№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
"Кыргызтелеком" ААКсынын башкармалык кеңешинин төрагасы Эмил Ешеналиевге Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Премьер-министр бир апта мурда "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерип чыгууну Башкы прокуратурага тапшырган болчу. Буга аталган ишкана Казакстандык интернет провайдерлери менен тымызын сүйлөшүүгө барып, бааны көтөргөн болушу мүмкүн деген божомол себеп болгон. 2016-жылдын 29-июль жана 1-август күндөрү "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилиги "G.К.S.G" компаниясы менен секундасына 1 мегабит интернетти 30 доллардан сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Натыйжада өлкө казынасына 275 миң доллар зыян келген. Аталган иш өкмөт алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматына өткөрүп берилди. Ага ылайык, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчилигине Эмил Ешеналиевди кызматтан алуу боюнча тапшырма берди.Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |