Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нияз Абдыразаков, ырчы: «ТОКТОЛУП, ЖАКШЫ АДАМДАРДЫН КАТАРЫНА КОШУЛУП КАЛДЫМ»

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

Нияз Абдыразаков музыка жаатында билим албаса да табият берген таланттын арты менен обон жаратып, казакстандык топторго, ырчыларга обон жазып берген жайы бар. Бир тууган агасы Ильяз Абдыразаковдун окуучусу болуп, аны көрүп чоңойгон Ниязды жеке ырчы катары да тааный баштадык.

Туулган жылы, күнү
– 1990-жыл, 1-ноябрь
Туулган жери – Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Репертуарындагы ырлары – «Кайрылбаймын», «Сени сагынганда», «Кыздар, ай», «Таене» жана башкалар
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Нияз, «шоу чөйрөнүн казанында кайнап келатканыма 10 жылга чукул болуп калды» деп айтып жүрөсүң. Ушул жылдар аралыгында чыгармачылыкта кандай ийгиликтерге жеттиң?
– Азбы-көппү күйөрман топтой алдым. Айыл жергесине болсо да жеке концерттерди берип жүрөм. Бир гана чыгармачылыгым эмес, жан дүйнөм өзгөрдү. Мурда шоктонуп көп басып, оюн-зооктун үстүндө жүргөндү жактырчумун. Жаман-жакшы сыноолорду башыман өткөргөндөн кийин токтолуп, жакшы адамдардын катарына кошулуп калдым (күлүп). Мурда ырчылыктын пайдасын көрчү эмесмин. Быйыл өзүмө болгон ишеним пайда болуп, талыкпай эмгектенип, үзүрүн көрө баштадым.

– Сени ырчы гана эмес, обончу, аранжировкачы катары да билебиз. Музыка ыргактары кайсы убакта жаралат?
– Мээң чарчабай, жалгыз отурганда жакшы чыгармаларды 2 сааттын ичинде жаратып коё алам. Өзөгүн түзүп койсом эле, обонго «көйнөк кийгизген» 1 жумага созулат.

– Ырчылык карьераң кандай уланып жатат?
– Жаңы клиптерди тартып, Нурлан Насип, казакстандык «Аll Давай» тобу менен дуэт жаздырып жатам. Жакында ырчы Темир Дамирбеков менен аткарып чыккан «Таене» деген чыгармабыз элге жагып, кенен жайылып жаткан кези.

– Ырчылардын көбү киного тартылып жатышат. Бул тармакта өзүңдү сынап көргүң келбейби?
– Тасмада башкы каармандын образын жаратканды кыялданам. Голливуд кинолорундагы "мачо" каармандардай болуп бардык кыздарды сүйдүргөн романтик жигиттин ролун ойногум келет. Тилекке каршы, бизде андай сценарийлер жок. Анын үстүнө тасмага тартылуу сунушу деле түшө элек.

– Азыр Инстаграмдын доору. Ал жактан сулуу кыздар менен таанышып, жолукканда башка кыз болуп чыккан учурга кабылдың беле?
– Инстаграмда башка эле сулуу кыздын сүрөтүн жүктөп, бардык ырчы балдарга жаза берген бирөө бар. Сүрөттөгү кыздын өзү менен болсо Казакстандан таанышкам. Ал фотомодель болчу. Мага жазганда «сен Адэмайсың го» десем, «жок, адаштырып жатасың» дейт. Мен сүрөттөгү кыз менен тааныш экенимди айткандан кийин ал мага жазбай калган.

– Азыркы заманбап тенденцияга кандай карайсың? Мисалы, кыздардын чач коштуруп, көкүрөгүн, оозун чоңойтконуна көз карашың кандай?
– Кыздар келбетин өзгөртүп ден соолугун бузуп жатышат. Андайлар бардык эркектерге жакпайт. Жасалма болуп алып жагабыз деп ойлошкону менен, өздөрүн алдап жатышат. Качанкыга чейин боёнуп жүрүшмөк эле, үйгө барганда бетин жууйт да. Мен табигый сулуулукту баалайм. Мага жоолук салынган, кыргыз жыттанган кыздар жагат.

– Келбети, жүзү маанилүүбү?
– Кыйын болуп «кебетеси маанилүү эмес, эң башкысы жан дүйнөсү сулуу болсун» дегим келбейт. Келбети маанилүү эле. Узун бойлуу, көздөрү капкара, чачы узун, далактабаган, жоош кыздар менин табитимде.

– Жоош кыздар зериктирип жибербейби?
– Жок. Мен өзүм жоош болгондуктан, көп сүйлөбөгөн кыздар жагат. Тарбиясы жакшы, көп баспаган, жөнөкөй кызга жолуккум келет. Андай кыздар биз издеген жерде эмес, ата-энесинин жанында, үйүндө отурушат окшойт.

– Сулуулук менен сексуалдуулуктун айырмасын айтып өтсөң...
– Сулуулук сырткы көрүнүш болсо, сексуалдуулук адамды өзүнө тартып турган нерсе. Сексуалдуу кыздарды көп эле жолуктурам. Алар жүзү анча эмес болсо да аябай сексуалдуу болушат. Көз карашы, үнү, сүйлөгөнү, күлгөнү башкача болгондуктан, жанында уялып сүйлөй албай каласың.

– Сени «шопоголик» деп айтсак болобу?
– Жарашыктуу кийингенди жакшы көрөм. Мурда кийимге көп акча сарптачумун. Ошондо «шопоголик» болсом керек. Азыр токтолуп калбадымбы. Кайсы стилде көп кийинип жүрөрүмдү айта албайм. Классиканы концерт, той-топурда эле кийбесем, кысылып, жүдөп кетем.

– 5 жылдан кийин Нияз кандай болуп өзгөрөт?
– Апамдын керегине жараган уул, сүйүктүү жолдош, кыздардын атасы болуп калат. Өзүмдү кыргыз жеринин маданият чөйрөсүнө өзгөрүү киргизген чыгармачыл инсан, ийгиликтүү ишкер катары элестетем. Мурда кийимдерди Орусияга ташып иш кылчумун. Тилекке каршы, ишкерликтин көзүн таба албай, таштап койгом. Буюрса, үйрөнүп алып планымды орундатам.

– Маегиңе рахмат, тилегиң орундалсын!

"Апамдын керегине жараган, сыймыктанган уулу болгум келет".


"Агам Ильяз аркылуу шоу чөйрөгө аралаштым. Ал аркылуу казакстандык белгилүү ырчылар менен ага-ини болуп калдым".


Динара Абдыкадырова
Нурсултан Кубатов
star@super.kg
(Айрым сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)


“Кыздардын табигый сулуулугун жактырам” дейт Нияз Абдыразаков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(48)
SUPER.KG видео
20.11.2016. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик!
SUPER.KG видео
21.11.2016. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш келбети келишкен жигиттин суйлоо маданияты да озуно жарашып турса жакшы болмок.
SUPER.KG видео
21.11.2016. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Культура речи, этикет расстраивает .
SUPER.KG видео
21.11.2016. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай токтоо экен. Тан калдым токтоолугуна. Коргум келбей аран кирдим эле. Соонун жигит экен молодец!
21.11.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!!!!
21.11.2016. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Красавчик
21.11.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильязга жетпейт
21.11.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маанилуу ыр ырдаса жакшы болмок Ильязга окшоп.
21.11.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Janindagi kairat nurtasti bir korup devushkasi go dep oilop ketiptirmin:))))) jakshilap karasam kairat turbaibi
21.11.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуп калсан чачына,козуно деле карабай калат болушун керек же сен ошонусун суйот белен?
21.11.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кайрат нуртасты девушкасы деп ойлоп мынча накачный кыз экен депмин кечиресинер
21.11.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир радиодо маек берип жатып; мектептеги суйукту сабагын кайсы? десе сурот сабагы деп кулдурду эле бул бала
21.11.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апеей ботом бул баланын сахнада жургонуно 10жыл болуп кеттиби? Тообо кылдым э кече эле газетада эми Ильяздын иниси Нияз ырдап чыгат деп журот элего чиркин. Ай же бул мектепте ырдап жургон кезин кошуп атабы? Ой ушу азыркы ырчылар укмуш ай кече эле чыгып алып 10жыл болду дешип же бир жарытылуу ыры жок
21.11.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нияз казакстанда да иштеп журду адашпасам инстаграмда уй-булолуу деп жургон.
21.11.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз менен бир тууган но Ильяздан сулуу окшойт.
21.11.2016. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо тен ырчы болсо канында бар окшойт ырчылык.Азаматсын.Алга....
SUPER.KG видео
22.11.2016. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кандайча 10 жыл??? Жакында эле чыкты го. Ильязга 10 жыл боло элек го. Талант бар Ниязда. Ийгилик ырлары соонун. Жагат мага. Коздору соонун башкача))))
SUPER.KG видео
22.11.2016. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мынча бошошосун жигит болсон от бол
22.11.2016. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саны коп сапаты жок ырчылар аябай эле кобойду го,Ильязды талантуу деп айтса болот.
SUPER.KG видео
22.11.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң сонун мага өзгөчө Таене деген ыры жакты,абдан токтоо экен,жигиттик сапаты жогору,башкалардай болуп жыртаңдай бербейт экен.
22.11.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир клибинде баланын бетиндеги тортту балдар кыздарга жалатыптырсын мунун аша чапкандык уят ырдасан болот
23.11.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көч бара бара оңолот ишиңе ийгилик
23.11.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларын,токтоо мунозун баалайм
Медиа-портал
23.11.2016. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gerbera, Sofy,
Талкуудан алыстабаңыздар!
23.11.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Далактабаган"— дейби))))
23.11.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшынакай болуп озгоруптурго, он жыл деп туурале айтып жатат он жыл болбосо да сегиз тогуз жылдай болуп калды. Бир жолу коргом биз жака ырчылар менен келгенинде анда мен мектепте окучумун. Ийгилик, Иляздай адамгерчиликтуу жакшы инсан бол.
24.11.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нияз алга!Талыкпай эмгектене бер!
24.11.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сулуу,жылдыздуу бала экен..Актер катары кинолорго тартылса да болот
25.11.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кебетесинен тентек баладай корунгону менен озу чын эле токтоо бала турбайбы))))) ийгилик ырлары аябай жагат!))
06.08.2017. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары жагат, ийгилик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо