Гүлнара Кахарова: "АПАМДЫН АКЫРКЫ СУРАНЫЧЫН АТКАРА АЛБАЙ КАЛГАНЫМА ӨКҮНӨМ"

№732 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж

Маегибиз башталып жаңыдан кызуусуна киргенде каарманым "сен мени ыйлаттың" деди үнү каргылданып. Гүлнара айым көзүнүн жашын буурчак-буурчак кылып төгүп, дүйнөдөгү эң ыйык, эң асыл, ордун эч нерсе жана эч ким толтура алгыс апасы тууралуу эскерип отурду.

"ӨЗҮМДҮ АПАМА ОКШОШТУРАМ"

– Апам Рабы Дыйканбаева 49 жашында, биздин сыйыбызды көрөр мезгилде өтүп кетти. Апам үйүбүздүн куту, жашоомдун түркүгү, тарбиямдын башаты эле. Ал барда айылдын ити да көзүмө жакшы көрүнчү. Жети баланын энеси болуп, жашым 50гө таяп калса да апама жаш баладай эркелеп, жытын жыттап, сөзүн угуп күч-кубат алгым келет. Апамдын "бир күндүк түйшүгүн көтөрүп, ак сүтүн актай алдымбы" деген ой кылт эткенде кабыргам кайыша түшөт.
Турмушка каныгып, ак-караны ылгап, өз балаңды тарбиялай баштаганда эненин баркын, баасын билет экенсиң. Колумдан келген жакшылыгымды көрсөтүп, тапкан дүнүйөмдү апамдын алдына чачкым келет. Бирок азыр кеч. Апамдын о дүйнө салганына 20 жылдын жүзү болду.
Кыз бала негизи апасына окшош болот экен. Кээде өзүмдү сырттан карап кыймыл-аракетимди, тамак жасаганымды апама окшоштурам. Ал 13тү төрөгөн аял, азыр 10убуз барбыз. Бир туугандарым "баатыр эне болуу жагынан да, берешендик жагынан да апамды сен тарткансың" деп калышат.

"БОШ УБАКТЫСЫ БОЛДУ ДЕГИЧЕ КИТЕП ОКУЧУ"

– Таенем менен чоң энем бир айылдан. Эки кемпир өз ара сүйлөшүп, апам менен атамды үйлөндүрүп коюшуптур. Апам кой оозунан чөп албаган жоош, өтө эмгекчил адам эле. Башка аялдардай болуп көчөдө бирөө менен ушакташып турганын бир да жолу көргөн жокмун. Бош убактысы болсо жанталашып китеп окучу. Күндүз кечке талаада жумушта болот. Кечинде келип үй жумуштарын жасайт да, биздин курсагыбызды тойгузат. Анан түнү менен китеп окуйт. Апамдын жомоктору "бир кара арык кыз болуптур, анан ал өтө ыйлаак экен" деп башталчу. Азыр ойлосом апам бизди эле жомок кылып өзүбүзгө айтып берчү экен. Аны биз кайдан билебиз, берилип көздөрүбүздү алайтып угуп отурчубуз.

"АЙЫЛДАГЫ АЯЛДАРДЫН ИЧИНЕН ЖАЛГЫЗ КОМБАЙНЧЫ БОЛГОН"

– Апам турмушка чыккандан кийин комбайн айдаганды атамдан үйрөнүп алыптыр. Ал кезде жаңы төрөгөн келиндер азыркыдай тыңып алайын деп эс алып жатышчу эмес. Апам да жаңы төрөгөн баласын бешикке бөлөп көтөрүп алып, таң эрте жумушка кетчү. Жумуштан балдардын баарын бирөө карап, калгандары талаада иштешчү. Апам айылдагы аялдардын ичинен жалгыз комбайнчы болгон. Атам экөөнүн планды ашыгы менен аткаргандыгы үчүн алган ордендери үйдө азыр да сакталуу.
Мени апам өтө ыйлаак, үнүң да ачуу болчу деп көп айтчу. Кээде жумуштан нан жапканы чуркап келгенде этектеп коё бербей койчу экем. Мени сөрүгө же белине байлап алып нан жапкан күндөрү болуптур.

"АПАМА БОЛУШЧУМУН"

– Апам балдарына эч качан жаман да, катуу да айткан эмес. Балдар менен урушуп үйгө айтып келсек, кайра өзүбүздү күнөөлөчү. "Бирөө менен уруштуңбу же мушташтыңбы үйгө айтып келбе, ошол жерде калсын" деп калар эле.
Апам өмүрү өткүчө кайнененин колунда жашады. Чоң энем тың, баарын өзү башкарган кыйын киши эле. Апам ал айтмайын өзү билип эч нерсе кылчу эмес. Тамак жасаарда майды да чоң энем өзү ченеп куюп берчү. Кайнене менен келиндин ортосунда кандай келишпестик болбосун апамдын баш көтөрүп каяша айтканын такыр көргөн жокмун. Апама болушуп кээде мен чоң энем менен айтыша кетчүмүн. Мен үчүн апам дайыма туура жана ак болчу.
Апам 4 келин алды, бирине да кайненелик кылып, катуу сүйлөгөн жок. Кийин ойлосом өз келиндерине абысын болуп жүрүп эле өтүптүр. Апам каза болгондо чоң энем "мындан көрө мен өлсөм болмок" деп катуу ыйлады. Кадырын ошондо билди окшойт.

"АПАМ МЕНИ ЭЛЕ КҮТҮП ЖАТКАН ЭКЕН"

– 1996-жыл болчу, Базар-Коргонго концерт менен барып, туулуп-өскөн айылым Кайырмада 2 күн жүрүп калдым. Апамдын кан басымы жогору болуп, натыйжасында инсульт алып, көптөн бери көчөгө чыкпай калган. Мага "Гүлнара кызым, көчөлөрдү көрүп, каналга чейин баргым келип жатат, жетелеп келчи" деди. Аңгыча атам келип "конок келет, азыр тамак даярда" деп калды. Анан чыгабыз деп коюп тамак жасадым. Коноктор келип-кеткиче караңгы кирип кетти. Эртеси апамдын суранычын унутуп коюп Бишкекке келе бериптирмин.
"Ысык-Көлдө Кадыр түн" фестивалына катышып Көлдө жүрүп түш көрдүм. Түшүмдө азуу тишим өзүнөн-өзү үбөлөнүп түшүп калды. Туруп эле дароо айылга жөнөдүм. Апам менен кучакташып эне-бала бир сыйра ыйладык. Мага эмнегедир мени күтүп жаткандай сезилди. Анда баарын түшүнчү, бирок сүйлөй алчу эмес. "Өчпөгөн жылдыз" деген ырымды жакшы көрөр эле, ошону кайра-кайра ырдап бердим. Ыраазы болгондой башын ийкегилеп укту. Ошондо белине чейин муздап калыптыр, молдо келип дем салды. Ошентип мен барган күнү түндө каза болду.
Апамдын көзү өтүп кеткенде анын акыркы суранычын аткара албай койгонумду эстеп, өзүмө аябай капа болдум. Жөпжөнөкөй сураныч эле го, ошондо эмнеге жумуштун баарын таштап салып апамды көчөнүн башынан аягына чейин жетелебедим экен деп өкүнөм, эстеген сайын муун-жүүнүм бошойт.
Дагы бир арманым көзү тирүүсүндө апама арнап бир да ыр ырдабаптырмын. Сөздөрү таасирдүү, кайрыктары жан дүйнөнү козгогон, бийик деңгээлдеги ыр издеп жүрөм. Ошол ырым менен апама эстелик тургузгум келет.

"Апам барда айылдын ити да көзүмө жакшы көрүнчү".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(46)
14.11.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайы жаннаттан болсун. Гулнара эжеке ишинизге ийгилик
14.11.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таасирдуу маек болуптур.Козумо жаш ороду.Ата энелерди тируусундо сыйлайлычы,кийин оксукто журбой.
14.11.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ыйлата турган маек болуптур. бейиши болсун апаныздын. талантынызга таазим. апа жонундо ыр кутобуз сизден
14.11.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Видео маеги барбы
14.11.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында окуп алып мен да апама учуп жетким келип кетти...
14.11.2016. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир пенденин башында бар нерсе экен сабырдуу болунуз апаныздын жайы жаннаттан болсун Сиздин Балама деген чыгарманыз аябай жагатта чыгармачылыгынызга ийгилик эже
14.11.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Козумо жаш алдым таасирдуу маек болуптур,баардык энелерге таазим....
14.11.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ата-энемди жоготуудан корком.Ушул жонундо ойлонсом жашоонун,келечекке болгон умуттор очуп кетет.
Ата-энелерибизди козу барда сыйлай журолу.
14.11.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жети жылдыз биригип жарым айча толо албас. жети жене биригип бир энемче боло албас. Эне тируу эшике кайгы жакын келе албас.деген ыр саптар эрксизден эске тушот экен. Коздору тируусундо сыйлап калбасан кийин аттин дейсин. Бирок анда кеч.
15.11.2016. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Байкуш апасы баары жокту ичине алып журуп оорукчан болгон го. Аялдын бир аз тилдуу анан ыйлак болгону да жакшы . Ыйлап бугун чыгарып , бир аз суйлоп дардин айтса женилдеп калат ко. Ичтен жемирилген жаман. Жараткан бейишинен берсин апасынын калган омурун уул кыздарына берсин.
15.11.2016. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апалар карыбасынчы. Мен да апамды концертке алып бардым кечээ, акча жок деп, акча табылганда апамды табамбы деп .
Атайын апаларга арналган концерт экен
Козу барда сыйлаганга эмне жетсин.
15.11.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин Апам да 38жашында ооруп каза болгон.Дайыма издей берчумун адамдардын арасынан чыгып калчудай....
15.11.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр баары чет Жака кетип Ата Энелерибиздин кантип каарыганын да корбой жатабыз. Мен бир жылда 2 же уч жолу эле кором барган сайын каарып калганын чачтарынын агарганын коруп алып ичимден сызам. Бирок тез тез звандап суйлошуп турам. Эсен болушсунчу. Козу барда сыйлайлы!!
15.11.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнара эже ыйлаттыныз бейишин берсин апаларыбыздын.
15.11.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата апам аман болсунчу деп кудайдан суранам! Гулнара эженин интервьюсун окуп алып менин козумо жаш келди!сабырдуу болунуз!
15.11.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Метродо баратып окудум болчу,ыйлаттыго адамды
15.11.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да апамды эстедим, апакем менин алтыным.
16.11.2016. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх, Гулнара ЭЖЕ аман болунуз, апалар аман болсун! Апамды жоготкондон абдан корком
16.11.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнара эжеке азамат эжесиз! Сизди аябай сыйлаймын создорунузду угуп козумо жаш келди.Апалар аман болсунчу!!
17.11.2016. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр этиниз
17.11.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kokurogum tilinip kozdon jash kulady Gulnara eje,apanyzdyn jany Jannatta bolsun,Amin!Men da apamdy sagynyp jurom 5 jyldai ubakyt koro elekke jash baladai muunum boshop ketti,yiladym.Chygarmachylyk iygilik sizge,baldarynyzdyn ubaiyn korunuz!Menin apam dagy kaitalangys keremet jan emi,kee aitylgan sozdor menin apam jonundo jazylgansydy.Apalar aman bolsun barybyzdyn.
18.11.2016. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ата эне ар дайым баланын отунучун аткарат а биз балдары Анте албайбыз бирок окунуп журуп кун отот..
18.11.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып козумон жаш чыкты.
18.11.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakit baisariev mn jubayi Nargizanin ortosunda bir nerse bolup jatabi je boldu bele bilgender jazip koigulachi
18.11.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апамдан мен да айрылгам. Апа деген сөздү укканда көзүмө жаш тегеренет. Алтыным апамды азыр да эстеп ыйлап алдым. Менин апам 34 жашында гана кете берген
18.11.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ech bir jerde choogu tushkon surottoru jok go barakchalarinda
19.11.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык элдин ата -энеси бар болсунчу... козумон жаш тегеренип журогум сыгылып кетти. Талантынызга таазим эжекем!
20.11.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апаларыбыз аман болсун
20.11.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо деген эмне? - десе ата-эне демекмин.
20.11.2016. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда окуп жатып ыйладым апамды эстеп. Апамды аябай сагындым.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо