MC_DONCHA, вайнер: «МАГА ЧЕТ ӨЛКӨДӨН ДА ПРОДЮСЕР БОЛОМ ДЕГЕНДЕР ЧЫКТЫ»

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж

Бир апта ичинде Инстаграм аркылуу интернет жылдызына айланган вайнер MC_DONCHA менен байланышуу кыйын болду. Биз телефон чалганыбызда менеджери Казакстанда деди. Көрсө, вайнер КТК телеканалында жаңы жылдык көрсөтүүлөргө тартылып жүрүптүр. Бир айга жетпей Инстаграмдагы окурмандарынын саны 300 миңге жеткен вайнер казакстандык битмейкер Jah Khalib менен дуэт аткарганы да талкууга алынып жатат.

МС_DONCHA тууралуу...

Аты-жөнү
– Данияр Токтомаметов
Туулган жылы – 1992-жыл, 5-декабрь
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу
Билими – Кыргыз эл аралык университетинин алдындагы колледжди аяктаган
Билген тилдери – Кыргыз, орус, казак, англис
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 64 килограмм

– Данияр, бир аптанын ичинде атактуу болуп кетүү кандай экен?
– Оңой эмес. Бир заматта башка түшкөндө кандай кыларыңды билбей калат экенсиң. Бакырсамбы же бакырбасамбы, сүйүнсөмбү же унчукпай койсомбу деп башкача сезимдердин курчоосунда калдым.

– Популярдуу болуп кеткенден кийин жардамчы күттүңбү же мурун эле бар беле? Дегеним, менеджериң бар экен го...
– Ооба, менеджерим бар, аты Бектур. Бектур экөөбүз көптөн бери чогуу иштейбиз, менин досум. Кандай маселе жаралбасын бири-бирибизден жардамыбызды аябайбыз. Популярдуу болуп кеткенден кийин жалпыга маалымдоо каражаттары чакыра баштады, жарнамалар сунушталды, ошонун баарына жооп бергенге жетишпей калдым. Анан жардамга Бектур келди. «Сонун болуптур» дегендерге рахмат айтуу деле көп убакытты алат экен. Аларга жооп бербей койсоң да болбойт. Окурмандардын айтканына кубанып, курсакты сылап да жата албайсың. Бул популярдуулукту колдон чыгарбай, арты-артынан күлкүлүү видеолорду тартып, дайыма эл менен бөлүшүп турууну ойлоп иштеп жаттык. Ошондон тарта Бектур менин менеджерим болду.
Досторума ыраазычылыгымды билдирем, мени дайыма колдоп келишет. Бир аптанын ичинде популярдуу болгонум кандай эмгек менен келгенин алар жакшы билишет. «Азаматсың, бир жыл бекер иштебептирсиң» дешти. Анткени мен видеолорумду бир жылдан бери тартып жүргөм.

– Бир гана вайнерлик менен алектенбесең керек?
– Буга чейин вайнерликтен сырткары теледолбоордо, студияда иштечүмүн. Режиссёр-оператор, редактор, монтаждоочу дегендей бир учурда бир нече милдетти аткарчумун. Азыр деле жарнама компаниясында иштейм. Учурда Инстаграм вайнерлер үчүн өзүнчө жумуш болуп калды. Жарнамалап бергиле деп өз товарын сунуштаган компаниялар өтө көп.

– Мурунку Данияр менен азыркы MC_DONCHA`нын айырмасы барбы?
– Айырмасы жок. Ошол эле иштерман, мүнөзү деле ошондой Даниярмын. Кээ бир тааныштар интернеттен жазышат, жооп бергенге убактым болбой калса, кайра өздөрү «жылдыз болуп кеттиң беле?» дешет. Азыр менде жадакалса жеке жашоомо убакыт жок. Сүйлөшкөн кызым жок, андыктан киного, кафеге, көңүл ачуучу жерлерге да барбайм. Оюн ойнобой, эч ким менен таанышпай тынч жүргөн жигитмин. Бир жыл мурун кандай болсом, азыр деле ошондоймун.

– Негизи сүйүү менен таанышсыңбы?
– Албетте, балалык сүйүү болгон. Мен анда 8-9 жашта болчумун. Менден 2 жаш улуу кошунанын кызын катуу сүйгөм. Ал башка жакка көчүп кеткенде «Титаниктеги» Жектей өлүп кала жаздагам. Чоңойгондо деле сүйүү келди. Эки жыл мурун бир кыз менен сүйлөшкөм, бирок мамилебиз токтоп калды. Ошондон бери жүрөгүмдүн ээси жок.

– Казакстандык битмейкер Jah Khalib менен дуэт аткарыптырсың, бул кандайча жүзөгө ашты?
– Jah Khalib Инстаграмдагы видеомду бөлүшкөндөн кийин мен ага «чоң рахмат» деп жаздым. Ошентип экөөбүз сүйлөшүп кеттик. Ал жакында Бишкектеги түнкү клубдардын бирине концерт берген, ошондо жакындан тааныштык. Анан ошол жерден видео тартып койдук.

– Видеолоруңду жүктөп, сенин атыңдан ачылган фейк баракчалар көбөйүптүр, аларга чара колдондуңбу?
– Ар бир адам өзүнүн ишине жооп берет. Негизинен каршы эмесмин, ачса ача беришсин.

– Видеолор кандай тартылат?
– Бир видеону 15-20 жолу тартып чыгарган учурлар болот. Өзүм тартам, кээде иним же Бектур жардам берет. Келечекке жакшы пландар бар, анын баарын ачыкка чыгарганга болбойт, кыскасы, бир нерсенин ичинен чыгам. Кыргызстандан, чет өлкөдөн мага продюсер болом деген сунуштар түштү. Бирок мага анын кереги жок. Продюсер күткүдөй эстрада ырчысы, Голливуддун актёру эмесмин. Мен өзүм менен өзүм болгонду жакшы көрөм.

– Бала кезден эле ырга, тамашага жакынсыңбы?
– Бала кезим Бишкекте өттү, өтө жоош болчумун. Жоош болгондуктан тамашага, ырга деле шыгым байкалган эмес. Футбол ойноп көчөдө эле жүрчүмүн. Апам мен окуган №45-мектепте кыргыз тилден мугалим, атам Кыргыз улуттук агрардык университетинде кафедра башчысы, илимдин кандидаты. Экөө тең мугалим болгондуктан менин сабактарымды укмуш текшеришчү. Мектепте жалаң активисттер менен чогуу жүрөр элем. Эл аралык университеттин алдындагы колледжге тапшырып, ал жерде студенттик лигада ойноп жүрүп, «Тамашоу» долбооруна катышып калдык. Ошондо эле мени жалгыз басып жүрө бересиң деп көп айтышчу. Негизи мен эл менен көп баарлаша бербеген, эч кимге тийишпей өзүмдүн жашоом менен жашап жүрө берген адаммын.

Данияр эл ичинде хит болуп кеткен "Слёзы текли" ырын казакстандык битмейкер Jah Khalib менен дуэт аткарып, күйөмандарынын кызыгуусун арттырды.


Интернет жылдызы бир кезде "Тамашоунун" «Brооklyn-IUK» командасында ойногон.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(24)
07.12.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
07.12.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
атын чыкпаса жер ортто
07.12.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Силерге кандай билбейм бирок жанылык 3куну чыкканы мага кызыксыз болду, гороскоптон башкасын окубадым
07.12.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirzohidjon,ооба менда кундо ачам обновленин болгон эмес мына эми жаныланды
07.12.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
tinistan,айтпа мен да кундо ачып карасам эскиси эле журот анан ойлоп кеттим спердин газетасын эч ким албай койгон окшойт деп.
08.12.2016. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mirzohidjon,особа дуйшомбудон бери куто берип ага ч ейин Кыргызстандан газета келип калды байкем ала келиптир ишембиде эле оккп алдык биз бул жактан супер не мындай к ийин шаршемби сыгабы сайтка
07.12.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Эми супер инфо кайсыл күнү чыкса деле бирдей элего, же биринчи күнү башкача болот беле, орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт
07.12.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишиңе ийгилик Донча!!!
07.12.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кызыгы жок болуп калды супер инфонун баркы кетип. Эми учунчу куну чыкса окуп кереги барбы?
09.12.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aima94,туура кошулам, негизиле газетасына чыккан маалыматтар бут эле уже жума ичинде окуп буткон, баары тааныш маалыматтар да, анан газетасын алгын деле келбейт. мисалы, минтиптир дегенин [moderated]с ж.б. сайттардан окуп билесин, аны кайра сурот кошуп кооздоп коюшат. ырчылар, ччорчулар жонундо информацияны инстаграммдан оперативно билесин каалаганындыкын. эми оздору билет да.
07.12.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биринчи күн чыкса жакшы эле.Кызыгып сериял,ж.б.у.с окуйт элем,бул жумада жаңысын күтө берип чарчадымгооо....
07.12.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ооба десенер,дуйшомбу эле чыкса болмок. анан сайтка кок белгилеп жазуунун кандай кажети бар эле да?мен кунуго темаларын окуй берип,кызыгы деле жок болуп калды. дуйшомбуну кутуп,шашып окусам,бул жолу кызыгуум арткан жок,шашылган жокмун.
07.12.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да дуйшомбу кутуп саат 10до кирип окуйт элем Россияда жургондо.Ушул дума озгорулдубу качан озгорду билбей калдым Кр-га келип Супергероев кире элек элем Ушул дума куттум
07.12.2016. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Донча тууралуу жазбай эле среда кунку супер инфо болуп кетти го проблема.
07.12.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Донча ийгилик
08.12.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага видеолору жакты.Азамат ийгилик каалайм.
08.12.2016. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу казак, озбек тилдерди билет деп жазбайле же айтпайле койушса. Англис, немец, француз ж.б.у.с тилдерди билсе суктанып, билет экен деп каласын а кошуна тилдерди ар бир кыргыз тушунот да окшош эле го
08.12.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mervi,окшош болгону менен баары суйлой суйлой албайтко,тушунот деп турган жокта, молодец ийгилик каалайм
08.12.2016. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат! Ийгилик!
08.12.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Maga jakkan jok yrlary daje yr dep aituu mumkun emes
10.12.2016. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле анча жактыра бербейм видеолорун. Озу грустный анан кулкулуу кылып рэп айтканга аракет кылат. Ошонун эмнеси кулкулуу. Ойноп эле тартылган видеолор мындай атактуулук алып келди.
10.12.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!
10.12.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Дони(Дания)
13.12.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да биринчи кунду супер учун кутчу элем. Жанылыктарды элдин артында берип жатасыздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо