-

Ушул жылга карата өлкө боюнча 250 адам тамактан
УУЛАНЫП, 143 адам ботулизм оорусунан жабыркаган. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги таратты.
-
Өлкө башчысы АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев кызматтан бошотулду.
-
Өзгөндө балдарын канжалатып МУШТАШТЫРГАН эки ата сот тарабынан 2 жылга шарттуу түрдө кесилди. Мындай чечимди Өзгөн райондук соту чыгарды.
-
Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору Рустам Курмановду тармактык комитетте депутаттар жумуштан алууну сунушташты. Буга дары-дармектерди пайдалануудан улам адамдардын каза болушу жана ПАРАКОРЛУК СЕБЕП БОЛДУ.
-
БУУнун өнүктүрүү программасынын иликтөөсүнө караганда Кыргызстандагы АЯЛДАРДЫН 30,6 пайызы орто жана жогорку билимге ээ. Ал эми ЭРКЕКТЕР арасында бул көрсөткүч 22,3 пайызды түзөт.
-
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору Артур Буюкляновдун айтымында, шаарда САСЫК ТУМООГО кабылгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 15 пайызга өскөн. Буга байланыштуу Бишкек шаарында Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 6 күндүк иштөө тартибине өттү.
-
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору ОРОЗБЕК МОЛДАЛИЕВДИ президент кызматтан бошотту.
-
БУУнун өнүктүрүү программасынын 2014-жылкы иликтөөсү боюнча, өлкөдө балдардын 37,9 пайызы ЖАКЫРЧЫЛЫКТА, ал эми 1,7 пайызы өтө жакырчылыкта жашашат.
-
Кыргыз мамлекетинде коомдук-саясий багытта өзгөчөлөнгөн эмгеги үчүн жана мамлекетти чыңдоого кошкон зор салымы үчүн берилүүчү "КУРМАНЖАН ДАТКА" ордени негизделди.
-
Башкы прокуратура МАКСИМ БАКИЕВДИН санаалашы Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу фактысына байланыштуу иш козгоп, териштирүүнү УКМКга тапшырды.
-
Чылымдан өспүрүмдөрдү алыстатуу максатында депутаттар ТАМЕКИ баасын көтөрүүнү өкмөткө сунушташты. Маалыматта эң арзан чылымды 40-45 сомдон жогору сатуу көрсөтүлгөн. Ошондой эле кафе, ресторан сыяктуу жерлерде тамеки чегүүгө чек коюлушу мүмкүн.
-
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы ЭГЕМБЕРДИ ЭРМАТОВ кызматтан алынды.
-
Жогорку Кеңеш 2017-жылдын БЮДЖЕТИН 23,3 миллиард сом жетишпестиги менен бекитип берди. Тактап айтканда, келерки жылдын чыгашасы 150,1 миллиард сом болсо, киреше 126,8 миллиард сомго болжолдонгон.
-
Мамлекеттик миграция кызматынын билдиришинче, учурда Кыргызстанда эмгектенип жаткан чет өлкөлүктөрдүн саны боюнча КЫТАЙ 1-орунда. Тактап айтканда, 11 миң кытайлык биздин өлкөдө иштеп жатат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg