Гүлжайна Атаканова, куудул: "АТА-ЭНЕМ АРТИСТ БОЛСОҢ ҮЙГӨ КЕЛБЕ ДЕП ЧЫГЫШКАН"

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж

"Чыгармачылыкта көзүмдү агайым Рахман Разыков ачты, жашоого тарбиялады. Мурун мага бирөө сүйлөп жатса ары басып кетип "ненормальныйыраак" мүнөзүм бар болчу" дейт куудул Гүлжайна Атаканова. Ачык-айрым, шайыр айымдын күчү жетпеген 2 мүнөзү бар экен. Эркелиги анан кызганчаактыгы. Эки күндө бир эркелеп турбаса баңгидей кумары кармап "любой" кишиге эркелегиси келип калат. Ал эми кызганчаактыгы 150 пайызды түзөт.

Туулган жылы, күнү –
Ит жылы, 10-май, жашын сыр тутат
Туулган жери – Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Көл айылы
Билими – ЖАМУнун кыргыз тил жана адабият филология факультетин бүтүргөн
Учурда – "Салам, Кыргызстан!" телеберүүсүнүн алып баруучусу, куудул, тамада
Үй-бүлөлүү, бир кыздын апасы

– Салам, Гүлжайна! "Быйылкы жыл жемиштүү болду" деп калдың, себебин окурмандар менен бөлүшө кетсең...
– Кандайсыңар? Жаңы конуштардын биринде жер тамда жашагандыктан шаардын борборунан батирим болсо деген кыялым ишке ашып, батирлүү болдум. Эңсеп жүргөн темир тулпарым колума тийгени турат. Айылга ата-энеме үй салып бердим. Андан сырткары чыгармачылыкта жакшы өсүүлөр болуп "Салам, Кыргызстан!" көрсөтүүсүн алып барып жатам. Кино жаатында да ийгиликтер болуп, жакында эле "Шаардык келин Шарапат" комедиясына тартылдым.

– Бул кинокомедияга кандайча тартылып калдың, деги эле кимдин ролун аткардың?
– Кинонун режиссёру Ырыс эже (ред. Жоомартова) экөөбүз "Мегатой" комедиясына чогуу тартылганбыз. Ошондо жеңенин ролун ойногонумду жактырган экен, кийин киносуна чакырды.

– Бала кезде актриса болом деп кыялданчу белең?
– Ооба, окуучу кезде эстелик дептер ачып анкета толтурчубуз, ошондо актриса болом деп жазчумун. Тилекке каршы, ата-энем "артист болбойсуң" деп башка окууга тапшыртып коюшту. Бирок ал кесипти аркалап кете алган жокмун. "Жаштын тилегин берет" деген чын экен. Бардык кыйынчылыктар артта калып, чыгармачылыкка аттанганыма 7 жыл болду. 4 жыл тынбай эмгектенип, аракет кылып жүрсөм, Кудайга шүгүр, 3 жылдан бери үзүрүн көрүп жатам.

– "Салам, Кыргызстан!" көрсөтүүсүндө аша чаап сүйлөп, ашыкча сындаган учурларыңар болот...
– Бул көрсөтүүнүн режиссёрунун талабы. Биз, алып баруучулар, айылдагы ушакчы келиндердин образы менен алып барышыбыз керек. Конок кеткенден кийин ушактап койгонубузду да өзгөчөлүк катары көрсөтүүнүн автору кошкон. Ар кимдин табити ар кандай, "ушинтип ушактаганыңар жагат, ошол жерин узарткылачы" деп сурангандар көп.

– Атың таанылгыча кандай тепкичтерди басып өттүң?
– Ата-энем "артист болсоң, биздин сендей кызыбыз жок. Үйгө келбе, калган алты балабыз жетет" деп чыгышкан. Кудайга шүгүр, азыр ата-энем "балдарымдын алтоо бир тең, сен бир теңсиң" деп колдоп турушат. Эң негизгиси, мени түшүнгөн жолдошум бар. Тарсылдап жүргөнүмдү көрүп күйөөсүн башкарат деп ойлошсо керек. Тескерисинче, күйөөмдүн бутуна чейин жууп, тырмактарын алып, массаж жасап алкоосун алып турам. Жалгыз кызым бар, аты Элянура, 5-класста окуйт.

– "Жолдошумду башкарбай, баш ийем" дегениңе таң калып турам. Анткени эркек мүнөз айым көрүнөсүң...
– Кичинемде кайсы жерге барып урунуп өлөрүмдү билбеген, каным кайнап бир жерде тура албаган кыз болчумун. Тентек, шок элем, күнүгө таяк жеп турбасам ичкен ашым аш болбойт эле. Өмүрү кыздар менен ойногон эмесмин. Жалаң балдар менен ойноп, "мен Туралынын баласымын" деп көчөгө чыгып балдар менен мушташып эле жүрчүмүн. Дарактын башынан кулап, сууга агып, аттан жыгылып, эшек тебелеп кетип тентектиктин азабын жакшы эле тарттым. Андай кезден калган тырыктар толтура, айтор, соо жерим жок. Аябай күчтүү кызмын, кылам дегенимди кылам, барам дедимби барам, бирөөнү жакшы көрүп калдымбы, жетем. Көк бетмин, ушунчалык күчтүү болгонум менен, сүйүүнүн алдында алсызмын. Мен дүйнөнү башкара алышым мүмкүн, жүрөгүмдү башкара албайм.

– Жаш кезиңде сени ала качып кетип, жолдошуң менен ажырашканыңарды билебиз...
– Апам "Гүлжайна, бир аз кызга окшочу, кыз бала чоңойгондо турмушка чыгат. Минтип жүрсөң сени эч ким албайт" деп урушкан эле. Ошондо турмушка чыгыш керек турбайбы, эми кимге чыгам деп сарсанаа боло баштадым. Бир жолу классташ баламды мени албайм дегенинен сабап салгам. Ошол балабыз азыр "сен ушундай өзгөрүп, кыз болуп каларыңды билгенде айылга эч кимди киргизбей, өмүр бою кайтармакмын" деп күлүп калат. Ала качкан кезде жаш болчумун, көп нерсени түшүнгөн эмесмин. Урганга күчүм жетпей сөгүп жатып эле үйүнө жетип барганбыз. "Болду, кыйкырба, бабай отурат" десе, "ээ, бабайыңды урганым барбы?" деп кирип баргам. Көрсө, чоң атасы карап отурган экен. Отурбайм десем эжем барып отургузуп койгон. Күйөө эмне экенин деле билбейм, жаныма жолотпой тепкилеп жашаган деле жокмун. Бир айдан кийин үйгө келип алдым. Апамдар "айылдагылар эмне дейт, уят, бар, жаша" деп эле кулактын кужурун алат. "Намыстанып жатсаңар кызым айылчылап бир айга бир жакка барып келди деп койгула" деп койгом.

– Кызыктуу маек куруп бергениңе рахмат!

"Салам, Кыргызстан!" көрсөтүүсүндө конокторду ушактаганыбызга ырчылар таарынбайт".


"Бул тасмада күйөөсү көзүнө чөп салып, тепкилеп урса да чыдап, сүйүүнүн аруулугун көрсөткөн келиндин ролун ойнодум".


Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg


Куудул Гүлжайна Атаканова: “Күчтүү аял болгонум менен, сүйүүдө алсызмын"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(57)
Медиа-портал
07.12.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aaiiii abdan jonokoi jana achyk aiym ekensiz. Chygarmachylygynyzga myndan da jakshy iigilikterdi kaalaibyz. Uibulonuz menen ar daiym baktyluu bolunuz. Ar daiym pozitivduu, energiyanyz ashyp tashkan, talantynyz tashkyndagan, ar taraptuu onordun eesi bolup juro beriniz.
Медиа-портал
07.12.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзат кошбойлуу окшойт э
07.12.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baary jakshy birok.... birok kichine madaniyattuuraak suilogondo uironso Nazira Jetigenova ekoobu ten. Ak terek- Kok terek programmasyna kelgende "tyrkyiyp, momintip koiom" degen syiaktuu sozdordu suiloshtu. Maga kyzyktai sezildi.
07.12.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маданияттуулук деген, аялдагы наздуулук деген нерселердин бирида жок.
07.12.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гулжайна 82- жылкы экен. Эми чындап эл козундогу адамга айланып ыр. Суйлогондору кийингендери, озун алып журуусундо бир топ прогресс байкалат. Каалоорум байлык, атактуулук деп эле журо бербей дагы тороп алса жакшы болмок. Кыркка чейин жок дегенде 2 ни тороп алса болот. Чыгармачылык ийгилик, уй- булолук бакыт каалайм.
SUPER.KG видео
07.12.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Гулчого келин болгон убагында.Дагы эмнесин айтып берейин? ;)
07.12.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Адам айлана чойрого карап озгорот маданиятуу жакшынакайле куудулдар ошентип бапылдап суйлойт антип суйлобосо эч ким кулбой койот.
07.12.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уулун эмнеге айтпайт?
бир уул бир кызы барго.
09.12.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aytur,ошода
Медиа-портал
07.12.2016. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин суйуктуу эжем гооо! Бар болунуз! Талантыныз ташкындап элиниздин алкоосуна татыган эрке кызы болуп журо бериниз! Чыгармачылык ийгилик!
08.12.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Квартира алдым мен деп суйлоп жатса куйоосу жок го деп аткам мин озу алса да куйоолуу аял мен дебейт го кызыктай угулат экен
08.12.2016. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жеке оюм, тепсеп кетпегиле, Гулжайна, Назира эжелерге оюм туз, бирок "Салам Кыргызстан" беруусуно экоо дал келбегендей сезиле беришет. Экоо атайын 30+ жаштагылар учун башкача форматтагы телеберууну алып чыгышса жакшы болмок, анда да супсак кылбай, тугойлуулорго, жубайларга кызык нерселерди которуп чыгып, тамаша-чыны аралаш кандайдыр бир женелерден чымчыма дегендей бирдеме чыгарышса ой да сонун болмок деген оюм. А "Салам Кыргызстан" тинейджерлер, максимум студенттер учун чыгар
08.12.2016. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыгарылган женил телеберуудой, имхо. Эжелер аздыр-коптур турмуштун ойдо-ылдыйын корушту, демек, аздыр-коптур турмуш ж.до кызыктуу коноктор менен кызыктуу маек кура алышат. А Салам Кыргызстандын форматы женил-желпи, суроолору дээрлик окшош, баарлашуу устуртон гана, жанагы эле жуздор, "корейский" оюндар. Бул жерге алып баруучулукка этеги желге ойногон жаш кыздардан койсо дурус болмокпу деген ой.
SUPER.KG видео
08.12.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик мындан ары да чон ийгиликтерди багындыра бериниз
08.12.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун,коз тийбесин.Бизде жакшы жагын корбойбуз.Ушундай адамдардын ичинде кири жок болушат,Гулжайнаны мыкты актриса катары баалайм.Аялдардан саналуу гана куудул бар эгер билсенер.Ошо учун колдоп турушубуз керек урматтуу туугандар.
08.12.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул эже мага жагат
09.12.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат бул эже, азаматсыз.
SUPER.KG видео
09.12.2016. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле куудул, аябай образга кирип аткарат ар бир сатираны.Аябай кулдурот. Азаматсыз эже мага жагасыз
09.12.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосуно баш ийгениң алсыздык эмес.. А тескеринче аялдын куйоого болгон сый-урматы. Алсызмын деп айтса башкача болуп кеттим
09.12.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аябай жагат ушул эже кумир тутам. Талантыныз оркундой берсин. Урматту супер кантип байланышсам болот ушул эже мн.
09.12.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул дагы Назира жктигеновадан да отуп кетиптир го мактанган жагынан. тигини сабачым;муну тепкилечим депчи. Назира да ХХХ ХХХ тимеле.эл билбесе да мен билем.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-09 17:21:07
09.12.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni., кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
09.12.2016. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле озу айткандай мунозу бар экенин конокто коргом, туура анализ берди озуно ))))) ар келдини оттоп
09.12.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Админ кана менин билдируум,эмне очуруп салдынар
09.12.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aruuke9292, tengara, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-09 22:21:01
10.12.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жылдыздардын маеги барыныкы окшош.уй алдым машине алдым там салдым сабачумун тепкилечумун чоп ортточумун же куйоом мени минтип эркелетет,жигитим тигинтип эркелетет.анан эле бир куну айжамалга окшоп жакшылык корчу эмесмин деп чыга келесинер.данууу вас жылдыздар
SUPER.KG видео
11.12.2016. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз.
11.12.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чокойда
SUPER.KG видео
11.12.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Гулжайна эже кулдургонунуздон да ырдаганыныз абдан жагатда,чыгармачылык ийгилик,чон чон жетишкендиктерди каалайм талантыныз ташкындай берсин.
12.12.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга Гулжайна
SUPER.KG видео
13.12.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулжайна эже ийгилик. Тарсылдап журо бериниз. Бакыт сизге каалайм
SUPER.KG видео
14.12.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун
18.12.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул эженин интервьюсунан кийин кызыгып "Салам Кыргызстанды "кордум. жакты, башка маанайшат беруулорго караганда бир топ кызыктуу экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо