Кылмышка шектүү: «АТА-ЭНЕМДИН ӨЧҮН АЛУУ ҮЧҮН БЫЧАКТАДЫМ»

№732 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж

Өткөн айда Ош шаарында «коңшусун бычактаган» деп шектелген жаран кармалды. Кылмышка шектүү бул кадамга жол кырсыгынан улам көз жумган ата-энеси үчүн өч алуу максатында баргандыгын айтууда.

5 ИРЕТ БЫЧАК САЙЫЛГАН

Ушул жылдын 13-октябрында саат 16:00 чамасында милиция кызматкерлерине Ош шаарындагы Урицкий көчөсүндөгү «Береке» дүкөнүнүн жанында турган жаранды мас абалындагы белгисиз жаран келип бычактап салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучу «Тез жардам» кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, ага өз убагында жардам көрсөтүлүп, бактыга жараша аман калган. Жабырлануучу 1965-жылы Өзгөн районунда туулган Талантбек Азимбаев экендиги аныкталган. Анын ичине 3, далысына 2 жолу бычак сайылган. Ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну, 1990-жылы Өзгөн районунда туулган Урмат Шералиев аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

«АНЫН АЙЫНАН АТА-ЭНЕМДЕН АЖЫРАГАМ»

Кылмышка шектүү Урмат Шералиев тергөө учурунда мындай кадамга эмне себептен баргандыгын төмөнкүдөй түшүндүргөн:
– Мурда соттолгон эмесмин. Бойдокмун. Такай иштеген жумушум жок, күнүмдүк кара жумуштарда иштеп жанымды багып жүргөм. Үй-бүлөдө жалгыз уулмун. Ата-энем 2015-жылдын 20-декабрь күнү мен бычактаган кошунам Талантбектин Тико үлгүсүндөгү унаасында кетип баратышып Куршабдан жол кырсыгына кабылып каза табышкан. Талантбек жолдо унаасын айдап баратып КамАЗдан ашып өтөм деп каршы тилкеге чыгып, маңдайынан чыккан башка КамАЗ менен сүзүшкөн. Бирок Талантбек унаасынан секирип түшүп аман калган. Анын айынан ата-энемдин экөөнөн тең ажырап, 1 үйдөн 2 өлүк чыгардым. Бирок Талантбек татыктуу жаза алган жок. Ошол себептен мен ага өчөшүп калгам. Ата-энем өлгөндөн кийин өзүмдү таштап, ичкиликке берилип кеттим. Окуя болгондо да мас болчумун. Көчөдөн ата-энемдин өлүмүнө күнөөлүү Талантбек менен уруша кетип, ошондо өч алуу максатында, бир чети масчылык менен аны бычактап салдым.

«МУРДА ДА БЫЧАК КӨТӨРҮП КЕЛЕ БЕРЧҮ»

Ал эми жабырлануучу Талантбек Азимбаев окуя тууралуу тергөө учурунда буларды билдирген:
– Өзүмдүн 2 балам бар. Таксистмин, өз унаам менен эл ташып үй-бүлөмдү багам. Мени бычактаган Урмат менен бир жатаканада кошуна турабыз. Былтыр Урматтын ата-энеси «тойго алып барып кел» деп суранышканынан аларды Кара-Кулжага алып баратып жол кырсыгына кабылгам. Унаада үчөөбүз элек. Урматтын ата-энеси ал кырсыктын кесепетинен каза болуп калышкан. Ал окуя боюнча мен сот тарабынан өз жазамды алгам. Ошондон кийин Урмат ичип алса эле колуна бычак көтөрүп «ата-энемдин өлүмүнө сен күнөөлүүсүң! Сени минтем, тигинтем» деп коркутуп биздин үйгө келе берчү.

«ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН АЯЛЫН ДА САБАГАН»

Окуянын күбөсү да суракка алынып, көргөнүн айтып берген:
– Ошол күнү Талантбек байке көчөдө турса Урмат чуркап келип «сен менин ата-энемди өлтүргөнсүң» деп кыйкырып, аны бычактап баштады. Талантбек байкенин аялы экөөнү ажыратмакчы болду эле, Урмат аны да ур-тепкиге алып баштаганда Талантбек байке качып кетүүгө аракет кылды, бирок Урмат артынан кууп жетип аны дагы бычактады. Анан ошол тегеректе жүргөн эркек кишилер келип экөөнү ажыратышып, Урматтын колунан бычакты алып, милиция кызматкерлерин, «Тез жардам» кызматын чакырышты.

«ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН АБАЛЫ ЖАКШЫ»

Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыковго байланышып, окуя тууралуу уктук:
– Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү жабырлануучудан ата-энесинин өлүмү үчүн өч алуу максатында ушул кадамга барганын билдирүүдө. 2015-жылы кылмышка шектүүнүн ата-энеси жабырлануучунун унаасында кетип баратышканда жол кырсыгына кабылышып, көз жумган экен. Ал боюнча өз убагында тергөө жүрүп, жыйынтыгында айдоочусу сот тарабынан 3 жылга жатак абакка кесилиптир. Азыркы тапта жабырлануучунун абалы жакшы.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(44)
14.11.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Байкуш ата-энесинен ажырап отурса,дагы аз келгенсип айдоочу эркиндикте журсо албетте ичи ачышат да,уйлоно элек бала болсо эми соттолуп биротоло жаман жолго тушуп кетпесе экен,айдоочуну коё берипсинер,бул баланы дагы коё бергиле,бычак жеген адам олбоптур.
14.11.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Аялын урса качып улгуруптур)))) кудай ай куйоого жарыган экен байкуш. Баланы эмес таксистти камаш керек. Тиешелуу жаза алдым дейт тиешелуу акчасын бергем десен
14.11.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аа ии айдоочунун келесоолугунан (чон машиненин артынан туура эмес обгон кылган болсо) эки адам коз жумса кантип камлаган эмес айдоочу. "Былтыр Урматтын ата-энеси «тойго алып барып кел» деп суранышканынан аларды Кара-Кулжага алып баратып жол кырсыгына кабылгам. Унаада үчөөбүз элек. Урматтын ата-энеси ал кырсыктын кесепетинен каза болуп калышкан. Ал окуя боюнча мен сот тарабынан өз жазамды алгам" деп жатпайбы. Ал кандай жаза бир жылга жетпеген. Байкуш жигит куйгонунон оч алам дептир да
14.11.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ата-эненин арбагы эми ал жакта да уулу учун кыйналат. Андан коро куран окуп,кудайы кылып ,сабыр кылбаптыр.Жаштык кылыптыр жигит. Атасын да энесин да бир жоготконго катуу сокку болуптур да. Боорум ооруп жатат.Атасы да энеси да жок болсо балдар абдан кыйналышат.Кудайым ар бир баланы ата-энеси менен бирге кылсын. Урматтын жазасы женил болсун.Талантбек Урматты кечирип,элдешкендин,жардам бергендин жолун ойлонсо сооп болмок.Жаш жигитке чынында кыйын.
14.11.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Камабагыла,али жаш экен.
14.11.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тобо кылдым айдоочу аман калып бир мезгилде атасынанда апасынанда ажырап жатса аргасыз ошентетда.
14.11.2016. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ата энесине бир Кун-До ажырап калган балага куйуту жаман мен бул жигити туура тушунун жатам,тиги жабырланучуну уй камагына чыгарганы тушунуксуз эч болбосо 2жыл бериш керек болчу адилетуу сот чечимин чыгаркан эмес.
14.11.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир эмес эки кишинин өлүмүнө себепкер болуп туруп не жаза алды экен? Интересно
14.11.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул баланы мен тааныйм. Аябай жакшы бала болчу. Айдоочу ачыкта журсо. Ал бала Ата-Энесинин олугун чыгарып, жылдык откозду. Кимдин ачуусу келбейт. Чындык жок да озу. Камалды дейт дагы, ачыкта журушпойбу
14.11.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде мамлекет криминалдащып кеткен кыйла еле еч бир соот адилеттуу чечпейт. Жок дегенде бещ жыл бериш керек еле строго. Бала байкушка боорум ооруду. Екоонон бирдей ажырап. Куйуту куйуп журот та.
14.11.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
былтыр авария болгон деп жатпайбы жабырлануучу анан 3 жылға кесилген деп жатпайбы .3жыл оттубу 1жыл болсо окуяга?анан келеберчу дейт ичкенде бычак которуп дейт тушунуксуз
14.11.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бала Аман болсо чыгып келет эртедир кечтир,анан эненди уч коргондон таанытат,встречный жазып баланы чыгар да башка Жака кочуп кет.
14.11.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Корупцияланган сотторго наалат.
14.11.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ата энесинен эч кимди ажыратпасын кудай бирок бала акылга сыйбаган иш кылыптырда ата энем тынч жатсын деп кураан окуп койсо болмок.
15.11.2016. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
leilek_suluktu, Куран окутту, башкасын кылды. Жылдыгы откондон кийин, ачуусу сыртка чыгыптыр да. Берки ачыкта журсун эми ушул баланы камагыла. Жердеш баламын акча берип чыга турган акыбалы жок болуш керек, беркиге окшоп
15.11.2016. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Канга кан, жанга жан деген мамиле кайра келе баштаптыр да. Бул да болсо соттордун адилеттуу эместигинин кесепети. Адилет чечим чыгарганда балким баланын кокшуну сууп калат беле.
15.11.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул балага да тушунуш керек Ата Энеси гордо бала турмодо соттун адилеттуулук чечимин кутобуз
15.11.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кудайым сабыр берсин)))) балага боорум ооруду.. камабагыла !
15.11.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
2015-жылы 3 жылга жатак абакка кесилсе 1 жыл отпой тайрактап эркин жургонуно жол болсун, дагы эле эл ташып.
15.11.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошончо баргандан кийин ХХХ ХХХ ХХХХ, ал олсо женилдеп калмак элен, баары бир камашат эми.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-16 09:18:55
16.11.2016. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danik0101, провокациялык билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуӊуз.
15.11.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бала куйутуно чыдабай ушул ишке барыптыр тим боле жалгыз болсо таянаар тоосу атаэнеси болсо 2нон тен айрылса,караса айыптуу адам ээн эркин журсо 2адамдын олумуно себепчи бп,албетте куйотта,камабагыла камаганга акынар Жок тиги бычак жегенге аз бн мынданда беттер коргулукту коро турган экен негизи.Балага айтаарым эгер окусан башынды бийик котор ичкилике берилбе Кудай сагада жакшы кундорду жазып к ойгондур,белинди бекем буу жамандык иштин артында 2жакшылык бар,сабыр кыл.
15.11.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажал келсе айга барсан да олосун. Келбесе кунго кирсен да олбойсун.
Аллах ата энесине ажал буйруган болсо, айдоочуда не куно? Же не, ажал эмес, кудайдын кылганы эмес, айдоочунун кылганы дечулор барбы?
16.11.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аварияда аман калса,бычак жеп аман калса кудай деп журушун керек экен.
16.11.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озу бул кишинин жаны темирденгоо аа эки кырсыктан тен аман калса. Эми соттор адилеттуу карап баланы бошотушса экен.
16.11.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйман берсин
17.11.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай,ай куйуту кучтуу экен.Бирок бала жазасын алыш керек,аз болсо да.Ар бир адам кылган ишибизге жооп беришибиз керек.Тигил жабырлануучу да эмнеге боштондукта журот ?Аны да кайрадан жазалап,машина айдоого тыйуу салып (лешение )кылыш керек.Бирок бардыгыбыз Аллахтын колундабыз .Олум ожор омур жолун аралайт ,олум таш боор кары ,жашка карабайт дегендей.Аллах баарыбызга ыйман ,сабыр бер .
17.11.2016. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин ойумча таксист куноолуу дуйнодо эн кымбат ата эне да жаш бала ызаланат да ушул маалга чейин жазасын албай журсо бизде биринчи орунда акча ойнойт адилеттуулук эбак унутта калган. Бирок бычактаганы жаман болуптур сабырды сактап журсо аллах жазалайт эле таксистти
17.11.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туптуура кылыптыр мен колдойм
18.11.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул жерде кырсык болуптур, айдоочунун кесепетинен,ошон учун айдоочуулар обгон кылбай абайлап айдагыла! Адамдын омуру силердин колунарда, особенно таксиситер! Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей, ойлонгула!
18.11.2016. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ай байкуш балага боорум ооруп ыйлап жатамын.Бул жерде таксист куноолуу.Таксис болуп баргандан кийин жоопкерчилик болуш керек да.Ата энесин олтуруп койгону аз келгенсип эми арызданып каматкысы келип олтурат.Керек болсо ошол балага жардам берип уйлоп жайлап ата энесинин ордуна кылып бериш керек.
19.11.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар жатак абагы деген бул камалат деген эмес ал адам уйундо эле жашайт просто эч жака чыкпайт жана ай сайын учетко барып турат ошол эле
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо