Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусияны дүңгүрөткөн АТАЙ

№385 19-25-март, 2010-ж.

Бий дүйнөсүндө

Орусиянын “Минута славы” телеберүүсүнө Атай аттуу мекендешибиз барып катышып, финалга чыгып, 10 мыкты таланттын тизмесине киргени баарыбызга маалым. Өзүнүн өзгөчө бийлери менен кыргыздын желегин желбиреткен жигитибиз Атай Өмүрзаков менен маек назарыңызда.

“ӨТӨ ТЕНТЕК БОЛЧУМУН”
– Атай, “болор бала богунан” деп коюшат эмеспи, башынан эле бий жандуу болсоң керек?
– Эки жашымдан баштап эле өтө тентек болчумун. Бутум-бутума тийбей боз ала чаң болуп тентектик кылып жүрчүмүн. Апам урушуп койсо үйдөн качып кетчү адатым бар эле. Кээде апам кейип “ушул сен кандай адам болор экенсиң?” деп көп айтчу. Азыр ойлоп апамды беймаза кылып, ойго салганым үчүн өзүмө жиним келип кетет. Мектепке барганда көп нерсеге кызыга баштадым. Ийримдердин баарына катыша берчүмүн. Мисалы, сүрөт тартуу, пластилинден айкелдерди жасоо дегендей. Бир нерсеге кызыксам бат үйрөнүп кетмей талантым бар десем жаңылышпайм. Мисалы, пластилинден ар кандай айкелдерди жасап жүрүп эле 7-класста бул боюнча сынакка катышып калдым. Ошондо Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын арасынан “Мыкты айкелчи” деген наамды жеңип алгам. Бара-бара актёр Жеки Чан катышкан тасмаларды кызыгып көрүп жүрүп спорттун каратэ, таэквандо, айкидо, кикбокс сыяктуу түрлөрүнө катыша баштадым.
Бийди мен кыздарга ылайыктуу нерсе катары карачумун. Бир күнү бир тууган агам Бакыттын бийлеп жатканын көрүп, таң калып карап калыптырмын. Ал мектепте болгон ар кандай сынактарда бийлеп калчу. Агамдын укмуштуудай бийлегенин жактырып, мен да бул өнөргө көз арта баштадым. Бийдин түрүн үйрөнгөн сайын кандайдыр бир жаңы кыймылды издейм. Күзгүдөн карап кыймыл-аракеттерди жасайм, өзүмө таптакыр жакпайт. Анан роботтун образын жасап көрдүм. Негедир кыймылдарым купулума толо түштү. Мына эми таптым дедим. Ошентип, үзүк-үзүк болгон кыймылдардан өзүнчө бир композиция жасап көрдүм. Күндөн күнгө машыга берип ийкемдүүлүгүмдү жөнгө салып алдым.
– Эл алдына талантыңды качан тартуулай баштадың?
– 10-класста окуп жүргөндө биздин мектепте бий боюнча сынак жарыяланган. Ал сынакка катышып, биринчи орунду ээледим. Ошондо алгач жеңиштин даамын татып, чынында эле бий жаатында талантым бар экенин сездим. 11-классты аяктап жатканда Улуттук биринчи канал уюштурган “Баракелде” телесынагына катышып, биринчиликке ээ болгом.

“ДЕМӨӨРЧҮ ИЗДЕП КЫЙНАЛДЫМ”
– Сөз нугун сага албан ийгилик алып келген “Минута славы” долбооруна бурсак. Ага кандайча катышып калдың?
– Алгач бийимдин видеосун жөнөткөм, анан ал жактан катышууга уруксат деген жолдомо келди. Анын үстүнө мен өнөрүмдү чет жерге таанытсам деп көп кыялданчумун. Өзүмдү патриот жигитмин деп айтсам да жаңылышпайм. Кыргыздын атын алыска тааныткан ага-эжелеримдин катарын толуктагым келди. Бирок Москвага барып “Минута славы” долбооруна катышуу үчүн бир топ акча керек эле. Мен өтө деле бай үй-бүлөдөн эмесмин. Кыялымды орундатуу үчүн апамды акча тап деп кыйнагым келген жок. Орусияга барарда көп адамдан жардам сурадым. Бирок эч ким менин талантыма ишенип, жардам бере алышкан жок.
Бир күнү университеттен мугалимим “сени телеге чыгарайын, балким, ошондо демөөрчү табылып калар” деп калды. Чынында эле телеге чыккандан кийин телефон чалып, жардам берем дегендер четинен чыга баштады. Бирок эки күн калганга чейин барар-барбасым арсар болуп турду. Ошентип, мага жетерлик каражат табылары менен, костюмдарымды тиктирип, даярданганга жетишип калдым. Чынын айтсам, ушул жерден кыргыз элимдин таланттарына кайдыгер карабаган берешендигине таазим этип кетер элем. Ошентип, элимдин жардамы менен талантымды чет жерге көрсөтүүгө үлгүрдүм.
– Үй-бүлөң тууралуу кеп салсаң...
– Апам Бактыгүл агам экөөбүздү жалгыз багып чоңойтту. Күн-түн дебей иштеп, бизди эч кимден кем кылбай багып, жалгыз болсо да татыктуу тарбия берүүгө үлгүрүүдө.

“МЕНИ 111 ДЕГЕН САН ЭЭРЧИЙ БЕРЕТ”
– Сахнага чыгарда колдонгон ырым-жырымдарың барбы?
– Ырым-жырымдарды колдонбойм. Бирок сахнага чыгарда кыргыз элимдин руху колдосун деп айтып анан чыгам. Ошондой эле мени дайыма 111 саны коштоп жүргөндөй сезилет. Балким, кээ бирлер муну таң калычтуу нерсе катары кабыл алышы мүмкүн. Бирок кайсы жерге барбайын мен 111 деген сан менен байланышып калам. Мисалы, үйдөн чыгып саатты карасам, 11ден 1 мүнөт өткөн болот. Же байкоосуздан эле карап калган үйдүн номери да 111 болуп калат. Андан сырткары конкурс да 11- айда болуп, саат 11де башталган. Ушундан улам өзүм да таң кала берем. Менде дагы бир ыйык туткан буюмум бар. Ал апам берген карышкырдын тиши. Дайыма чечпей моюнума тагып жүрөм. Анын үстүнө апам “муну жоготпо, менин аманатым” деп айтып туруп берген эле. Москвада да мен сахнага чыккандан кийин сахна өрттөнүп кетип жатпайбы. Ошондо калыстар “сени кандайдыр бир күч колдоп турат окшойт.Чынында, сен аткарган бий оттой ысык, жалындуу болду, ошол үчүн сахна өрттөнүп кетти” деп айтышкан.
– Орусиядагы сынакта атаандаш­тарыңдын арасында өзүңдү кандай алып жүрдүң?
– Башында 5 күн машыгууга барып жүргөндө эч ким деле көңүл бурган жок. Качан гана финалга чыкканда гана кызыгуу пайда боло баштады окшойт. Өздөрү келип сөз баштап, Кыргызстан тууралуу айтып беришимди сурап жатышты. Көпчүлүгү менен достошуп алдым. Баарынан да бир топ кыздар мени менен таанышып, достук мамиле куруу максатында да жолугушуу издешип жатышты. Чынын айтсам, мен кыргыздын гана көздөрү карагаттай, кара тору кызына үйлөнгүм келет.
– Сахнага кийген кийимдериңдин идеясы кимге таандык?
– Башында айтып кеткендей, сүрөт тартканга жана скульптордук да талантым бар. Ошондон уламбы костюмдарымдын дизайнын өзүм жаратам. Финалга кийип чыккан роботтун костюмун аз убакыттын ичинде эле моделин түзүп тиктирдим.
– “Башкысы жеңиш эмес, катышуу” деген сөзгө кошуласыңбы?
– Бир чети кошулам. Бирок мен жеңишке жеткенде гана өзүмө ыраазы болом. Бөлөк эл, бөтөн жерден эл астына чыгып жатканда элимди уят кылбасам экен деп ойлойт экенсиң. Буюрса, финалда мыкты 10 номердин катарына илиндим. Бул мен үчүн чоң эле ийгилик.
– Желегибизди дагы бийик желбирете бер.

АТАЙ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

  • Туулган жылы – 1990-жыл 5-октябрь.
  • Кичи мекени – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары.
  • Учурда – КРнын президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын 2-курсунун студенти. Келечектеги маркетолог.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
19.03.2010. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Атай сен женишке татыктуу эле болдун бирок орусстар бизге бермек беле, Биздин жогору жактагы адамдар ушундай адамдарга конулун которуп ушундай ийгилике жетишип келгенден кийин, акчалай белек берип койсо болмок. Бирок алардын башы андайда иштебей калат эмеспи.
19.03.2010. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайга окшогон таланттарды ар дайым колдоп журолучу кыргыз журту!!!
19.03.2010. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Атай!!! Атай Сахнага чыгып жатканда чынында ичин жылып, Суйунгонундон ыйлагын да келет экен. Кыргыздын атын чыгарып, желегин желбиретип журо бер демекчимин.
19.03.2010. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Атай!!Биз да коруп аябай кубандык.Ар дайым биздин элди кубантып эле журо бер!!ийгилик!!!
19.03.2010. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Атай!!! Сендей патриоттор арабызда кобойо берсин!!!
19.03.2010. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Атай! Сенин выступлениенди камерага тартып алганбыз... корбой калгандарга мактанып коргозуп атабыз. Уй булообуз менен сага болеть этип отурдук. Азамат! Алга!
20.03.2010. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койчу Атай, олгон карышкырдын тишин эмнесин жакшы кордун? Апанды урматтаганын жакшы албетте, бирок тиш как тиш. Бир эле Кудайды ыйык тутуп, Кудайдан коркуш керек. Сендеги шыкты да Ал берген. Кыргызды да Ал жараткан. Ошондуктан, кимге табынуу керек экенинен адашпа. БУл эъ башкысы да. Кыргызды таанытсам деген тилегин учун рахмат. Орконун оссун!
20.03.2010. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn Atai...Talanttyn oso bersin..
20.03.2010. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааматсын Атай! мен теледен коруп абдан кубандым
20.03.2010. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
21.03.2010. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talantyn orkundop oso bersin!Karakol seni menen siymyktanat!
21.03.2010. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат Атай бар бол сени менен сыймыктанабыз
25.03.2010. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men inetten dostorumdun birosunon kat aldym ele, Atayga "Minuta slawy" ga katyshkan, dobush ber dep, kop konul burgan emesmin.Menin dobushumsus ele 10 orunga shetkenine kubanychtamyn. Kuttuktaym. You Tub tan videondu tapsak bolobu?
26.03.2010. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уаау.Азамат Атайчик!Биз сени коруп аябай суйундук,Кыргыздын таланттуу балдары бар экенин далилдедин!Талантын Нарындын тоолорунан да,бийик болсун!
27.03.2010. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyn atay. azyrky zamanda ozun gana araket kylbasan saga jardam beruuchu demoorchulor oto az. oshondoy bolso da sen al jaka baryp oz onorundu korsotkonun maktoogo tatyktuu...
28.03.2010. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен коруп костюмунду ким тикти экен деп ойлогом оригиналдуу тигилиптир
07.04.2010. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsin. sen bizdin siymigibiz boldun...tak derjat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо