Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"АСЫНЫП ӨЛДҮ" ДЕГЕН АЯЛДЫ КҮЙӨӨСҮ МУУНТУП ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

Ушул жылдын 1-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Момбеков айылындагы үйлөрдүн биринде 51 жаштагы аял өз үйүндө асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында маркум өз жанын кыйбай эле, киши колдуу каза тапкандыгы аныкталган.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ "ӨЗҮМДҮ БАШКАРА АЛБАЙ КАЛГАМ" ДЕП ЖАТАТ"

Бул окуя тууралуу кенен маалымат алуу максатында Ноокен РИИБинин жетекчиси Нариман Осоров менен байланыштык:
– 1-ноябрь күнү бизге Ноокен районуна караштуу Момбеков айылынын 51 жаштагы тургуну кайрылып, аялы түн ичинде өз үйүндө асынып алгандыгы тууралуу кабарлаган. Ыкчам иликтөө тобу барышканда аялдын жансыз денеси үйдүн бир бөлмөсүндө жаткан экен. Моюнунда жалюзинин жиби байланып туруптур. Күйөөсү биздин кызматкерлерге "асынып алыптыр, мен чечип алдым" деп түшүндүргөн. Маркумдун денесин соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө күйөөсү жана уулу каршы болуп, "эч кимге дообуз жок, сойдурбайбыз" деп түшүнүк кат жазышкан. Мыйзам боюнча, жакындары каршы болсо, биз маркумдун денесине экспертиза жүргүзө алмак эмеспиз. Ошентип ал күнү биздин кызматкерлер кетип калышкан.
Бирок бизге "маркумду күйөөсү өлтүргөн болушу мүмкүн" деген маалымат түштү. Анын үстүнө биздин кызматкерлер маркумдун күйөөсү ошол күнү өзүн шектүү алып жүргөндүгүн байкап калышкан. Эртеси шектүү катары маркумдун күйөөсүн кармап, суракка алганыбызда ал аялын өзү муунтуп өлтүрүп койгондугун моюнуна алды. Өзү ичпеген, чекпеген, олбурлуу киши экен. Окуя болгондо соо эле болгон. Ачуусу келгенде өзүн башкара албай калгандыгын айтууда. Экспертизадан да маркумдун киши колдуу каза тапкандыгы тастыкталды. Мындан тышкары күбөлөр да суракка алынып, кылмышка шектүүнүн күнөөсү толугу менен далилденди. Учурда анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал мурда дагы башка кылмышы үчүн сот жообуна тартылган экен.

"ЭЛЕКТР МЕШИНИН АЙЫНАН УРУШ ЧЫКТЫ"

Кылмышка шектүү А.Алмазалиев тергөө учурунда эмне себептен мындай кадамга баргандыгын төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Аялым экөөбүз 28 жылдан бери чогуу жашайбыз. Ортобузда 4 балабыз бар. Ошол күнү 7 миң сомго электр мешин сатып алып, үйгө алып келгем. Анын айынан аялым менен уруша кеттим. Ага чейин аялым акча сураганда "жок" деп койгом. Аялым "ал акчаны мага эле бербейт белең, акчаң бар экен го" деп чыр чыгарды. Мен "жөн отур" деп катуу сөздөр менен айттым. Аялым да жөн калбай каяша айтты. Экөөбүз уруша кеттик. Мен аны бир колум менен моюнунан муунткам. Аялым унчукпай жатып калганынан эшикке чыгып кеткем. Кайра жарым сааттан кийин үйгө кирсем, аялымдын денеси муздап калыптыр. Анан кылмышты жашыруу максатында терезедеги жалюзинин жибин аялымдын моюнуна байлап, өзү асынып өлгөндөй кылып асып койдум да, уулумду чакырдым. Экөөбүз аны чечип, анан туугандарды чакырып, милиция кызматкерлерине билдирдик.

"АТАМ АПАМДЫ МУУНТУП ЖАТКАН ЭКЕН"

Тергөө маалында кылмышка шектүү менен маркумдун 6 жаштагы кичүү кызы психолог, мугалимдеринин катышуусунда көрсөтмө берген:
– Мен сабактан келсем, атам апамды жерге жаткырып, үстүнө тизелеп отуруп алып муунтуп жаткан экен. Мен бөлмөнү ачканда атам "эшикке чык!" деп кыйкырды. Мен чыгып баратканда апам "кызым, чыкпа, атаң мени өлтүрүп коёт" деп кыйкырды. Мен токтоп калганда атам дагы кыйкырганынан чыгып кеттим. Бир аздан соң атам бөлмөдөн чыгып, мени жетелеп бир эжебиздикине алып барды да, "ушул жакта ойноп тур" деп мени таштап, өзү кайра үйгө кетип калды.

"ЖЕЗДЕМ МЕНЕН ЭЖЕМ УРУШУП ЖҮРҮШЧҮ"

Маркумдун бир тууган иниси Латипжан Курмушев төмөнкүлөргө токтолду:
– Өзүбүз Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылынан болобуз. Эжем менен жездемдин чогуу жашаганына бир топ жыл болгон. Ортолорунда 3 кыз, 1 уулу бар. Улуу кызы турмушка чыккан, кийинкиси студент, кичүү кызы мектепте окуйт. Уулу окуусун бүтүп, иштеп жүргөн, ата-энесинин колунда. Жездем 2003-жылы бир кишини уруп коюп 9 жылга соттолгон. 5 жыл отурган соң мунапыс алып чыккан. Түрмөдөн дин жолуна түшүп, намаз окуп чыккан. Акыркы күндөрү динге өтө берилип кетти. Эжемди жакшылык-жамандыкка каттатпай, анын укугун чектечү экен. Жакында эле экөө таарынышып, эжем кичүү 2 кызын алып Кара-Суудагы менин үйүмдө жүрүп кеткен. Анан "балдарым чоңоюп, уулум үйлөнөйүн деп калды. Карыганда ажырашкан уят. Мурда деле чырылдашып-ырылдашып жашап жүрбөдүк беле, барып жашай берейинчи" деп кеткенине 1 ай боло элек болчу. Былтыр атамдын көзү өтүп кеткен. Жакында эле анын жылдыгын өткөргөнбүз. Ошондо жездем эжеме "динде жылдык деген жок, барбайсың!" деп атамдын жылдыгына жибербегенге аракет кылыптыр. Бирок эжем урушуп-талашып отуруп өзү келген, жездем келген эмес. Кайра барып эле ушундай каргашалуу окуя болуп отурат да.
Бизге "эжеңер асынып алыптыр" деп телефон чалышты. Андан жарым саат мурун эле эжем Ош шаарында жашаган улуу эжем менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр. Ал үйүнөн калпак тигип Оштогу эжеме жиберчү. Ал болсо калпактарды сатып, банктан кайра акчасын жиберип, айтор, экөө биргеликте чакан ишкерлик менен алектенишчү. Жарым саат мурун эле "калпактардын канчасын саттың, канчасы калды?" деп эжем менен сүйлөшсө, анан "асынып алды" дегенге биз ишенген жокпуз да. Жездемдер жашаган айылга барсак, "өлүкканага алып барган жокпуз, сойдурбайбыз" деп сөөктү жерге берүүгө камданып жатышыптыр. Анан мен "эжем асынбайт болчу, муунтуп эле өлтүрүп койдуңар" деп чыр чыгарып, аймактык тескөөчүнү чакырдым. Ал келгенде жездемдин туугандары жаалашып, сөөктү бербей коюшту. Ал жерден жездем экөөбүз да уруша кеттик. Жездемдин атасы да "бир ачууңду мага бер" деп кечирим сурап жатты. Бирок мен кечирбейм. Токмоктоп койсо мейли, анан алмончоктой эжемди өлтүрүп коюшса кантип кечирмек элем?! Анан мен аймактык тескөөчүгө "жардамга райондон кызматкерлерди чакырыңыз" дедим. Ыкчам иликтөө тобунун 4-5 кызматкери, тергөөчү келип араң сөөктү алып чыктык.
Жездем өзү Кочкор-Ата шаарында иштечү. Ошондуктан мен Кочкор-Ата шаарынын соттук-медициналык эксперттерине ишенбей, Таш-Көмүр шаарынан чакырттым. Алар келип сөөктү союп көрүштү. Мен кирип сурасам: "Жыйынтыгы 1 айдан кийин чыгат. Бирок сыртынан караган адамга деле киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүн байкоого болот. Муну кол менен эле муунтуп өлтүрүшкөн",- дешти.
Жездем туугандарыбызга "мен өлтүрүп алдым" деп айтып, күнөөсүн моюнуна алган экен, ошол жерден эле милиция кызматкерлери кармап кетишиптир.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(44)
21.11.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Туура жазсанар урматтуулар! Алайкуу деген район айыл эмес.
21.11.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Alayskaya, кайдагы район? Ал Кара-Кулжа районуна карайт.


***
Тообо кылдым, оозума соз келбей калды. 28 жыл чогу жашап, анан муунтуп олтуруп койсо.
21.11.2016. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
aytkulova,Кара-Кулжа деген озунчо район, Алайкуу деген озунчо район сулуулар.
21.11.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Alayskaya,Алай менен Алай Кууну алмаштырып алган жоксунарбы? Чон Алай району озунчо Ошко карайт ал эми Алай куу Кара-Кулжа районуна карайт. Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун! Жакындарына сабр!
21.11.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Zaika10,Ооой эже мен абдан жакшы билем Чон-Алай, Алай, Кара-Кулжа, Алай-Куу ар бири озунчо райондор. Алай-Куу айыл эмеееес.
21.11.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Alayskaya,Алайкуу Кара -кулжага карайт район емес
21.11.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Alayskaya,мына кыз туура эмес болсо да озунукун бербеген кыз экен.
21.11.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
glaz_almaz,Кечирим сурайм бирок айыл эмес ороон деп жазбайбы жок дегенде))))0
21.11.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Alayskaya, Кагылайыным Алайкуу район эмес. Алайкуу айыл да эмес, бир канча айыл жалпысынан Алайкуу ороону деп аталат.
21.11.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
DIANE, туура
26.11.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баш бары
21.11.2016. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ээ тобоо ушуга кантип барды
21.11.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алай куу район эмес, айыл дагы эмес
21.11.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
dosym,Окоптон чыкты бир солдат)))))))
21.11.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
dosym,Алай-Куу айыл аймагы экен.
21.11.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кээде бири создон калуу керек. Айрыкча аял киши создон калса абдан жакшы болмок. Албетте куйоосу да жакшы адам эмес экен.
21.11.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баарынан да кызынын корсотмосуно журогун ооруйт экен. ((((
21.11.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун!
21.11.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Алайкуу ороону Кара Кулжа районуна караштуу Чалмадан жогору жагы жалпысынан Алайкуу деп айтылат Алайкуу ороонундогу айылдар Терек,Капчыгай,Сары бээ,Кок Арт,дагы коптогон айылдар бар Алайкуу район деп талашкан форумчу биротоло Кара Кулжа область деп койбоптур да
21.11.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Tasma2014, Жакында област болот)))))). Айланыйындар кечиргиле иттик бизден кеттиииии кеечиргилеееееееееее)))))))))))
21.11.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арабдын ХХХ ХХХ экен да... ушуга окшогон ХХХ ХХХ болушат...
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-21 15:29:22
21.11.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
taoni, этика нормаларын сактап, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз! Оозеки эскертүү!
21.11.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туугандар Алайкуу району да бар Кара-Кулжада Алайкуу деген айыл да бар. Раматылык эжебиз калып эле жердин проблемасына отуп кеттинерго. Жаткан жайы жаннаттан болсун уул кыздарына сабыр берсин.
21.11.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
nurbek11,Кайдагы район 8-9-класстын география китебин ачып бир окуп койчу кагылайын.
21.11.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алайкуу ороон эле болот.Эч кандай район эмес
21.11.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун. Жаман нерсе болуптур.
Талашкандар мен Чалма айылынан болом. Алайкуу деген районду в жизни первый раз слышу. Билбей талашпагыла,TASMA-2014 туура айтат. Алайкуу өрөөн,ал өрөөндө көп айыл бар. Чалмадан өткөндө оң жака Буйга айылына,сол жака Алайкуу өрөөнүнө кетет жол. Россиядай чоң өлкө эмеспиз го,мекенибиздин ар бир айылын болбосо да районун билип алсак жакшы го.
22.11.2016. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына ислам динине берилип куран окуган адамдар аябай жестокий болуп олт3руп же зордуктап калышат экенине эми ишендим бироо айтса ишенбей жаткан элем канчанчы жолу окуп жатам намаз окуган зордуктаптыр олтуруп коюптур дегенди
22.11.2016. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир жолу кылмыш жасаган экинчи ирет да жасайт кылмышкер менен жашабай эле коюш керек эле Ээ ажал каяктан келишин билбейсин Кудай куноолорун кечирсин Бейишин берсин Жакындарына конул айтам
22.11.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялында куно жок ,Баары куйосундо.Менин коншум болот)
22.11.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Миң адамды жеңе алган адам күчтүү эмес, Өз ачуусун жеңе алган адам күчтүү. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Үй-бүлөсүнө сабыр берсин кудайым.
22.11.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу колдонуучулар, макалада туура берилген, Кара-Кулжа районунда Алайкуу айыл өкмөтү бар.
22.11.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кочкор Атадан Момбековтон колдонуучулар барбы порталда
23.11.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Beka95,Кочкор-Ата
22.11.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кара-кулжа районунда Алайку оорону бар Алайку ооронундо Алайку, Кызыл-Жар, Ой-Тал, Капчыгай айыл округдары жана бир нече айылдар бар туугандар талашбагыла.
Т. б. Жаман иш болуптур жайы жаннатта болсун динди катуу тутканы менен шайтандын ишин жасаптыр куйоосу меш аласын деп урушканга ишенбей турам балким ал шылтоодур иниси деле айткан тура мурдатан ызы чуусу бар эле деп
22.11.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ороон дейм деп оорон деп жазыпмын кечиргиле ойум бир жерде эмес эле
22.11.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ай эми болдучу географтар билдик ороон экенин,кылмышкер калып эле баарыбыз Алайкуу болуп кеттикго
23.11.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ eken ХХХ ХХХ ajyratysh kerek
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-24 09:38:50
24.11.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
dinadeka6, этика нормаларын сактоону сунуштайт элек. Оозеки эскертүү!
24.11.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанткан жери жайлууболсун.
Алайкуудагы карлар аз болсо дагы эридиби бир жарым метр жаады деп жатты еле.
24.11.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алайкуу деген шаар да каяктагыны айтасынар да
25.11.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшынакай 4 бала тороп берип чонойтуп эрезеге жеткирип, сенин ачуу таттуу создоруно чыдап, жашоонун ысык суугун кошо тарткан, сенин кабыргандан жаралып дайым тирооч болуп жургон аялындан дагы сага эмне керек эле ЭРКЕК?
25.11.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jyrgal8, темадан алыс билдирүү калтырууга тыюу салынган. Жеке айтышууулар үчүн купуя кат бар экенин эскертебиз. Билдирүүӊүз өчүрүлдү.
26.11.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундон кунго жанылык окугандан да коркуп калдым
27.11.2016. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алайкулуктар барбы бул жерде. Жаман иш болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо