Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫРГЫЗДЫН СЕКСУАЛДУУ АЙЫМДАРЫ

№385 19-25-март, 2010-ж.

“Супердин” тандоосу

Өткөн сандарыбыздын биринде сексуалдуу мырзалардын көч башындагыларын сунуштаган элек. Баарыбыз баамдагандай, алдыңкы орунду саясатчы-бизнесмен Өмүрбек Бабанов ээлеген. Бул жолу www.super.kg сайтында сексуалдууларды аныктоо боюнча добуш берүүдө эмнегедир саясатчы айымдарыбыз артта калып, ырчылар алдыга озуп кетишти.

1. АНЖЕЛИКА ырчы, 21 жашта.
Колуңа лупа алып издесең да, бул кыздын келбетинен кемчилик таппайсың. Төгөрөгү төп келген Анжелика айым былтыркы добуш берүүдө да алдыңкы орунду эч кимге берген эмес. Турмушка чыгып, бир кыздын энеси болгонуна карабай “масло” бойдон. Бул да болсо Анжеликанын жаштыгын, табият берген сулуулугун туура пайдаланып, күйөрмандарынын жүрөгүн багындыра билгенинде болушу керек.

2. КУНДУЗ КАНАТБЕК кызы ырчы, 23 жашта.
Мырзалардын шилекейин агызган Кундузду баары билсе керек. Өзүн “Шахзодадан да сулуумун” деп эсептеген ырчынын машинадан машина алмаштырып тээп, ити чөп жеп турган кези. Кундуздун сулуулугуна арбалган күйөрмандар үчүн анын чыгармачылыкта жараткан ийгилиги эмес, сулуу жүзү кубандырат окшойт. Эмнеси болсо да Кундуздун кериле, шашпай сүйлөгөнүнө чыдай алган мырзалар бул селкибиздин жан шериги боло аларын айта кетели.

3. ЭЛИНА АБАЙ кызы актриса, бийчи, 19 жашта.
“Боз салкында” оозуна тамеки тиштеген секелек кыз бир жылдан соң эле солкулдаган селкиге айланып, жигиттерди суктандырып чыга келди. Таланттуу кызыбызды бир топ эле кинолордон көрүп жүрөбүз. Мурда “Жаш кыял” элдик бий ансамблинде бийлесе, учурда “Версус” бий тобунун мүчөсү. Мындай сулуу кыздарга көз арткандар көп болот эмеспи. Ылайым эле сулуулуктун курманы болбой, чыгармачылыкта да, жеке жашоодо да өз ордун тапкан айым болсо экен деп тилейбиз.

4. АЙПЕРИ КУБИК кызы ырчы, 18 жашта.
Узун бойлуу, терең ойлуу, айдай сулуу Айпери бул сынакта Жаным Айзат менен бирдей болуп калды. Быйыл “Супердин” “Сахна ажары” наамын жеңип алган Айперини сексуалдуу деп санаган жигиттер арбын. Калык атанын небересине узун көйнөк кийсе да, шым кийип шымаланып алса да жарашат.

5. ЖАНЫМ АЙЗАТ ырчы, 18 жашта.
Жаным Айзаттын жаны болууну каалаган мырзалар тынбай добуш берип жатып, ырчыны 5-орунга жеткизишти көрүнөт. Айзаттын кара кашы, кундуз чачы, жарашыктуу кийими, орду менен сүйлөгөнү “илибой” жигитке сексуалдуу көрүнөт да.

6. БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА ырчы, 25 жашта.
Бир кезде таш ыргытсаң эле Бактыгүлдү сүйгөн жигиттин башына тийчү. Айтайын дегеним, Бактыгүл үчүн жанын берчү жигиттер көп эле. Ырчы кыз жигит тапканынан уламбы же чет жакка көп чыкканында бир мандем бар дедиби, айтор, мырзалардын саны солгундай түшкөнсүдү. Эмнеси болсо да Бактыгүлдүн сулуу, анан да сексуалдуу экендигинде шек жок.

7. АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА ырчы, 28 жашта.
Учурда кызы Жыпардын жытына мас болуп турган Айжамал жакын арада экинчи наристесинин жытын искөө алдында турат. Буга карабай бопбойдок Элизадан озуп кеткенине жол болсун. Сыягы, Айжамалдын шаңшыган үнү, шыңгыр күлкүсү дагы деле жигиттердин жүрөгүндө сакталуу окшойт. “Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт” деген ушул да.

8. ЭЛИЗА КЕНЕНБАЕВА ди-джей, 23 жашта.
Радиодо сексуалдуу үнү менен белгилүү болгон Элизаны угармандар мыкты билсе керек. Кесиби боюнча Германияга чейин барып тажрыйба топтоп келген бул кызыбыз кыйын. Радиону дайыма тыңдаган мырзалар Элиза эфирге чыкканда абайлабаса ди-джейдин үнүнө эрип кетип ит болбосо болгону. Андыктан жүрөгү бош Элизкабыздын өңүн көрбөй туруп үнүнө арбалгандар четтен табылат.

9. ГҮЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВА ырчы, 32 жашта.
Кыргыз жигиттерин куру калтырып, азербайжан жигиттин ашыгы болгон Гүлзинаттын жашы бир топту чапчыганы менен 18 жаштагыдай мөлтүрөйт. Анан кантип мырзалардын көңүлү бул кызыбызга бурулбасын? Гүлзинаттын сулуулугуна, карагаттай көздөрүнө жигиттер эле эмес, мырзалар да чөгүп кетчүдөй. Анан, албетте, ырчы кызыбыз сексуалдуулардын катарын толуктайт да.

10. ДИНАРА МОЛДОШЕВА ЖКнын депутаты, 31 жашта.
Жаштыгына карабай Жогорку Кеңештин депутаты аталган Динара айымга көз арткан мырзалар көп. Олуттуу кийинип, олуттуу сүйлөгөн депутат кызыбыз бир топ эле сексуалдуу. Андай болбосо ачык-чачык кийинип, мырзаларды өзүнө тарткан кыздарды артка таштап, сексуалдуу айымдардын алдыңкы катарын толуктоо оңой эместир.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(24)
19.03.2010. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика заслужила...=)))
20.03.2010. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kunduz turush kerek bolchu 1 !!!
a tak nishtiak nashi devushki vse krasivye
21.03.2010. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анжелика татыктуу 1 местага молдес!
21.03.2010. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары татыктуу 1 местага .озгочо Кундуз
21.03.2010. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конечно, Кундуз татыктуу болчу 1-орунга! Анткени ал бардык жагынан Анжеликадан ойдо турат! Красавица!!!!
22.03.2010. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnege Kunduzdu kobu jaktyrat(90-60-90uchunbu)???
Anjelika menen Ayzat SULUU eken!
23.03.2010. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз кыздардын баары сулуу деп эсептейм ийгилик силерге кыздар!!!!!!!!!!!!!!
23.03.2010. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бары бир Кундуз татыктуу болчу 1-орунга!!! Анжелика эмнеге биринчи орунду алды? Себеби анын чонтогу калын куйоосу бардык СМИлерге берчусун берип койгон да! Антпесе мурда куйоого тийгиче Анжелика деген ким эле? Аны ким таанычу эле?
23.03.2010. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу, форумчулар, эсиниздерде болсо, бул жыйынтыктар редакциянын чечими менен эмес, форумчулардын добуш беруусу менен жыйынтыкталды.
24.03.2010. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anjelika kelbeti da,talanty da 1-ke tatyktuu eken.Men gana emes kopchulugu oymdu ten bolushuptur.Talantyn orkundop oso bersin!
24.03.2010. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага кундуз аябай жакчу
24.03.2010. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kunduz ozun Shahzodaga tenebey ele koyso bolmok.Asman menen jerdey.Oshonduktan aga dobush bergim kelgen jok!Ahjelika baarynan suluu eken!
25.03.2010. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кундуздун эмнеси сулуу? айткылачы
25.03.2010. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оффффффф эмине деген кыздар атоан гору дунуйо
25.03.2010. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркысы - баарынан озот го чиркииин.
26.03.2010. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакуля кичине арыктаса баарынан ашат!!!!!!!!!
27.03.2010. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бары бир Кундуз татыктуу болчу 1-орунга!!! Анжелика эмнеге биринчи орунду алды? Себеби анын чонтогу калын куйоосу бардык СМИлерге берчусун берип койгон да! Антпесе мурда куйоого тийгиче Анжелика деген ким эле? Аны ким таанычу эле?"
Короалбастык деген жаман нерсенин кулу болуп жургондогу пастыктарын ушинтип эле билдирип коюшат. Анжелика алгачкы жолу сахнага чыкканда эле сулуулугу менен эсте калган. Тыпырайган таптатынакай, ону менен таланты куп келишкен кыз болчу. Ошондон бери сулуулугу эл
27.03.2010. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулугу эле болбосо, эч кимге зыяны жок эле, татынакай онорун тартуулап келатат. Анын сулуулугу эстетикалык рахат тартуулайт. кээ бирөөлөр эле анын сулуулугунан "зыян" тартып калып жатышат. Алардын өздөрүндө проблема. Анжеликанын сулуулугун арттырып турган нерсе, анын сулуумун деп боюн которбогондугу. Бир да интерв*юсунан ушундай намек да байкалбайт. Өсө бер Анжелика! Сырткы да ички да сулуулугун менен, ата-энесин жана күйө}
27.03.2010. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
күйөөсүн кадырлаган кыргыздын мыкты келиндеринин улгусу болуп, кыргыздын атагын арттыра бер!
28.03.2010. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче Элина абай кызы татыктуу эле анткени Элина Ак Моордун эле озу моюну маралдай,мучосу келишкен кыргыздын накта сулуусу, Анжелика да жакшынакай кыз мен каршы эмесмин. Кыздар ийгилик.
28.03.2010. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз биринчиликти алыш керек болчу. Кыз деген Кундуздай болуш керек, а Анжеликаңар чиркейге окшошуп жатпайбы.
29.03.2010. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз, Анжелика , Жаным Айзат , Элина
реально сулуу кыздар, суротто анча эмес болушу мумкун
Айпери страшила, мен коргом.
31.03.2010. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери страшила???????
Ишенбейм, коро элекмин го, бирок бир дисктен коргом беш кыз болуп ырдашыптыр, мага баарынан Айпери жакты, ырдаганы, бийлегени ваууууу сонун экен!!!!
06.04.2010. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:-Р
ар кимдики озуно,ай корунот козуно
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо