Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлжигит Сатыбеков: "ЖАН ДҮЙНӨМДӨГҮ ТӨҢКӨРҮШТҮ САБЫР МЕНЕН ЖЕҢГЕМ"

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж

Акыркы убакта Гүлжигит мырзанын артынан "үйлөнүптүр, балалуу болуптур" деген сөздөр айтылууда. Учурда өлкөнү кыдырып гастролдоп жүргөн ырчы менен баарлашып бул кептердин чын-төгүнүн билдик.

Туулган жылы, күнү
– 1980-жыл, 9-январь
Туулган жери – Ош шаары
Билими – Ош педагогикалык институтунун педагогика факультетин бүтүргөн
Бою – 175 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – 1 уулу бар, учурда бойдок

– Гүлжигит мырза, саламатсызбы? Учурда гастролдоп жүрүптүрсүз. Концертиңиз кандай өтүп жатат?
– Сахнага чыкканыма 10 жыл болуптур, ушул жыл аралыгында элге сиңген ырларымды жандуу үн менен аткарып, "Карт бөрү", "Беш тапан" куудулдар тобу менен концерт коюп жүрөбүз. Той-топурга чакыргандар да көп, баарына жетишкенге убакыт таап жатам. Ош шаарында 5 күн концерт бердик. Күйөрмандар жакшы тосуп алды, концерт жогорку деңгээлде өттү. Жалал-Абадда бир жума концерт берсек, жергиликтүү эл колдоп берди. Эми Баткен, Ысык-Көл, Бишкекке барабыз. Нарын менен Таласта концерт коюу планда бар, сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

– Эмне кылганга азыркыга чейин эркиңиз жетпей жүрөт?
– Кыргыз маданиятын көтөргүм келет. Буга эрк эмес, мүмкүнчүлүгүм жетпей жатат десем туура болот. Күйөрмандарым менден жаңычылдык күтүшөт. "Жаңы чыгармаларыңыз, клиптериңиз качан чыгат? Муңдуу чыгармаларды көбүрөөк жазыңызчы" деген күйөрмандарымдын суроо-талаптары көп. Чындыгында убакыттын жоктугунан көптөн бери клип тарта элек экенмин.

– Спорт менен машыкканга убакыт барбы?
– Спорт залга былтыр баргам. Быйыл ага да убакыт жок. Бирок эртең менен турганда көнүгүүлөрдү жасап турам.

– Орто курактагы кризиске кабылдыңыз беле?
– Бардык нерсени акылга салып жакшы нерсени ойлоп абалдан чыкса болот. Кыска өмүрдө кризисти четке кагып, позитив менен жашап, негативден алыс болуу керек. Жан дүйнөм жабыркаган учур болгон. Ал 3-4 жылга чейин созулган. Жан дүйнөмдөгү төңкөрүштү сабыр менен жеңгем. "Баары жакшы болот" деген илгери үмүт депрессиядан чыгарып кетти.

– Жан дүйнө оорусун көтөрө албай ичимдик менен достошуп кеткендер бар. Убактылуу болсо да кайгыны унутуш үчүн ал нерседен татып көрдүңүз беле?
– Жок, андай болгон эмес. Ичимдик күйүттү басыш үчүн эмес. Анын өз орду бар да. Таптакыр ичпейм деп айтпайм, акыл-эс менен ууртап койгон жерлер болот. Азыр эл көзүндөгү адам болгондон кийин сыртыңдан көпчүлүк карап турат. Артыңдагы жаштарга үлгү болуш керек.

– Тойго ырдаганы барсаңыз ал сүйлөшкөн кызыңыздын тою болуп чыкса эмне кылмаксыз?
– "Кош бол" деген ырымды ырдап келе бермекмин (күлүп). Анын ичинде айта тургандын баары бар. Чуркаган эмес, буюрган алат. Бирок андайдан Кудай сактасын.

– Сизди үйлөнүп, балалуу болду деп уктук...
– Мени үйлөнүп, балалуу болду деген сөздөрдүн баары калп. Жакшылыгыңды эл менен бөлүшкөнгө эмне жетсин? Ата-энеме, досторума сүйүнчүлөмөкмүн да. Түшүнгөнү-түшүнбөгөнү, билгени-билбегени деле ушак чыгарып жатышат. Угуп алып кээ бирине таң калсам, айрымына айласыз күлөм. Ушул күздө үйлөнөйүн дегем. Жасай турган жумуштарым бар болгондуктан той жылып кетти. Анын үстүнө сүткө оозуң күйсө айранды үйлөп ичип калат экенсиң.

– Демек, кандай жубай керек экенин түшүнүпсүз да?
– Баары эле жакшы адам менен кол кармашып өмүр сүргүсү келет. Мага өзүн сыйлаган, жөнөкөй жар керек. Бул жашоодо жаныңдын жарымын толуктаган адам менен жашасаң гана бактылуу болосуң. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?" деген сөз бар. Өзүң ыймандуу болсоң, жубайың да ыймандуу болот.

– Жаш курагына келгендечи, жаш кызды тандайсызбы же орто курактагы кыздыбы?
– Нике кайыпка жараша болот. Эгер жаш кыз "тием" десе алам да (күлүп). Жаштын да жаштай түйшүгү болот. Бирок "алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты" деген сөз бар го. Бешенеме кимди насип кылса ошого баш байлайм.

– Маегиңизге рахмат!

Ырчынын "Мен сенден кетейинчи" чыгармасы 2013-жылы "Жылдын супер ыры" наамына татыган.


"Апамды сагындырбай айылга бат-баттан барып турам".


"Беш тапан" куудулдар тобу менен бирге өлкөнү кыдырып гастролдойбуз".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(59)
21.11.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсын!!! Бишкекте боло турган концертинди чыдамсыздык мн кутуудобуз
21.11.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ырларын издеп угамго .
21.11.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо Малика Динадан интервью алгылачы сураныыч? Турмушка чыгып корунбой кетти
22.11.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuke9292, саламатсызбы! Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
21.11.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коптон бери супер инфодо корунбой калды эле сонун маек болуптур,Оштон болорун эми билдим,Аксыдан деп уккан элем.
21.11.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен тием
21.11.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
соз жок жердешим
21.11.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгилик каалайм жаны ырларды кутобус
22.11.2016. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы создор, ылайым жанындын жартысын эртереек таап, бактылуу болушунду каалайм
22.11.2016. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир интервьюсунда тойлордо ырдаган жакпайт,тойлорго барбайм деген,кызыыык(((
22.11.2016. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эми жагып калгандыр даа ,тойдон жакшы киреше табат го артисттер,куз тойлордун сезону деп эле жыргап калышат гоо ооздору жабылбай суйунуп)))
22.11.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулжигит аке, чыгармачылыгынызга ийгилик! Жеке жашоонузга кенен жол! Ырларынызды суйуп угам го.
22.11.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик!!!Ырларыңыз сонун.
22.11.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Гулжигит мен силерге жакын айылдан болом Менин жашым отузда конулумо туура келген адам чыкпай ушул жашка келдим.Балким бири бирибизди издеп таппай жургон болбойлу.Бактыбызды алыстан издебейли
22.11.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anar8672,((((( куйоо издейм деп чыгыныз анда
22.11.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
anar8672,араке кыла бериниз созунуз мага жакты
22.11.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырлары абдан жакшы. Ийгилик каалайм дагыда мындан да жакшы ырларды чыгарат деген ойдомун.
Ден соолугу чын болсун!
22.11.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тийчунор да алчунарда бактылууууу болгула
22.11.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырлары жагат уккулуктуу,маанилуу.Чыгармачылык ийгилик калайм!
22.11.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырлары жагат мундуу болуп журокко жетет
22.11.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырларын суйом го суйом.
23.11.2016. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулжигит Сатыбековго жеке суроо берейин дегем кандай берсем болот.
23.11.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гүлжигит байке кимге үйлөнсөңүз да бактылуу болуңуз чыгармачылыңызды сыйлайм баалайм сиздей ырчылар көбөйө берсин көралбагандар ичинен түтөй берсин.Жөнөкөйлүгүңүздөн тайбаңыз өззүмдүн акамсиз да.
24.11.2016. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырлары жакшы!Ийгилик!!!
24.11.2016. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат супер инфо сонун маек болуптур. Улукмырза Полотов, Гулсун Мамашева, Атайбек Бодошов, Роза Амановалар менен маек куруп бергилечи.
24.11.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dobrajelatel, саламатсызбы! Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
24.11.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин суйуктуу ырчым. Ырлары журокко жетет. Уй булобуз менен ырларын суйуп угабыз. Созсуз уйдо , машинада анын дисктери болот. Айрыкча мундуу ырлары жакшы чыккан. Ийгилик сизге Гулжигит байке!!!
24.11.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырлары жагат
24.11.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага бардык ырлары жагат дебейм, бирок көп ырлары өтө жагат. Ийгилик...
25.11.2016. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксынын Мукур деген ацылынан болсоз керек
25.11.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун наамына эмнеге кийлигишет таптакыр тушунбойм.Алсын Гулзада деле, Гулжигит деле
26.11.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада ырлары жагат ийгилик! Жоолугуп суйлошкум келет
27.11.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит коптогон озун "жылдыз" сезгендерге караганда мыкты десем жанылышпайм
28.11.2016. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Майек алгандан мурун афтобиографасында бир уулу бар азыркы учурда бойдок деп айттынар бирок озу такыр уйлонбогом дейтко бул кандай корунуш кандай тушунсок болот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо