Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УЧУРДАГЫ СТУДЕНТТИН ПОРТРЕТИ КАНДАЙ?

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

Студенттик мезгил – бул таттуу жашоодон тагдырыңды чечүүчү мезгилге кадам таштаган убак. Ар ким алынын жетишине карап иш кылары белгилүү, кээ бирлери бир эле учурда окуу, жумуш жана коомдук иштерге катышуу менен ийгиликтерди багындырып жатышса, кээ бирлери окуусун да кыйратып окушпайт. 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнө карата учурдун студенттерине саресеп салуу менен, аларды эки топко бөлүп карап көрдүк.

ИЙГИЛИКТҮҮ СТУДЕНТ

  • Ийгиликке жетүүдө максатты туура коё билүү маанилүү экенин билип, максатын так аныктай баштайт.
  • Максатын аныктап алган соң пландоого аракет кылат.
  • Планды күндүк, айлык, жылдык кылып жазуу керектигине акылы жетип, акырындык менен аны ишке ашырууга өтөт.
  • Убакытты туура пайдалана билүү жетишкендик экенин билет.
  • Адам өзүнө ишенгенде ийгилик болорун билет жана лидерлик сапатка ээ болот.
  • Сабак берген бардык окутуучуларынын аты-жөнүн толук билип, аларга сылык кайрылат.
  • Сабактарга катышууда активдүүлүгүн көрсөтүп, мугалимдердин көзүнө илинип калууга аракет кылат.
  • Окуу жайда болгон иш-чараларга кол кабыш кылуу же өнөрүн көрсөтүү ийгиликтүүлөргө жакшы мүмкүнчүлүк.
  • Окуп жаткан адистиги боюнча тажрыйба топтоо кийинки келечекке ачылган жол экенин билип, колунан келишинче тажрыйба топтоого аракет кылат.
  • Жакшы окуса стипендия ала турганын билет жана ага аракет кылат.
  • Экзамендерди убагында тапшыруу жана жакшы бааларды алуу анын биринчи планы болгондуктан, ага алдын ала даярданат.
  • Эс алуу күндөрү жөн эле жатпастан, ылайыгы чыккан жумуштарга иштөө менен кем-карчын толуктайт.
  • Таза, тыкан жана жарашыктуу кийим кийүү – бул да болсо чоң жетишкендик экенин билет.
  • Диплом алуу менен бирге жумуш табуу кыйынчылыгы көпкө узабайт.
  • "Жакшыны жакшы жандайт" дегендей, айланасына жакшы адамдарды чогултуп, достукту да баалай билет.
  • Жеке жашоосу да четке калбай, эки чылбыр бир тизгинди кошо ала кетүү ал үчүн өтө мааниге ээ.
  • Эң негизгиси коомдо өз орду бар инсан болуп жетилет.

ИЙГИЛИКСИЗ СТУДЕНТ

  • Студенттик жашоонун доорун сүрүүнү биринчи орунга коюп, окууну экинчи орунга калтырат.
  • Келечек мааниге ээ эмес, "башыбызга жазганды көрөбүз" деген ураан менен жашайт.
  • Окуп жаткан адистиги менен иштөөнү башынан эле максат кылбайт.
  • Өзүнө ишенбегендиктен өзүн сынап көрүштөн коркот.
  • "Баары бир окуп бүтөм" деген принципти катуу кармап, төлөп жаткан окуу акысына таянат.
  • Ал үчүн сабактан калуу же кечигүү кадимки эле көрүнүш.
  • Экзамен тапшыруу учуру келгенде тааныш издөө менен убара.
  • Китепканаларга барбаганы менен, аны интернет клубдардан кездештирүү оңой.
  • Стипендия алууга кызыкпайт, анткени ал үчүн болбогон эле акча.
  • Шылтоолорго бай болуп, суудан кургак чыкканды жакшы билет.
  • Шаан-шөкөттөрдү жакшы көргөндүктөн, болор-болбос нерсеге майрам уюштурууну адатка айланткан.
  • Ыгы жок ата-энесинен акча сурап, жөнү жок нерселерге коротуп жатканын ойлобойт.
  • Диплом алар-албасы белгисиз, эң негизгиси кара күчүнө таянып оокат кылары бештен белгилүү.

«Супердин» сурак бурчу

Студент бир эле учурда окууга жана иштөөгө убакыт таба алабы?

Гүлмайрам Асылбекова, 21 жашта, Чыгыш университетинин студенти:

– Бир гана окуу менен чектелбешиң керек. Баарына жетишип аракеттенсең болот, иштеген жумушуң сенин келечектеги кесибиңе байланыштуу болушу керек. Мен журналистика жаатында окуп жаткандыктан кошумча жумушум ошого байланыштуу болсо жакшы болмок.

Илимбек Сыдыков, 19 жашта, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти:

– Сабактан чыккандан кийин дайыма байкеме жардам берип, эмерек жасоочу цехте иштейм. Менде убакыт жетиштүү эле. Экөөнү бирдей алып кеткен жакшы экен, акча жаатында маселе болбойт, баскан-турганыңа да кенен жетет дегендей.

Тинатин Кубанычбекова, 21 жашта, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти:

– Медицина тармагында окугандыктан иштегенге убактым жок. Себеби эртең менен башталган сабагыбыз кечинде аяктайт. Ошондой эле сабак да окушум керек. Негизи эле бизде окугандарга окуу менен жумушту бирге алып кетүү оор болгондуктан иштебейм.

Адилет Моңолдоров, 20 жашта, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти:

– Башынан эле иштебей коюуну чечкем. Себеби коомдук иштерге катышып, сабактарды жакшы окуп стипендия алууга убактың кенен болот экен. Окууну бүткөндөн кийин деле өмүр бою иштеп жетишсек керек.

Аида Жумадилова, 21 жашта, Кыргызстан эл аралык университетинин студенти:

– Убакыт тапса болот. Мен окуудан чыккандан кийин кафеге жумушка барам. Ал жакта администратор болуп иштейм. Сабактарымдан калганда жетишип окуп алууга аракет кылам. Жөнү жок интернет чукулап же сүйлөшүп отура бербей иштесең пайда.

Насир Казиев, 22 жашта, Башкортостан мамлекеттик агрардык университетинин студенти:

– Албетте, студент бир убакта окуп жана иштесе болот. Бирок көпчүлүк студенттер жумушка берилип кетип, окууну таштап коюшууда. Ошондуктан биринчи окууга жакшы көңүл буруп, андан кийин башка жумуштарга иштесе болот.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(17)
21.11.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
"Студенттин кийгени жибек, жегени кебек!" деп чоң энем айтчу эле, азыркы эркек студенттин портрети: көтөргөнү кымбат баалуу уюлдук телефон, библиотека, окуу залында болуп көрбөгөн, толугу менен телефонго байланып калган, кулагында наушник, көтөргөнү бир дептер! Бутунда таманы жука бут кийим, чачы узун, суукта жылаңбаш!
21.11.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башка университеттерде кандай билбейм, бирок бизде (Манаста) студенттердин дээрлик баары эле окуу менен алек. Кобунчо китепканада тапшырма аткаргандарын коросун. Озум болсо ишемби, жекшемби кундору иштейм.
27.11.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба) мен китепканага барганда место болсо экен деп барчу элем)
29.11.2016. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zaika94, Бизде тескеринен, жок дегенде бироо болсо дейм бара жатканда!
22.11.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жашоодогу жетишкендик сабактан алган баа менен чечилбейт! Адамдын озунон ал, любою озуно тын болуш керек. Окугандын келечеги зор окубагандыкы начар деп эчким айталбайт.Канчалаган байлар, бизнесмендер, жогорку кызматта иштеген мектепти толук бутпогондор коп. Озунорго ишенгиле, бул жашоодо ар кандай кырдаал болот ал эми окусанар озунор учун кийин бир нерсени талашканда спор болгондо уверенно талашышын мумкун
22.11.2016. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aitmat,ооба туура менин жолдошум мектепти да университетти да кызыл диплом менен буткон мына быйыл 5 жыл болуп атат ишке кире албай журот. а анын окубаган колледжден буткон классташтары офистертерде столдо отурушат...обидно таанышын жок болсо айла жок желкеси 80мин экен...
22.11.2016. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол студенттик доордо окууну жакшы окуп мугалимдерге жылуу салам берип кызыл диплом менен бутсом да азыр жумушсуз калдым Эми кесибимди озгортом Ал эми сабакка келбей тунку клубдарга барып акчанын кучу менен буткон группалаштарым азыр жакшы мамлекеттик кызматтарда иштеп жатат
29.11.2016. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Targarien,А эмнеге андай тушунбойм?! Мен жакшы окуйм, ушундай создор менин окууга болгон кызыгуумду жоготуп жатпайбы?
22.11.2016. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мектептеги, университеттеги баалар азыр эч нерсе чечпей калган. Алгыр, адамдын тилин таап суйлошуп, иштин козун билсен жашап кетесин! 10 кызыл диплом болсо да, былжырап, честный болсон, азыр андайлардын заманы эмес!
22.11.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен деле университетте жалкоо болчумун. бирок азыр жакшы эле кызматым бар. бирок аракет дагы керек
22.11.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы студент эмес жакшы адам болуу керек... азыркы студенттер окуйт бирок арасында окубагандар да бар айылдан келип алышып шаарда билген нерсесин кылышат.албетте алардын арасында жакшылары да бар, бирок канча окусан да, сабака келбей жургон студент акча берип жакшы баа алат. ата-энесинин акчасын жон эле жеп журушот
kudaiberdieva98 түзөттү 2016-11-22 21:24:34
22.11.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
окуу жайлар студенттерди кабыл алганда кандайдыр бир чектоо киргизиш керек, мисалы азыркы убакта экономистер финансистер юристер коп жылына 3-4 мин ден адистер чыгышат бирок алардын кереги жокта? канчалык чектоо болсо ошончо билимдин денгээли которулот, контракты да кобойтуу керек.
26.11.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баа эч нерсе чечпейт экен, мектепти, университетти да кызыл менен бутком, анда телефон деген азгырык жок эле. Универ менен Ленинка деп библиотеканын ортосунда эле журчулем. Окууга аран жетишчимин, иштегендерге тан калат элем, кантип жетишишет деп. Жакшыле жумушка орноштум, кесибим боюнча эмес, тилди, комьютерди жакшы билгеним учун. Бирок бая мен бала кезимден ойлогон оюм туура эмес чыкты. ойлочулем кызыл менен бутсон укмуш жумушта иштейм деп.Эч ким диплом менен иштери болгон да жок.
27.11.2016. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mystery, кесибим боюнча эмес жумушум деп капаланба, демек сенин билиминдин кучтуулугунон башка жумушта журосун
27.11.2016. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоодогу жетишкендик алган билимин менен чектелбейт дегендер жанылышат, билим де
27.11.2016. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билимсиздердин айынан азыркы коомубуз онукпой жатат.
29.11.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча мээдеги билим чечет болуш керек, баа эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо