Клара Алибекованын сиңдиси Жанара Алибекова: «КЛАРА ЖАШТАЙЫНАН АР КИМДИН КОЛУНДА БАСЫНЫП ЖҮРҮП ЧҮНЧҮП КАЛДЫ»

№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж

«Кыргызымдын жигиттери» ыры менен таанылган кичинекей жылдыз Клара Алибекованын сиңдиси Жанара Алибекова да учурунда ырдап чыккан. «Кларанын боштугу, ким эмне айтпасын баарына макул боло берген ак көңүлдүгү байкалгандан кийин мени ата-энем «эжеңди кара» деп Кларага кошуп беришкен» дейт Жанара.

БИР ТУУГАНДАР

Эмил Алибеков
– 3 жыл мурун 39 жашында каза болгон
Бакыт Алибеков – 40 жашта, үй чарбасы менен алек
Миргүл Алибекова – 38 жашта, соодагер
Айгүл Алибекова – 36 жашта, үй кожойкеси
Клара Алибекова – 34 жашта, ырчы
Жанара Алибекова – 31 жашта, соодагер
Нурмира Алибекова – 27 жашта, үй кожойкеси

«КЛАРАНЫ УРУП КОЙЧУМУН»

- Бир туугандардын ичинен Клара экөөбүз удаа өскөндүктөн аябай ынакпыз. Клара кичинесинде өтө чыйрак, шуулдак, көчөдөгү кыздардын тентеги эле. Мен анын жанында аябай жоош болчумун.
Бир жолу велосипедге отургузуп туруп мени дөңдөн коё бергени эсимде. Мен ылдый сызган боюнча барып аңга жыгылып калгам. Ошондо баш теримди зым тилип кетиптир. Клара коркконунан көйнөгүнүн этеги менен башымды кечке баса берип көйнөгү бүт кан болгон. Кошуналар чуркап келип мени ооруканага алып кетишти. Клара ошол түнү үйгө киргенден коркуп чарпаяга түнөптүр.
Ырдап калган үчүнбү, апам эмнегедир Кларага эле кийим алып бере берчү. Ошон үчүн кийим талашып көп уруштук. 2-3-класстан тарта ага караганда боюм узарып, күчтүү болуп кеттим. Урушуп кеткенде мен аны уруп койчумун. Уруп койгонумдан пайда деле чыккан жок.

«№1-АТААНДАШЫМ ЭЛЕ»

- Жети бир туугандын ичинен бешөөбүз кызбыз. Улуу эжелерибиз үй жыйнашат, тамак жасашат, бизди “тигини алып кел, муну алып кел” деп жумшашат. Улуу эжем Клараны, экинчи эжем мени бөлүп алышчу. Кимибиз кайсы эжебизге бөлүнсөк, ошого жардам берип, майрамдарда бирге көчөгө чыгып майрамдап келчүбүз. Бир жолу апам 1-Майда Клара экөөбүзгө тең кооз көйнөк сатып берди. Биринчи Клара менен улуу эжем, андан кийин 2-эжем экөөбүз көчөгө чыгып келдик. Клараны жаңы көйнөгү менен сүрөткө түшүрүптүр. “Эмнеге мен сүрөткө түшкөн жокмун?” деп чыр салдым. Эртеси жаңы көйнөгүмдү кийип мен да Клара барган жерден сүрөткө түшкөм. Кыскасы, Клара ошол кезде №1-атаандашым эле.
Мага 7 бир тууган жети башкадай, бири-бирибизге такыр окшошпогондой сезилет. Экөөбүздөн “чын эле бир туугансыңарбы, бир эне, бир атадансыңарбы?” деп сурай беришет. Мен чоң атама, Клара болсо мүнөзүнөн бери атама окшош. Атам “мага окшош кызым” деп аны аябай жакшы көрөт. Кичинекей кезинде ырдап, бийлеп койсо “кызым артист болот” деп алаканына тургузуп алып өйдө көтөрө берчү.

«БОШТУГУНА ҮЙДӨГҮЛӨР КАБАТЫР БОЛО БАШТАДЫК»

- Мектепти аяктагандан кийин Клараны Гүлшайыр эже алып кетти. Мен да чогуу бардым. Чогуу барганымдын себеби – Кларанын боштугу, эч кимге жок дей албаган ак көңүлдүгүнөн үйдөгүлөр кабатыр боло баштадык. Гүлшайыр эже «эжеңди дайыма карап жүр, ага караганда тыңсың, кийин ага продюсер да болуп алсаң болот» дечү.

«КАЙНЕНЕСИ 20 КҮНДҮК БАЛАНЫ БИЗГЕ КАРМАТТЫ»

- Эжем менен байкем Орусияда иштешчү. Ырдагым келбей алардын жанына кетип калдым. Ошол жактан «Клара Байышка турмушка чыгат экен» дегенди уктук. Кларага байланышып «азыр турмушка чыкпай эле койбойсуңбу» дедим, бирок аны айныта алган жокмун. Ошентип Байыш Момунов экөө жашап калышты. Төрөгөндөн кийин апам экөөбүз уулун көргөнү Бишкекке келдик. Киргенде эле кайненеси «кудагый, экөө азыр жаш, иштешсин, баласын сиз багып бериңиз» деп 20 күндүк уулун бизге карматты. Апам кантип жок дейт? Жалал-Абадга алып кеттик. Балабыздын сүтүнө деп бир сом деле салышкан жок. Гастролдон келишкенде мен баланы Бишкекке алып барып ата-энесине көрсөтүп кайра кетип жүрдүм. Ашып кетсе 2 жыл жашашты окшойт, бат эле ажырашып кетишти. Жаңы ажырашканда байкем экөөбүз «ырдап жүргөн неме чүнчүп кетпесин» деп чогуу гастролго чыктык. Байкем үйүн сатып, акчасын "иште, чыгармачылыгыңа жумша" деп колуна карматты, бирок тартынып эле туруп алды.

«АЛАРДЫН КӨЗҮНӨ АКЧА БОЛУП КӨРҮНГӨН»

- Клара кичинекейинен эле ар кимдин колунда жүрбөдүбү. Анын азыркы абалга келип бош, жоош, эч нерсеге батынбай калганын ошол кезде чогуу иштешкен адамдардын мамилесинен көрөм. Клара ал кезде жаш болчу да. Ага бирөөнүн туура жол көрсөтүүсү, мээрими, тарбиясы, камкордугу керек эле. Аны алып кеткендердин максаты концертке катыштырып, келген элдин акчасын жыйнап алуу болгон. Кичинекей кызды эч ким аяган эмес, жашоосун, келечегин ойлогон эмес, иштете берип чарчатып салышкан. Алардын көзүнө акча болуп көрүнгөн. Ар кимдин көзүн карап, басынып чүнчүй берген.

Клара өтө назик, бала кыял, жоош, ишенчээк адам. Эч кимге жамандыгы жок. Бирок азыркы Клара менен мурункуну салыштырганда азыр ак-караны түшүнүп калган. Чыгармачылыкта алдына койгон максаттары көп.

«2005-жыл. Клара экөөбүз тең чыгармачылыктын казанында катуу кайнап жаткан учур».


«Учурда 3 баланын энесимин, жолдошум милиция кызматкери, өзүм базарда соода кылам».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(58)
28.11.2016. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ошо ХХХ Клара эженин концерттерден ХХХ ХХХ көрүп калчуум мурда тыккан жүрчү ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-28 17:34:41
28.11.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tyhcaiym, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган!
28.11.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Клараны Байыш дагы колдонуш үчүн эле алган.Байышка да кудай бардыр.
28.11.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Байкуш кыз жакшы ырдап жургон баары колдонду .
28.11.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
адам озун эч качан таштап койбош керек ажыраштым деп эле эмне
28.11.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эээ менин суйуктуу ырчым эле. Боорум ооруп кетти
28.11.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кудай баарына кубо, убакыт оз ордуна коюп таразалайт.
Болгону Кларадагы адамдык сапат чон жетишкендик.
Аз калды качандыр бир кезде сен каалагандай бакытты татасын, сени суйгон, куткон угармандарын бар, озуно ишен, ишин жылышып кетсин
KYRGYZJERI түзөттү 2016-11-28 20:25:10
29.11.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу болсун!Боорукер,ак конулдуктун да азабы оор.Клара эжени сыйлайм.Аман болсун.
29.11.2016. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир интервюда Байыш баласына жардам бербейт деген.Ушундай эркектен Кудай сакта ,жаманбы ,жакшыбы экоо суйушуп уйлонушту ,жашашты.Баласына жардам берип ,Кларага деле шоу бизнесте колдоо корсотуп койсо болмок.Клара ажырашкандан кийин депрессияга тушуп калган го.Балам экообуз квартиралап журуп тажадым дегенде боорум оруган.Убагында кандай суктанаарлык кыз эле.Кудай колдоп ,жакшы адамга жолугуп бактылуу болушуна тилектешмин.
29.11.2016. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Клара учун Байышты баары жаман корот. Биринчи аялын таштап Кларага уйлонуп бир уулду торотуп талаага таштап кайра мурунку аялына кыйраткансып кетип калат!!! Эркек болсо жок дегенде уйлу кылып койбойбу бир баласын квартиралатпай, Клара деле бироонун кызы да. Мен эркекмин боло берет деп кайра озу элге журтка жек корунуп калды.
Djal1987 түзөттү 2016-11-29 00:51:44
05.12.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Djal1987, Туура айтасын,кошулам. Байыш эркектик кылган жок. Жаш кыздын бактысын бузуп,андан да баласына каралшапай кеткени адамкерчиликтен сырткары болуп калды. Кайтар дуйно дейт, Байышка да Кудай бар ,баары кайтат: жакшылык да жамандык да. ошону Байыш ойлоно журсо болмок. Азыр деле уулу учун Кларага жардам кылып колдоо корсотуп чыгармачылыгына жардам берип койсо Байыштын бир жери кемип калбас эле же азыркы аял Кларадан кызганып жанжал салса керектир да.
29.11.2016. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо,Кларанын ушул Кыргызымдын жигиттери деген ырын оригиналын сурап жуктоп койгулачы.
29.11.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aziyat, саламатсызбы? Бул жерден угуп көрүңүз: http://www.super.kg/media/audio/68287/
Эгер кичине кезинде аткарган версиясын сурап жаткан болсоңуз, тилекке каршы, аткаруучу ал варианты өздүк архивинде жок экенин кабарлаган. Сунушуңузду эске алабыз.
05.12.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_superstan, жакында эле Ошто бир телеканал Кларанын жаштыгындагы ырларын чогултуп корсотту ,коруп абдан тан калгам,Кларанын ошондогу энергиясын,талантын. Анжеликанын жаштыгы,Гулмиранын кичинекейиндеги ырлары тим эле укмуш экен кызыгып абдан кордук эле. Клара ошол телеканалдардан сураштырып жаздырып алышы керек озуно эстеликке
29.11.2016. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ата энеси ар кимге бере береби кичинекей кызын. Өздөрү берип алып кичине кызды анан догурунуп коюшканы кызык. Клараны ырдатабыз дешсе мүмкүнчүлүк түзүп беришсин. Башкаларды ушактаганда пайда барбы?
29.11.2016. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам өзүнө өзү ишенип, көзү күлмүңдөп күйүп турса максатына жете алат. Клара муңайган көздөр менен карап сүрөткө түшүптүр гүлдөр менен түшкөн сүрөтүндө.
29.11.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара менин суйуктуу ырчым. Чыгармачылык ийгилик.
Umarlove9013 түзөттү 2016-11-29 10:33:14
29.11.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара эжеге ден-соолук,куч-кубат,бакыт каалайм.Келбети да,уну да,назиктиги да бир-бирине топ келишкен.Сизди эл суйот.Жаны ырларынызды эл кутот.Сахнага чон жанылыктарды жаратуу менен кайтыныз.Сиз кучтуу айымсыз.Сизге ишенебиз!
29.11.2016. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кларанын кайрадан сахнага чыгуусун абдан кутуп журом. Белди бекм бууп, эки женди туруп саххнаны жандандырышынды каалайм. Комменттерди окуп алып дагы бошоп козго жаш албай , давай кыймылда. Кутобуз сен кучтуу кызсын. Ак жол.
29.11.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыныгы таланттуулардын катарын Клара Алибекова да толуктайт. Окунучтуусу кичинесинде жакшы адамдардын колуна эмес,байлык, акча коздогон адамдарга туш болуп калышы.Азыркы "бир жарк этип очкон жылдыздарга"караганда алда канча жогору тураарын эл билсе керек.
30.11.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанара айткан "камкордукту, мээримди, туура тарбияны" ботон адам эмес ата энеси, бир туугандары бериш керек эле. Жат адамдардан талап кылганы туура эмес! Талант булак сымал козун жаап койсон башка жактан чыга берет. Кларанын бир ырды эле ырдап чыккан башка ырлары хит болгон эмес. Тоскоолдуктарды жене албаса бироону куноолонун кереги жок. Ажырашып туйшук тарткандар толтура. Жаш кезинде Кулипа Керимбаеваны, А. Иманалива,Г.Садыбакасовалар менен бири менен да ыркы келбей мени пайдаланып жа
30.11.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени пайдаланып жатат деп газеталарга интервьюларды бере берчу. Эми оз алдынча ыр жаздырып ырдаса эч ким пайжаланып кетпесе керек. Такшалып тажрыйбалуу болуп калгандыр
30.11.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара сен чокпо, тескерисинче жаны чыгармалар менен иштеп, чык кайра,эл сенин атынды,популярдуугунду унута элек. Эмнеге чунчуйсун,тартынасын, тескерисинче Байышка назло чык. Чырактай уулун бар экен ошон учун чыйралып жаша.Жашсын дагы эле,унун,сулуулугун бар. Шоу-бизнеске аралаш, уялып журо берсен баарынан артта каласын.Эл сени колдойт дагы эле.
01.12.2016. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Супер kg Жанаранын ырларын таптакыр уга элек экенмин аудио, видеолоу болсо жуктоп койгулачы сураныч??
01.12.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
batsam, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
01.12.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кичинекейимде шоктонуп жаткан учурумда твдан Кларанын ырдаганын берип калса тынчып, отуруп аны укчумун. "Кыргызымдын жигиттери", "Классташым" аттуу ырды учурда жаштары чон эле ырчылар канчасы ырдап журот. Бирок, бул ырды Клара аткаргандай эч ким аткара албагандай сезилет мага. Кларага ийгилик!
02.12.2016. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында кудай берген талантты таптап остуруп баалвп калыш керек эле.Женил мунозу турмушуна талантына залакасы тийди эч ким кунолуу эмес эрки жок озу кунолуу деп ойлрйм.Мен оз козум менен ХХХ ХХХ талантына жардам берсе болмок
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-02 09:27:40
02.12.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ajar812, далилсиз кимдир-бирөөнү каралоого тыюу салынган. Эскертүү!
03.12.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эми Клара айым кичинекей эмес го,кыркты карап калыптыр. чунчуп калгам жаштайыман деп эле журо берсе асмандан акча жаайбы ага. ырчылыктан жолу болбособашка жумушка отсун да,омур деген отуп кетет бат эле. синдиси деле ссоодага отуп кетиптир го. же байышынан жардам болбосо,ал деле бир неме болсо керек да озун кыйын сезип алган ырчымын депчи. бир кезде атактуу болгом деп эле жата берсе табагына биронун бирооиаш салып береви. кел эми сен да убагында ырдап калчы элен занкылдап деп.
05.12.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кларага бекем ден соолук жана ийгилик каалайм. Бактылуу болууну кааласан эч кимден эч нерсе кутпо демекмин. Сен кандай жашоону кааласан ошого созсуз жетишесин. Бардык нерсе озундун гана колунда. Биринчи чыкканында кандай угуп суйчубуз ырларынды, азыр деле ошондогудай ырдасан болот, ал учун биринчи озуно озун ишшенип бир жолду тандашын керек.
05.12.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ХХХ ХХХ мамиле кылган,тиги ХХХ ХХХ ХХХ. кандай талантуу кыз эле туугандар мейли эми тагдыры экен да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-05 10:30:41
05.12.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ariet.kaary90, кимдир-бирөөнү далилсиз каралоого, кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
05.12.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам Байыш Момуновду корорго козум жок, чырактай кыздын бактысын талкалады, кудай баарго шашпа
28.01.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sirduusezim,
Таштап кеткени аз келгенсип окул атасы Расул Маматкулов белек кылган квартирасын да сатып акчасынын жарымын алып алган
06.12.2016. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара Алибекова
07.12.2016. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара сен эч убакта чокпо, биз сенин ырларын менен чонойуп калдык, дагы Эле сени сыйлайбыз андан коро кайрадан сахнага кел только алга
07.12.2016. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалды кларанын кызы деген соз канчалык денгээлде чындыгы бар же бул жон Кана созбу
07.12.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krai, койчу айланайын, айтат десе эле ойлонбой сүйлөй беребиз да, эмне, Клара 8 жашында төрөгөн болобу анда?
10.12.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара эже сизге ийгилик каалайм!Сиз эн мыкты ырчысыз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо