Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"МАГА КУДАЙ КӨЗ БЕРГЕН ЖОК, БИРОК ЖАШООМ КАРАҢГЫ ЭМЕС"

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

Коомчулук дайыма "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөздү айтып келебиз. Бирок анын түпкүрүндө эмне деген кыйынчылыктар жатарын көп түшүнө бербейбиз. Каарманым мына ушул сөздү абдан жаман көрөрүн, анча-мынчага караганда адал эмгеги менен оокат кылып, чыйыры узун чыгармачылыкка кирише баштаганын айтып берди. Тагдыры аны эки көзүн азиз кылып жаратканына нааразы болбой, өнөр бергенине кубанганы мени да сүйүнттү.

Аты-жөнү:
Осмон уулу Улан
Туулган жери: Ош облусу, Ноокат району, Чеч-Дөбө айылы
Туулган жылы: 1991-жыл, 18-ноябрь
Билими: Орто
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы
Репертуарындагы ырлары: "Шам жагалы", "Апакем", "Ден соолук" жана башкалар

"КИЧИНЕМДЕН СЫНАКТАРГА КАТЫШЧУМУН"

– Мен 2 көзүм азиз болуп төрөлүптүрмүн. Менден башка туугандарда мындай нерсе жок, бир гана менин көздөрүм көрбөйт. Балким, ата-тегибизде болгондур деп ойлоп коём. "Көзү көрбөйт" дегенди укканда ата-энем менин көзүмө операция жасаталы дешиптир, бирок доктурлар "көрүп кетерине кепилдик бере албайбыз" дегенде коркуп, баш тартышкан экен. Бул да жакшылык үчүн деп билем, себеби көзүм кичине бүдөмүк көрөт, операциядан кийин, мүмкүн, таптакыр көрбөй калат белем. Адамдар 99 пайыз көрө турган болсо, мен 1 же 1,5 пайыз көрөм.
2 жашка чейин айылда чоңойдум, андан кийин Ош шаарына көчүп келдик. Кыйынчылыктар болду. Атам бизди багыш үчүн башка өлкөгө иштеп кетти. Ал эми чоң энем болсо менин жанымдан чыкчу эмес, ал мага ылайыктуу мектеп издеп көп убара болгон. Азыр да жаман небересинин жамандык-жакшылыгын көрүп, менин жанымда.
Эсимде, кичине кезимде мени машина сүзүп кетип, ооруканага жатып калдым, мени алаксытыш үчүн кичинекей магнитофон жана музыка чыкчу оюнчук сатып беришкен. Уккан музыканы кайталай берип музыкага болгон шык, эргүүм ойгонгон. Окуй турган убак келип, үйдөгүлөр Оштогу көзү азиздердин мектеп-интернатына киргизишти. Ал жактан бардык майрамдык кечелерде ырдачумун. Өнөрүмдү байкаган мугалимдер да мени колдоп, сынактарга алып барышчу. Жакшы көргөн сабагым музыка болчу, ошондой эле дене тарбия сабагын күтөр элем, себеби ал сабакта эч нерсе кылбайт элек да (күлүп).
Мен музыкалык аспаптарды 5-классымдан баштап кармалап көрүп, кызыгуум арта баштады. Биринчи колума аккордеон кармагам. Анын клавишаларын баскылап көрүп жактырып, үйдөгүлөргө сатып бергиле деп чыр салгам. Байкуш чоң атам короодогу алмасын сатып, мага аккордеон алып берген. Жалгыз бөлмөгө кирип алып ар түрдүүчө баскылап, акыры үйрөнүп, аккордеон менен ырдай баштадым. Анда баары таң калышкан.
Мага Кудай көз берген жок, бирок менин жашоом караңгы эмес. Башка адамдар сыяктуу эле жарыкты кичине болсо да көрөм. Гитарага болсо өткөөл курагымда кызыктым. Кайсы жерден гитаранын үнүн уккан болсом, ошол жерге барып тыңшап отура берчүмүн. Көбүнчө үйлөрдүн алдына балдар кечкисин чыгып, чертишер эле. Аларга барып үйрөтүүнү сурансам, "азыр жашсың, кийинчерээк үйрөн" деп коюшчу. Акыры гитара сатып алдым, бирок аны чертиш оор экен, же кылдарын көрбөйсүң, бирок жаттап, үйрөнсө болот эле. Балдардын черткенин угуп келип, кайра кайталай берчүмүн. Акыры аны да үйрөнүп, чыгармачылыкка киришсем болот экен деген тилек, үмүт пайда болду.

"АЧКА ДА КАЛДЫМ"

– Мен биринчи жолу чоң сахнага Темир Назаров ырдап жүргөн "Туулган жер" чыгармасын гитаранын коштоосунда аны менен кошо ырдап чыккам. Буттарым, муундарым калчылдап, сахнанын сүрүн ошондо алгач ирет сезгем. 2010-жылы Бишкекте өткөн "Эне эмгеги" коомдук фонду уюштурган сынакка катыштым. Ал жактан Сапар Эркебаев менен чогуу ырдап, биринчи орунду утуп алдык. Эми ошондогу жылдыз болгонумду айтпа. Баары сени куттуктап, жакшы сөздөрүн арнап жатышса жылдыз болуп кетет экенсиң. Бир күнү жолдо баратсам балдар тийишип, "базарда ырдап иштеген сенби?" деп көпкө чейин эрмектешти. Мен базарда ырдап иштебегендиктен, балдарга капа болуп калгам. Анан эле Оштон Бишкекке ырчы болом деп кетип калдым. Таанышым да жок болчу, Бишкекти Оштогу арзан жашоодой элестетип алыптырмын, бул жактан ачка да калдым. Акыры 5 ай өткөн соң кайра Ошко кетип калдым.

"АЗИЗ БОЛСОМ ДА, ИЙГИЛИКТЕРГЕ ЖЕТИП ЖАТАМ"

– Өткөн жылы Эльмурат байке (ред.: KG Эльмурат) "Бишкекке кел, иштешели" деп чакырды. Бул жактан көптөгөн ырчылар менен тааныштым. Колдоо болсо адам өсөт тура, көпчүлүктүн жардамы менен "Шам жагалы" деген ырыбызды жаздык. Жакшы жазылган окшойт, эл жакшы кабыл алды. Видео көрө албагандан кийин клип тартуу маселеси ойлонтот, "сапаты жакшы" деген сөздү укканым болбосо, ал эмне экенин билбейм.
Менин да кыялдарым бар. Студент боло алган жокмун, себеби мени атайын мугалим окутушу керек экен. Азыр да окугум келет, китептерди барактап, ыр жаттагым келет. Ошондой эле машина айдасам дейм. Кээде жаман нерселерди көрбөй жатканыма сүйүнөм. Мен жакшы нерселерди сезем, туям, бул жетиштүү. Жашоого нааразычылыгым жок, болгону элдин "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөзү мени дайыма капалантат. Мени карасаңыз, менин мүмкүнчүлүгүм чектелип турабы, албетте жок. Кээ бирөөлөргө салыштырмалуу менин үй-бүлөм, балам бар, кааласам эшикке чыгам, сейилдейм. Демек, менин мүмкүнчүлүгүм чектелген эмес. Көзүм азиз болсо да, кадимки адамдар жетишкен ийгиликтерге жетип жатам.

"Жубайымды тамакты мыкты жасаганы үчүн сүйүп калгам".


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Айлананы өзүм элестеткенчелик көрөм" дейт Улан Осмон уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  24 
Комментарийлер(50)
21.11.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы да болсо онуго бер досум талантын ташкындай берсин.
21.11.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamatsyz. onuguunun jolunda juro beriniz
21.11.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсың Улан иним, өнөрүң өркүндөй берсин!
21.11.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын ииним бактылуу бол.
21.11.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анча-мынча биздин ары жок мактанчаак ырчыларга караганда интервью сонун бериптир.Создору да жайында молодец.
21.11.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде
21.11.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат
21.11.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу жонундо тартылган киносун коруп ыйлагам. Азаматсын Улан! Мындан ары да чон ийгиликтерди жарата бер!
VIK түзөттү 2016-11-21 18:16:42
21.11.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!
21.11.2016. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай адамдардын жан дуйносу аябай бай болот. Себеби аларды Алла озгочо инсан кылып жаратат экен
21.11.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантын оркундой берсин!!!
ар дайым алдыга умтула бер азаматсын Улан!
21.11.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн мыкты маек болуптур, Улан абдан талантту бала концертинде болгом,бирок коп адам келген эмес,азыр элдер жалан гана "популярдуу" болуп жургон ырчыларга гана барышат,барганыма суйунуп келгем жандуу ун мн эн соонун болгон,Аллах сага жар болсун)))))
21.11.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Меникине окшоп кетет экен.Менин козум так билбейм бирок, 30%-40% кором го апараттар ар кандай коргозот.Азыр мен коз айнектин жардамы менен тунугураак кором.Мен кичинемде баары мендей корот деп ойлочу элем,озумду бактылуу сезип журо берээр элем, кээ бири менин оз козумду озум бузгандай журокту муздаткан создорду айтышчу эле,бирок ал кездерди унуттум. Мектепти жакшы окуп бутком,азыр окууну суйгондугумон жогорку окуу жайында окуп жатам.Эн кызыгы Улан байкедей музыка дуйносуно абдан кызыгам!
21.11.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Улан онорун оркундой берсин коп ырчыларга караганда жакшы ырдайсын тим эле гитараны суйлотосунго
SUPER.KG видео
22.11.2016. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары сонун го уну да жакшы экен
SUPER.KG видео
22.11.2016. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну сооонун экен. Кайдан ырларын тапса болот??? Ийгилик сага. Азаматсын. Козу коргондой басат го)))гитараны алганда кийимин илгенде)
22.11.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан зат ден-соолук берсин.
22.11.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат !
22.11.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик кудайым колдоп журсун
22.11.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик азаматсын!
22.11.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын ден соолукта бол
23.11.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол! Козумдон жаштар агып кетти, уй-булоосу менен тушкон суротун коруп....
23.11.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улан, азамат жигит экенсин.Баскан-турганын, суйлогон создорун орундуу. Маданияттуу адам экендигин корунуп турат. Азыр акылы азыраак соолор деле бироо карыздан бетер жашоосун милдет кылып атышпайбы. Сендей акылдуу, ыймандуу, аракетчил, жонокой, максат кое билген, таланттуу жигитке жар болгон келинчегин да бактылуу экен. Ылайым уй-булон менен бактылуу жашоонду уланта бер, Улан.
24.11.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТВдан коруп былтыры,Уландын ырлары менен ооруп калдым эле. Бактылуу бол эки дуйно.
24.11.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын. Онорун оркундой берсин.
24.11.2016. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларын кулакка угумдуу экен. Дагы да ийгиликтерди багындырышына ишенебиз.
24.11.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шам жагалы деген ырды жакшы ырдаган
25.11.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulan2601, Oa ozgocho unu yrga kork bergendei.
Chygarmachylyk iygilik, baktyluu bolunuz
star.... түзөттү 2016-11-25 10:09:39
25.11.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызын аябай окшош экен озуно,
25.11.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге. Азаматсыз...
26.11.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул бала эки дуйно бактылуу. Буюрса бейиштен орун даяр
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо