ТӨРӨЛГӨН КЕЗЕГИНЕ ЖАРАША БАЛДАРДЫН МҮНӨЗҮ

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж

Ар бир адам баласы өзгөчө мүнөздөргө ээ. Айрым мүнөздөр табиятынан берилсе, айрымдарын өзүбүз жасап алат экенбиз. Жакшы да, жаман да сапаттарга ээ болууга курчап турган чөйрөбүз жана таалим-тарбиябыз таасир этет. Ошондой эле үй-бүлөдө канчанчы болуп төрөлгөнүбүз да мааниге ээ. Ата-энебиз бир, бирдей тарбия берет, бирок эмнеге мүнөздөрүбүз ар башка? Бул туурасында психолог Айзада Танаева маалымат бермекчи.

ҮЙДҮН ЖАЛГЫЗ БАЛДАРЫ

  • Алар бир эле мезгилде үйдүн улуусу жана кичүүсү. Чындыгында жалгыз балдардын мүнөзү атасынын же энесинин мүнөзүнө окшош болот.
  • Ата-энесинин жогорку деңгээлдеги камкордугу баланын өзүнө болгон ишенимдүүлүгүн жоготот.
  • Дайыма колдоо болуп тургандыктан, өзүн жардамга муктаж деген түшүнүк менен жашап калат. Ошондуктан колдоо керек болсо да, болбосо да талап кылууну адатка айлантып алат. Мындай өнөкөт чоңойгондо курчап турган чөйрөсүнө көз каранды кылат.
  • Албетте, башка балдарга салыштырмалуу «мен» деген түшүнүк жалгыз балдарда жогорку деңгээлде калыптанган. Мектепте жана башка тармактарда башка балдардан айырмаланып күчтүүлүгүн көрсөтөт.
  • Курдаштарына салыштырмалуу эрте бойго жетет. Себеби чоң адамдардын арасында өскөн.
  • Өзүн-өзү сүйүп, жасаган ишинен мотивация алып, ийгиликтерди багындырат. Анткени көңүл борборунда болууну адатка айланткан. Үй-бүлөдө, жумушта, аны тааныган чөйрөдө ар дайым ийгиликке жетишкен картинаны алып жүрөт.
  • Акылдуу жана компетенттүү болгондуктан жеке ишкерлик менен же ак көңүл адамдардын жетекчилигинде гана иштейт.
  • Анын бардык муктаждыктарына ата-энеси камкордук кылгандыктан, түгөйүнөн да ошондой чоң жоопкерчиликти талап кылат.

ЫРЧЫ ТОКТОБҮБҮ ЧЕРИКЧИЕВА:

– Үй-бүлөдө жалгыз баламын. Эрте жетилгендиктен чоңдордун жашоосуна 15 жашымдан тарта аралашып, залкар адамдардан сабак ала баштагам. Кичинемден эле материалдык жактан жетиштүү камсыздалгам. Апам дайыма таттууларды үзбөй, менин боюм жете турган жерге коюп койчу. Мүнөзүмө келсек, ак көңүл, жароокер адаммын. Өзүмчүлмүн деп айтуудан алысмын. Башкалардын кыйынчылыктарын тең бөлүшкөнгө аракет кылам. Орто мектептен тышкары музыкалык мектепке да барчумун. Эл катары эле ойночумун. Жашоодо досторум көп. Анан дайыма эл кийбеген кийимди, элден башкача обондорду созгонду жактырам. Бул менин башкалардан айырмалануу стилим болсо керек.

ТУН БАЛДАР

  • Мактоолорду, эркелетүүнү жактырат. Кичинесинен эле ата-энесинин мээримине, сүйүүсүнө бөлөнгөн.
  • Жоопкерчиликтүү келип, эмгекчил болушат. Бул мүнөзү менен жашоодо көп ийгиликтерге жетишет.
  • Өзүнө көп ишенбейт. Улуулардын айтканы менен иш жасаганга көнүп алган.
  • Өздөрүнө карата айтылган сын-пикирлерди көтөрө албайт, кетирген каталарын моюнга алуу алар үчүн оор. Анткени айтылгандарды жүрөккө жакын кабыл алат.
  • Өзүнөн кийинкилерге үлгү болуу үчүн ата-энеси дайыма көзөмөлдөп турат. Талапчыл болууга үйрөнөт.
  • Үй-бүлөдө кийинки балдардын төрөлүшү алар үчүн күтүүсүз болгондуктан башында кызганат. Бирок ата-энеден кийинки камкор адамдар болушат.
  • Ата-энесинин жолун жолдоочулардын бири.
  • Максат кылган ийгиликтерге жетүүгө багыт алат жана көпчүлүк учурда көздөгөнүнө жетет.]

КУБАНЫЧБЕК САТАЕВ, ырчы:

– Үй-бүлөдө 3 (Бакыт аттуу иним каза болгон) бир туугандын улуусумун. Кичинекей кезимден эле ата-энемдин ордун баскан камкор адам болчумун. Чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгом. Атам инимди өзгөчө жакшы көрүп, «менин балам» деп койчу. Мага болсо «кемпир-чалга бар» деп калчу. Атамдан эрте айрылгандыктан өзүмдөн кийинки инилериме ата ордуна ата болдум. Улуусу болгондуктан эрте жетилип, чоң кишилерге аралашып акча табуунун жолдорун издеп калдым. Таянар адамың болбогондон кийин өз алдынча болууга тырышып, кийинкилерге үлгү болгонго аракеттенип, апаңа жардам бергенге да чуркап калат экенсиң.

ОРТОНЧУ БАЛДАР

  • Токтоо, сабырдуу, адилеттүү жана өзүнө ишенимдүү болот.
  • Ачуусу чукул болгону менен, майда нерселерге көңүл бурбайт.
  • Өзүн көрсөтүү үчүн активдүү болууга аракет жасайт. Ошондуктан ийгиликтерге жетишет.
  • Улуу менен кичүүнүн ортосунда ынтымакты жөнгө салуучулар катары да сыпатталат. Себеби уруш-талашты жактырбайт.
  • Ата-энесин бир туугандарынан кызганып, «силер мени жакшы көрбөйсүңөр» деген фразаны көп колдонот.
  • Улуу жана кичүү бир туугандары эң башкы атаандаштары. Алардын ийгиликтери ортончу балдарды көмүскөдө калтырып коёт. Ошондуктан атаандаштык менен жашап калат.
  • Келечекке койгон пландары максаттуу. Дайыма өзүнүн көз карашын айтат. Жетекчилик кылууга далалат жасайт.
  • Ар кандай адамдар менен сүйлөшүп, түрдүү чөйрөдө мамиле кура алат.

НУРЛАН НАСИП, ырчы:

– 5 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Менден улуу эжем менин эң башкы атаандашым болчу. Ата-энем эмне албасын, экөөбүзгө окшош нерсе алганга аракет кылышчу. Азыр, тескерисинче, ошол бир тууганым менен аябай жакынмын. Карындашым төрөлгөнчө болушунча эркелегем. Кызганган учурларым болсо керек. Ооба, «силер мени жакшы көрбөйсүңөр» деген фразаны колдонгом. Үйдө дагы, досторумдун арасында дагы биринчи болууга жана ийгиликке жетүү үчүн күрөшчүмүн. Жакшы мүнөздөрүмдүн бири деп токтоолугумду, сабырдуулугумду айтам. Бирок намысыма тийсе агрессивдүүлүгүмдү көргөзөм. Бир аз уялчаак болсом да, ар кайсы чөйрөнүн адамдары менен бат эле тил табышып кете алам.

КӨКҮРӨК КҮЧҮКТӨР

  • Мүнөзү жумшак жана боорукер болот. Бир туугандары камкордук кылгандыктан алар менен атаандашпайт.
  • Жеке чечим кабыл алуусу башкаларга салыштырмалуу тез. Ыкчам иштөө алардын стили.
  • Ата-эне жана бир туугандар көкүрөк күчүктөр үчүн социалдык институт. Алардын жардамы менен өзүн жеке инсан катары жакшы тарбиялай алат.
  • Күч колдонуу менен жакшы нерсеге жетпей турганын жакшы билет. Ошондуктан максаттарына жетчү жолдорду ойлонот. Аракетчил болуп калат.
  • Ата-энесинин каалоосуна баш ийбейт. Муну менен өз алдынчалуулукка умтулат.
  • Тажрыйбалуу адамдардын чөйрөсүндө чоңойгондуктан адамдардын психологиясын жакшы түшүнөт.
  • Маектешүүдө тажрыйбалуу адам менен сүйлөшүп жаткандай сезим калтырат. Кичинесинен агалары, эжелеринин айланасында жүрүп, адамдар менен мамиле курууну өздөштүрүп алган.

НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА, алпаруучу:

– Үй-бүлөдө 8 бир туугандын кенжесимин. Мүнөзүм өткүр, чечкиндүү, чечимдерди өзүм кабыл алам. Боорукер, мээримдүүмүн, кичинемден эле бир туугандарымды ынтымакка, биримдикке чакырчу экенмин. Эч качан агаларым, эжелерим менен атаандашкан эмесмин. Тескерисинче, дайыма бири-бирибизге колдоо көрсөтүп турабыз. Эркеликти чеги менен гана колдончумун. Чоң кишилердей чечим чыгарып, дайыма ата-энемдин мүмкүнчүлүгүнө карачумун.

Бактыгүл Момбекова
кenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(39)
07.12.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен жонундо жазып койгонго))) мен ортончумун. Анан кичинемде далай ыйлаганым эсимде, мени жакшы корбойсуздор деп.
20.06.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aibars,Ооба,мага да ошол жери эле дал келди
07.12.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туптуура экен мен ортончусумун менин мүнөзүм ушундай бирок атаандашпайм.
07.12.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кеебири тураа экен бирок баары эмес Мисалы мен эн кичуусумун ата энемдин айтканына чыга албайм
07.12.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
)))
07.12.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дал келет экен.Менда уй булодо ортончусумун.Ушул жашка чейин мени жакшы корбойсунор деп айта берем))анан да аша чаап атаандашам.

Токтоо,сабырдуу дегенди эске албаганда башкасы дал келет экен...
07.12.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да ортончумун,бирок мени жакшы корбойсунор дегенди айтбайт экем.Башкасы дал келгендей го.Бир мекемени башкарсам,алдымды адамдар иштесе деп кыялданмай адатым бар.
07.12.2016. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен эн улуусу менден кийин уч иним бар , камкормун деп айта алам, кичинебизде инилеримди мага таштап кетишчу, азыр инилерим майда нерсе болсо да мага кенешип иш кылышат
07.12.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мен да өлө көп айтчуумун, мени жакшы көрбөйсүңөр деп.)))

Чоңуна атаңдашсаң « Ал сенден чоң да, атааңдашпа»

Кичинесине атаңдашсаң, « Ал сенден кичине да, кичүүлөргө да атаңдашмак беле» десе айла таппай каласың.(
08.12.2016. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин болсо чон балам айтат.силер мени жакшы корбойсунор деп.
08.12.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин эки чоң кызым дайыма ошентип уулумдан кызгана бер шет,бизди жакшы көрбөйсүз деп.Айрыкча чоңум өтө көңүл борборунда болууну каалайт,баары аны деп турса))
21.06.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zzari-83,мен да уйдон эн улуусумун сиз айткандай баары мени деп турса конул борборунда болгум келет,эркелеткенди мактоону жактырам))
08.12.2016. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен эн кичинесимин бирок 70-80 % дал келди.
08.12.2016. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да ортончусумун. Эжеме башкача конул буруп коюшса, мага дагы деп очошсом ал улуусу, тенелбе дейт, синдиме болсо кичуусу ал дейт.
Апам айткандай "ортонку кызга окта жок, жадакалса бокта жок" тамаша ирээтинде)))
zhanka1234 түзөттү 2016-12-08 03:44:58
08.12.2016. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен уйдо жалгыз кызмын! 2 байкем ,1 иним бар! Жалгыз болгон олло жаман... Эжем же синдим болсо дечуулем... Уже кеч. Лишный раз тияк Биякка да басалбайсын...розведчиктер коп. Мениле карап отурушабы ..билбейм.
08.12.2016. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да уйдо ортончумун. Ото дал калди. Мени жакшы корбойсунор деген фразаны ата-энеме айтпаганым м.н ичимден ошентип ойлой берем эмнегедир.
08.12.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичинекейлер өзүн карабаган эрке болушат го.
08.12.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары эле дал келди, ал эми 5 баланын экинчиси кандай болот?
08.12.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала тарбиялоо аябай кыйын! Ар дайым эмне кылсам туура болот канткенде туура тарбия берем деп ойлоном кээде агрессияга алдырып уруп коюп окуном.
Улуу кызымдын мунозу аябай оор жакшы айтканга да конбойт урушсан когорот алдасан алданбайт кантип тарбиялайм.
08.12.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда ортончусумун.бул жага да дал келет экен
08.12.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ортончумун бираз дал келди
08.12.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ортончулар коп экенда:)
Мен жалгызмын баары туура келди
08.12.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туура менда коп колодоном мени жакшы корбойсунор деп атаандашканда
09.12.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да ортомчумун, мени жакшы корбойсунор деген созду коп колдонот элем. Апам байкуш эртен сен да балалуу болгондо кором бирин жакшы коруп, бирин жаман коргонунду дечу. Чын эле эне болгондо сездим эненин мээрими баардык балдарына бирдей экенин. ))
Jarkynai25 түзөттү 2016-12-09 12:54:03
09.12.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишене албай турам))
10.12.2016. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен 4 бир туугандын 3мун Менин мунозум дал келди
10.12.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ортончуга ок да жок, бок да жок дегендей. Ортончу балдардын арманы коп го! Жашасын ортончу балдар!!!! мен эн кичуусумун. Уч эжем анан эгиз эркекпиз.
10.12.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай эле дал келип калды
Жолдошум ортончу бала сын эле мунозу ошондой.
Мен кенжесимин меники да дал келди
10.12.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аиии баары дал келетго мен улуусумун ата энемдин жолун жолдодум десем болот бирок башка тармака ооп кеттим. Бир тууганыма камкормун эмнен жок эмне жейсин деп турам. Бирок эркелетууну жактырбайм мактоолорду суйом озумо карата сын пикирлерди озумо жакын кабыл алып ойлоно берем
13.12.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары эле жылдыздар го, жөнөкөй адамдардан деле алып, салыштырып көрсө болбойбу?
13.12.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо сайтты качан жаңылайсыңар, күтүп чарчадыкко. . !
21.06.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгыздыкы аябай туура экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо