КУТУМЧУЛАРДЫН КУРМАНДЫГЫ БОЛГОН РАЗЗАКОВ

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

"Кагылайын тууган жер! Бармактайымдан жетим калып, башка эл, бөтөн жерде жүрүп, акыры энемди тапкандай өзүңдү таап келдим эле. Колумдан келишинче иштедим. Сенден аянар менде жан жок эле. Баары ойдогудай болбой калса кечир мени... Мен сени кайрылып көрөмбү? Көрсөм качан көрөм?!" Бул сөздөрдү Исхак Раззаков кызматынан алынып, кесиптештери менен коштошуп чыккан соң борбор калаанын сыртына барып, бадалдын арасында жерди кучактап балача шолоктоп ыйлап жатып айткан. Кыргыз эли эчак эле берип койгон "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын бийлик маркум Исхак Раззаковго ушул жылдын 11-октябрында расмий ыйгарды. 25-октябрь анын туулган күнү болгондуктан, бул улуу инсан жөнүндө маалымат берип, замандаштарынын эскерүүсүн сунуштамакчыбыз.

ЖЕТИМДИКТЕН ЖЕТЕКЧИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ

Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында Лейлек районунун Коросон деген айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Келечектеги жетекчи 3 жашында апасынан, 8 жашында атасынан ажырап тоголок жетим калат. Ошентип ал Тажикстандын Хожент шаарындагы жетимдер үйүнө кабыл алынып, турмуш жолу бүтүндөй башка нукка түшөт. Орус тилин тез өздөштүргөн Исхак Раззаковду 1923-жылы Ташкенттеги жатак мектепке которушат. Билимдин артынан түшкөн Раззаков 1931-жылы Ташкенттеги агартуу институтун, 1936-жылы Москвадагы пландоо институтун аяктайт. Ошол жылы Өзбекстанга жөнөтүлүп, пландоо комитетинин бир бөлүмүн жетектөө менен алгачкы мамлекеттик ишмердүүлүгүн баштайт. 1945-жылга чейин Өзбекстандагы жогорку кызматтарда иштеп, КПСС БКнын бюросунун чечими менен 35 жаштагы Раззаков Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагасы кызматына дайындалат. 1950-жылы төрагалык кызматтан Кыргыз ССРинин коммунисттик партиясынын биринчи катчылыгына көтөрүлгөн.
Кыргыз өлкөсүндө Раззаковдун учурунда чоң иштер жасалган. Ошол учурда жасаган бир-эки иштеринен мисал келтире кетсек: 1953-жылы мамлекеттин түндүк жана түштүк аймагын байланыштырган Бишкек-Ош (Фрунзе-Ош) жолу курула баштаган. 1954-жылы Илимдер академиясы ачылган. 1956-жылы айыл чарбасындагы жетишкендиктери үчүн Кыргыз өлкөсү биринчи жолу Ленин орденин алган. Мектептердин саны өсүп, орус мектептерде кыргыз класстар ачыла баштаган. 1960-жылга карата өлкөдө 8 жогорку окуу жай, 27 техникум ачылган жана анда 40 миңдей студент билим алган.

ЖАКШЫ ИШТЕП "ЖАМАН" КӨРҮНГӨН РАЗЗАКОВ

1961-жылдын 8-9-майында Кыргыз ССРиндеги Борбордук комитеттин VI пленуму болгон. Бул пленумда мурда бекилген сценарий боюнча биринчи катчы Исхак Раззаковду жана Министрлер советинин төрагасы Казы Дикамбаевди "жаман" иштегендиги үчүн жумуштан алышкан. Анда Раззаковго "эл чарбасын башкарууда жана кадрлар менен иштешүүдө кетирген олуттуу кемчиликтери жана жаңылыштыктары үчүн" деген айып коюлган. Ошентип 1961-жылдын 9-майында Раззаков жумуштан алынып, Москвага үй-бүлөсү менен көчүрүлгөн. Анын иштен алынышын америкалык, англиялык маалымат каражаттары: "Акыркы Ленинчил-Сталинчил кадр иштен алынды" деп жазып чыгышкан. 1961-1967-жылдары СССРдин жооптуу кызматтарында иштеген Раззаков 57 жашында пенсияга чыгып, 1979-жылдын 19-мартында каза болгон. Москвада жашаган 18 жылдык өмүрүндө бир ирет гана мекенине келип кеткен. Эгемендүүлүктү алган соң 2000-жылдын 1-июнунда сөөгү Кыргыз Республикасына алып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

"АР УЛУТКА ӨЗ ТИЛИНДЕ КАЙРЫЛЧУ"

Лейлек райондук комитетинин аппаратында иштеген Дооран Абдыкеримовдун эскерүүсү:
– 1958-жылы Раззаковго жолуктум. Кулунду айылы кургак жер, чаң, тикенек болгондуктан Раззаковдун буйругу менен айылды өнүктүрүү картасын түздүк. Ошол иштер менен таанышуу үчүн ал айылга келип жыйын кылды. Жыйында: "...Лейлектиктер, окубасаңар, маданиятты көтөрбөсөңөр эч качан өнүгө албайсыңар. Айылдык жаштардын окуусу үчүн бардык шарттарды түзүп койдук. Бул райондон болсо 5 жылда араң 3 баланы окууга жөнөтүпсүңөр. Бир да кыз жок. Анан кантип айылдар өнүкмөк?.."- деп биринчи катчы менен район төрагасын сындап, эки жетекчини тең иштен алган. Таң калганыбыз бир да кагазды карабай бир жарым саат бою ушунчалык чечендик менен сүйлөгөн. Жыйынга катышкан өзбекке өзбекче, тажикке тажикче, кыргызга кыргызча сүйлөп кайрылчу. Чыныгы интернационалист эле.

"МОСКВАГА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОПУРАГЫН АЛДЫРГАН"

1968-жылдары Москвадагы айыл чарба институтунун студенти болгон Сайипкарим Маматовдун эскерүүсү:

– 1968-жылы Кыргызстандан Раззаковдун туугандары менден бир түйүнчөк берип жиберди. Көрсө, анын ичинде Кыргызстандын бир ууч топурагы менен чөптөрү бар экен. Раззаков мекенге болгон кусалыгынан бир ууч топурактан башка эч нерсе сурабаптыр. Москвага жеткизип барып колуна аманатты тапшырдым. Раззаков түйүнчөктөгү топуракты алып эле жыттап, өөп, бетине сыйпай баштады. "Бетиңиз кир болуп калды" десек, "эч нерсе болбойт, бул менин Кыргызстанымдын топурагы да" деп сагынычын ыйлап-ыйлап таркаткан эле.

"БУТУ СУУ БОЛСО ДА КҮТҮП ТУРУПТУР"

Исхак Раззаковдун жубайы Рауза Ибрагимованын сиңдиси Софи Байзакованын эскерүүсү:
– Исхак Раззакович абдан маданияттуу, интеллигент киши эле. Ушунчалык адамгерчиликтүү инсан болгондуктан кичинеби, чоңбу баарына "сиз" деп кайрылчу. Анын дагы жогорку жетишкендигинин бири – ар тараптуу өнүккөн киши болгондугу. Себеби дарыгерлер менен сүйлөшсө аны медициналык институтту бүтүргөнбү деп ойлойт эле, же маданият инсандары менен баарлашканда маданият кызматкери окшойт деген ойду жаратчу. Анткени ал ким менен сүйлөшпөсүн ошол чөйрөнүн инсанына айлана алган. Мен бир жылы диссертациямды жактоо үчүн Ленинграддан Москвага барып калдым. Ошондо аба ырайы бузулуп, жаан жаап турган болчу. Москвага келип түшсөм эле жездем мени бут кийими суу болуп калса да күтүп турган экен. Мен анын мындай жакшылыктарын эч качан унута албайм.

ИСХАК РАЗЗАКОВДУН КҮНДӨЛҮГҮНӨН:

  • "Мен эмне иштеп, эмне бүтүрдүм? Ким үчүн эмгек кылдым? Эл калыс".
  • "Касташуудан кач, бирок адилеттиктен тайба".
  • "Жакшы кызматкер болсоң да өзүңө, жаман кызматкер болсоң да өзүңө. Бирок жаман кызматкер болсоң зыяның элге тиер".
  • "Шыктуу адамдан жардамыңды аяба, ал кийин иш билги болуп чыгат".
  • "Жалаң гана кемчиликтерди санап айта берүү – кыйын абалдан чыгуунун жолубу?"
  • "Биз ишибизде кетирген кемчиликтердин бардыгын мурдагы жетекчилерге оодара салууга укугубуз барбы?"
  • "Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү жашоо кыйын".
  • "Калыс кызматкер болом десең кек сактаба, калыс бол".

Исхак Раззаков жубайы Рауза Ибрагимова, кызы Эльмира жана небереси Берк менен. Москва, 1978-жыл.


Исхак Раззаков кызы Эльмира жана уулу Эркин менен. Фрунзе, 1951-1955-жылдар.


Бектур Токтоноев
koom@super.kg
Сүрөттөр Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтеринин архивинен алынды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(21)
21.11.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх мындай улуу инсандар 100жылда бир жолу келет. Азыркы бийликтегилер кичине окшош болгондо Исхак Разаковко Кыргызстан эчак эле онугуп кетмек.Азыркы чондор баары оз чонтогун учун иштешет элди ойлопта койбойт.
21.11.2016. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы кадрлар бар бирок туштуктон болуп жатпайбы деген экен Бир киши. Ошол киши.
21.11.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыныгы жол башчы улуу инсан азыр кыргыз элиме ушундай инсан абадай керек.
21.11.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
админ исхак раззаковдун баласы кызы тур алуу да жазып коесторбу каякта не иш кылышат
22.11.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nurik_466477, баласы каза болуп калган. Артында туяк калган эмес. Кызы элмира Москвада жашайт. Мумкунчулугу чектелген экинчи группада. Жашоо турмушу оор.
22.11.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurik_466477, саламатсызбы! Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмө жеткирилди.
22.11.2016. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Т.Усубалиев жаман корсотуп койду бул кишини.
22.11.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Раззаков түйүнчөктөгү топуракты алып эле жыттап, өөп, бетине сыйпай баштады. "Бетиңиз кир болуп калды" десек, "эч нерсе болбойт, бул менин Кыргызстанымдын топурагы да" деп сагынычын ыйлап-ыйлап таркаткан эле. Ушу жерди окуганда козумо жаш тегеренди. Алла оз мээримине алган болсун эл уулун.
22.11.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Инфо Мумкун болсо Раззаковго кимдер душманчылык кылганында жазсаныздар.
23.11.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mister.ailasyz, Усубалиев жанан анын айланасындагы кошоматчылар жаман корсотушкон. Башкы себеп,бийлик туштукко отуп кетти деп. Балким админ бул билдирууму " болунуучулук" деп айыптоор,бирок бул тарыхтын ачуу чындыгы.
23.11.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз илгертен эле ушундай иштеген адамды коро албай отот окшойбуз аттин бул жердеда баягы эле саясий интрига
23.11.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soz menen jetkire algys Uluu insan! Koshumchalay ketchu nerse- bul insandyn ubagynda Bishkektegi madanyat uyu, filarmonya, algachky poezd jolu jana Toktogul GESi kurulgan! Demek, azyrky kezde Kyrgyzstanga en kerektuu joldor, bashka olkodon kem kylbay, kyrgyz el madanyatyn onukturuugo komok korsotkon imarattar, bulardyn baary oshol Uluu Insandyn uchurunda kurulup kalgan tura!!! Attin! Andan beri olkonun onuguusu uchun, el uchun ech kanday imarattar kurula elek, teskerisinche, orttop jok boluuda..
Sofy түзөттү 2016-11-23 11:28:37
25.11.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Windom Туура айтасын дал ошол Т.Усубалиев анын чойросу жалган жалаа жабып,Кремлге ушактап турушкан.(Туштуктон адам башкарганы учун коро алышкан эмес )Орустар Жакшы иштегени учун Москвага которуп алышкан Жана билишкен ошол маалда Эле Кыргызстан экиге болунгонун,Эгер КР калса олтуруп кетишмек ошон учун Москвада куса болуп акыркы кундорун кечирген.
25.11.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле улуу инсандын кызы, баласы тууралуу кененирээк жазыныздарчы супер инфо
27.11.2016. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин ушундай улуу адамдардын тарыхынан эмнеге сабак албайт, биздин "атабыз" .
27.11.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балалыгы Тажикстанда,Ташкентте отуптур (бизде жок беле андай жайлар) жогорку билимди Ташкенттен алыптыр,алгачкы эмгек жолун Озбекстандан баштаптыр. Эмнеге? Туугандары бар болгонбу ошол тарапта деген ой кетти. Аялы да кыргыз эмес окшойт...
01.01.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asem89, баткенде бала бакча жок болсо анан ошол жака которулган да билими кучтуу болгондуктан ташкентте окуптур ал кезде бизде мектеп деле жок болсо керек
27.11.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер иныо.
И. Раззаковдун уул кыздары пзыр кайда, эмне менен алек? Ушул тууралуу макала жазуунуздарды суранаар элем
27.11.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исхак Раззаковдой таза эл учун иштеген адамдарга бугунку кундо Кыргызстан муктаж болуп турат.Киносу дагы жакшы тартылган.
28.11.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх аттин арман
01.01.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле усубалиев деп мактап жатышса ойлопмун ал Кыргыз учун куйгон инсанго деп корсо саткын болгон экен да. Тундук туштук эмне айрыма Разаков атабыздын бейишин тилейбиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо