ТҮРК АШКАНАСЫНЫН ДААМДАРЫ

№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж

Түрк ашканасындагы менюдан аягы кебаб деген сөз менен аяктаган тамактарды жолуктурасыз. Кебаб сөзүн кыргызча которгондо "куурулган эт" дегенди түшүндүрөт. Түрк тамактарын сүйүүчүлөр билсе керек, чынында искендер-кебаб, дөнер кебаб өңдүү тамактары өтө даамдуу. 20 жылдан бери Кыргызстанда башкы ашпозчу болуп иштеп келген Саит Танрыверди бизге түрк тамактары, алардын айрымдарынын жасалышы тууралуу айтып берди.

"КЫРГЫЗСТАНДА ЭТ ТҮРКИЯГА КАРАГАНДА 3 ЭСЕ АРЗАН"

– 6 жыл Түркияда ашпозчу болуп иштегенден кийин Кыргызстандагы досторумдун чакыруусу менен 1996-жылы Бишкекке келгем. Кыргызстанда эт арзан, суусу таза, мага ушунусу менен жагат. Бирок кышкысын жашылча-жемиш кымбат. Эт арзан деп тамак жасаганың менен, тамакты кооздоого келгенде жашылчаны үнөмдөп каласың. Түркияда эт бул жердегиден 3 эсе кымбат, бирок жайы-кышы дебей жашылча-жемиши арзан. Стамбулдун кафелери ызы-чуу, Бишкектики тынч. Азыр Түркиядагы ашпозчулар канча айлык алышат билбейм, мен бул жерден айына 30 000-50 000 сом алам. Жумасына бир жолу эс алабыз. Бул жакка келип үйлөндүм, 1 кыз, 1 уулум бар. Кыргызстан менин экинчи өлкөм. Түркияга жылына 2 жолу барып турам.

ИСКЕНДЕР- КЕБАБ

Керектелүүчү азыктар:
(1 порция үчүн)

Нан – 50 грамм
Эт – 150 грамм
Айран – 1 аш кашык
Пияз – 1 баш
Каймак – 1 аш кашык
Каймак май – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Ун – 1 чай кашык
Томат пастасы – 1 аш кашык
Суу – 1 чыны
Татымына жараша туз, кара мурч, кызыл мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач этти маринаддоо керек. Этти жалпак тилип алып татымына жараша туз, кара мурч, жарым шакекче тууралган пияз, айран кошуп аралаштырып, муздаткычта 2 күн кармайбыз.
2. 2 күндөн кийин этти кафелерде колдонулуучу чоң шампурга биринин үстүнө экинчисин тизип, отко кактап бышырабыз. Жарым саатта бышат.
3. Нанды төрт чарчы туурап, өсүмдүк майына кууруп алып, тарелканын бир четине салабыз.
4. Үстүнө шампурдагы эт ичке тилинип салынат.
5. Тарелканын экинчи четине каймак куюлат.

Соус жасайбыз

Өсүмдүк майын ысытып, ага ун, томат пастасын салып кууруйбуз. Татымына жараша туз, кызыл мурч кошуп дагы 5 мүнөт кууруп, үстүнө бир чыны суу куябыз да, 15 мүнөт кайнатабыз. Соус даяр. Андан сырткары каймак майды өзүнчө идишке эритип алабыз.
Тарелкадагы искендер-кебабдын үстүнө соусту, каймак майды куюп, жашылчалар менен кооздоп коногубузга узатабыз.

ТУЛУМБА

Керектелүүчү азыктар:

Ун
– 250 грамм
Жумуртка – 4 даана
Каймак май – 80 грамм
Суу – камыр үчүн 200 грамм, сироп үчүн 250 грамм
Кумшекер – 200 грамм
Лимон ширеси – 20 грамм
Өсүмдүк майы – 300 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Каймак май кошулган суу кайнап чыкканда үстүнө ун салып аралаштырып, 2 мүнөт орточо отто кармайбыз.
2. Камыр муздап калганда жумуртканы кошуп, жакшылап аралаштырабыз.
3. Кондитердик шприцтин жардамы менен бир формага келтирилген камырды көмөч казанда ысып турган майга салып, эки жагын кызарта кууруп алабыз.

Сироп жасайбыз

Кумшекерге суу, лимон ширесин кошуп 15 мүнөт орточо отко койсок сироп даяр. Муздай түшкөндө даяр тулумбанын үстүнө куябыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(32)
28.11.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
пиде менен лахмаджун жагат мага.башкасын билбейм
28.11.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Екинчи олком дегенине караганда кыргыз кызга уйлонгон го
01.12.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
munira-tilen, алар 2-3-4 аял кылып Ала берет. Туркторду ээрчип жургон кыздар канча )))))
28.11.2016. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турк ашканасын бир жума бою жесен коргун келбей калат!айда жылда бир жебесен!
28.11.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Турк ашканасы десе эле шириндиктердин турун элестетем.
28.11.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мендагы коргум келбейт
28.11.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайнак сууга ун салганда пышып калбайбы
28.11.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nuura-shirin, ысык сууга салса эмес майга салса ббышып, куйуп кетет.
05.12.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Унду ыссык сууга салса аталатболуп калбайбы
29.11.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саит ХХХ иштечү эле☺ мен да ушел кафеде иштеп калганда обедке искендер кебаб болот экен деп айтам деп Саит кебаб жейт экенбиз деп коём Саиттин жанында туруп алып
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-29 10:21:06
29.11.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
dinarasama, жарнамалык негиздеги билдирүүлөргө тыюу салынган, эскертүү!
29.11.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тааак эртен барып текшерип коюш кк. Ошончо айлыгын коргозуп жатабы или нет
29.11.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага пахлава жагат
29.11.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Лукум да аявай сонун
29.11.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сироп-шербет

30.11.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Doner, Maklyube jonundo da jazyp koesuzdarby suranyzch
30.11.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aika_sv, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
30.11.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
пахлаванын рецебин жазып койосузбу
30.11.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз деле уйронуп калбадыкпы Стамбулга
01.12.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага татту тулумбасы жакты,аявай таттуу болсо керек
01.12.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чечевица
02.12.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ulan4ik.80, улут аралык түшүнбөстүктөрдү жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
02.12.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага пахлава жагат
02.12.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турк тилин жакшы билген инсан катары каталарынарды ондойм капа болбогула. Лахмажун, баклава, локум. Аталыштары ушундай.
02.12.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турктордун чорбалары даамдуу
03.12.2016. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оздору кошо жакпайт тамагы турсун
03.12.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AСАН-АКА. Кыргыздар ушундайбыз бизден жакшы адам жок. Дегеле эч кимди жактырбайбыз. Кечиресинер орустан башка эч кимди жактырбайбыз.
05.12.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ неге супер инфонун жаны саны чыкпай жатат жооп берип койосузбу?
05.12.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aisu12345, саламатсызбы? Жакынкы күндөрү жарыяланат, порталга баш багып туруңуз.
06.12.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aisu12345,менда кутуп атамын Сахалинде
06.12.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jeka17,среда куну чыгат экен эми кутунуз
09.02.2017. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Turktordun Doner, Maklyube degen tamaktaryn uirongum kelip jurot birok chygynyp jasai elekmin
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо