СТУДЕНТТИК КҮНДӨРГӨ САЯКАТ

№732 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж

17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнү. Учурда студенттер майрамга карата укмуштуудай пландарды түзүп, акча чогултуп даярданып жаткан чагы. Өмүрдүн эң таттуу күндөрү деп айтылган ушул мезгилди ар бир муун ар кандай өткөрөрү бышык. Анда бул күндөрдү ким кандай өткөргөн, студент баянга көңүл буруңуз.

Алина Жетигенова: "КЫЗДАР ТАМАК КАЛБАГАНДА МЕНИ СЫРТКА ЧЫГАРЫП КОЮШЧУ"


– 1982-жылы филармониянын алдындагы студияга тапшырып, көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасында жашап калдым. Бөлмөдөгүлөр кезектешип айылга барып тамак-аш алып келчүбүз. Жатаканада муздаткыч жок да, алып келген эттерибизди марлиге ороп, бөлмөнүн сыртына терезеден мык кагып, илип койчу элек.
Бир жолу терезенин айнеги тырс-тырс дегенинен бизге жигиттер келген экен деп көчөнү карасак эч ким көрүнбөйт. 1-2 сааттан кийин үстүнкү кабаттагы балдар конокко чакырышты. Эт салышыптыр, тоё жеп, балдарга ыраазы болуп бөлмөбүзгө келдик. Көрсө, баягы терезе тырсылдаганда бизди конок кылгандар илинип турган үндүгүбүздүн этин алып жатышкан экен. Ошентип өзүбүздүн этке өзүбүздү коноктошуптур. Билгенден кийин аябай ыза болуп, өч ала албай жүрдүк.
Мен ким эмне сурап келбесин жок дей албай акыркы наныбызга чейин берип салчумун. Эч нерсебиз жок ачка калганда "биздин тамакты сен таратып саласың, бар эми таап кел" деп кыздар мени сыртка чыгарып коюшчу. Ар кайсы бөлмөнү тыкылдатып нан, туз, чай сурап келет элем.

Азамат Сарыбаев: "СТУДЕНТТЕР КҮНҮН 1 АЙ МУРУН МАЙРАМДАГАНБЫЗ"



– 1996-жылы филармониянын алдындагы 2 жылдык студиянын студенти болдум. 1-курста тайпадагылардын баары 17-октябрда 20 сомдон чогултуп нан, суусундук, салат сатып алып, азыркы КМКТАУнун жатаканасында жашаган бир баланын бөлмөсүндө майрамдадык. Кыздар бирөөнүн үйүнө чогулуп манты түйүп алып келишти. Кийин гана билип жатпайбызбы студенттер күнү 17-ноябрь экенин.
Студияны аяктаган соң Кыргыз улуттук консерваториясында окудум. Ачка, тамак-аш, жол кире жок калган күндөр баштан көп өттү. Бир жолу картошка кууруйлу десек кичине май, 2 даана картошка калыптыр. Анан свет да өчүп калды. Бирок коңшулардыкы бар экен. "Картошка кууруп алалычы" деп сурансак макул болушту. Алар да тамак жасаганы жатышкан окшойт, картошка, сабиз, пияз аарчып коюшуптур. Алардын картошкасын өзүбүздүкүнө кошо баштадым, ары жакта сызык туруптур аны да коштум. Ошол тамагыбыз укмуш даамдуу болгон эле.

Нурмат Садыров: "АЧКАЛЫКТАН КУЛАП КАЛГАМ"



– 2004-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшыргам. 1-курстан тартып эле кафеде музыкант болуп иштеп, күнүнө 500 сом тапчумун. Анын 300 сому аппаратуранын ижара акысына, 100 сому кечинде таксиге кетип, өзүмө күнүнө 100 сом калчу. Бир жолу ачкалыктан маршруттук таксиден кулап калганым эсимде. Бирок ага өзүм күнөөлүүмүн. Ал күнү жумушка барбай кечинде эрте жатып алгам. Эртең менен тамак ичпей окууга шашып кетип, түштө да тамактанбай калдым. Анан бир баланын туулган күнү болуп шарап ичтик. Ошентип алып үйгө бара жатканда маршруттук таксиден кулап калыптырмын. Бир убакта эсиме келсем эң алдына отургузуп коюшуптур. Ошондон кийин ачкарын ичимдик ичкенден коркуп калгам.

Айымжан: "БИЗДЕ МУГАЛИМДИ СТУДЕНТ ӨЗҮ ТАНДАЙТ"



– Учурда Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин 1-курсунда окуп жатам. Бизде сабактарды, сабакка келчү учурду, мугалимди студент өзү тандайт. Мен аптасына 3 күн – дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү окуйм. Калган 2 күнү чыгармачылык менен алектенем. Биз окууга ар кандай убакта келгендиктен тайпалаштарымды тааныбайм. Сабак учурунда суусундук ичкенге уруксат, ал эми тамак-ашты тыныгуу учурунда жейбиз. Окууда жүргөндө тамагыма 200-300 сом коротом. Ата-энемден акча сурабайм. Ырдап тапканым өзүмдүн капчыгыма түшөт.

Cүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
14.11.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Айыманыкы жыргал экен ай
14.11.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Учкун кыял татынакай сезимдер,
кандай соонун студенттик мезгилдер.
Омурумдун эн бир кызык кездери
Отуп кетти акырындап билинбей
Эх менин студенттик кундорум(((
14.11.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
мага ашып кетсе эки кундо 50 сом кетет
14.11.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kanzada97,аябай экономичныйсын го,:-)мен обедде бир кунго 80 же 100сом коротом
14.11.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ОшМуда деле озубуз тандайбыз мугалимдердии
14.11.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Стунденттик кундорун эн эн сонун отсун Айым кыз, бир ширин кыз да жакшы коромго ушул кызды :)
15.11.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оромо жегиле эконом болот
15.11.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Студентик кундор сонунда. Студентер жакынкы 17 ноябр студент майраиынар менен. Жакшы окуугула!!!!!
16.11.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Сарыбаев майрамды соонун откоргон экен. Студенттер маданияттуу кедейлер,студенттик кундор эске тушту
16.11.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
медте окугандарга кыйын эле байкуштар. больницадан больницага жылып окуйт маршруткада тыгылыыыып дегендей...
кунуно эконом калган даминимум 100 150сом кетет го
16.11.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айыма студенттик доорду сүрө албай жатыпсың
17.11.2016. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардык студенттерди бугунку майрамдары менен куттуктайм!
19.11.2016. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх кандай сонун студенттик кундор бирде ачка бирде ток. Айрыкча очный анан общежитиеде жашаган студенттер жакшы билет студентик жашоону.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо