№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун СПИДге каршы программасынын (UNAIDS) маалымдашынча, Кыргызстанда акыркы 10 жыл аралыгында ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 8 эсе өскөн. 2005-жылы 826 болсо, 2016-жылга карата 6730 адам ВИЧке чалдыккандардын расмий тизмесинде. Маалыматка караганда өлкөдө аталган илдетти көбүнчө кан жана жыныстык катнаш аркылуу жугузушууда. 2016-2017-жылга карата бул ооруга каршы күрөшүүгө глобалдык фонд Кыргызстанга 22 миллион доллар бөлдү. Буга чейин СПИД, кургак учук жана безгек боюнча аталган фонд ооруларга каршы каржылоону колуна алган болсо, 2018-жылы Кыргызстанга карата каржылоосу толугу менен токтомокчу. Адистердин айтымында, эгер бул каржылоо токтосо, өлкө ичинде ВИЧ сыяктуу жугуштуу илдеттер кескин түрдө көбөйүшү мүмкүн.Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-4
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |