Бактияр Касымалиев, "Азия MIX" командасынын оюнчусу: "САЛТТАР МЕНЕН ЖАШООБУЗДУ ТАТААЛДАШТЫРГЫБЫЗ КЕЛБЕЙТ"

№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж

Кыска чачтуу блондинканы Бактияр мырза бир көрүп жактырган. Ачык-айрым, шайыр мүнөз шаардык кыз "Азия MIX" командасынын көрүнүктүү оюнчусу "шамандын" жүрөгүн дароо ээлеген. Мындай өзгөчө бийкеч КВНчи жигитти теңине албай көпкө чуркаткан экен. Акыры Бактияр кыялындагы перисине жетип, 7 жыл сүйлөшүп жүрүп, экөө 19-ноябрда баш кошушту.

– Куш бооңор бек болсун! Кепти бири-бириңерди кантип байкап калдыңар, ошондон баштасак.
Бактияр:
– Биз Политехникалык институтта окуп жүргөндө таанышканбыз. Жибек кыска чачы, сүйлөгөнү, кийинүү стили менен башкалардан өзгөчө эле. Балким, сүйүп калганым үчүн анын бардык кылыктары жагымдуу көрүнө берсе керек. Ошондуктан таанышканда эле тагдырымды ага байлагым келди.
Жибек: – Бактияр 2 ай артымдан чуркады. Бир университетте окугандыктан "жолугалы, чык" деп чалса, ага жолуккум келбей эле "мугалим уруксат бербейт" деп кача берчүмүн. Ал болбой эле аудиториянын эшигин тыкылдатып "Жибекке уруксатпы?" деп сурап кетчү. Бир айдан кийин апам "көздөгөнүнөн кайтпаган өжөр жигит экен, байкап көрсөңчү? Мындай жигиттер жашоодо да максатына умтулгандардан болушат" деп калды. Бир жолу досубуздун туулган күнүндө жолугуп, ошол күндөн баштап 7 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Апамдын көрөгөчтүгү мамилебиздин уланышына жардам берди.

– 7 жыл узак мөөнөт. Кантип мамилени сактап калса болот экен?
Б.:
– Менин кеңешим, бат-баттан командировкага кетип тургула. Келгенде баары кайрадан башталгандай туюлат. Албетте, бул тамаша. Балким, бири-бирибизге темперамент, мүнөзүбүз менен төп келишебиз. Эгер мен ачуум келип жарылсам ал унчукпайт, анын ачуусу келгенде мен тилимди тиштеп чыдап коём. Сүйлөшкөнүбүзгө 2 жыл болгондо Асхат Табалдиев менен сүйлөшкөн кызына таң калчубуз. "Сен эмне 6 жыл сүйлөшүп акылыңдан аздыңбы?" деп күлчүбүз. Шылдыңдап алып биз да алардай көпкө сүйлөштүк го (күлүп).

– Бактиярдын кайсы сапатын баалайсыз?
Ж.:
– Кичине кезимде жигитим баары менен тил табыша алган тамашакөй болсо деп тилечүмүн. Бактияр максатына жете билген, иштин аягына чыккан жигит. Мына ушул сапаттарын баалайм.

– Силер салттарга маани бербеген түгөйлөрдөй туюласыңар...
Б.:
– Мен салттар баарын бузат деген ойдомун. "Мындай болбойт, тигиндей болбойт" деп эле жашообузду татаалдаштырып рамкаларды ойлоп таап алганбыз. Үйдө Жибек "чай куюп берчи" десе, мен аны жасайм. Бул мен үчүн маселе эмес, нормалдуу көрүнүш жана мага жагат. Эгер салт менен жашаган башкаларга жакса каршылыгым жок, жашай беришсин.

– Урушуп кеткенде канча убакка чейин таарынасыңар?
Ж.:
– Алгачкы жылдары күйөрман кыздардан кызганып урушуп кетчүбүз. Азыр таарынсак "биринчи кадамды өзү кылсын" деп күтпөйбүз. Көбүнчө мен биринчи сүйлөйм, себеби дайыма мен күнөөлүү болом да (күлүп).

– Сүйүү үчүн кандай эрдиктерди жасадыңар эле?
Б.:
– Мен Индияга окуганы кеткем. Ошол маалда таарынышып жүргөнбүз. Жибек мага Делиге келип сюрприз кылган. Буга чейин ал чет өлкөгө чыга элек болчу. Сочиде КВН менен жүргөндө чачымды кыска кырктырып, арт жагын жүрөкчө кылып алдырткам. Ал дагы чачын жүрөкчө кылып алдыртып сүрөткө тартып жөнөткөн. Бул кылыгы мага аябай жагымдуу болгон.

– Жибек, Бактияр колуңду кантип сурады?
Ж.:
– Бактияр экөөбүз сейилдеп жүргөнбүз. Ага достору "тоодо баратып жол кырсыгына кабылдык, унаабыз көңтөрүлүп калды, жардамга келгиле!" деп чалганда дароо ал жакка жөнөп калдык. Биз тоого барып аларды издеп жүрсөк Бактияр тизелеп отуруп "мага турмушка чыкчы" деп колумду сурап жатпайбы (күлүп).
Б.: – Мен досторумдун бирөөсү жол кырсыгына кабылганын ойноп коюшун сурангам. Унаамды тоонун жанына токтотуп "аларды ушул жерден издеш керек" десем, Жибек издей баштады. Мен ал убакта шакекти алып чыгып, "кантип жанына барып сурасам" деп толкунданып даярданып жаттым. Ошол жактан колун сурасам "шок" болуп түшүнбөй калды. "Досуң кырсыктап жатса колумду сурап тамашалайсың да!" деди. Мен бул даярдалган сценарийге досторубуз жардамдашканын түшүндүрдүм. Кийин досторубуз "башкача сунуш киргизүү оюңа келбей койдубу?" деп күлүп жүрүштү.

– Дароо эле макул болдубу?
Б.:
– Макул болбогондо каякка бармак эле? Мен ошондо кетип калсам тоодо жалгыз калмак да (күлүп).

– Жибек, өзүңүздү тааныштыра кетпейсизби, каякта иштейсиз?
Ж.:
– Азыр көркөм сүрөт окуу жайында окуйм. Биринчи жогорку билимим жан дүйнөмө туура келген жок. Сүрөт тартуу, чыгармачылык менен алектенүү бала кезимдеги кыялым. Анан сулуулук жаатында билим алып жатам, келечекте стилист болом деген тилегим бар.

– Бактиярдын "Азия MIX" командасында ойногонуна сыймыктанасызбы?
Ж.:
– Ооба, үй-бүлөбүз менен оюндарды калтырбай көрөбүз. Айрыкча атам аябай жакшы көрөт, бирок билгизбейт (күлүп).
Б.: – Жибектин ата-энеси алтын адамдар. Экөөбүз таарынышып кетсек апасы "сен күнөөлүүсүң" деп Жибекти урушуп, дайыма мага болушат.

– Канча балалуу болгуңар келет?
Б.:
– Көп болсо 2 балалуу болгубуз келет. Жаш кезибизде, саякаттап, башка элдердин маданиятын, жашоосун көрүүнү каалайбыз. Саякаттаганда жашоого болгон көз карашың өзгөрөт. "Жашоону татаалдаштырбай эле жашаса болот турбайбы?" деген ойго келесиң. Индияда жүргөндө кедей адамдардын бактылуу жашаганын көрүп таң калгам. Керээли кечке велосипед айдап киши ташып иштешсе да ар бир күнүнө ыраазы болуп жашашат. Бул жакка келсең акчасы, унаасы, үйү бар туруп бактылуу эмес.

– 2 бала аз эмеспи?
Б.:
– Биз "жаңы кыргыз" болгубуз келет. Бул азыр провокациялуу угулса керек. Мен 5-6 бала төрөп алып тер акканча иштеп, бир кийим менен жүргөндөрдү түшүнбөйм. Алар "улуулары чоңойсо кичүүлөргө жардам берет" деп ойлошот. Андай болбойт. Улуусу чоңоюп өзүнө байпак издейт. Чынында, мага бул нерсени түшүнүү оор. Балким, мен айнып калсам керек. Жибек 4, мен 3 бир тууганмын. Мен аз жана сапаттуу болушун каалайм. Бирөө болсо да билимдүү, курсагы ток болушу керек.

– Тилегиңерге жеткиле. Маегиңерге рахмат!

Бактияр Касымалиев "Азия МIX" командасында казак шаманынын образы менен белгилүү.


Динара Абдыкадырова
Дэвид Жойсон
star@super.kg


“Азия Микстин” шаманы Бактияр: “Жибек Индияга келип сюрприз кылган”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(40)
SUPER.KG видео
25.11.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Baktyluu bolgula.Jubaiy azamat aiym eken korunup turat.Аял жакшы эр жакшы degendei kuiosunun baktyluu ekeni korunup turat.
SUPER.KG видео
26.11.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Биз жолдошум экообуз кыздуу болгонго чейин кара денизге Крымга эле барган элек. Кызым торолгондоюн биринчи самалету кандай перенесет деп коркуп журдук. Кыргызстанга бир учуп барып келгендейин все было хорошо. Малазияга, Гоага барып келдик и крымда болдук балан менен саякат кылган кандай жакшы. Сенин жанындан жаралган баланда сен коргон жыргалды коруп журду. Эми бала жонундо ар кимдин оюу башка бирок чын эле орустардан да хуже рассуждать этет экен. Бала баш оору эмес бала бакыт.
Медиа-портал
26.11.2016. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эне тилде суйлогулочу! Балдарын Кыргызча болсун! Бактылуу болгула!
28.11.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Балалуу уй базар, баласыз уй мазар"-деп айтчу беле атам Кыргыз!
28.11.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Оз жанынардын ойлогон немелерго... бала багууну проблема кылса ананда элине, жерине бир тыйын пайдасы жокда булардын...окунучтуу.
Медиа-портал
28.11.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Аябай жакты каармандар. Бир келген жашоодо ушинтип жер көрүп, бири-бирин сүйүп гана жашаш керек.
28.11.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмии озунор билесинер да кантип жашашты. Бактылуу болгула башкысы!
28.11.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
максимум 2 бала дейт го чиркин!саякаттайбыз азыр деп!бала жытына не жетсин!
28.11.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Тим эле силер 10ду тороп торотуп койгондой ичи куйдулонуп жазасынар да. Азыр копчулук 2-3 бала мн токтотуп койуп жатышат. Азыркы муун тушунуп жетти салт санаа эскичилик 9 -10 бала бул азыркы жашоо стандарттарына туура келбестигин. 2 баланы сапаттту тарбыялап татыктуу жашаса да болот, 6 ну тороп чонойтуп алтоосун окутуп кийинтип там салып аларды тындыргыча картайат оорукчан болот. Кийин балдары карайт бирок ден соолукту нервти жаштыкты кайрып болбойт артка , эми жашоонун жыргалын коройун дегенде
28.11.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
AKCAHAT, Ушундай ой-жугурткондорно аябай зээним кейийт. Бир эки эле балалуу болуп токтотуп коюш керек, озун учун жашаш керек деп. Ылайым эле ошондой жаша озун учун жаша кийин каарыганыңда сен каарылар уйуно таштап ал балаң да озу учун жашасын. Максатыңа жеткирсин Кудайым.
28.11.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кайрат, бул жашоонун зарылчылыгы . Бироого олум тилегиче озуно омур тиле . Гуманист ...в.
29.11.2016. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
AKCAHAT,Пайгамбарыбыз коп балалуу болгула,менин кммотторум коп болсун деген осуяты бар.Сага ашыкча суйлобойм,себеби баары бир жообун даяр.Бирок тетири пикир калтырбасан жакшы болмок.
30.11.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Jyrgal_msk,Ислам олколорундо отуз кырктан бала торотуп, саны бар сапаты жок ,нищетада жашашат ошол жашоону энсеп жатасынарбы.Мындай чойродо тарбияланган балдардын психикасы жабырланат.
28.11.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Салттар менен жашообузду татаалдаштыргыбыз келбейт деген сөзү жакты. Мен да ошентип ойлойм. А бала маселесине келсек, балалуу болгондо ою өзгөрөт чыгар. )
28.11.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бала бакыт,бала жашоонун манызы го,Пайгамбарыбыз да коп балалуу болгонго ундойт го. Ар кимдин озунун ою бар дечи,ошентсе да бир балалуу болгондо оюн озгороттур.
28.11.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшынакай эле ой жугуртуу. Бала тууралуу айтсам такыр балалуу болбойбуз ит же мышык багып алабыз дешпептир го.
28.11.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Новые киргиздер эмне дейбиз ишинерге ийгилик!!
28.11.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балалуу болбойм,деген жок. Азыр элдики ашып кнтсе 3 бала. Ошол 3 баланы да багалбай жатышат. Илгери сактанат деген жок эле, боюнда боло берет эле торой берет эле. Боло берсе торойт да эмне кылмак башка.
28.11.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула бир жагы туурале айтат ар ким озунун жашоосун озу курат.
28.11.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир балалуу же он балалуу болосунбу,же такыр бала жытына зар болуп каласынбы? Ал бир гана Алланын каалосу пенденин эмес. Озунор ойлогондой бактылуулука жеткиле демекмин,анткени ар пендеге ыроологон ырыскысы бар Жараткандын. Бактылуу болгула.
29.11.2016. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бир эженин 1 уул, 1 кызы бар экен. Анан кызы турмушка чыгып кетип, баласы менен чогу турушчу экен. Анан уулу кырсыктап авария болуп олуп калыптыр. Ошондо эженин ыйлаганы эсимде, жаш болсом дагы торойт элем деп. Анан дагы 40 жашта болуп бир трубасы операция болуп алынган экен. Ошон учун Аллахым бала берсе да омуру менен берсин.
29.11.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ХХХ кыргызымдын салт санаасынан ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-30 09:31:25
30.11.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
wwwww, этика нормаларын сактаңыз!
29.11.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз7бир тууганбыз Жараткан Эгеме чексиз шугурлор болсун бир кийимчен жургон жокпуз мен буттум окууму иним былтыр бутту синдим менен дагы бир иним жогорку окуу жайда окушат калгандары мектепте озун айткандай сапатуубуз ар бир бала ырыскысы менен торолот буйруса мен да кооп балалуу болгум келет жок дегенде 4балалуу болгум келет
29.11.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Андайларга тушунбойм дебей эле кой биз копчулук болуп ушунчалык бактылуубуз сага соз менен айтып тушундуруп бералбайм Бактияр
04.12.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
xnurgul_gul,туура ар бир балага кудай ырыскы болуп берет,,бирок мен жалгыз жолдошум иштесин деп 4 баламды куну туну жалгыз карадым..ден соолук да керек го чогуу багышкан киши болсо билинбейт кичинесинде,,чонойуп калса, ал бир чоон бакыт,торогондо коркконум кайра эле жалгыз багам ушу 4 баламдын кудай омурун бакытын,ден соолугун берсин....деп тилейм...
29.11.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп бир тууган болгон ушунчалык бакыт мен сага соз менен тушундуруп бералбайм
30.11.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буйруса 15 балалуу болом кудайым берсе ар бир бала оз ырыскысы менен торолот кантип багам деп эч коркпош керек
30.11.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кээбир адамдардын ой жугуртуусуно тан калам, айтып жатпайбы 2 балалуу деп. 5-6 тороп коюп бага албай, таштап жургондор канча. Бала деген бул ак кагаз, ага кандай сурот тартсан ошондой болуп чоноет. Биздикилер торой беришет кийинкисин ойлобой эле, ошонун айынан канчалаган жаш балдар Россиялап журушот ата энесине жардам берем деп, эгерде ата энесинин башы иштегенде эрткенкисин ойлогондо бир баласы болсо, ага конул буруп, колунан келген аракетин кылса аябай интелегенттуу адам болуп чоноет.
30.11.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы балдар болсо ой жугуртуусу начар, 20 кылымда жашагандай эле. Аябай окунучтуу, биздин адамдар илимдуу билимдуулору аябай аз. Айылдагы дегеле шаардагы деле билимди которуш керек.Дагы эле жанагы коррупция, башы иштебеген адамдарга деле диплом берип жатпайбы. Эми элестетип коргуло Кыргызстан 10-20 жылдан кийин эмне болот. Азыр коп эле уул-кыздар Россиялап журушот окууну ойлобой эле, ата-энесинин кредитин толойм деп. Ошол жаштар биздин келечегибиз,аябай окунучтуу.
30.11.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир бала оз ырыскысы менен торолот .
30.11.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакпайт жакпайт)),алтын таажы кийгизсе да ХХХ ХХХ Оздоруно жаккандай бактылуу болушсун.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-30 16:16:57
30.11.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Eleko, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
03.12.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ниетине жараша бала берет ниетини жакшы туз кыла бергиле
04.12.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аз балалуу болобуз дегени эмнеси кудай канча берсе ошондой болот да
06.12.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны киргиздер. Салт менен, тил менен улут, улуттугун сактайт.
06.12.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баха, Жибечка силердей ан-сезими бийик тугойлор коп болсо жакшы болот эле. Ото ХХХ ХХХ оюн укпай эле койгула. Тилегинерге жетип 2 балалуу болсонор да, силерден гений балдар жаралсын.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-06 14:37:55
06.12.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marty77, кимдир-бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо