Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИР ИРМЕМ...

№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Эрлан керебетинде бүрүшүп жатат. Бүгүн анын маанайы жок. Таң эрте медайым келип ага дары берди. Аны ичип бүткөнчө карап турду. Рита Мадиевна ага ошентип тапшырган экен. Ал дарыларды ичкен соң көңүлү айланып чыкты. Баарынан да ал эми гана өзүн оорулуу адам сезди. Ошол кичинекей тегерек дарылар ага чыныгы жашоого кайт дегендей чакырык ташташты окшойт. Өткөндө 8-палатадан чыккандан кийин да ал өзүнө келе элек болчу.
– Эрлан?- Айдай жигитти кучактап жанына жатты. – Балким, токтотобуз?
– Эмнени?
– Ушунун баарын. Мен кетейинчи?
– Кетпейсиң... Билесиң го, сен кетсең мен жашай албай калам.
– Жашайсың. Толтура адамдар сүйгөн адамдарына ошентип айтышкан. Жашай албайм дешкен. Бирок жашап эле жүрүшпөйбү. Мезгил дарылайт.
– Алар өздөрүн алдап жүрүшөт...
– Эрлан, сенин ата-энең кыйналып кетти. Токтотолучу муну?
Эрлан үндөгөн жок. Ооба, апасынын көз жашы кургай элек. "Токтотуш керек!" деди ал. Бирок азыр эмес.
– Токтотобуз! Бирок акырындап... Мен сага көнүп бүттүм. Дароо жан дүйнөмдөн сени чийип жок кыла албайм. Ачыгын айтканда, мен таптакыр эле сенден ажырагым келбейт.
– Билем...
– Билбейсиң. Билсең кетпейт болчусуң, билсең кайтып келет болчусуң... Жалдырап, чөгөлөп ыйлаганыма карабай жөнөп кеттиң. Сен билбейсиң, мен канча азап тартканымды?! Сага таптакыр эле жолукпай калсам эмне?! Сени көрбөй эле койгондо эмне?!
– Өкүнүп жатасыңбы?!
– Ооба. Мен кадимкидей эле, бардык адамдар сыяктуу жашап өтмөкмүн. Үйлөнмөкмүн, жумушка барып-келмекмин, жамандыкты, жакшылыкты көрмөкмүн, карымакмын, өлмөкмүн...
– Сен кадимкидей эле жашап жатасың...
– Жиндикана – бул кадимкидей жерби?
– Анан эмне өзгөчөлөр жаткан жерби?
– Кадимкидей акыл-эстүү делген адам жиндиканага келбейт. Бул жакка коомдон оолак, өздөрүнчө дүйнө ойлоп таап алган, ошол дүйнөсүнүн азап-тозогун тарта бергендерди жаткырышат. "Жинди болуп калыптыр" дешет. Мен мына жиндимин. Айдай деген жок адамды таап алгам.
– Мен бармын!
– Жоксуң, сени мен тапкам.
– Мен бармын!- Айдай ачуулуу түрдө керебеттен тура калды.
– Хе, мен өзүм жараткан нерсе мага каршы сүйлөп жатат!- Эрлан аргасыз күлдү.
– Мен бармын!
– Бармын дечи... Барсың, ооба. Бирок кайдасың?
– ...
– Мына мобул жердесиң,- Эрлан жүрөк тушун көрсөттү. – Бирок алыстасың. "Келбейм" дегенсиң. Кыргызстанда жашаш сен үчүн оор экен. "Күтпө" дедиң. А мен кантип үмүтүмдү үзүп коём? Күтө бердим. Күнүгө. Сагыныч жеп жатты. Билесиңби, сагыныч ичтен эзе берет, эзе берет... Акыры чыдатпай калат. Мен чыдабай калдым. Арга кеткенде сени ойлоп таап алдым. Келди, жолуктук, эми биз үйлөнөбүз деп өзүмдү ишендирдим. Башка дүйнө жаратып алдым. Жинди болдум. Эми жиндиканадамын...
– Андай болсо мени жогот да!- Эрлан Айдайдын элеси эмнегедир үрүл-бүрүл болуп кеткенин байкады.
– Жок. Азыр эмес... Сен мага керексиң!

ххх

– Эрлан кантип жатат?- Ракыя санааркай Рита Мадиевнага суроо салды.
– Жакшы, буюрса, жылыштар бар.
– Кененирээк айтып берчи... Санаам тынчыбай жатат...
– Ал азыр дары-дармектерин калтырбай ичип жатат. Ага бир аз шок терапиясын жасадык.
– Аның эмне?
– Кандай десем, аны чыныгы жашоого кайтарууга аракет кылдык. Ал жиндиканада экенин, анын ата-энеси санаа тартып жатканын түшүндүрүү үчүн ошенттик. Ал Айдайы менен дале сүйлөшүп жатат. Бирок Эрлан Айдайды өзү ойлоп таап алганын моюнуна ала баштады. Бул абдан жакшы. Санаа тартпаңыз, баары жакшы болот.
Ракыянын көңүлү жай ала түштү. Ал күн куру эмес уулун көрүүгө келет. Санаадан заматта карый түшкөндөй болду. Апасын көргөн сайын Эрландын жүрөгү жанчылат. Бирок ичинен "апам мени түшүнөт... Мен түшүндүрө алам ага" деп өзүн жооткотуп коёт.

ххх

– Эрлан, бүгүн да апаң келип кетти,- Рита Мадиевна Эрланды сынай карады.
– Ооба, мен көрдүм. Аны менен сүйлөштүрүп койсоңор болмок.
– Жок. Сен аны али сагына элексиң. Энени да сагыныш керек... Сагынычың күчөгөндө гана жолуктурам.
– А эмне мен энемди сагынган жок деген турасыңарбы?
– Жок, сагына элексиң. Сен өз дүйнөң менен алпурушуп жүрөсүң. Апаңа болгон сагыныч да сенин сакайып кетишиңе түрткү болот. Сен аны жакшы көрөсүң да, туурабы?
– Апасын ким жакшы көрбөйт?!
– Баары жакшы көрөт. Бирок эмне кыл дейсиң, ажал деген нерсе бар. Убакыт деген нерсе бар. Алардын алдында биз алсызбыз. Биз өзүбүздүн кур дүйнөбүз менен алпурушканча энелер азап тартат, картаят, анан бир күнү жок болушат... Алар жок болгондон кийин гана аларга болгон сагыныч ушунчалык күчөйт. Бирок убакыт өтүп кеткен болот...
– ...
– Мен эмне жөнүндө айткым келгенин түшүндүң да. Апаң үчүн Айдайыңды оюңдан жогот. Мен сени алдап отургум келбейт. Убакыт өтүп жатат. Кызыктай, акылсыз кыймылдарың менен апаңдын жүздөгөн чачын агарттың... Ойлон, Эрлан!
– Бирок мен...
– Эмне сен? Сен Айдайды жакшы көрөсүң. Аны менен бирге болгуң келет. Бирок бул мүмкүн эмес да. Ал жок да жашоодо. А апаң соолуп баратат. Билесиңби, Эрлан, бул өмүрдө жакшы көргөн адамдар үчүн курмандыктарга барыш керек. Сенин Айдай деп аталган жан дүйнө тынчтыгың бар. Айдайың менен жашоо тегиз. Бирок ошону сен үчүн жанын деле берип, бардык азап-тозогуңду алып калгысы келген, сен үчүн далай-далай курмандыкка барган апаң үчүн оюңдан жоготуп сал! Апаң үчүн Айдайыңды унут. Сенин курмандыгың ушул болсун!
Эрлан үн-сөзсүз отуруп калды.
–Дегеле, адамдар акылсызбыз. Бул маселе сенде эле эмес. Жүздөгөн адамдар сен Айдайды ойлоп таап алган сыяктуу жалган баалуулуктарды ойлоп таап алып, чыныгы баалуулуктарды унутта калтырышат. Убакыттан уттуруп, жакындарын жоготкондон кийин гана күйүп кала беришет...- Рита Мадиевна оор үшкүрүнө ордунан турду. Кыязы анын ичинде катылып жаткан арманы бар окшобойбу. Көздөрүнө жаш тегерене терезеден сыртты карады...

Марат Жанбараков

(Уландысы кийинки
санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Башка сандарда:
БИР ИРМЕМ (сериал) 722-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 723-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 724-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 725-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 726-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 727-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 728-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 729-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 730-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 731-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 732-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 733-сан
БИР ИРМЕМ... 735-сан
БИР ИРМЕМ... 736-сан
БИР ИРМЕМ... 737-сан
БИР ИРМЕМ… 738-сан
БИР ИРМЕМ... 739-сан
БИР ИРМЕМ… 740-сан
БИР ИРМЕМ… 741-сан
БИР ИРМЕМ… 742-сан
БИР ИРМЕМ… 743-сан
БИР ИРМЕМ… 744-сан
БИР ИРМЕМ... 745-сан
БИР ИРМЕМ... 746-сан
Комментарийлер(54)
28.11.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эн акыркы:-))
28.11.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул чыгарманын китеби барбы ким билет
29.11.2016. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун Нестана мага Однаклассниктен гости болсон Нурзамат Иманалиев
29.11.2016. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун
04.12.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не отконку санын кайра чыгарып койгонсунарбы???
05.12.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzyktuu bolup baratat
05.12.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи
05.12.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ неге бугун жазбадынар? Баары эле откон аптаныкыго
05.12.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уктап калышкан окшойт
05.12.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун жаны санын толук эле чыгара элек экен да
05.12.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бүгүнкү ирмемдери емне болду екен, кызыгып окуп көнүп калган екем, чыдамым кетти уландысын окусам дегенде..
05.12.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ne bugun jokko
05.12.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун чыгарасынарбы админ
05.12.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baary konsertke da9rdanyp unutup kalywkan go jany sanyn
05.12.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aitbaevna, jalguzum, aitbaevna, insap, agarai, Aaaaaika, jalguzum, саламатсыздарбы? Жакынкы күндөрү жарыяланат, порталга баш багып туруңуздар.
05.12.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны саны чыга элек турбайбы! Мен болсо телефонум бузулуп калыптыр депмин.
05.12.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уже окудум бул жуманыкын
05.12.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ саламатсызбы? Эмне учун жакынкы кундору чыгат?
кайсы куну чыгаарын тагырак билсек болобу?
05.12.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, суйуу суйуу адамды кандай гана акыбалга алып келбейт:(
05.12.2016. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу суйуу адамды эмне гана кылбайт ээ
05.12.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааааай супер инфо жаны саны кайда...уктап калдынарбы
05.12.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле жаны саны кайда? Эч эле таппай тушунбой жатам... билгендер айтып койгулачы сураныч
05.12.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Federica, мындан кийин ар шаршемби чыгат экен жаны саны достор эми шаршембини кутобуз буйруса
05.12.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны саны бугун чыгышы керек эле го. Админ эмнеге жаны саны чыкпай калды.
06.12.2016. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буну кино кылып чыгарса нак эле өлтүрүшөт, нормальный аткара алышпай
06.12.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийинки саны качан чыгат
06.12.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saribaeva, miska12, Federica, Nestana95, саламатсыздарбы? Толук маалыматты бул жактан алыңыздар: http://www.super.kg/kabar/news/168419/
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-06 11:10:55
06.12.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyl8080, саламатсызбы? Толук маалыматты бул жактан окуңуз: http://www.super.kg/kabar/news/168419/
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-06 11:08:49
06.12.2016. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо жаны саны жокко эмне болду?!
07.12.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу админ эмне жаны саны жокго сураныч жуктогулочу чыдамым кетип жатат бир ирмемдин уландысын окуй албай
07.12.2016. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilana,http://www.super.kg/kabar/news/168419/
07.12.2016. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дүйшөмбү күнү неге «бир ирмем»дин уландысын окуй албадым деп туталагам. Көрсө, мындан ары ар жуманын шаршемби күнү жаңыланат екен, бүгүн жаңы чыкканын көрсөм деп күтүп отурам.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо