Динара Акулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "БАКТЫЛУУ ӨМҮР СҮРҮҮ ЖОК, БАКТЫЛУУ КӨЗ ИРМЕМДЕР ГАНА БАР"

№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж

"Менин күйөрмандарымдын көпчүлүгү аялзаты экендигин жакшы билем. Андыктан жалпы эле кыргыздын кыз-келиндерине айтар элем, эң башкысы сабырдуу, токтоо, чыдамкай болгула. Жашоонун сыноолоруна сынып тамеки чегип, сыра ичип, түнкү клубдарга баруу маселеден чыгуунун жолу эмес",- деген мааниси терең кеп-кеңеши, чыгармачылыгындагы, жеке жашоосундагы жаңылыктары менен Динара Акулова бөлүштү.

– Саламатсызбы, Динара эже? Сизди маекке чакыруу үчүн байланышканыбызда бала карап убактыңыз тар болуп жатканын айттыңыз.
– Ооба, ар бир курактын өзүнүн ырахат тартуулаган учурлары болот эмеспи. Менин да таене болуп, небере жытын искеп турган убагым. Улуу неберелеримдин да ар биринин кыркын өзүм чыгарып, торолгончо кызыма кол кабыш кылгам. Азыр Маликамдын кызы Айгүндү карап жатам. Малика өзү жеке концертин берүү алдындагы иштери менен алектенип, үйдө отуруп бала кароого убактысы жок. Анын үстүнө өзү да бала. Чарчап келип наристесин жыттап эс алганы болбосо, баланы кароо ырахаты жана түйшүгү толугу менен менин моюнумда. Буюрса, кызыбыз 1 жашка толуп, там-туң басып калган учуру.

– Неберелериңизди карап туруп убакыттын өткөнү тууралуу ой жүгүртөсүзбү?
– Албетте, ойдо чек жок. Адам баласы тарыхын да, учурун да, келечегин да ойлонуп жүрөт эмеспи. Өзгөчө аялзаты.

– Андай ойлордун курчоосунда жашооңуздагы кайсы учурду артка кайтарып алгыңыз келет да, кайсы бир кетирген катаңызды оңдогуңуз келет?
– Жашоодо бактылуу өмүр сүрүү деген жок, бактылуу көз ирмемдер гана бар. Болбосо турмуш чындыгында татаал нерсе. 18 жашка эмне жетсин, ошол курагымды сагынам. Балалыгым өткөн айылымды сагынам, бирок азыр ал жакта мени күткөн эч ким жок. Энемдин үйү да сатылып кеткен. Ошол үйдүн чатырына чыгып алып "Асыл энем, таалайым менин энем" деп ырдаганымда "ай, Түмөнбай, түш, эл укса эмне дейт?" деген энемдин үнүн эстегенде жүрөгүм жылыйт. Ошол курагымды сагынам. Анан да кош бойлуу кезин ар бир аялзаты сагынса керек. Ал эми өткөн нерсеге өкүнүп калган учурлар көп эле болот. Бул өкүнүү дебейм, бирок артка кайтууга мүмкүн болсо ырчылык кесипти тандабайт белем деп калам. Анткени бул чөйрө абдан тар. Кандай кыймыл-аракет жасасаң да элдин көз алдындасың. Элге таанылып алган соң артка жол жок, бул чоң жоопкерчилик жана жүк. Анан да бул кесип жеке жашоого көпчүлүк учурда терс таасирин тийгизет. Мугалимдик, кол өнөрчүлүк кесиптери жүрөгүмө жакын.

– Бирок болбой эле кызыңыз Малика да сиздин изиңиз менен атактуулукту көздөй кадам таштады...
– Малика кичине кезинде "ушул кызым, менин жолумду жолдоп ырчы болот" деп ойлочумун. Азыр тескерисинче "бул чөйрөнүн түйшүгүн мен жакшы эле тарттым, жетишет, кызымдын түйшүгү аз болсун, башка эле кесип тандап алса" деп ойлоп калдым. Анын аял катары бактылуу болушун гана каалайм. Балдарынын мээримдүү энеси, жолдошунун сүйүктүү жары болуп эле жан дүйнөсү тынч болсун дейм.

– Убактыңыздын тардыгына карабай жеке концерт бергенге жетиштиңиз.
– Убактымдын тардыгынан көп нерсеге жетишпей калып жатам, ошентсе да аракеттенүүнүн үстүндөмүн. Былтыр жеке концертим берилбей калды эле, эки жылдык эмгектеримди чогултуп быйыл өткөрүп алдым. Анын үстүнө бала багуу да бир адамдын колун кармайт эмеспи, неберемдин тиши чыгып, буту басып түйшүктөнүп турган маалында күнү-түнү тыным жок. Айгүн да менин күн тартибиме "настройкаланып" калды (күлүп). Түнкүсүн мен жумуштан келгенден кийин анын курсагын тойгузам, жуунтам, кийимин даярдайм дегендей, ошентип биз жатканча саат 2 болуп кетет. Бирок кеч жатканын компенсациялап эртең менен кеч турат.
Бүгүн бир жакшы таанышыма жолугуп калсам "аябай чарчаңкы көрүнөсүң" дейт. Канча чарчабайын бала бакыт гана тартуулайт. Учурдан пайдаланып кичинекей наристе кучактап отурган энелерге күч -кубат каалайм. Буту баса элек, тили чыга элек периштелерин аман-эсен чоңойтуп алышсын демекчимин. Ден соолук мүмкүнчүлүк берсе көп балалуу болгон жакшы. Азыр, мисалы, менин кыздарым турмушка чыгып, үй-бүлө куруп кетишти. Кээде "балдарым көп болгондо" деген ой келет.

– Бош убактыңызда, эгер болсо, кандай эс алууну жактырасыз?
– Чынын айтсам, азыркы күндө бош убакыт жок. Азыр тойлордун, жакшылыктардын сезону, иштеп жатам. Шашып эле жүргөндөн тажап кеттим. Эртең менен деле, түштө деле, кечинде деле шашып жүргөн болом. Бир жерге барыш керек болуп калат. Анан үйдө кир жууп койгон болсом аны жайып чыкмайын жаным тынчыбайт, конок келип калса, аларды таштап кете албайм. Ошентип жатып эле бара турган жагыңа кечигип каласың. Эми болсо жаңы жылдык тартуу иштери башталды. Негизи, өмүр бою эле уйкуга зар болуп келе жатам. Тынчтыкты аябай сүйөм, тымтырс бөлмөгө кирип алып уйкум канганча уктасам жакшы эс алам. Ошентсе да элимдин дем-күчү менен талыкпай эмгектенип келем.

– Маегиңизге рахмат, талыкпай ийгиликтерди жарата бериңиз!

"Убакыт учкан куш, кичинекейим Малика да азыр эне".


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Динара Акулова: "Чоңдор" кээде ырдабай турган жерде ырдатышат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(37)
SUPER.KG видео
26.11.2016. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бар болунуз.Созунузго кошулам.
SUPER.KG видео
26.11.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Манас Бердибековко окшошуп калган го жаш кези. Динара эже жашоонузга береке,кыздарынызга ыйман,кемибес ырыскы,кетпес доолот берсин. Балпайган ар дайым тордун ээси болгон бактылуу карылыка жетиниз, ийгиликтер коштосун сизди.
SUPER.KG видео
26.11.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Озу суйлосомбу суйлобосомбу болуп чоюлат го. Бирок, Маликанын турмушу жонундо созду норм жооп берди.
SUPER.KG видео
26.11.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динара эже сизди сыйлайм.айылга концер коюп барганыныз эсимден кетпейт
SUPER.KG видео
26.11.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
талантынызды сыйлайм. дагыда онуп осоо бериниз. женил макияж жасатып келсе жакшы болмок.
SUPER.KG видео
26.11.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
талантынызды сыйлайм. дагыда онуп осоо бериниз. женил макияж жасатып келсе жакшы болмок.
SUPER.KG видео
26.11.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер Инфо Роза Аманова эжекебиз ди да маеке чакырыныздарчы.
Медиа-портал
26.11.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Динара эженин 1-чи очередь талантын сыйлаш керек.
Бизге ырларынан башка эмнеси керек?!
Женил желпе ырлары жок, баары орду менен.
Сахнада коптон бери журсо да ушул айым жонундо жаман соз уккан эмесмин.
Кызыда озуда талантту жана "Звезда" ооруусу менен оорубаган ырчылар
SUPER.KG видео
27.11.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинодо жакшы тартылган. Ырлары соооонун!Ден соолук бакыт каалайм. Ай кызымды угуп ыйлап алам апамы сагынып Кыргызстанга кетким келииип...
Медиа-портал
27.11.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Динара эже душа компании, тойго барып ырдаганынызда элдин баары позитив алат. зажигательная, обворожительная, умная, талантливая и просто красивая женщина.
сизге дагы кыргыз эли эл артисти наамын давно берип койгон. Сиз менен чогу Бек, Асел, Абдылда замандаштарыныз да бул наамга илгери эле татыктуу болушкан.
SUPER.KG видео
27.11.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талант деп Динара эжени айтса болот.
SUPER.KG видео
27.11.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концертке киши барбайт анткени ырчылардын баркы кеткен корунгон тойдо тажадып ардай бершип,а илгери чыныгы артист ырчы жылдыз болсу барктуу)
SUPER.KG видео
27.11.2016. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
ынтрыга....
SUPER.KG видео
28.11.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat
Медиа-портал
28.11.2016. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Динара эженин суйлогон манерасы, озун алып жургону мыкты. Улгу алчу эжесиз. Талантынызга таазим!
28.11.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
чойулат го тимеле чойулат
28.11.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
маектин башында тамеки чегип ичкилик ичпегиле деп башкасы айтса да динара айтпасынчы
vangolu түзөттү 2016-11-28 11:13:20
28.11.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
vangolu, неге? Озун коргонсунор го?
28.11.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Deniza88,бир нерсе айтып берсем банга кетип каламбы.унчукпай турайынчы
28.11.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Инстаграмда тим эле Малика ажырашты кылып жибериштиго маектин башында Айгунду карап жатам десе чочулап кеттим ылайым тынч эле жашагылачы ырды жыйыштырып коюп
Медиа-портал
28.11.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
asil-08,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат?
28.11.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бактылуу жашоо жок, бактылуу коз ирмемдер бар" деген созду мен да айтып калам! Таене болуп кыздарына каралашып жатканын сыйлап кеттим,
Медиа-портал
28.11.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динара Акулованын талантын баалайм, уну аябай соонун, ырлары да уккулуктуу. Маеги да абдан жакты орду менен суйлоп, берген суроолорго так жооп берди. Искуство адамдарынын баары ушундай болсо жакшы болмок, азыркы ырчыларда суйлоо маданияты жок
28.11.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай маанилуу маек болуптур!Ийгилик сизге эжеке!
28.11.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Урматтуу админ,сураныч Кайрат Нуртастын жаны чыккан Журегимди устап турып деген ырын киргизип коюнуздарчы.
28.11.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талыкпай эмгектене бериниз!Эмгек кылып,эл менен аралашып жургонго не жетсин!Ден-соолук болсун эн негизгиси!
28.11.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Чондор" ким болду экен.
28.11.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
в глазах негедир боль,тоска,ыйлагысы келип тургандай корунду.канча жылмайып турсадагы,аябай кучтуу аял экен,сыйга,урматка татыктуу экенсиз!ден соолугунуз бекем болсун,бактылуу коз ирмемдер коп болсун жашоонузда
29.11.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баламды алып отуруп окуп жаткам эженин каалоосу абдан жагымдуу болду. рахмат эже, сиз да неберелериниздин жытын жыттап журо берин. чыгармачылык ийгилик.
02.12.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туура айтыптыр. ападан кийин торкун жок,деп коюшат ко кыргызда.ошол учун айтып атат да,айылда мени куткон эч ким деле жок деп. жакшы маек болцптур. а бу жактагыларга ушактатып эле койсо. кызынар да,эркегинер да бирдей ушакчы болуп кеттинер
03.12.2016. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтасыз мурда ырчыларды көрүү кыйын эле. Концертке барсак мактанчу элек. Азыр тойдо топурап эле ырчылар жүрөт. Сиз айтмакчы эл менен чогуу тамактанышат, сүрөткө түшүшөт. Автограф ошол.
05.12.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эжебиз кооз суйлогонго аракет кылат, бирок ото маанисиз. Кудай ораторство дегенди айтпаган. Бирок талантын сыйлайм, жарк эткен жылдыз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо