Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЗ УБАКЫТТА "4 ЖОЛБОРСТУН" БИРИНЕ АЙЛАНГАН ТАЙВАНЬ

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

Түштүк Кытай деңизинде жайгашкан Тайвань аралдары Кытайдын карамагында деген статуска ээ болгону менен, өз алдынча иш жүргүзгөн аймак болуп саналат. Кытай Эл Республикасынын "баш оорусуна" айланган бул арал ХХ кылымдын ортосунда дүркүрөп өнүгүүсү менен Азиядагы "төрт жолборстун" бири катары тааныла алды.

Тайвань –
Кытайдын аймагына кирген, бирок өз алдынча башкарууга ээ провинция. Кытайдын чыгышында, Тынч океандагы аралда жайгашкан
Борбору – Тайбэй шаары
Аянты – 35 834 чарчы чакырым (Кыргызстандан 5 жарым эсе кичине)
Калкынын саны – 23 299 716 (2013-жылга карата). 98 пайызын этникалык кытайлар, 2 пайызын гаошань аборигендери түзөт
Тили – Кытай (гоюй)

ТАЛАШКА ТҮШКӨН АРАЛ

Бул аралдар тууралуу Кытайдын тарых барактарында 200-жылдардан тарта жазылган. VII кылымдан тарта материк менен аралдын ортосундагы байланыш түптөлүп баштап, XII кылымдан тарта Тайвань расмий түрдө Кытайдын карамагына киргизилет. Анда деңиз аймактарын коргоо максатында кытайлар бул аралга аскер жеткирип, аралдын түпкү жашоочулары – гаошань уруусун тоолуу аймактарга сүрүп салышкан.
XVII кылымдан тарта Тайванды басып алуу максатында Япония, Португалия, Испания жана Нидерланды өлкөлөрүнүн аскерлери ар жылдары кол салып турушкан. Жыйынтыгында бул аралга Нидерланды 20 жылдай ээлик кылганы менен, 1683-жылы Цинь империясы кайрадан Тайванды тартып алат. Тынч океанындагы тынч эмес аралды талашуу маселеси 1895-жылы жаралып, 50 жылдай арал Япониянын карамагында да болот. II дүйнөлүк согуштан соң Тайвань Кытайдын карамагына өтөт.
1949-жылы жарандык согушта Коммунисттик партиядан жеңилген Улуттук партиянын ("Гоминьдан") кол башчысы Чан Кайши Тайванда жашынууга мажбур болгон. Аны менен чогуу "Гоминьдан" партиясынын мүчөлөрү, администрация менен парламенти аралга качышкан. Кытайдан качкандардын жалпы саны 2 миллионго чукул болгон. Аралга Чан Кайши жетектеген "Гоминьдан" партиясынын диктатурасы орногон.

"ЖОЛБОРСТОРГО" КОШУЛУУ

Кытай Республикасы аралга 1949-жылдан ээлик кылгандан тарта өнүктүрүү иштерин жүргүзүү биринчи максат экенин түшүнүшкөн. Мао Цзедун Кытай Эл Республикасын социализмге багыттаса, Чан Кайши АКШ менен алака түзгөн. Мунун жыйынтыгында АКШ бир канча жылга финансылык жардам көрсөтүү менен Тайванга субсидия берген.
Ошондой эле америкалык экономист Вольф Ладежинскийдин жардамы менен агрардык реформа жүргөн. 1953-жылы "Талаа – дыйканга" деген ураандын негизинде бийлик ири жер ээлеринен мажбурлоо менен сатып алып, аны дыйкандарга узак мөөнөткө ижарага берген. Түшүмдү дыйкан каалагандай пайдалана алса, жерин саткандар инвесторго айланышкан. "Гоминьдан" партиясынын бийлиги жергиликтүү эл үчүн мүмкүнчүлүк түзүү менен аралдын социалдык-экономикалык абалын көтөрө аларына көзү жеткен. 1965-жылдан тарта эле Тайванга эч кандай субсидия кереги жок болуп калган. Өлкөдөгү экономикалык өсүү 1953-жылдан тарта жылына 8 пайыздан өсүп турган.
Сингапурдун премьер-министри Ли Куан Ю Тайвандын өнүгүшүн минтип эскерет: "1973-жылдан 1990-жылга чейин Тайванга жылына 1-2 жолу каттап турчумун. Бул аралдын кыска аралыкта өнүгүүсү мени бир четинен таң калтырса, бир четинен дем берип турчу. Арзан жумушчулардын эсебинен айыл чарба, текстиль өндүрүшүн, кийим-кече жана спорттук бут кийимдерди чыгаруу менен айырмаланып жатты. Тайванда кымбат баалуу медицина китептерин пираттык негизде басып чыгарып, аны кайра текейден арзан баада сатышчу. Кийинчерээк ушул эле китептер лицензиясы менен, сапаттуу кагаздарда чыгып, башка өлкөлөргө сатылып баштады. Андан соң микросхема, компьютердин тетиктерин жана башка технологиялык продуктыларды чыгарып баштады. Гонконг менен Тайвань ушунчалык бат өнүгүп кете алса, эмне үчүн мындай иш сингапурлуктардын колунан келбейт деп ойлочумун".
Экономиканын өнүгүүсү менен ички саясий абал да турукташып, Тайвань "Азиядагы 4 жолборстун бири" атала баштаган.

УЧУРДАГЫ ТАЙВАНЬ

Кытай жана япондордун каны аралашкандыктан тайвандыктар иштерман болушат. Батыштын модернизациялык таасири да жөн калган эмес. Тайвань коомчулугунда бай жана орто класстагы элдин айырмасы дээрлик байкалбайт. Себеби тайвандыктардын көпчүлүгү дыйкандар жана жумушчулар. Элдин жашоо деңгээли жогору, ар бир жаранга ылайыкталган ички дүң продукциясынын көлөмү
39 767 доллар, кытайдыкынан 4 эсе жогору.
Тайвань Түштүк-Чыгыш Азияга көптөгөн товар экспорттойт, аралда 6 атомдук станциянын блоктору курулган. Жогорку технологиянын дээрлик көпчүлүк тетиктери чыгарылат жана спорттук яхталарды куруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Ошондой эле спорттук кийим жана шаймандарын чыгаруу боюнча лидерлик сапта. Чийки зат, азык-түлүк жана ар кандай жабдуулар Тайванга импорттолуп, кайра даяр заманбап өнөр жай продукциялары экспорттолуп турат.
Тайвань учурда формалдуу түрдө Кытай Эл Республикасынын аймагы болуп эсептелгени менен, алардын көзөмөлүндө эмес. Бул эзелтен келе жаткан саясий көйгөй. Кытай Эл Республикасы Тайванды 1912-жылы түптөлгөн Кытай Республикасынын жалгыз укуктуу "мураскери" катары көрөт. Тайвань бул көйгөйдү чечүү үчүн БУУга кайрылып, көз карандысыздыкты алууну көздөсө, ал эми Кытай Тайванга Гонконг сыяктуу атайын статус берүүгө макул экендигин билдирген. Бирок макулдашуу азыркыга чейин боло элек, Тайвань КЭРдин "баш оорусу" бойдон калып келет.

"Гоминьдан" партиясынын лидери Чан Кайши Тайванга диктатура орноткон.


"Жүк ташуучу" ("Перевозчик") тасмасында роль жараткан Шу Ци Тайвань провинциясынан чыккан актриса.


Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(13)
21.11.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Эли учун куйгон атка минерлердин олкосу мынтип эле гулдоп онугот тура. Тайванга барып келейинчи. Келгенден кийин олконун онугуу жолун башка нукка салбасам, буларын оздорунун мансабын коргоп журуп отуп кетишкидей
21.11.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биздин жеп жутарлар ушулардан улгу алышса кана!
21.11.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кумтор акам бизди давно ле 4 жолборско кошуп койгон, миллиарддаган акчаларды экономикага кошуп койгон... бирок корбодум бирин дагы ... уктум просто
21.11.2016. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи батыш реформалаган олколор Сингапур Япония Малайзия Туштук Корея Гонг Конг Шанхай провинциялары чынында онугуп жатат.
21.11.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аааааай,буларды угуп ыйлагын эле келет даааа...Эли иштерман экен.
22.11.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сингапурду карасанар 100жыл мурун саз болсо азыр эн онуккон олко.анда ар бир 7чи адам миллионер экен (доллар м.н)
23.11.2016. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынын да керемет экен кана эми биздин Кыргызстан мамлекетибиз да ушул провинциялардай онугуп кетсе, бирок бул кыргыздар учун тушко кирбеген нерсе туугандар бизде намыс арзандап кеткен.
23.11.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан качан өнүгөт экен э?
24.11.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аииий абдан кызыктуу экен
24.11.2016. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онолобуз гооооо жакында
24.11.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин мамлекеттен 5 эсе кичине жерде 23 миллион адам жашайтго
26.11.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым берген куну онугобуз ала тааладан келбесе кайда , креслодо олтурган чондордон сурабагыла кудайдан сурагыла
27.11.2016. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызда көрө албастык,ичи тардык,түндүк түштүк деп бөлүнүү күч алган,мындайда өнүгүү кыйын,анан күчтүү,патриот лидер керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо