
Ырчы
Айгерим Расул кызы Ош шаарында өзүнүн мода үйүн ачууга камданып жатканын кабарлады. Ырчы:
"Ошто тойлор абдан көп болот. Ошого жараша айымдардын кече көйнөктөрүнө талап жогору. Ушундан улам өзүмдүн мода үйүмдү ачайын деп чечтим. Бизнести чакан бутик ачуу менен баштап жатам. Анда өзүмдүн дизайным менен тигилген, буйрутма менен Бишкектен тиктирткен жана чет өлкөдөн алып келинген кече көйнөктөр сатылат. Келечекте "Ханбийке" мода үйүмдү кеңейтип, Бишкек шаарында да филиалдарын ачуу пландарым бар",- дейт.
А турмушка чыгуу боюнча, бул да болсо бешене. Анжелика деле, Айгерим деле, сиз деле, мен деле буюрганын коробуз.
Анжеликага пиар керек болгондой эле, турмушка чыгып деле жарым жыланач чачын жайып бийлеп клип тарткан Айгеримге пиар керек эмес дейсизби? Бирок экоон тен соттой турган мен же сиз эмес, ар биринин чоттой турган жолдоштору, туугандары жетиштуу. Биз жон эле коруучубуз.