Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айдоочу: "РЭКЕТТЕР УНААНЫ ӨРТТӨП ЖИБЕРГЕН УЧУРЛАР БОЛГОН"

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж

Ар бир эле адам узак жолго чыкканда жол боюнда бузулуп же тыгында турган чоң жүк ташуучу унааларды көрсө керек. "Жол азабы – көр азабы" деген сөз узак жолго жүк ташыган айдоочуларга арналгандай. Бул сапар узак жолго ташылган жүктөрдү өз дарегине жеткирүүчүлөр тууралуу кеп кылмакчыбыз.

"ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН "СТАВКАЛАРЫ" БАР"

30 жылга чукул өмүрүн жолдо өткөргөн Төлөнбай Эрдовлатов өз кесибинин күнгөй-тескейи менен ой бөлүштү:
– 1987-жылдан бери унаа менен узак жолдордо жүк ташып келем. Убагында Орусия, Украина, Казакстан, Тажикстан жана башка өлкөлөргө жүк ташып жүрдүм, акыркы 2 жылдан бери Кызыл-Кыя-Ош-Бишкек багытында каттап жүрөм. Эң узак сапарым – бир топ жыл мурун Украинага барып келгенде 42 күн жол жүргөм. Соңку 2 жылдан бери чет өлкөлөргө көп чыга элекмин. Себеби жумуш аз, экинчиден чек арачылар өздөрүнүн "ставкаларын" алышса, ал эми Казакстандагы МАИчилер бизди себепсиз эле токтотуп алып 30-40 миң теңге ала беришет. Өзүбүздүн өлкөдө деле акча талап кылган патрулдук милиция кызматкерлери бар.
Акыркы жолу Тажикстанга Кызыл-Кыядан цемент жеткирдим. Чек арадан жүк ээлери сүйлөшүп, өздөрү өткөрүштү, ошон үчүн анчейин кыйналган жокпуз. Ал эми жеке айдоочулардан чек арачылар акча сурашып, өтө албай кыйналышкандарын көрүп эле жаттык. Азыр "патент, лицензия алгыла" деп жатышат, бирок мен ала элекмин. Себеби жумуш аз.
Жолдо түркүн окуяларга туш болосуң. Союз жаңы тараган маалда рэкеттер көп болчу. Алардын өздөрүнүн аймактары болот. Биз чет өлкөгө киргенде рэкеттер тосуп "акча таштап кет" дешет. Мисалы, 100 миң рубль же сом сурашса айткандарын эле бере бербейсиң, "акча аз эле" деп соодалашасың. Алардын да түшүнүктүүлөрү бар. Андайларына туш болсоң макул деп коё беришет. Кээ бирлери "табасың" деп кыйнап туруп алышканда айла жок сураган акчасын бергенге туура келет. Эгер акча жок деп койсоң текшерип, таап ала турган болсо жаман болот. Кээ бир кесиптештеримдин унаасын жүктөрү менен кошо рэкеттер өрттөп жиберген учурлар да болгон. Канчалаган кесиптештерим чет өлкөгө унаасы менен кирип, ошол бойдон кайтпай, дайынсыз жоголуп кетишти.
Союз мезгилинде Токтогул районунун Торкен айылынан тентектер жолду тосушчу, азыр андай эмес. Кээ бир айдоочулар жүктөрүн ара жолдон тарттырып жиберишет же унааны жолдун тайгактыгынан улам аңтарып алып пайда тапкандын ордуна карыз болуп калган учурлар азыркы тапта көп болууда. Биздин кесип коркунуч, тобокел, кызыктар менен коштолот.

"КЫШ МЕЗГИЛИНДЕ ЖҮК ТАШУУ ООР"

– Негизи унааңды жайында жакшылап оңдоп алсаң, кышында кыйналбайсың. Эгер жолдон унаабыз бузулуп калса, өзүбүз оңдоп алабыз. Кесиптештерибиз кыйынчылыкка кабылган учурда жолго таштап кетпей, дайыма жардамга келебиз. Мисалы, бирөөнүн унаасы жолдон бузулуп калса аны чиркеп алабыз же жүгүн өзүбүздүн унаага жүктөп жеткиришебиз. Бизге жай мезгилине караганда кыш мезгилинде жүк ташуу оор. Жол тайгак, суук, ашууларда тыгында бир нече саатка чейин турган учурлар болот. Жол тыгындары оор жүк ташуучу унаалардын айынан болот деген туура эмес. Тескерисинче, тыгын жеңил унаалардын айынан болот. Мисалы, биздин унаалар бузулса же тыгынга кабылсак бир катар тизилип турабыз, ал эми жеңил унаалар ар кайсы жерге тумшугун тыгып, каршы тилкеге да токтото беришет да, жолду тосуп калышат.
Жүк ташыгандан банкрот болгон эмесмин, бирок жол азабын тартып жеткирген жүктөн чыгашаларды алып салганда аз акча калат. Солярка азыр Бишкекте арзан, литри 36 сом болсо, Кызыл-Кыяда 40 сом. Тапкан акчаңа кайра эле унааңды оңдоп, ар кайсы тетиктерди сатып аласың, май куясың, андан ашканы гана үй-бүлөңдүн кем-карчысына жумшалат. Азыр жүк ээлери жол кирени арзан төлөшүүдө. Анан "эртерээк жеткирип бер" дешет. Мурда "Кызыл-Кыядан Бишкекке 18 саатта жеткирип берсең болду" дешчү. Азыр "12-13 саатта жеткир" дешет. Ошонун айынан айдоочулар шашып айдашып, анын кесепетинен жол кырсыгына кабылышууда. "Жүгүңдү албайм" десең башка жумуш жок, башка айдоочу келип жүктөп кете берет.
Кызыл-Кыядан Бишкекке чейин жүктүн тоннасына 2 миң сом, кээде 1 жарым миң сом алабыз. Мисалы, мен кечээ Кызыл-Кыядан 8 тонна жүк менен келип, жол акысына 16 миң сом алып, анын 15 миң сомуна май куйдум. Кайра кеткенге кардар табылгыча унаа токтотуучу жайга, тамак-ашыма, мончого өз чөнтөгүмдөн каражат кетип жатат. Кээде ушинтип чыгаша болуп калабыз. Унаама 15 тонна жүк батат, бирок 15 тонна жүк табуу оор. Кээде эле болуп калбаса. Убактымдын көбү үйгө караганда жолдо өтөт. Мисалы, айдын теңинен көбүн жолдо, унаамда уктап өткөрөм. Бирок үйдө бутуңду кенен сунуп уктаганга жетпейт, үйдөн буту-колуңду сунуп кенен уктайсың. Узак жолго чыксак жаныңда сөзсүз өнөгүң болушу керек. Сен чарчаганда ал айдап кете берет. Ал эми өзүбүздүн өлкөнүн аймагында жалгыз эле жолго чыгабыз. Жолдон "ала кет" деп жол тоскондор көп чыгат, бирок мен коопсуздук үчүн токтобойм. Себеби ар кандай адамдар бар да. Кээ бир айдоочулар жол тоскондорду жанына салып алып МАИ кызматкерлери токтоткондо түшүп, аларга жолугуп келгиче унаадан тиги киши акчаларын, документтерин көтөрүп качып кеткен учурлар да көп болгон. Башка жумуш колумдан келбейт, Кудайга шүгүр, ушул жумуш менен үй-бүлөмдү багып келем. 2 кыз, 2 уулум, неберелерим бар.

КААРМАНЫБЫЗГА ТАМАШАЛУУ СУРООЛОР:

– Түшүңүздө унаа айдаган учурлар болобу?
– Жок (күлүп).

– Унааңызды сүйөсүзбү?
– Албетте.

– Контрабандалык жүктөрдү чет өлкөгө жеткиресизби?
– Андай айдоочулар болбой койбойт. Бирок мен өзүм жеткире элекмин.

– Соляркаңызды уурдаттыңыз беле?
– Дайыма кулпу салып бекитип алам. Бирок былтыр кесиптештерим Сосновкадан көп уурдатышты, унаасын токтотуп укташат да. Азыр жаңы насос чыгыптыр, аккумуляторго уласа эле майды заматта соруп алат экен. Ошол насос менен 5-10 мүнөттө эле майларын сордуруп алып качып кетишет дейт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(19)
07.12.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Боорум ачып кетти ((
07.12.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Чынында жумушу оор.
Бирок тыгынды ушул чон фуралар жаратат
07.12.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тоннасын 2000мин деп жалган айтат ошко 3000денго бишкектен
07.12.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
kuba.kq8705,Туура эле айткан Кызыл-Кыядан кг 2сомдон ташыйт
08.12.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kuba.kq8705, Жоол киренин эң кымбаты Кочкоратадан башталат, андан ары Жалалабат Ош Кызыл кыя алыстаган сайын арзандай берет)) Бишкеке.
12.12.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kuba.kq8705,мен деле дайыма 3000 алгандарын коруп журом, Бишкектен Ошко чейин.
07.12.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Унаанызды бир жуудуруп суротко тушсонуз болмок экен
07.12.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат!!! Байке ишибизге ийгилик
07.12.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ээ байкеси бут эле жук ташуучулар контрабанда ташыйт деп эле ачык айтпайсызбы. Башка жук жок го бизде. Патент жонундо кенениреек айтсаныз болмок. Супер инфо патент жонундо да макала жазсаныздар сонун болмок. 4000 айына анан да 3 ай алдын ала толонуш керек деп кыйнап жатышат. Сосновка башка жактан алынган патентти жаратпай жатат. Элге шарт тузгондун оордуна кыйнап жатат. Патент алгандын оордуна патент сураган кызматтарга акчасын берсен арзан болот ошон
novayariga түзөттү 2016-12-07 17:53:39
07.12.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ар дайым ак жол!
08.12.2016. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ишинизге ийгилик
08.12.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сосновканы жамандабай, майына сак бол
08.12.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бишкектен кызыл-кыяга тоннасына 1500 сом ! жомокго бул! Оштон Бишкекке чейин эле 1кг-га 3 сом аласынарго. чындыкты жазгыла болгону. Как будто бул айтканынызды жуктун ээлери окубай тургандай айтыпсызго. Толонбай байке озунуздун оозунуздан чыкты ушул соз деп алдынызга коркпой барып суйлошо берет экенбизда эми .
modern-group түзөттү 2016-12-08 19:28:35
12.12.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
modern-group,Толонбай байкенин номерин мага да берип коюнузчу)))
09.12.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
kontrabanda degen emne
09.12.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Meerman, Башка мамлекеттен растоможка кылбай жук алып кируу,мамлекетке акча толонбой калат. Аны финпол козомолдойт. Кармаса апалатат)
12.12.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
novayariga,апалатканы жакшы экен))
10.12.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жеңил машина айдоочулар тыгын жаратат деген чындык каршы тараптан келүүчү машинанын жолуна чыгып алышып жолдо ошолор тыгын жаратышат же артка кете албай же алдыга кете алышпай артынан ага окшоп келген машиналар топтолуп тыгынды ошол "нахал"дар пайда кылышат
14.12.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумушу оор эле экен. Кырсыктан кудайым сизди сактасын!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо