12.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уууууф ушу жанинди чыгарат Нюша кайда жатат сен кайда жатасын озун биринчи Нюша менен жолуктун беле? Тырмагы да сага окшобойт, мына мен жанында жургомун 2010 жылдары.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо