Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨМҮРДҮН БААСЫ 200 СОМБУ?

№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж

16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Бишкекте кардары таксистти өлтүргөн кылмыш катталды. Бул кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Б.Т. аттуу тургуну кармалган. Тергөө версиясы боюнча анын таксист Нурлан Акимбаевди өлтүрүүсүнө жол киреге 200 сом төлөбөй койгону себеп болгон.

"КОЛУМА ОТВЁРТКА ИЛИНИП КАЛДЫ, САЙЫП САЛДЫМ"

Кылмышка шектүү Б.Т. тергөөдө төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Такси чакырып, аны "Ош базарына" 200 сомго айдатып баргам. Жеткенден кийин досторумдан акча алып, жол кирени төлөмөкмүн. Бирок алардан акча чыкпай калды. Анан үйдөн алып берейин деп кайра "Дордой" базары тарапка айдаттым. Жолдо баратсак, таксист досторуна телефон чала баштады, мен ага "байке, берем акчаңды" дедим. Ал сөздү көбөйтүп жибергендиктен кол көтөрдүм. Ал "уктатам" деп мени муунта баштады, анан эле колума отвёртка илинип калды, сайып салдым. Алсырап калганынан аны кармап отурдум, бир кезде таштап жиберсем эле "шалкылдап" калыптыр. Айдоочуну алып келип "Дордой" базары тараптагы мүрзөгө таштап, машинасын айдап кетип калгам.

"БАЛДАР МЕНЕН МУШТАША КЕТТИМ" ДЕП ЖООП БЕРДИ"

Кылмышка шектүү ошол эле түнү Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Патрулдук милиция башкармалыгынын инспектору Шайлоо Абдиев буларды айтып берди:
– Бишкектин Гагарин көчөсүндө баратканыбызда Хонда Фит унаасы оң жагыбыздан бизди ашып өтүп кетти. Ошол учурда ал унаанын алдыңкы оң капталындагы сүзүлгөн жерин байкап калдык. Унааны токтотууга аракет жасадык, бирок айдоочусу бизге баш ийбей барып 300 метрдей жүрүп токтоду. Ал тиешелүү документтердин бирин да көрсөтө алган жок. Анын кийимдери жана унаанын ичи кан экенин байкап, эмне болгонун сурасак, "балдар менен мушташа кеттим" деп жооп берди. "Жүрү ошол жерге баралы" деп Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишине бардык. Ошондо ал "байкелер, эми чынын айтайын" деп акча жоктугунан таксистти отвёртка менен сайып, аны "Дордой" базары жактагы мүрзөгө таштап салганын билдирди.

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, учурда бул кылмыш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайда.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(12)
28.11.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ай ХХХ ай оз келечегине озун ьалта чапкан экенсин!
Ал ортодо бироонун кара чечекей баласын суйуктуу атасын куйумдуу жарынан ажыратып куйутко салып каргышка калып кеттинго!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-28 12:10:14
28.11.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aytur, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
28.11.2016. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул каза тапкан бала менин куйоомдун досу эле жаткан жери жайлуу болсун. Артында аялы баласы калды. Жакындарына Аллам сабыр берсин
29.11.2016. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
200 сом омур кыйылды просто неверишь...а так и есть такое в жизне бываеть...
29.11.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kroxa, орусчан укмуш гл
30.11.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Alibek-0001, олтурдунуз го ))))))
30.11.2016. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Буларга ким куноолу дейсинер албетте озулору, тарбия жетишпегендиктен,Бул 200сому жетпей калса башка жолу менен деле чечсе болотго, именно адам олтурбой...
01.12.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бири бириндин жазган созунорго лайк басып комментарий жазып жалган кайгырып олтурбай тиричилигинерди кылсанар...
02.12.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олгон олду. Эми кылмышкер эмне деген жалган создорду айтса да жалганды четке какчу адам аркы дуйнодо. Чындык деле жок. Омур боюга эркиндигинен ажыратса го бир кеп эле, бирок, бир канча жыл моонот менен камакка алынганы менен аны толук отобой эле кайра эркиндикке чыгышат. Турмодон чыккан адам кайра кылмыш жасагысы келип, дагы терс жолго тушуп, коомго коркунуч жаратабы деген ой келет.
05.12.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
=(
Brendi_mega түзөттү 2016-12-05 16:57:18
06.12.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ужас
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо