Аскат Мусабеков: "ЭШИК СҮЗГҮЛӨП ӨЗҮМДҮ КӨП ЖЕРДЕН ИЗДЕДИМ"

№731 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж

Аскат ачуусу келгенде урушпай эле буркан-шаркан түшүп, кызарып-татарып кетерин айтат. "Сырткы келбет алдамчы" деген туура, айрымдардын сыртыңды карап эле Аскат өзгөрдү дегендери жанды кейитет. Өзгөрмөк турсун бирөөгө катуураак сүйлөп алсам, көңүл бура албай калсам ойлонуп-толгонуп, жүрөгүм ооруп уктабай чыккан күндөрүм болот",- дейт ырчы.

– Чыгармачыл адамдар элдин көңүл борборунда болууну жактырчу эле, сен да алардын катарына киресиңби?
– Туура айттыңыз, бала кезде тентек болгонум менен, баарынын көңүл буруп туруусун каалаар элем. Иним менден 6 жылдан кийин төрөлгөндүктөн аябай эле эрке болчумун. Апам менен атамдын көңүлүн бурдуруш үчүн эшиктин алдында илинип турган баштыктагы сүзмөнү ары-бери өтүп эме бермей адатым бар эле. Анда алар "баштыктын сырты кир да, эмне эмип жатасың?" деп урушуп калчу. Ого бетер шалтактатып эме берсем, айла жок апам күнүгө сүзмөнүн сыртын жууп турчу болду.

– Ошол чыт курсак кезиңде эле чыгармачылыкка болгон чыйырың башталса керек?
– Кичинемде менин талантымды байкап атам бир торпоктун акчасына өрүк комуз сатып берген. Аны айылдагылар "эми ушул торпокту баласы актайт бекен?" деп узун кеп кылышкан. Ушинтип ата-энемдин шарт түзүп мени колдогону, Сыймык байкенин (ред. Бейшекеев) берген кеп-кеңештери чыгармачылыгыма чоң таасирин тийгизди. Мен 9-класс кезимде байке "элдик таланттарды издейбиз" деп айылга концерт коюп келишип, мага назары түшүптүр. Ырдаганымды угуп "Улукмырза Полотовго барсаң жакшы ырчы болосуң. Студент болгонго чейин шаарга барып көнө бер, кийин кыйналбайсың" деген. Ошентип 11-классты шаарга келип №69-гимназиядан аяктадым.

– Айылдан шаарга келип окуганда айырмачылыктар болсо керек, кыйналган жоксуңбу?
– Айырма бар экен, кичирээк кезимде келсем бир жөн эле. Чоңоюп калганда, өткөөл куракта келип, классташтарым менен көз караштарыбыз туура келбей бир айдай кыйналдым. Анда да өнөрдүн артынан окуучу, мугалимдер менен тил табышып, аралашып кеттим окшойт. Азыр өзүм окуган мектепте сүрөтүм илинип турат. "Сыймыктанабыз" деп жазып коюшуптур, көрүп жүрөгүм жылып калды.
11-класста окуп жүргөндө мектепти эртерээк бүтүп, Улукмырза Полотовго жолуксам деп эңсечүмүн. Өзүмө жакпаган сабакта дептеримдин акыркы бетине афишанын сүрөтүн тартып, "Кыргыз улуттук филармониясында Аскат Мусабеков концертин тартуулайт. Концертти белгилүү ырчылар коштойт" деп атактуу ырчылардын аттарын жазып кыялдана берчүмүн. Жолдо баратып да мамыларды карап "качан менин афишам ушул жерлерге илинет?" деп алганымчы.
Ошентип шашып филармониянын алдындагы 2 жылдык студияны аяктадым, андан кийин консерваторияны окуп, артыкчылык дипломуна ээ болгом. Бул ийгиликтердин аркасында студент кезимде президенттин "Алтын шаты" стипендиясына татыктуу болдум.

– Белгилүү ырчы болгонго чейин көп тепкичтерди басып өтсөң керек?
– 1-курстан баштап эле ар кайсы эшикти сүзгүлөп, өзүмдү көп жерден издедим. Кыргыз телевидениесине барып балдар берүүсүнө алып баруучу болдум. Кыргыз радиосунда кабарчы катары эмгектендим. Андан кийин жазган чыгармаларымды көтөрүп "Кыргыз туусу" гезитине барган күндөрүм болгон. Ага да алымсынбай журналист болуп иштейм деп "Супер-Инфо" гезитине келгем. Ал жактан жазгандарымды окуп "дагы жазып келчи" деп тапшырма берип жөнөтүшкөн эле. Бирок ошол боюнча аягына чыккан жокмун.
Ар чөйрөдөн сынап жүрүп, акыры өзүмдү ырчылыктан таптым. Учурда филармонияда "Камбаркан" ансамблинде иштейм.

– Жакшы, акыркы кезде ырчыларыбыз той ырчысына айланып бараткандай...
– Мен да тойго көп чакырылган ырчылардын катарына кирем. Той да биздин ишибиз, андыктан ага да олуттуу мамиле кылышыбыз кажет. Тойго жеңил-желпи ырлар боло берет дебешибиз керек. Анткени ал жакка да ар түрдүү көз караштагы адамдар, интеллигенция өкүлдөрү келет дегендей. Чынында бизге каражат алып келүүчү негизги булак той болуп жатпайбы. Ошонун артынан үй алып, ошонун артынан жан багып жатабыз. Ал эми концерт берүүнүн түйшүгү чоң, ага оңбогондой каражат керек.

– Былтыр үй салып там той бергениңди билебиз. Чоң үйдө жалгыз жашоо кыйынчылык жаратпайт бекен?
– Азырынча үй жыйнап, тамак-ашка каралашып, кийим-кечеме көңүл бөлүп турган карындашым бар. Бул жашоону мен өзүм каалаган жокмун. Тагдырдын жазмышынан эч кайда качып кутула албайт экенбиз. Ажырашууну ар бир адам башынан өткөрүп, жон териси менен сезмейинче түшүнбөйт. Ошондуктан бирөөнүн турмушуна сын-пикир айтканга эч кимдин укугу жок. Үй-бүлөмдүн бузулушу канча бир убакытка чейин жүрөгүмдү оорутту, чыгармачылыгымды мокотту. Жүрөктө тынчтык болбосо көңүлүң эч нерсеге чаппай калат турбайбы. Мезгил дарылайт деген чын экен, эң негизгиси Кудайым балдарга өмүр берсин.

– Алгач ата болгондо кандай сезимдер болду, балдарыңа каралашып турасыңбы?
– Ал сезимди айтып бере албайм. Бирок кызымдын кебетеси эсимде, көзү жымшыйган, кичинекей болчу. Жаңы төрөлгөн ымыркай кызыл эт болуп көзгө анча көрүнбөйт тура. Өтө кичинекей төрөлгөндүктөн 3 ай болсо деле нөлүнчү өлчөмдөгү "памперс" издеп эле жүрчүмүн. Сатуучулар "кызың ара төрөлгөнбү?" десе, "жок, өзүң ара төрөлгөнсүң, кызым жакшынакай эле" деп чычалап, алар менен уруша кетчүмүн. Кийин ал супсулуу болуп чыга келип, 1 жашында ата деп сүйлөп, басып калды. Учурда кызым Акзыйнат 1-класста окуп жатат, уулубуз Аскар 3 жашта. Балама коомдук ишмер Аскар Салымбековдун ысымын ыроолоп койгом. Жакында эле аталык карызымдан кутулуп баламды сүннөткө отургуздум. Балдарыбызга мээрим төгүп апасы экөөбүз цирк, зоопарктарга алып барып турабыз.

"Азыркы балдар башкача ойлонот. Өткөндө кызым "ата, Кореяга барып иштесең көп акча табасың" деп кеңеш берди".


"Айылда ат минчү элек, шаардан жок дегенде велосипед тээп турбасак болбойт го".


"Шаардын ызы-чуусунан тажаганда айылга же тоого чыгып, самоорго чай кайнатып ичип эс алам".


Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg

Аскат Мусабеков: "Балдарым мени жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүштү"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(40)
SUPER.KG видео
05.11.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырлары жагат. Нестандарежан менен ооруп журом. Голос соонун. Жеке жашоосун озу билет аны элге жайып кереги жок. Ийгилик каалайм
Медиа-портал
05.11.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Соонун маек болуптур, чыгармачылыгынызга ийгилик!!!Азаматсыз
Медиа-портал
06.11.2016. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Бир жакшыга бир жаманды кошот"-деген туура соз.Кандай жакшы бала. Ыймандуу, созду оорду менен суйлогон. Бактылуу бол Аскат!Жакшы тугойго туш болушуна тилектешмин!!!
Медиа-портал
06.11.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Siuz,Ошондо аялы жаманбы ал деле созулган келин го экоонун ортосунда бузуку эле бар го.Наоборот эки жакшы бир болбойт эки жаман да бир болбойт десен
Медиа-портал
06.11.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Аскат чеги жок кызгана берип тажатып ийдин го аялынды э
SUPER.KG видео
06.11.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсың жигиттин гүлү. Чыгармачылыгыңды сыйлайм. Ийгилик
SUPER.KG видео
07.11.2016. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сиздин талантынызды сыйлайбыз.Сонун маек болуптур,бирок ото эле аз.
07.11.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
ажырашуудан эч ким утулбайт,бир Гана балдар утулат!!!
07.11.2016. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен сиздин чыгармачылыгынызды сыйлайм. Ырларыныз аябай уккулуктуу,мага жагат. Чыгармачылыгынызга ийгилик, уй булолук бакыт каалайм!
Aydina түзөттү 2016-11-07 10:09:27
07.11.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чогуле жашай берсенер болмок балдарынарда чонойуп калыптыр.Ар бир бала ата энесин чогуу коргусу келсе керек....
07.11.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Классика кийип велик айдайм дейби?
07.11.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
чогуу жашагыла деп сырттан айтып коюу оной. Уй,машина,байлык бакыт болуп бербейт эгер эки адамдын ортосунда сый болбосо. Бири биринден тажап,сыгылып жашагандан коро ажырашкан жакшы. Негизи турмуш кураарда шашпастан тугойунду жакшылап изилдеш к.к экен. Ажырашсан деле жашоо улана берет,бирок ортодо балдар оксук б.п чоноет.
07.11.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Турмуш деген албетте татаал нерсе,бирде туман,бирде токой, бирде дайра дегендей,ой пикир айтуу эн оной нерсе туугандар!
07.11.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер инфо кыргызстанда велосипеддер жонундо маалымат бергилечи. Рахмат кутом
07.11.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен бул баланын ырларын анча мынча угуп койчу элем берген маегинен кийин аябай сыйлап калдым,ырларын жакшылап уксам абдан маанилуу экен,жонокой,айылдык жигит экен,чыгармачылык ийгилик!!
07.11.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сузмо эмген жери жакты
07.11.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнеден улам ажыраштынар экен, кызык. Бирок ошол сиз айтып жаткан ширин, чырактай болгон уул,кызыныз учун деле аялыныз менен тил табышып, тушунушуп, кечиримдуу болуп, кайра ката кетирбегенге аракет жасап жарашып алсаныз эн туура чечим болот. Азыр деле кеч эмес болсо керек. Бактылуу болунуздар.
07.11.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аскаттын чыгармачылыгын сыйлайм,чыгармачылыгын оркундой берсин,жашоодо ойдо ылдый болот,бири- биринди тушунуп,кечирип Залина менен кол кармашып кетишинди каалайм.
Медиа-портал
07.11.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мунозу кырс анан дагы текеберлик бар деп уккам бул мырзаны, азыр ээсине келип жоош болуп калыптыр го .
08.11.2016. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jawoo
08.11.2016. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Супер инфо Малика Дина жонундо жазгылачы куйоосу мн жашап атыптырбы. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-08 10:26:14
08.11.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Оозеки эскертүү!
08.11.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аскат аттуулар ото кызганчаак болушат окшойт. Менин билишимче бул мырзанын да кызганычы куч. МЕнин жигитимдин аты да Аскат. Ото кызганчаак. Бироо менен саламдашмак тугул, анын жузун караткысы келбейт
09.11.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biikech0,менин да эки Аскат деген таанышым бар эко тен сиз айткандай.
08.11.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ашыкча кызганыч да уй-булонун бузулушуна себепкер болушу мумкун
08.11.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бааааардык жагынан ийгилик каалайм.Эн жакшы адам.
08.11.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне себептен ажырашып кетишкен экен.?
08.11.2016. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
tashi62, иии Анда эле кулактарынар тик тура калды! Эми озунор билгендей балким билбегендей эле себептери коп да. Анан ошону бияка жазмак беле! Айтылчу, айтылбачу да сырлар болот дегендей! Не болсо да жакшылыктар коп болсунчу!
09.11.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ушу ырчыны жакшы кором.
Бар болунуз...
Уй булолук бакыт,бекем ден-соолук,чыгармачылык ийгилик каалайм!
Куйоом сиздей болсо экен...
10.11.2016. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalem.kash, намегунан ий.молодес онорун оркундосун)))
10.11.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
чыгармачылыгынды сыйлайм бирок уй-булоону биринчи оорунга коюш керек деп ойлойм.Балдарынды атасыз остурбой чогуу тарбия бергенинде ошондо жоопкерчиликти тушунгон болосун.Тагдырга шылтаган бул жоопкерчиликсиз.уй-булоосун асырай албаган эркек кыргыэ элинин кантип сыймыгы боло алат бул менин жеке оюм.
12.11.2016. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Шириним", "Жамийла", "Аруузатым" баары сонун
Таланттуусуз...
12.11.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз бир класста окуганбыз 69-да. Ийгилик ,молодец!!!
13.11.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскат жакшы бала, аялыда кыякчы жакшы кыз билбейм неге экөө эки жолго түшүштү,элмирбек байке менен
Гулбу эжедей болуп
21.12.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аскат иним бугун мен Залина экоонорду татынакай балдарынды кордум. Кандай бактылуу Мотурайган балдарынды карачы.Жаратылышта айбанаттар дагы баласы учун олумго барат.Залина экоон ушуларча жоксунарбы.Кур намысты таштагыла.Балдардын келечеги учун бири-бирине кечиримдуу болгула.
gulya81 түзөттү 2016-12-21 15:18:02
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо