Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"КАБА УУЛУ КОЖОМКУЛ" ЭЛ АРАЛЫК ФОНДУ МАРАФОН ӨТКӨРӨТ

№731 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж

11-ноябрь күнү кыргыз элинин алп баатыры Кожомкулга арналган марафон өтөт. Фонддун максаты – кыргыз спортуна гана эмес, эл аралык спортко да салым кошуу болуп эсептелинет. Мурда бул фонд коомдук болуп келсе, эми эл аралык деңгээлдеги фонд болгонун билдирет аталган фонддун төрагасы, Кожомкул баатырдын чөбөрөсү Орозалы Кожомкулов.
– Өтө турчу марафондун башкы максаты – Спорт Сарайга Кожомкул атанын музейин ачуу. 1989-жылы баатырыбыздын 100 жылдыгында Суусамырда музейи ачылган. Анда өзүнүн кийген кийиминен тарта жеке буюмдарына чейин коюлган. Салтка ылайык, улуу адамдын буюмдары элге таратылып берилет. Эл аларды сактап, музей ачылганда бизге өткөрүп беришкен. Ошондой эле баатырдын жакындары, санаалаштары айтып берген окуялары камтылган "Кожомкул балбан баяны" аттуу китеп жарыкка чыккан.
Негизги максаттардын бири – спорт чөйрөсүнө арналган "Кожомкул" атындагы эл аралык сыйлыкты уюштуруу болуп саналат. Мындан тышкары "Алп Кожомкул" аттуу көркөм тасма тартуу максатыбыз бар. Андыктан мекенчил замандаштарыбыз марафонго келип, тилегибизге тилектеш болот деген ишеничтебиз.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо