Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЧ АЛУУНУН КУРМАНДЫГЫНА АЙЛАНГАН КОЛУКТУ

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж

Ак көйнөк кийип турмуш жолуна аттанып жаткан кыздын жүзүнөн мончок-мончок жаш куюлуп, колундагы телефонду кайра-кайра баскылап коёт. Жанында күйпөлөктөп, айласын таппай куураган энеси, кошо ыйлап курбу кыздары жүрүшөт. Мындай туңгуюк абалдан чыгуунун бир да айласы жок сыягы. Ресторан толо эл. Төрдө кудаларга арнап жайылган эки столдогу дасторкон гана бош турат. Ачуусу көзүнөн чачырап Айперинин улуу агасы кирип келип:
– Сен өзү кандай сүйлөштүң эле ал жигит менен? Казакстандагы дарегин билесиңби?!
– Жок...- деп үн катты кыз башын чайкай.
Эки жаш диско-клубдардын биринен таанышкан. Сакен аттуу казак жигити Айперини бир көргөндө эле жактырып, капкара кашы-көзүнө, узун боюна, жагымдуу келбетине арбалып, ошол күндөн тарта анын артынан түшүп алды. Кыз жигитти анчейин жактыра бербей, көп кылыктарын көргөзүп, кээде курбуларынын алдында шагын сындырып да койчу. Ошондой күндөрдүн биринде жигит кызды сейил бактардын бирине жолугушууга чакырат. Айпери да ал күнү сабагынан эртерээк бошоп, болжошкон жерге кечикпей барат. Экөө бир топко сейилдеген соң тамактануу үчүн кафелердин бирине баш бакканда "сүйгөнүңүз укмуш сулуу экен, гүл сатып бербейсизби" деп алдыларынан кичинекей бала чыга калды. "Албетте" деп эле Сакен баланын колундагы гүлдү ала калып:
– Айпери, сен жерде, сууда жок сулуусуң. Мен сени сүйөм. Мага турмушка чыгасыңбы?- дей салды шаша. Мамиленин мындай бурулушун күтпөгөн кыз дендароо туруп калды. Анын үстүнө Айпери Сакенге өтө деле олуттуу мамиле кылчу эмес.
– Жок, ай! Кайдагыны айтпачы!- деп күлүп жиберди.
– Мени тамашалап жатат деп ойлосоң жаңыласың. Чын айтам, мага турмушка чыгасыңбы?
– Мен бул тууралуу ойлоно да элекмин. Ойлонгон күндө деле, сени болочок жолдошум катары элестете албайм,- деп кыз жылмайып койду.
Сакен бир чети элдин алдында кыздан шагы сынып турганына капаланып, бир чети ызаланып, өзүн араң карманып отуруп калды.
Ошол окуядан кийин Сакендин Айпериге болгон мамилеси түп тамырынан өзгөрдү. Сөздөрү орой, мамилеси муздак. Бирок "кош бол" деп басып да кетпеди. Бир туруп кымбат белектерди берип, романтикалуу жолугушууларды уюштурат да, бир топко чейин жок болуп кетет. Себебин "Таразда ата-энемдин жанында болдум" деп түшүндүрчү.
Убакыт өтүп Айпери кантип жигитке байланып калганын байкабай калды. Бул чын эле сүйүү беле же жөн эле көнүп калгандыкпы, айтор, кыз Сакенсиз жашоосун элестете албайт. Таарынышып, табышып отуруп эки жаш баш кошмокко бел байлашат. Бирин-бири ата-энелери менен тааныштырмак болуп, алгач Сакен Айперинин үйүнө келген. Таанышуу ойдогудай өтүп, болочок күйөө баласын ата-эне жактырып, кызын турмушка узатууга камына башташат. Ал эми жигит апасынын ооруп калганын айтып, кудаларды телефон аркылуу гана байланыштырып турду. Кыз берип жаткан тарап ошол күнү Айперини ресторандан узатып, андан чыгып жаштар никеге каттоого туруп, Казакстандын Тараз шаарында заманбап той беришмек.
"Кутман таң, жалгызым, бүгүн биз күткөн өзгөчө күн. Сени көргөнгө ашыгып турам. Биз бактылуу болобуз. Саат 11де көрүшөбүз!" Бул той күнү Сакенден келген акыркы билдирүү эле. Саат 11ден баштап анын телефону өчтү. "Кырсыкка учураганбы?" деп сарсанаа болот, кайра "эмне болуп кетти?" деп ызаланып ыйлайт. Айтор, Айперинин көз алдынан көп окуялар чууруп өтүп жатты. Ал кээ бир мырзалардын кекчил болорун, Сакен андан бир кезде шагын сындырып койгону үчүн өч алып жатканын ойлогон да жок. Эшикте болсо жаан жаап жатты...

Алтынай


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(57)
07.12.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул эмне монологбу ?
07.12.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
nargis, Бул ПРОЗА. Мен билем.
07.12.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
дагы бир казакта
07.12.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошон учун анча ишенбеш керек адамдарга, даже суйуу мамилесинде.
07.12.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Казак жайлаптыр дарегин берчи издеп туруп таап келем
07.12.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zhykyo, дарегин билсе сени карап отурбай эле озу издеп бармакгоо кыз.
08.12.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nur007mir009kg,озу тздеп баргыдай ХХХ ХХХ ХХХ жолдо каалаганы токтотуп акча сурайт проста так еч нерсе дей албайсын бересин сураганын. озубуздун кымыз жыттанган жигиттерден калбагыла кымча белдуу кыргызымдын кыздарыы.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 10:48:55
08.12.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
sultan89, улут аралык түшүнбөстүктү жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
07.12.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Корутундусуз бутуп калыптыр.
07.12.2016. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ошондойда болуш керек кызмын деп эле жигитерди ойной бербеш керек. Бала кырсыка учураган болсо жаман а өч алган болсо азамат экен баарын бир күндө сабырдуулук менен уят кылды. Кыргызымдын кыздарынын сулуулугуна сөз жок просто .........
08.12.2016. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sabyrbekovicho.,Ошол кыз сенин эжен же карындашын болгондо ушинтип айтканынды корот элем.
09.12.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sabyrbekovicho.,Жок жигит башында эле суйгон эмесго
07.12.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ммм кыздар ойлончу тема. Мааниси терен экен.
Эч кимдин башына салбасын мындай окуялар реалда болбой эле койсунчу.
08.12.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
элдин алдында уят кылганына мына сага жооп дептирда
08.12.2016. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ото супсак жазылыптыр
08.12.2016. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Туура бала уюштуратда тойду менда берилип окуп алгынымчы ананда ии байкуш кыз депчи ))) же бай кызго )))
08.12.2016. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бала сүйүп калдым деп коёт. Чындап сүйсө кек алмак эмес.Мүмкүн тамашалап айтса, кыз макул деп койсо дагы айтмак көрүнгөнгө макулдугун бере берген кыз экен деп.
08.12.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыз узатуу той берип жатышат
08.12.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оххооо кыз байкушка кыйын болуптур
08.12.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Байкуш кыздын шагы сыныптыр да. Уландысы барбы?
08.12.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
en jaman abalda kaltyryptyrgoo
08.12.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Молодец эркек экенсиин
08.12.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Так что кыздар кулагынарга кумуш сырга! алдынардан алты айланып суйуп калдым деп турса жигиттердин сезимин дагы эске алып койгула! Бир жолу асман тээп аша чаппай!
08.12.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул жон эле чыгарма болуш керек же болгон окуябы
09.12.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Уландысын кутом жазыныздарчы
09.12.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окунучтуу,кызык эгер болгон окуя болгон болсо ата энеси мн телефондон иш бутургону туура эмес.
10.12.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өч алып акыры тынган тура, көксөсү сууп. Кыздар абайлагыла жигиттердин шагын сындыргыла биро толо түбөлүкө, болбосо сылык эле сүйлөп узатып коет окшойсуңар.))
10.12.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргыздын жигиттери мындайга барбаса керек
10.12.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
казак ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-12 11:46:56
12.12.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aidar.5115, этика нормаларын сактаңыз!
10.12.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кызга кыйын болуптур жалка
11.12.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
уландысы кана?
12.12.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кандай окунучтуу!
12.12.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Pantherka, этика нормаларын сактаңыз.
13.12.2016. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жигитти да тойунда келин келбей койсо экен.
13.12.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жигиттин конулун сындырбаш керек деп эле шарт эле макул боло калыш керекпи ? Кыз дегенде наз болот ошону эркек деген билиш керек.
19.04.2017. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр кудайга шугур бактылуумун дечи башка менен имени да ушу сыяктуу бироо алдап кеткен бироо
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо