ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (5-декабрдан 11-декабрга чейин)

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада эмоцияңызды көзөмөлдөбөсөңүз маселелер жаралышы мүмкүн. Андыктан сабырдуу жана сылык болууга аракеттениңиз. Сапарга чыгууга же жолугушууга аптанын экинчи жарымы ылайыктуу.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Келечекке максаттарды коюуга ылайыктуу апта. Бирок маанилүү, өзгөчө каржы иштерине байланыштуу чечимдерди дароо кабыл албаңыз. Ишембиде жакын адамыңыз сунуш менен кайрылат, четке какпаңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Өзүңүзгө көңүл бурууга убакыт келди. Маанилүү иштерди кийинкиге калтырып, келбетиңизге кам көрөсүз. Бул нерсе сизге буулугуудан чыгууга өбөлгө болот. Жекшембиде айрым эгиздерди жаңы таанышуулар күтөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумуштун көптүгүнөн улам чарчайсыз, көп нерсеге көңүлүңүз чаппайт. Жылдыздар сизди сергек болууга жана жеңил тамактар менен азыктанууга чакырышат. Жума күнү жакшы жаңылык угуп кубанасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Жакындарыңыз сиздин колдооңузга абдан муктаж. Андыктан аларга көбүрөөк убактыңызды арнаңыз. Шаршембиде ден соолугуңузга кам көрүүгө туура келет, кышкы тумоо сизди жандап өтүшү мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада энергияңыз ашып-ташып көп жумуш бүтүрөсүз. Анткен менен ишемби күнү үй-бүлөңүз менен тоого чыгып эс алып, стресстен арыласыз. Жекшембиде бирөөгө карыз бербегениңиз оң, кайтарып ала албайсыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чоң жана чакан буюмдарды сатып алууга ылайыктуу апта. Айрым таразаларда жагымдуу жолугушуу орун алат. Жаңы адамды жан дүйнөңүзгө киргизерден мурун мүнөзүнө жакшылап абай салыңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Чаяндар үчүн 5-6-декабрь оор күн болуп саналат. Эгерде жаралган маселени чечүүгө көзүңүз жетпесе, жакындарыңызга кайрылуудан тартынбаңыз. Аптанын соңунда бардыгы өз жайына келет.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта сиз үчүн ийгилик алып келет. Бирок тааныштарыңыздын арасынан сизди көрө албагандар чыгат. Сак болуңуз! Ишембиде гардеробуңузду жаңылоого шарт түзүлөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Текечерлер аптада мамилелердин бекемдиги, сезимдердин тазалыгын дагы бир ирет текшерүүгө аргасыз болушат. Жума күнү жакындарыңыздын бири чогуу конокко барууну сунуштайт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Чечимди кабыл алууда улуулардын кеңешин угуңуз. Аптада түзүлгөн кырдаалга карабай иштериңизди өз убагында бүтүрүүгө тырышыңыз. Жардам суроодон тартынбаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Майда пландарды жүзөгө ашырууну коё туруп, негизгисин бүтүрүүнү колго алыңыз. Бейшембиде юридикалык маселе чыгат, коркпоңуз, баары сиз ойлогондой аяктайт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо