№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
Кулагыңызга күмүш сырга! 9-декабрь күнү Спорт Ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракеси болот. Салтанат кызыктуу шоу программадагы концерт менен коштолуп, анда эки муундун ырчыларын бириктирген майрам, "Супер сулуу-2016" сынагы сизди зериктирбейт. Эске салсак, финалга чыккан 16 бийкечтин арасынан жеңүүчү аталган кыз кыштын ызгаарында экзотикалык өлкөгө, деңиз жээгине барып саякаттап келүүгө жолдомо алмакчы. Сынакта сулуулар өзүн тааныштыруу, купальникчен чыгуу, чыгыш бийин бийлөө, кече көйнөгүн көрсөтүү тапшырмаларын аткарышат. Учурда кыздар сынакка кызуу даярданып жаткан кези. Талап боюнча сулуулар сахнада маралдай кериле басып, таажыга татыктуу экенин көрсөтүүсү зарыл. Аларга көрктүү басууну үйрөтүп жаткан "Супер сулуу-2009" наамынын жеңүүчүсү, модель Жамиля Ишенбаева: "Сулуулар менен 1 айдан бери даярданып жатабыз. Кээ бир кыздар мода көргөзмөлөрүнө катышып тажрыйбалуу болсо, айрымы дефиленин сырларын билишпейт экен. Биринчи сабакта такыр шиш така кийип баса албаган кыздар эми жакшы жыйынтык көрсөтүп, туура басып калышты. Буюрса, даярдык жакшы. Сулуулардын ийгиликке ташталган кадамына көмөктөш болгонума кубанычтамын",- дейт."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |