Эрмек Нурбаев, «Заманыбыздын супер алпаруучусу»: «АТА-ЭНЕМДИН КАРЫЛЫГЫ КӨЗ АЛДЫМДА ӨТСӨ ДЕЙМ»

№732 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж

Эрмек Нурбаев деген ысым 10 жылдан бери кулакка сиңип, айрымдар ага «Тамашоунун» атасы» деген лакап ат коюп алышкан. Кыргызча күлкү тартуулап, элди мыкты маанай менен камсыздаган бул жигит бүгүн биз менен жашоодогу принциптери, туура максат коё билүү ыкмалары менен бөлүшөт.

ЧОГУУ ИШ ЖАСООДО.
– Адамдар менен мамиле түзүп жатканда «менден кетпесин» деген принципти көп колдоном. Мейли чыгармачылыкта же катардагы жумушту бүтүрүүдө дайыма сылык, маданияттуу түшүндүргөнгө аракет кылам. Ашыкча эмоция адамды туура эмес жолго салып коюшу мүмкүн. Өзүмдүн тажрыйбама таянып айтсам, мен биринчи мамиле түзүүдө жээктен сүйлөшүп алам, анткени кеме көлдүн ортосуна барганда чөгүп кетиши мүмкүн.

МАКСАТТЫ ТУУРА КОЁ БИЛҮҮ. – Кыргызча КВН ачуу өзүнчө жаңычылдык эле. Мен «Тамашоу» долбоорун ачам дегенде ишенбегендер көп болгон. Бирок «Тамашоунун» тил редактору Арслан байке (ред. Ибрагимов) экөөбүз акыл-эсти жыйып, оюбузду чогултуп долбоорду баштадык. Баары оюбуздагыдай кетти. Көрсө, максатты туура коё билип эмгектенсең оюңдагыдай жыйынтыкка ээ болот экенсиң.

АТА-ЭНЕ. – 2008-жылы АКШга кетсемби, кетпесемби деген тандоонун алдында турганда биринчи ата-энемди ойлогом. Мен үчүн 4-5 жыл аларды көрбөй АКШда жашоо кыйын болмок. Кудайга шүгүр, бул сыноону башымдан өткөргөн жокмун. Ата-энем менен баарлашууга такыр тойбойм. Алар менен өткөргөн ар бир мүнөтүм баалуу, барктуу. Аларга менин коомдогу ордум, жараткан ийгиликтеримден мурун амандыгым маанилүү. Ата-энемдин бактылуу карылыгы менин көз алдымда өтсө дейм.

БАЛДАРГА ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ. – Улуу эки балам «Тамашоуну» көрүп кайсы номердин артынан кандай интермедия болорун билишет. Атайын оюндарды туурап мага көрсөтүп калышат. Кээде мен өткөрүп жиберген оюндарда аталап чакырып мага көрсөтүшөт. Эркек баланы катуу кармаш керек деп коюшат, бирок менин балдарым андай тарбия берүүгө кичинелик кылат.

САЯСАТТА. – Эгер бул чөйрөгө келип калсам, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн саясатчы болом. Көбү "саясатка келгенден кийин бузуласың" деп айтышат. Андай болсо кайра эле кетем го дейм. Элдин байлыгына кол салгым келбейт. Ошон үчүн саясатка келгенче туруктуу чакан бизнес ачып алуу максатым бар. Ким билет, саясатчынын айлыгына үй-бүлө бага аласыңбы-жокпу.

ИШЕНИМ. – Ишенимге кирүү, аны актоо татаал нерсе. Мен башка чөйрөдө ордумду таап калсам, «Тамашоу» экөөнү чогуу алып кетем деп ойлойм. Анткени «Тамашоуну» азыр эч кимге ишенип тапшырып бере албайм, андай адам жок. Бардыр, бирок мен байкай элекмин.

БАРЧЫЛЫКТЫ, ЖОКЧУЛУКТУ КӨРГӨН ЖАКШЫ. – Мен барчылыкты да, жокчулукту да көргөн орто үй-бүлөдө өстүм. Бир жолу "Супер-Инфонун" кеңсесине келип машинамды токтотуп жатсам, жаныма 10 жаштардагы бала келип «байке гезит аласызбыдеп калды. Ошол баладан мен өзүмдүн кичинекей кезимди көрдүм. Эсимде, 6 жашымда апам, байкем болуп жайында базарда гезит сатып иштешчү. «Мен да иштейм» десем, апам «уят, байкеңдин иштеп жатканы жетишет» деп болбой койгон. Атама даттанып, ыйлап жатып базарга гезит сатканы чыккам. Ошондо байкем менен апама караганда мен көбүрөөк гезит сатчумун. Ойлосом, ошондо элдер мени аяганы үчүн гезитимди сатып алышчу экен да. Жаныма келип гезит саткан балага «сен азаматсың, тапкан акчаңды компьютер ойноп, майда-чүйдө албай, ата-энеңе алып барып бер» деп мактап койгом. Ал бала сүйүнгөн бойдон кетти.

"Кара-Балтага ата-энеме тез-тезден барып турабыз".


Лунара Бекиева
Алишер Алиев
star@super.kg


Эрмек Нурбаев: "Саясатка баруу планымда бар"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(40)
Медиа-портал
12.11.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
чынында Эрмек озу кылган иши жагынан мыкты, бирок соз жагынан ото чоркок аратырства жок алпаруучулук жактан баа бериш ото оор.
Медиа-портал
14.11.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
ermek19,анан сенин "аратырство" дегенин туурабы эми
Медиа-портал
16.11.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuke9292,:-)))
SUPER.KG видео
12.11.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз бар болунуз
SUPER.KG видео
12.11.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
admin super.kg кубогу качан чыгат
SUPER.KG видео
12.11.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз Эрмек мырза! Ото сыйлайм!
SUPER.KG видео
12.11.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясатта ушул эле жетишпей атты эле..
SUPER.KG видео
12.11.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Дикуся дикуся деп журчу эле мурда. Азыр чопа чопа деп калыптырго)))
SUPER.KG видео
13.11.2016. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы
SUPER.KG видео
13.11.2016. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Улгулуу адам деп эсептейм. Тамашоу мурункудай кучтуу болбой калганы окундурот. Тамашанын баркы кетип калган. Бирок Эрмек азамат! Канчалаган талантттар чыгып жатышат!Бакыт каалайм
SUPER.KG видео
13.11.2016. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маек бериптир азаматсыз Эрмек
Медиа-портал
13.11.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azamat!
SUPER.KG видео
13.11.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат саясатка барып Тилли онуктур мен сага ишенем
14.11.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тамашоунун ар бир корсотуусундо катышып экинчи катарда отурган адам Эрмектин атасы экен да.
Медиа-портал
14.11.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саясатка бара турган мезгили келип калды.Барса жарашат,журбойбу ичип-жеп,элдин добушун сатып алып,Жогорку Кенеште отуруп ар бир добушун, кнопка басканын 100мин доллардан ойдо сатып отурган пайдасыздар.Аларга караганда Эрмек жогору турат!
14.11.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ушул келсе эле саясат онолуп кетмек беле
14.11.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец Эрмек байке сиз мыктысыз,биздин олкодо сиздей адамдар бар экени сыймыктандырат жана келечегибизге болгон ишеним дагы кобойот,ата-энениз,уй булонуз менен аман болунуз,эгер окуп жатсаныз бул жактагы сындарга конул бурбаныз баардык жерде ак мн кара бирдей журот эмеспи.Маек сонун болгон дагы бир ирет сыймыктандым сиз менен.Ишинизге ийгилик анан Nurbaev's Life проектиниз эмнеге токтоп калды улантсаныз жакшы болмок,алыста журуп Кыргызстанга барып келгендей болуп калдым эле
14.11.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат Эрмек! Үлгү ала турган жигит
14.11.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң жакшы
14.11.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыркы тамашоудогу балдарга маданияттуулукту Эрмек уйроткондой сезиле берет. Болбосо журушмок копчулугу кочо кишиси болуп. Кечиргиле орой тийсе, бул чындык. Тамашоучулардын интервьюларынан эле мурунку жашоолорун баамдасан болот
14.11.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат,берген маеги даана жана так,жеткиликтуу экен.Ашыкча деле созу жок.
14.11.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эрмектин. Саясатты алып кетуусуно козум жетет толковый бала
14.11.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен лично Эрмек Нурбаевди сыйлайм. Жаш болсо да канча баланын бактын ачты. И еще Nurbaev lifeтан жаны видио кутом.
14.11.2016. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даа...Мен да абдан сыйлап урматтаган инсан, лично тааныбасам да
14.11.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эрмек Нурбаевке жашоо жыргал бир жерде туруп акча табат оной жана женил иши
15.11.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыкты адам иштерине ийгилик. Жаштарды туура жолго багыттоочулардын бири жана патриот.
16.11.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз
16.11.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тамашоудо кыргыз тилин алга сурогону албетте жакшы, ага кошумча МАДАНИЯТТЫ да балдарга девиз катары кошсонуз-сураныч
16.11.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жикусянын лагманы деп бир интервью чыкты эле да
SUPER.KG видео
17.11.2016. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар пенденин баласы сендей болсун,"ат сыйлаган жоо калбайт",дегендей ата энени урматтап кадырын билип барктасан, ошол эле сыйды оз балдарындан коросун. Баардык кылган жакшылыгы да, жамандыгы да ар кимдин озу учун кайра эле айланып келчу кайтар дуйно. Ишине ийгилик эки дуйно бактылуулугун каалайм!
17.11.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
arzuu, сиз ким интервью берсе эле жамандап эле жатып калат экенсиз., мындан башка жумушунуз жокпу кыла турган?! Эрмекти сындап жамандап отурган бекерпоздорго айтарым, биринчи анын денгээлине жетип, ал жасаган иштердин торттон бир болугун эле жасасанар бул жерде отуруп сындаганга убактынар калмак эмес...
Эрмек азаматсын!!! Иштерине ийгилик!!
SUPER.KG видео
18.11.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга эрмек байке ишинизге ийгилик!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо