Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИР ИРМЕМ (сериал)

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Айдайдын чоң апасынын үйү анын өгөй атасынын үйүнөн алда канча чоң, анан жаңы экен. Дарбазаны көздөрү күлмүңдөп турган, жашы жетимиштерге таяп калган толмоч аял ачты.
– Саламатсызбы? Сиз Айдайдын чоң апасысызбы?
– Ооба. А сен кимсиң?
– Мен... Кандай десем... Мага Айдай керек болуп жатты эле.
– Ал Кыргызстанда эмес. Башка мамлекетте жашайт.
– Австралияда, Сиднейде...
– Ооба.
Элизанын кубанганынан көздөрүндө жаш айланып кетти.
– Билесизби, менин агайым учурда жиндиканада жатат. Ал Айдайды тааныйт. Ага ашык. Алардын кандай таанышканын мен билбейм. Эч ким билбейт. Дарыгерлер болсо Айдай аттуу кыз бар экенине да баш оорутушпаптыр.
– Таптакыр түшүнгөн жокмун...
– Менин агайым сиздин небереңизге ашык. Ал былтыр келип кеткен турбайбы Кыргызстанга, менимче, ошол убакта таанышышса керек. Андан кийин Айдай кетип калган. А Эрлан агай болсо аны күтүп жүрө берип, акыры Айдай деп ооруп баштаган окшойт. Билесизби, ал Айдай Садырова аттуу Австралияда жашаган кыргыз кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн айтып жатат. Бул жөн эле дал келүү болбосо керек...
– Ичкери кирчи,- Айдайдын чоң апасынын жүзүнөн санааркоо байкалды.
Элиза дарбазанын босогосун аттап, короонун ичи абдан тыкан экенин байкады.
– Айдайды ал агайың кайдан таанып жүрөт?
– Мен аны билбейм. Эрлан агай өзүнө эле көрүнгөн бир кыз менен сүйлөшө берет. Дарыгерлер агай аны өзү ойлоп таап алган деп жатышат. Агай сүйлөшкөн кыздын аты Айдай, фамилиясы Садырова. Австралияда, Сиднейде жашайт...
– Сенин атың ким?
– Элиза.
– Мындай, Элиза. Айдайымдын Сидней деген жерде жашаганы чын. Ооба, ал былтыр келип кеткен. Бирок тиги агайың жөн гана бир жерден анын атын угуп эле, ошентип оорулуу ойлоруна кошуп жаткан болсочу?
– Жок, андай эмес. Айдай деген чын эле бар турбайбы?
– Бирок ошондой да болушу мүмкүн. Жиндиканада жаткан адамдын ою туура дегенге да болбойт эмеспи.
– Сиздин айтканыңыз да туура. Бирок сиз мага Айдай тууралуу баарын айтып бере аласызбы. Балким, агайыма мен ушундай жол менен жардам берип калаттырмын. Же Айдайга чалып сурап көрбөйсүзбү?
– Жүр анда үйгө кир, чай ичип отуруп айтып берейин... Бас!

ххх

– Айдай менин тун уулумдун кызы. Уулум Амандын бул дүйнөдөн өтүп кеткенине көп болду. Келиним экөө жакшы жашашчу. Ынтымактуу эле. Атасы каза болгондо Айдай 14 жашта болуш керек эле. Кыз бала атасына жакын болот эмеспи. Абдан кыйналып жүрдү. 2 жылдан кийин келиним Токтобү турмуш жаңыртты. Үй-жайы жок, түрмөдө отуруп келген Мурат деген кишиге тийип алды. Жеткен акмак неме экен. Тынбай ичип үйдү бүлүндүрүп, акыры келинимди жок кылып тынды.
– Эмне, өлтүрүп койгонбу?..
– Колу менен өлтүргөн жок. Ичкиликке көндүрүп жинди кылып салды. Акыры ошол арактын айынан келиним каза болуп калды.
Байкуш Айдайым же мени кыя албай, же апасын кыя албай эки ортодо чайналып жүргөн. Апасынын көзү өтөр менен меникине иниси Асылбек экөө тең келишти. А тиги үйгө куу тумшук Мурат ээлик кылып калды. Биз талашкан да жокпуз.
Уулум Аман менен келиним экөө меникинде жашап жүрүп ошол үйдү сатып алышкан. Кут конбогон үй экен. Ошол жакка көчүп барышары менен уулум ооруп калды, кийин каза болду. Андан кийин келиним... Айтор, жамандыктын баары башталды. Мейли, жамандыктын баары кетсинчи деп Мураттан үйдү талашпаганым да ошондон.
Азыр бул үйдө кичүү уулум Жолон менен турам. Үйүбүздү көрдүңбү, сонун салынган. Айдайым салып берген. Жолонго машина алып берди. Иниси Асылбекти Москвадан окутуп жатат.
– А Айдай кандайча Австралияга кетип калган?
Эмнегедир Айдайдын чоң апасынын өңү өзгөрүлө түштү.
– Ал ошол жакка турмушка чыгып кеткен. Айдай өзү абдан жакшы окучу. Англисчени мектептен эле суудай сүйлөйт эле. Анан күйөө балам Дэвид экөө Ысык-Көлдөн таанышып калышыптыр. Батамды берип жөнөткөм.
– Айдай качан келип кетти?
– Былтыр келген.
– Неберелериңиз мененби?
– Жок. Айдай азырынча көз жара элек. Бала кезинде тиги куу тумшук Мурат катуу сабап койгон экен. Ошонун залалы тийгенби, айтор...- Элиза Айдайдын чоң апасы бир нерсени толук айтпай жатканын байкады.
– Балким, Айдай Эрлан агай менен ошол күндөрү таанышкан болуп жүрбөсүн?
– Жок. Мен Айдайдын жанынан чыккан жокмун. Ал болгону 1 жумага келип кетти. Кайсы маалда таанышмак эле?
– Мен жанатан бери сиздин ысымыңызды сурабаптырмын...
– Атым Барчын.
– Барчын апа, балким, Айдайга байланышып көрөсүз?
– Ал мага жанагы скайп деген неме менен байланышат. Аны колдонгонду тиги Жолон билет.
– Мен да билем, балким, аракет кылып көрөбүз...- Элиза шашып калды. Табышмактын жандырмагы жакын эле.
– Кой айланайын, ал компьютерге мен эч кимди тийгизбейм, Жолондон башка.
– Барчын апа, менин агайым абдан сонун киши, мына сүрөтүн көрсөңүз. Ал жок болуп кетет. Балким, жардамыбыз тийип калат,- Элиза телефонунан Эрландын сүрөтүн Барчын апага көрсөттү. Телефондун бетинде көзү-кашы капкара, ак жүздүү сулуу жигит жылмая карап турган. "Жүзү жылуу бала экен" деди ичинен Барчын.
– Анан бузуп койсоң, мен Айдай менен сүйлөшө албай калам да...
– Жок, бузбайм.
– Бас!- Барчын апа көңүлсүз ордунан козголду.
Бөлмөнүн ортосундагы столдо ноутбук аздектелип коюлган экен. Алдына ак чүпүрөк салынган. Кыязы Барчын апа небереси менен байланыштырып турган бул каражатты ыйык көрөт окшобойбу. Анан калса Элизаны да ага жакындаткысы келбей, "сен муну иштеткенди чын эле билесиңби?" деп күмөн санап жатты. "Кам санабаңыз" деди кыз. Ал ноутбукту жандырып, дароо эле скайп аркылуу Айдай менен байланышууга аракет көрдү.
Бирок майнап чыккан жок. Эч ким жооп бербей койду. Элизанын шаабайы сууй түштү. Ал Айдайдын скайптагы логинин кайталап жаттап жатты. "Шаарга жетер менен байланышам" деп чечти ал.
– Жумушуна кеткен го. Негизи ал өзү байланышат, көбүнчө түн ичинде... Бизде түн болгондо буларда күндүз болот окшойт,- Барчын апа түшүндүрө кетти.
– Кандай болсо да сизге рахмат! Түшүнгөнүңүз үчүн... Эгер агайым айыгып кетсе, мен сизге сөзсүз келип кетем. Эми мен жөнөйүн,- деди кыз жылмая.
– Барагой, кызым...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Башка сандарда:
БИР ИРМЕМ (сериал) 722-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 723-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 724-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 725-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 726-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 727-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 728-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 729-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 730-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 731-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 732-сан
БИР ИРМЕМ... 734-сан
БИР ИРМЕМ... 735-сан
БИР ИРМЕМ... 736-сан
БИР ИРМЕМ... 737-сан
БИР ИРМЕМ… 738-сан
БИР ИРМЕМ... 739-сан
БИР ИРМЕМ… 740-сан
БИР ИРМЕМ… 741-сан
БИР ИРМЕМ… 742-сан
БИР ИРМЕМ… 743-сан
БИР ИРМЕМ… 744-сан
БИР ИРМЕМ... 745-сан
БИР ИРМЕМ... 746-сан
Комментарийлер(26)
21.11.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи деп коелучу биз да
21.11.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
korul.alai001,окуп биринчи болдунузбу? коментарий жазып биринчи болдунузбу.
21.11.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи
21.11.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми эмне болот дагы бир жума кутмой
21.11.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун жерине келдиго
21.11.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгарма эми кызыгына чыгат окшойтко
21.11.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элиза азамат!
21.11.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Soonun jerine kelgende butup kaldy goo
21.11.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
супер kg коп-коптон эле жазгылачы, сураныч)))
21.11.2016. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп коптон эле жазгылачы сураныч
21.11.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен он биринчи болдум))
21.11.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындап кызып баратат арт жагы...
21.11.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурат шумшук Айдайды зордоп койгон окшойт экен,анан аборт кылдырып торой албай журот окшойт.
21.11.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
belka,оюн эле укмушго
24.11.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
belka,мен да ошентип ойлоп койдум!
21.11.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Давай сразимся призрак деген корейский дорамага окшошуп кетет чыгарма
21.11.2016. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"мен биринчи,дагы бир жума" деп жаза бербегилечи эй,тажаттынар
21.11.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай да болобу?
22.11.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун чыгарма экен мага олло жакты
22.11.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул чыгарманын китеби бар бекен айтып койгулачы
26.11.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо сиздерден сураныч дагы бир аз кошуп кобуроок жазсаныздар соннун болмок.
27.11.2016. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Все в порядке, это любовь деген корейский сериал барго ошого бир аз окшойт окшойт ээ
27.11.2016. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айии туйундун бир учу табылса,эми экинчи учу башталды
27.11.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул сериялды суйомда
27.11.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда биринчиии.☺
06.12.2016. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суранам коптон жазгылачы!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо