ТИМАТИ, МИХАИЛ ГАЛУСТЯНДЫН КӨҢҮЛҮН БУРУП, ИНТЕРНЕТ ЖЫЛДЫЗЫНА АЙЛАНГАН КЫРГЫЗ ЖИГИТИ

№731 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж

Бишкектик вайнер Данияр Токтомаметов Инстаграмдагы баракчасына 1 жума мурун эле күлкүлүү видеолорду жүктөй баштаган. Айылдык жигиттин образында акцент менен орусча рэп айткан тамашакөй жигиттин видеолору интернет аркылуу тез арада жайылып, элдин колдоосуна арзып кетти. Баарынан да Даниярдын видеосун белгилүү рэп ырчы Тимати, казакстандык битмейкер Jah Khalib, шоумен Михаил Галустян, "А`Студио" тобунун солисти Кети Топурия бөлүшүп, баракчасына катталгандары анын окурмандарына да, өзүнө да күтүлбөгөн жагымдуу жаңылык болду. Ошондон кийин эле вайнердин популярдуулугу артып, Инстаграмдагы окурмандарынын саны мүнөт санап өсүп жатат. 1 күнгө жетпей ага 50 миң окурман жазылып, видеолорун дагы деле бөлүшүүдө. Жигиттин популярдуулугу ушуну менен эле токтоп калбай, чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын да ага кызыгуусу артып, репортаж даярдаганга жетишти.
Белгилей кетсек, 23 жаштагы Данияр Токтомаметов күлкүгө сугарган "Тамашоу" долбоорунан тапталып чыккан. Ал «IUK», «Brооklyn-IUK» командаларынын оюнчусу болгон. Аталган долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев: "Данияр командада жакшы оюн көрсөтчү. Ал башынан эле күлкүлүү видео тартып, монтаж кылганга жөндөмдүү. Биздин долбоордон чыккан бала болгондуктан ийгилигине сүйүнөсүң, сыймыктанасың. Бул атактуулукту убактылуу кылбай, андан ары өнүктүрүп, маңыздуу рэп айтышына тилектешмин. Миша Галустян "Даниярды "Пусть говорят" телеберүүсүнө чакырабыз" деген оюн билдириптир. Ал жакка бала даярданып барып кыргыз жери тууралуу жакшы ойлорду айтышы зарыл. Бизде орус тили расмий тил болгондуктан эл аны суудай билерин, өзү да так сүйлөөрүн даңазалашы керек",- деген оюн билдирди.

БЛИЦ-МАЕК

Бир күндө жылдызга айланган Данияр популярдуулугу тууралуу бизге кыскача айтып берди.

– Данияр, өзүң жөнүндө тааныштыра кетсең. Качантан бери тамашакөй видео тартуу менен алектенип келесиң?
– Мен Бишкекте төрөлгөм. Кыргызстан эл аралык университетин бүтүргөм. Интернетке видеолорумду жүктөй баштаганыма 1 жыл болду. Ал эми Инстаграмга mc_doncha деген ат менен баракча ачып, видео жүктөгөнүмө 1 жума эле болгон.

– Михаил Галустянды кумир тутат экенсиң...
– Ал баракчама катталганда бакыра албай же күлө албай, 15 мүнөттөй нес болуп отуруп калдым. Кичинекей кезимден бери аны баалап келгендиктен аябай сүйүнүп, ага ыраазычылыгымды билдирдим.

– Орусча кыйналып сүйлөгөн айылдык баланын образы бирөөнүн прототиби эмеспи?
– Жок, мен эч кимди туурабайм. Болгону мурун университетке жаңы кадам таштаганда орусча ката сүйлөчүмүн, кийин таза сүйлөп калдым.

– Атактуулук бат эле бүтүп калат деп корккон жоксуңбу?
– Андай болбош үчүн талыкпай иштешим керек. Андыктан өнөрүмдү өркүндөтүүгө аракет кылам.

Тимати кыргыз вайнеринин видеосун өз баракчасына бөлүшкөндө ал 1 миллионго жакын каралып, 10 миңден ашык билдирүү калтырылды.


star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(24)
07.11.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылыктан артта калыпмын го))
07.11.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Слезы тИкли направо,
Слезы тИкли налево,
Слезы тИкли вниз,
Слезы тИкли вверх)))
07.11.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Мындай маскарапозчулук менен атактуу болушдун кереги жок.
eldar. түзөттү 2016-11-07 10:23:00
08.11.2016. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
eldar.,дуйнодогу маскарапоз деп psyды билем,бирок ошонусу менен азыр влиятельный киши,просто болгон окуядан сабак алып кой озуно эртен эмне болушу Белгисиз.
07.11.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кыргызды кемсинтиип,тил билбеген тжиктерге окшотурбай! Бул онорунду токтот! Уят кылба! Кыргызда айтат: Эсин бар барда, Этегинди жый !
07.11.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жаш баланын оюну болуптур го. Шылдын болбой очур эми, мыкты иш кылдым дебей
07.11.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тообо,адамдар мынчалык эле коралбас болот экен,аа?! Бизде жок дегенде моралдык жактан колдоо жок... Россиядагы белгилуу адамдар баалаптыр,эми силердин пустой комменттинер ага не интересно. Даниярга ийгилик каалайм,Пуст говорятка чакырса барып Кыргызстанды тааныт,буткул дуйно корсун Кыргызстанда кандай таланттуулар бар экенин...
07.11.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат!!!! Кыргыз элибизди ушинтип тамашакойлук жагынан таанытып журо бер. Антпесе, башка олкодогулор бизди митингчи, президенттерди кубалаганыбыз мн таанышат ((
07.11.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
love_you,туура айтасын кайсы олкодонсун десе,кыргызстандан десен,аа призидентин кубалап жиберишкендерби дейт((((
07.11.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Erika16,жада калса Президент деген созду туура жаза албайсызбы?
07.11.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Erika16,жада калса Президент деген созду туура жаза албайсызбы?
07.11.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Токтот анан уят кылба деп каттуу тыйып жатасынар го ар кимде ар кандай талант,кээ бироосу аксент менен суйлоп тамаша кылат,башкасы маймыл болот ит болот.мындай образдарды баары эле аткара алышпайт.
07.11.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куло берип жинди болдум эле коруп алып, Эллаи да жуктогон мунун бир видеосун.
07.11.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аракет кылып иштей бер, бар талантты жашырып болобу, эч кимди укпа. Ийгилик.
07.11.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Biz kachan kubantyp oz jaranybyzdyn iygilikterin koldop barktaibyz. Bul degen tamasha video.
08.11.2016. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жуманын ичинде ушунча атактуулукка жетишсе ити чоп жеген экен да.
08.11.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сага
08.11.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунор атактуу боло албайсынар болгонду коро албайсынар, мындан хужелерин дагы чыгарып жатпайбы, молодец Данчик,
Москвага келип калсан айтып кой...)))
08.11.2016. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
урматтуу супер инфо ушу коммент калтырууну жоюп эле таштагылачы бул жерде жалан эле жашоого наразы адамдарго же кыргыз эли ушунчалык эле чукумай калкпы
10.11.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айткылачы Тимати баракчасына бөлүшкөндө 10,000 ден ашуун коммент жазылыптыр, ал комментке эмнелер жазылыптыр? Жакшы сөздөрбү жээ жаман сөздөрбу?

Бул башталышы экен, али бвары алдыда! Азаматсын.
11.11.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун каерден корсок болот?
11.11.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aseras,саламатсызбы! Төмөндөгү шилтеме менен кирип, сиз сураган видеону көрсөӊүз болот: http://www.super.kg/media/uservideo/177871/
11.11.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хахаха просто супер . Лично мне понравилось.
14.11.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу кыла албай
кылганды коро албай журо берет экенбиз ушу адамдар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо