ЭЗМЕ КУРУТ (КУРУТАБА) & ЖУПКА

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

Кыш мезгили тоюмдуу жана калориялуу тамактарды талап кылат. Кыргыздын тоюмдуу, ары пайдалуу, сыйлуу конокторго берилген улуттук тамактарынын бири – эзме курут. Эл арасында бул даамды ысык курут, эзме курут, курутаба деп атап коюшат. Эзме куруттун жасалуу жолу жана пайдасы тууралуу үй кожойкеси Чынара Бурканова айтып бермекчи.

ЭЗМЕ КУРУТТУН КУРУТУ КАНТИП ЖАСАЛАТ?

Сүттү уютуп, айран болгон кезде баштыкка куябыз да, салкын жерге 3-4 күн илип коёбуз. Баштыктагы сүзмөнү казанга салып жай отто улам-улам аралаштырып 30 мүнөттөй кайнатып, суусу толук сарыгышы үчүн кайра баштыкка салып, салкын жерге 2-3 күнгө иле турабыз.
Сүзмөнүн суусу толук сарыкканда чарага салып камырдай ийлеп, чоңдугун муштумдай кылып тоголоктоп курут жасайбыз.
Эскертүү! Эзме курутка туз кошулбайт. Курутту көлөкө, жел жүрүп турган жерге жайып, чаң болбошу үчүн үстүн даки менен жаап коёбуз. Курутубуз болжол менен 10 күн аралыгында кургайт. Кургаган курутту чүпүрөктөн тигилген баштыкка салып, кургак жерде 2-3 жылга чейин сактоого болот.

ЭЗМЕ КУРУТ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

  • Курут
  • Кайнак суу
  • Табитке жараша сары май, кумшекер

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

1. Алгач курутту 1-2 жолу жылуу сууга чайкап алып, үстүнө кайнак суу куюп демдеп коёбуз.
2. Суунун табы кайтканда курутту алакан менен эзип аралаштырабыз. Сүттөй болгон суюктук пайда болот.
3. Бул суюктукту мискейге куюп 3 мүнөттөй кайнатабыз. Тынбай аралаштырып туруу керек, болбосо курут иримчик тартып кетет. Табитке жараша үстүнө ысытылган сары май, набат же кумшекер кошуп ысык бойдон конокторго сунулат. Эзме курут май токоч, чабаты, калама, жупка менен берилет.
Эскертүү! Керектүү өлчөмдө эзип алгандан кийин калган курутту көгөрүп кетпеши үчүн муздак сууга бир сыйра жууп, табакка салып үстүн даки менен жаап, шамал жүрүп турган жерге коюп коюу керек.
Эзме куруттун курутуна өрүк кошуп жасоого да болот. Ал үчүн сүзмөнү кайнаткандан кийин ага өрүктү эзип кошуп, курут жасап кургатып, жипке тизип илип коюу керек.
Ошондой эле сүзмөнү кайнаткандан кийин алдын ала бууланган банкаларга салып кышка сактоого болот.


Эзме куруттун курутуна өрүк кошуп жасоого да болот. Ал үчүн сүзмөнү кайнаткандан кийин ага өрүктү эзип кошуп, курут жасап кургатып, жипке тизип илип коюу керек. Ошондой эле сүзмөнү кайнаткандан кийин алдын ала бууланган банкаларга салып кышка сактоого болот.

ЭЗМЕ КУРУТТУН ПАЙДАСЫ

Эзме курут адамды ток кармап, күч-кубат берет. Өзгөчө орозо учурунда, талаа иштери башталганда эң керектүү тамак болуп эсептелет.
Мындан сырткары эзме курут кан басымы төмөндөргө, каны аздарга абдан пайдалуу.

ЖУПКА


КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

  • Ун – 300 грамм
  • Суу – 1 стакан
  • Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
  • Татымына жараша туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:



1. Буудай унунан катуу камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.
2. Тыныккандан кийин четинен үзүп алып, калыңдыгын 1-2 миллиметрдей кылып жайып алабыз.
3. Жайылган камырды какшыган казанга же көмөч казанга улам бирден каттап салып, 7-8ден жуптап, жай отто кактап бышырып алуу керек. Жупканы алдын ала даярдап, майдалап, кездемеден тигилген баштыкка 1 жылга чейин сактасаңыз болот. Анан да бул азык алыс жолго чыкканда алып жүрүүгө да ыңгайлуу.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Эзме курут ашказан, жүрөк ооруларынан арылтат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(22)
14.12.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң сонун, биздин улуттук тамагыбыз!
16.12.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чон энем жасаган жупканы сагындыыым. Эми ал бизге эч качан кылып бербейт.Чон эноо, жаткан жериниз жайлуу болсун!
14.12.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жасасам окшобой калган да
14.12.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аппетитти ачтыго чиркин Москвада кайдан табам
14.12.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jibeka09,метро Добрынскийдебаары бар,чон эжелер сатат.Туздуу курут,эзме курут даярын жана курут,сузмо,каймак,сары май,чучук,жарма,шоро баарыбар экен.Каймак алып жедим,тим эле эми эле тартылган каймактай.Кыргызстандан самалеттон алдырат экен.
15.12.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jibeka09,жума намаз га бир эже адып келип жатат, сонун экен май токочу менен сатат
14.12.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайнак суу куйса бытырап майдаланып кетет. Андан коро сууну бир аз муздатып алып, эзуу керек. Базарда саткандар ушинтип кайнак сууга чылап алып, ага суюгураак атала кошуп салышат. Чыныгы эзме курут башкача болот базардагыдан.Анан да курутту ысытып жатканда же пиялага ысыган сон куйганда деле сары майды салса эрийт да, зачем даамын бузуп эритиш кк
jasgul түзөттү 2016-12-14 13:13:22
14.12.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми ар ким ар кандай кылып жасайтда.Эзме курут-деген жазууну коргондо эле ыраматылык таэнем эске келет.Кышында уйуно барганымда дайыма катып койгон эзме курутун жасап берчу.Кечкисин ыссык кылып ичип таэнемдин жанында уктап калчумун ..эх абдан сагындым ошол кундорду.
14.12.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз уйбулобуз мн жумасына бир жолу жасап ичебиз... чынында соонун тамак да ммммм... мен да билбейт болчумун кайненемден уйрондум.....
14.12.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Банкагада жаап алса болот ,апам жабат эртен менен кайнак сууну саал муздатып куйуп атала кылып ичет элек.
15.12.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи жолу угушум ушундай тамак бар экенин,жупканы эле билет экем
15.12.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен уктум эле базарда сатылган эзме куруттарды стиральная машинага салып эзет экен деп,чын же жалган экенин точно билбейм,бирок
15.12.2016. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде бир аз ун кошот
15.12.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эзме курутту жасоодо жогоруда созу калып кеткенби айтоор даяр болгон сузмоону кайнатабыз дептир жок андай эмес даяр болгон сузмону казанга салып ага олчомуно жараша НАК сут куйуп кайнатылат андан сон баштыкка салынып сузмо курутка ылайык болгондо тоголоктоп кургатышат
16.12.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты.
16.12.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ар ким ар кандай кылып даярдайт да. Биз эзме куруттун курутуна туз кошпой жасайбыз, башка куруттарга кошобуз. Туз кошсо үбөлөнмө болуп калат. Туз кошпогон үчүн бул курут катуу болот, ошон үчүн кайнак суу куябыз.
17.12.2016. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туз кошпой кылып коруш кк экен, биз туз кошуп анан туздуу болуп калбаш учун биринчи атала жасап анан эзилген курут куят экенбиз
17.12.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Езме курутка созсуз ундан атала кылып кошуш керек болбосо куруттун озу жакшы болбойт
18.12.2016. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз ичебиз да бул тамакты соонун кылып..))
20.12.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurgul991, жарнама жана коммерциялык маалыматтарды "Коммерциялык жарыялар" аттуу бөлүмгө гана калтырууга уруксат берилет. Эскертүү!
20.12.2016. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апамдын жасаган курутун сагынып кеттим,май салынган курутту ичип алып чана тепкени чыгат элек го чиркин.
15.02.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боорсок бышырсамбы же жупка менен берсемби эзме курутту деп ойлонуп калдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо