БИР БҮРКҮМ

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

  • Кыргыз жеринен 4 ШУМКАРДЫ алып чыгып кетүүгө аракет кылган Бириккен Араб Эмирликтеринин жарандары 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 14-октябрда "Манас" аэропортунан кармалган жарандарга "контрабанда" боюнча айып тагылды.


    "АТА ЖУРТ"
  • жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого аймактарда өзүнчө чыгууда. Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин тандеми ажырады. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова тастыктады.

  • Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз мамлекетине келген ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАР 5 күн ичинде каттоого туруусу керек деген өкмөттүн токтомун жоюуну сунуштап жатат.

  • ЛУНАРА МАМЫТОВА эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Ал VI чакырылышта Жогорку Кеңешке "Бир бол" партиясынан депутат болуп шайланып келип, көп өтпөй мандатын тапшырып, ордун Улукбек Ормоновго бошотуп берген эле.

  • Өлкөдө жыл сайын 8 миңдей ЫМЫРКАЙ ара төрөлөт. Алардын ар бир бешинчисинин салмагы 1,5 килограммга жетпейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.

  • Жогорку Кеңеш 3-окууда КОРРУПЦИЯЛЫК кылмыш жөнүндө кабар берген адамга паранын 30 пайызын сыйлык иретинде берүү тууралуу мыйзам долбоорду жактырды.

  • Кыргыз өлкөсү медициналык кызмат көрсөтүү жана жол коопсуздугунун деңгээли боюнча ТУРИСТТЕР үчүн кооптуу мамлекеттердин тизмесине кирди. Мындай картаны 2017-жылга карата "International SOS and Control risks" компаниясы жарыялады.

  • Өлкөнүн өзгөчө макамга ээ ЧЕК АРАГА ЧЕКТЕШ аймактардын тизмесине 61 айыл кирет. Анын 46сы Баткенде жайгашса, Нарын, Талас жана Чүйдө чек арага чектеш айыл жок.

  • Март айынан 16-ноябрга чейин "Жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында 491 гана киши ИПОТЕКАЛЫК КРЕДИТ алды.

  • УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору болуп ДҮЙШӨНБЕК ЧОТКАРАЕВ дайындалды.

Мирлан Өмүралиев,
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо