Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАКСИСТ КАРДАРЫН ӨЛТҮРҮП, АҢГА ЫРГЫТЫП ЖИБЕРГЕН ДЕП ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж

2016-жылдын 27-ноябрь күнү Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун 43-чакырымында бейтааныш аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Көп өтпөй ал аялдын өлүмүнө шектелип таксист кармалды.

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Маалымат боюнча Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Таран-Базар айылына барышкан ыкчам иликтөө кызматкерлери кан жолдун боюндагы аңдын ичинен болжол менен 25-28 жаштардагы аялдын жансыз денесин көрүшкөн. Маркумдун денесин кароо учурунда бетинен жана башынан жаракаттар табылып, анын киши колдуу болуп каза тапкандыгы аныкталган. Көп өтпөй каза болгон аялдын ким экендиги такталып, ал 1990-жылы Майлуу-Суу шаарчасында туулган А.Д. экени белгилүү болгон. Бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркумду өлтүрүүгө шектелип 1989-жылы Жалал-Абад шаарында туулган И.А. аттуу жаран кармалган.

"КЫЗДЫ ЫРГЫТЫП ЖАТКАНДА ТИРҮҮ БОЛЧУ"

Кылмышка шектүү тергөө учурунда күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, бул кадамга эмне себептен баргандыгын төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Өзүм Жалал-Абад шаарындагы такси кызматтарынын биринде Хонда Фит үлгүсүндөгү унаам менен таксист болуп иштечүмүн. Бойдокмун. 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү иштеп жүрсөм, шаардын борборунан бир кыз мас абалында токтотту. Ал менден шаардын Спутник кичи районуна жеткирип коюуну суранды. Айткан дарегине жеткирдим. Жеткен соң ал "байке, унааңызда бир аз отуруп арак ичип алайынчы" деп суранды. Колунда 1 бөтөлкө арак, 1 бөтөлкө чалап суусундугу бар экен. Мен "жок, үйгө кетишим керек" десем, "2 эле стакан ичип алып түшөм" деди. Мен макул болдум. Ошентип экөөбүз таанышып, анын арагын чогуу ичтик. Арак түгөнүп калганда мен дагы арак алып келип, аны да ичтик. Мен да мас болуп калдым. Көп өтпөй ал кыз мага тийишип, асыла баштаганда экөөбүз анын каалоосу менен унаанын ичинде жыныстык катнашта болдук. Бир убакта ал телефонун алып чыгып "мени зордуктады деп милиция кызматкерлерине билдирем" деп чыр чыгара баштады. Анын бул кылганына жиним келип ошол жерден эшикке алып чыгып 2-3 жолу бетке урдум. Ал жерге жыгылып, эсин жоготуп койду. Аны унаамдын багажнигине салып, өзүм унаамда отуруп уктап калыптырмын. Түндө үшүгөнүмдөн ойгонуп, багажникте кыз бар экенин эстеп, таң атып кете электе кылмышты жашыруу максатында унаамды Таран-Базар деген айыл тарапка айдап барып, кызды жол жээгиндеги аңга ыргытып кетип калдым. Кызды ыргытып жаткан маалда ал тирүү болчу, жакшы эле сүйлөп, дем алып жаткан. Аны бирөө-жарым көрсө "Тез жардам" чакырат болуш керек деген ойдо шаардан алысыраак таштап кетип калгам.

"МАРКУМ МУРДА АПАСЫНА БЫЧАК САЙГАНДЫГЫ ҮЧҮН СОТТОЛГОН"

Бул окуя боюнча Сузак РИИБинин жетекчиси Нурбек Жаныбеков төмөнкүдөй маалымат берди:
– Бул кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарында таксист болуп иштеген жаран кармалып, Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Биздин кызматкерлер текшеришкенде, анын унаасынын багажнигинен кандын тактары табылган. Ал кандарды жууп, тазалоого аракет кылган экен. Кылмыш кылгандын эртеси жумушуна чыкпай, изин жашырып Орусияга кетип калууну көздөптүр. Бирок ал биздин кызматкерлердин ыкчам аракетинин негизинде кармалды. Учурда анын үстүнөн "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүрүүдө.
Маркум жөнүндө айтсам, ал Майлуу-Суу шаарынын тургуну болгону менен, Сузак районунда сиңдисинин үйүндө убактылуу жашап жүргөн. Турмушка чыга элек, балдары жок. Мурда өз апасына бычак сайгандыгы үчүн соттолгон экен.
Маркумдун сиңдисинин көрсөтмөсүнө караганда ал мурда дагы "тиги зордуктап койду, бул зордуктап койду" деп ар кимге жалаа жаап, арыз жазып акча өндүрүп жүргөн. Бул фактылар азыр такталууда. Анын мындай жоруктарынын айынан маркумдун сиңдиси "мени элге уят кылдың" деп эжеси менен уруша кетип, маркум Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда батирде жашап жүргөн.

Маркум ташталган жер. Кылмышка шектүү көрсөтмө берүүдө.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(29)
07.12.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Арак жакшылыкка алып барбайт.
07.12.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Таксистерге кыйын болуп атат акыркы күндөрү
07.12.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Куру дооматындан сакта
07.12.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Саяк журсон таяк жейсин.Кунажын козун кыспаса бука жибин узбойт деп бекер айтышпаган.
07.12.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
маркумдун2 эркек балдары бар го биздин ылдыйкы домдо жашап кеткен эле уйун сатып жиберген эле майлуусууда 5жыл жашашкан озу кочкор атадан болушат жер жамандап барбасын бирок бир адам эле да булар дагы уй булосу менен тааба эмес тооба акыры жаны кашайган бироо чыгыптыр да
08.12.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xnurgul_gul,кочкоратадан ким деген аты жазынызчы....
08.12.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika0906,акматалиева дильфуза
10.12.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xnurgul_gul,кочкор атадан ким экен булар? Кайсы кочодо турчу эле
07.12.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экоондо тен куноо бар.
07.12.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыз башын мн ХХХ ХХХ ХХХ жондон жон бир жигитти турмого алып кетти
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 09:59:16
07.12.2016. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazikbaigazy,jondon jon emes ozu sherik da. Emese jok men uigo ketishim kerek dep suirop tushurup ketip kalganda myndai bolboit ele
08.12.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazikbaigazy, этика нормаларын сактаңыз!
08.12.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таш боор адамдар жаман кобойду ээ Аллахым озун бизди таш боордуктан сакта
08.12.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тагдырына жазылганда,бирөөнү какшатсаң, өзүң какшап өлөсүң дейт да
08.12.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
rukopashnik,100%кошулам айтканына!
08.12.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салам достор эми бул жерде эмне дейбиз ошон учун илгери кызга 40 уйдон тыюу деп бекер айтылбыса керек да.Кунаажын козун сузбосо бука жибин узобу болуп тийишти да озун кармаса дагы эркек 5 минуталык кумар учун алсыз болуп калат жыныстык катнашка баргам дейт бул жерде куноо кимде? кыз ошондой жол менен акча жасап жургон экен да жон жерден биросу олду экинчиси турмого кетти жашоо каяка баратат айланайын кыздар озунорго суроо бергилечи аты жаман арактан пиводон ичпей эле койсо болот да
09.12.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм тишина только тишина хочу.
08.12.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кафелерге кирсен топтошкон эле кыздар отурат пиводон ичишет тамеки чегишет кызып калгандан кийин тийише башташат эми баардык кыздар эле ошондой жаман дегенден алысмын.Ушунун баарына биздин эркектер да куноолу болсок керек эже карындаштарыбызды карай албасак андай болбо мындай бол деп айта албасак кыздарыбыз жонойт да кафеге кочого эс алганы иштейбиз деп канча кыздарыбыз Россия,Казакстан ж.б чет жактарга кетип атышат алар кеткенден кийин ал ошол жактан бузулуп кетиптир антип кетиптир деп соз
08.12.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чыгат.Кыргызымдын жигиттери эже карындаштарыбызды кор кылбайлычы балдар айтат кече кафеден бир кызды чаптым туну менен журдук анттик андай болду мындай болду деп кантип мактанасынар уйунордо силердин да эже карындашынар бар ушундай ойлордон алыс бололучу таксист деле кетип калганда жыныстык катнашка барбаганда биросу аман калмак да экинчиси эркиндикте калмак
08.12.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жанылык окубай калдык интернетке кирсен олтурду олду зордуктады ж.б Кыздар силер да эне болосунар силер да кыз тарбиялайсынар жигиттер балдарыбызга кантип тарбия беребиз азыр уксан кечее уйлонгон жигит бугун ажырашып кетиптир деген соз кулака жат угулбай деле калды го ошонун баарына ким куноолу Эркеги айтат аялым деп Аялы айтат куйоом деп эгер куйоонор ичип келсе акырын жаткызып койгула алдап соолап бизде андай жок
кичинекей уруштан чон уй булоо ажырашып атат аял эркек тен укуктуу<
08.12.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичине уруш чыкса азыркы заманда чон трагедия кыздын торкундору кетип кал дей кой антпе жаша деп эч ким айтпай калган куйоодон чыгыптыр бети жок деп илгери апаларыбыз жаман корушчу эле Бактылуу болбой калдым деп айтышат анан бактылуу жашоо жок кыздар бактылуу коз ирмемдер бар жаман болсо да куйоонуз менен жакшы коз ирмемдер откон да Эркек акча таппай калса биринчи аялдын созу сен жат анда мен иштейин деп баштайт туура коз караш менен жашасак жашообуз да бусулбайт ынтымакту бололу
08.12.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ашыкча кетсе кечирип койунуздар
09.12.2016. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Еркекти соттобой еле коюш керек...озун коргоптурда...ар кимден акча ондуруп журсо зордкктады деп...акыры таксистке келип такалыптыр....таксисттерге кыйын еле болуп баратат....бир чети талага ыргытпай бир аз ел бпр жака таштаса болмок батыраак ел коруп скорая чакырышмак...жаткан жери жайлуу топурагы торко болуп аллахым бул дуйнодо билип билбей кылган куноолорун кечире горсун....амин
09.12.2016. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stervella415,кечир+
09.12.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
50жылга камаш кк баланы
10.12.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бала Жалал-Абад шаарындагы "Абад" таксиде иштейт болчу."Абадчылар" коп ялдардын "сообуна" калса керек.
11.12.2016. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taraza_,кандайча сообуна калат
11.12.2016. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр мындай жол менен акча тапкан кыздар коп. Алардын шериги бар .......
13.12.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне дейт кыз апасына бычак сайган дейби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо