Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Алексей Сидоров: «ШАХЗОДА КОНЦЕРТИНДЕ 23 ЫР ЫРДАЙТ»

№385 19-25-март, 2010-ж.

Концертке келиңиз

19-20-март күндөрү Кыргызстанга өзүнүн жеке концерти менен чыгыштын популярдуу жылдызы Шахзода келмекчи. Концерт тууралуу анын уюштуруучусу, «Тумар» радиосунун директору Алексей Сидоров төмөндөгүлөрдү баяндап берди.

– Нооруз майрамынын алдында кыргыз элине жагымдуу маанай тартуулоо максатында популярдуу ырчы жана актриса Шахзоданын жеке концертин уюштуруп жатабыз. Бул концерт “Тумар” радиосунун 2 жашка толгонуна да байланыштуу. Ырчы Шахзоданын концерти менен бирге биринчи чыгыш радиосу туулган күнүн белгилейт. Концерттин башкы демөөрчүсү «Daisy» фирмасы.
Кыргызстанда концерт эки күн болот. 19-мартта Ош шаарындагы “Олигарх” (мурунку “Мундуз”) ресторанында, 20-мартта Бишкекте өтмөкчү. Бишкектеги концерти Спорт Ордосунда болот. Бул Шахзоданын анык жеке концерти.
2 саат 30 мүнөткө пландалып жатат. Чыгыш жылдызынын чыгармачылыгын сүйгөндөргө кепилдик берем, нааразы болбой кайтышат. Себеби азыр түзүлгөн программа боюнча концерт чындыгында оригиналдуу жана уникалдуу болот. «Эмнеси менен?» деген суроо узаса керек. Сахнанын жасалгасы эми бир укмуш. Мындай жасалга Спорт Ордосунун тарыхында болгон эмес. Кечени 3 мүнөттөн түзүлгөн “Тумар” радиосу тууралуу даярдалган видеоролик ачмакчы. Андан соң учурда баары тааныган оригиналдуу бийчи Атай Өмүрзаков өнөрүн тартуулайт. Атай бүтөрү менен кеченин «күнөөкөрү» чыгат.
Чыгыш жылдызы жеке концертинде 23 ыр ырдайт. Кече үч бөлүккө бөлүнөт: жай ритмдеги ырлар, чыгыш стилиндеги чыгармалар жана заманбап ырлар. Шахзоданын ырларын “Стар Дэнс”, “Агама”, “Visiblе Steps”, ”Step by step” жана Кыргызтандагы бий ассоциациясынын бийчилери коштомокчу. Ал эми коноктору – кыргыз эстрадасынын аттуу-баштуу ырчылары. Мындан тышкары көрүүчүлөрдү көптөгөн жагымдуу сюрприздер күтөт.
Чыгыш стилине оролгон концерттик программанын тизгини “Тумар” радиосунун ди-джейлеринде. Билет баасы 300-500 сомго чейин. Аны кассадан алууга мүмкүн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
20.03.2010. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шахзщданы жоголуп кетиптир деп уктум эле,табылыптырбы?
23.03.2010. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылганы учун концерт коюп жаткандыр...
23.03.2010. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы качан ошко келет
25.03.2010. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes!
26.03.2010. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээй ушул кыздын уну деле жок, байкуш Озбекстанда муну эч ким укпайт, Бишкеке Кыргыз куйромандарын жакшы коргон учун келип жатат дейсинерби, Озбекстанда он кун концерт койсо 2 мин доллар таба экен, ал эми Кыргызстанга бир келип бир концертинде алты эсе коп доллар алып кетет. Эми Оштогу жана Бишкектеги озбектер барат да, ал эми Тумар болсо кыпчылып акча таап калайын деген мксатта сахнасын жасалгалап берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо