МОСКВАДА КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КӨҢҮЛДӨШҮН ӨЛТҮРГӨН ДЕП ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

Жакында Москва шаарында кылмыш катталды. Кылмыш башка өлкөдө болгону менен, кылмышка шектүү да, каза болгон адам да кыргыз жарандары. Бул кылмыш эмнеден улам чыкканын иликтөөгө алдык.

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Ушул жылдын 27-ноябрь күнү Москва шаарынын Липецкий көчөсүндө кандуу окуя катталды. Улан Тиленбаев аттуу 35 жаштагы кыргыз жараны 27 жаштагы Нурзат Исманова аттуу мекендешин бычактап, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан улам каза тапкан. Ал эми кылмышка шектүү изи сууй элегинде кармалды. Ал берген көрсөтмөсүндө Нурзат менен көңүлдөш катары бирге жашап жүргөнүн, "бул мамилени айылда калган аялыңа айтам" деген сөзүнөн улам аны ачуусу менен бычактаганын билдирген. Учурда бул кылмыш боюнча анын үстүнөн Орусиянын Кылмыш жана жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

"КЫЗЫМДЫ АРБАП, АЛДАП ЖАТЫП ЭЛЕ АЛЫП КЕТКЕН"

Маркум Нурзат Исманованын апасы Гүлбайра Айталиевага байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кызым Нурзат жолдошу көп иче бергендиктен экөө ажырашып кетишкен. Ортолорунда 3-класста окуган баласы бар, ал азыр менин колумда. Кызым өзүн өлтүргөн жигит менен Бишкектен таанышкан окшойт. Анын аялы, 3 кызы бар экен. Менин кызыма "уул төрөп бер" деп жүрүптүр. Мен аны көргөндө эле ага "балам, үй-бүлөң бар экен, экөөңөр мамиле курбай эле койгула" деп айткам. Кызым ага жолукпай качып жүргөн, бирок ал көнгөн эмес окшойт. Москвага кеткендерине 2 ай болуп калган. Ал жигит "элдей болуп иштеп акча табабыз" деп кызымдын башын айланткан го, кызым кетерин мага айтпай даярданып алыптыр. Бир күнү мага телефон чалып, "апа, Улан Москвага алып кетем деп жатат" деди. Аны укканда "кереги жок, менин жанымда эле болчу" деп болбой койгом. Нурзат укпай тигини ээрчип Москвага кетип калды. Жеткенден кийин биз менен байланышып жүргөн. Эжесине болсо "Улан арак ичип жатат" дептир, мен аны уккан эмесмин. "Андай болсо келе бер" десе, "келип алгандан кийин кантип барам?" деп койгон экен.
Акыркы жолу 14-ноябрда мага телефон чалып, "апа, мен жакшымын, биринчи айлыгымды батирдин ижара акысына бердим. Тигил арак иче бергендиктен биринчи батирден чыгарып салды, азыр жаңысына кирдик. Эми кийинчерээк чалам" деген. Ошону укканда эле "келе берчи" дегем. Анан кечээ түнү (ред. 30-ноябрь) Москвадан телефон чалып кабарлап жатышпайбы. Неберем да апасынын каза болгонун билбейт.
Өзүмдүн эркек балам жок, 4 кызым бар. Жолдошум 29 жашымда эле каза болуп калган. Нурзатым мага эркек баласын таштап, өзү ушинтип кете берди. Кызымды өлтүрүп койгон жигит тараптан дайын жок. Экөө Москвага кеткенден кийин анын апасы "уулум сиздин кызыңыз менен сүйлөшүп жүрүптүр, келинимди жактырбай жүргөн" деп чалган. Мен таң калып "үчтү төрөп берсе эмнеге жактырбайт?" десем, "анча-мынча кыздарды жактырчу эмес, сиздин кызыңызды жактырып калган экен. Аялы менен уруша бергендиктен иштесин деп шаарга кетиргем" деп айткан. Анан калса "буюрса, кудагый болобуз" дегеничи. Кызым байкушту арбап, алдап жатып эле алып кеткен, эми минтип сөөгү качан келерин билбей отурам.

"КӨРҮН КАЗДЫРЫП КОЮП СӨӨКТҮ КҮТҮП ОТУРАБЫЗ"

Ал эми маркум Нурзаттын бир тууган эжеси Гүлсайра "жакында эне болом, ошого өзүмдү аяп карманып отурам" дейт:
– Буга чейин сиңдимдин Москвага барып иштейин деген ою жок болчу. Бир күнү эле Улан Нурзатты таксиге салып "кийимдериңди алып келе кал" деп үйгө жөнөтүптүр. Нурзат "биз шашылыш Москвага кетип жатабыз" деп даярданып чыгып кетти. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй телефон чалып сурасам "Ош базарында" жүрүшүптүр, анан аларга барып жолуктум. Ошондо Уланга "аманатка кыянаттык кылба" деп айткам, "жок, көзүмдүн карегиндей сактайм, ханышадай жашайт" деп убада берди. Ошону менен арадан бир апта өттү, дайыны жок же телефон чалышпайт. Сарсанаа болуп эмне кыларыбызды билбей жүрсөк, Нурзат "биз Казакстанда турабыз, бараткан машинабыз бузулуп калды" деп чалды, бирок "эже, бутум тартпай жатат" деп айткан болчу. Ошону менен кайра бир айдан кийин байланышып "мени сабап жатат" деп үшкүрүнүп сүйлөдү.
Сиңдимдин мүнөзү жоош, ишенчээк, ак көңүл болгондуктан тигини алдап деле качып кете алган жок да. "Аялыңа айтам" десе өлтүрүп салыптыр" деп айтып жатышат. Ал өзү аялы менен жашабай жатса аны сиңдим кайдан таанымак эле? Шаарда баласы, апам болуп үчөө жашашчу. Көрүн каздырып коюп сөөктү күтүп отурабыз (ред. 5-декабрь).

"ДАЛАЙ ЖОЛУ САБАП, КАЙРА ЭЛДЕШИП ЭЛЕ ЖАШАП ЖҮРҮШЧҮ"

Айгүл Көчкөнбаева маркум Нурзат, аны өлтүргөн жигит болуп Москвада бир батирде 2 ай бою чогуу жашашкан. Бай­ланыш­каныбызда ал буларга токтолду:
– Мага Нурзат­тын айтка­ны боюнча Улан экөө Биш­кектен таа­нышып баш кошушкан, бирок расмий никеге турушкан эмес. Москва шаарына 3-августта келишиптир. Мени менен жашаган бир кыз Нурзат менен чогуу иштегендиктен экөө тааныш эле. Ошол кыз аркылуу алар биздин батирге келип жашап жүрүшкөн. Нурзат биз жашаган үйдөн алыс эмес жердеги "Пятерочка" деген дүкөндө иштечү. Жолдошу тынчтык берчү эмес. Нурзатты далай жолу сабап, кечирим сурап, кайра эле элдешип жашап жүрүшчү. 18-ноябрь күнү Нурзатты сабап жатканда биз чогулуп Уланды батирден чыгарып салганбыз. Нурзат эртеси жумушка бара жатса подъездден кармап алып тепкилеп салып, жумушка кечигип барган. Ошентип 10 күндөй ал Уландан качып, чогуу иштегендери үйгө жеткирип келип жатышты. Ошого деле болбой иштеген жерине барып Нурзатка "сени баары бир өлтүрөм" деп айтып кетчү экен. 26-ноябрь күнү Нурзат экөөбүз түнкү 2ге чейин сүйлөшүп отурдук. Ошондо ал балалыгынан баштап Уланга жолукканга чейинкисин бүт айтып берген. Эртеси таң эрте тамактанып жатсак жумушка баргысы келбей жатканын айткан эле. "Айлыгымды алсам Кыргызстанга кетем" деп жүргөн.
Мен 27-ноябрь күнү кечки саат 9 жарымдарда жумуштан келе жатсам Улан биздин подъезддин жанында туруптур, мени көрүп тескери басып кеткен. Үйдөгүлөргө айтсам алар сыртка чыгып аны таппай келишти. Азыр өзүбүздү күнөөлүү сезип жатабыз, Нурзатка айтып койсок, балким, ал үйгө келбей жумушунда эле калып калат беле. Бирок мындай болуп кетет деп ким ойлоптур. Полиция кызматкерлери келип айтканда эшикке чыксак Нурзат кан болуп жаткан экен, тигил зөөкүр сайып качып кетиптир. Азыр (ред. 1-декабрь) Нурзаттын иштеген жеринен акчасын алып, сөөгүн Кыргызстанга жөнөткөнгө аракет кылып жатабыз.

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова: "Тиешелүү документтерди толтурууга ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү, "Аксы" коому жардам беришти. Маркумдун сөөгү 6-декабрь күнү Москва-Бишкек аба каттамы менен жөнөтүлдү",- деп билдирди.

Подъезддин видеокамерасына маркумду бычактап жаткан кези тартылып калган.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
14.12.2016. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
түрмөдө ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-14 09:37:56
14.12.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sveta23, этика нормаларын сактаңыз.
14.12.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сакта
14.12.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Неге көңүлдөш дейсиңер?Үйлөнүшкөн турбайбы.
14.12.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
nazi25,Ал баланын семьясы,уч кызы бар деп турат го,атайын никеге турбаса конулдошу эмес эмне деп жазсын
14.12.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eleko,аялы болсо деле, нике кыйып үйлөнсө аялы эле болот.
14.12.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
nazi25, Никеси жок деп жататго каякта уйлонмок
14.12.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
melko6070,Никеси кыйылып,расмий турдо никеге каталган эмес деп жатпайбы
14.12.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazi25,анда ойношу деп аташ керекпи?
16.12.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazi25,конулдош да
14.12.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
эх саяк журсон, таяк жейсин дегениго. апасы менен жакшылап суйлошуп кетсе болмок.
14.12.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Уул туулат деген гарантия каякта бар,просто конулдош болуунун шылтоосу.Ал кишинин чырактай кыздары,аялынын коз жашы экоону бактылуу кылбаптыр.Аттин дуйно...
14.12.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Апасы кызын бекер кармаса мындай болбойт ьеле. Никеси жок мн оздору кошуп бериптир да.кантип берип койду кебетеси эле жийиркпничтуу го. Эжеси да кетем деп чыкты деп. Неге жиберет десен ?бекем кармаса мындай болмок эмес да. Иши кылып окугандан конул айланат турган чыгарма экен.
14.12.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окункчтуу окуя Адамдар айбан болуп эле калышты Адам олтуруу оной эле болуп калды го Бир жакшына аялы кыздары болсо жашай берсе болмок ушундай жаман иш болмок эмес
14.12.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Карга баласын аппагым дейт.Супер инфо бир тараптуу макала жазбай,мурдагы аялынан да интервью алып корбопсунор.
meni_kut түзөттү 2016-12-14 12:52:20
16.12.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meni_kut, бир тараптуу дегениң кандай? Бул жерде байкуш келиндин зөөкүргө алданганы болуп атса, күнөөнү видео камера далилдеп атса, дагы ишенбей жатканыңар кандай???
14.12.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бироонун коз жашы менен бакыт кура албайсын да. Ошо чырактай уч кызынын убалы жеткен го. Уй булоосу бар эркекти башына тартабы?
14.12.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сактааа. Тырнакка зар болгондор канча. Кызды берген кудайым уулду деле берсе керек эле.
14.12.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бироонун жашап аткан турмушун бузуп тийген уй булоо эч качан уй-булоо болбойт.Бирок байкуш кыз ишенип алганго тиги зооокур алдаса.
14.12.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Макаланы толук тушунуп окубай туруп, алардын жашоосунда эмне болгонун корбой билбей сынтаккандар, ТОБО дегиле!!!
14.12.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым озу сактасын. Маркумдун жайы жаннатта болсун.
14.12.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай окуялардан сабак алсаныздар,карындаштар!
14.12.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
modem4999,Ушундай окуядан сиздер да сабак алсаныздар,агалар,инилер,эркек соройлор!
14.12.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
alina79,сага окшош эркекке асылган кыздар агасын да атасын да укпайт
19.12.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Targarien,аялга асылба!!!
14.12.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаман иштин аягы жакшылыка алып барбайт! Эч качан!
14.12.2016. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми ошол жактан ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-15 11:09:59
15.12.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
batsam, этика нормаларын сактаңыз!
14.12.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
АЛЛАХ хидаят берсин баарыбызга,ыйманы жолдош болсун.
14.12.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
байкуш кыз соогу келелекте бу жакта сын айтып,соз кылып жиберипсинер. тимеле суттон ак ангелсинерби озунор.
14.12.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайындар Аллахым башты эмне үчүн берди терең ойлонуп иш кылалычы.Булардын баары динден кабары жоктордун иши.Шариятта деле айтылат ко.Талак бермейин бирөөнүн даже колун кармаган күнөө.Эмне үчүн үй бүлөсү бар адамга жакындайт а тиги эркек эмей эле каңкор го.Кыздар эркектердин сөзүнө ишене бербегиле.А эркектер чыныгы эркек мырзалардан болгула
14.12.2016. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо ошол кызга акчалай жардам керек болсо айттып койунуздар кайсыл жерде экенин Ким аркылуу жардам берсек болот?
15.12.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
15.12.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаман.. Өкүнүчтуу. Жашырганда не, мындай семья куруп жашап жургөндор толтура Россияда. Аялдары же күйөөлөрү Кыргызстанга калтырып коюп,бул жакта башкалар менен жашап жүрүп, анан кыргызстанга эч нерсе болбогондой болуп барып калышат. Ьечера кыз,жок дегенде полицияга "коркутуп жатат" деп арыз жазганда тирүү калат беле... аттин.
15.12.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым баарыбызга ыйман бере кор.Бул эженин билип билбей кылган куноолорун кечирип бейиштен орун бере кор..Аллахым эч кимди туура жолдон адаштырбасын...Ыйманыбызды бек кыла кор...
15.12.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуп алып тан калдым ьир чети. Эжеси дп апасы да ушунчалык кайдыгер карашыптыр Москвага кетип жатканына. Адам жакпаса кантип жиберди кызын ал адамга кошуп???? Кудайдын козу туз болсун. Но, уй-булосу 3 кызы бар адам "эркек тороп бер" десе эле ээрчип кеткенин тушунбойм. Тем более никеси кыйылбаса. Же ошончолук эрки бош адам ьеле, "кийимдеринди алып кел Москвага кетебиз" десе баш ийип берген. Бироонун уй-булоосун бузуп, бакыт таппайсын деген созду унутуп койгон го.
16.12.2016. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 кыздын убалы уруптур..
16.12.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга тооба дейли,олтуруп коет деп апасы ,эжеси дагы ойлободу да!Эртен эмне болорубузду бир кудайдан башка эч ким билбейт!
16.12.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым жазасын берсин.
24.12.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле нике окуп койсо боло бербейт. Ата эне,куболордун батасы макулдугу керек.биринчи аялынан расмий ажыраша элек болсо ажырашышы же уруксатын алышы керек.буларды жасабагандан кийин мин жолу нике кыйса деле зына болуп эсептелет.зынанын жыйынтыгы да ушул.акча десе эле туру суугуна карабай ээрчип кете бербеш керек да.бир таяк жединби Кач!москвага жетип алып анан таштап кетем деп ойлогон да.тиги да зоокур турбайбы.эми 3-4жыл жатып турмодон чыгып дагы кимди олтуроор экен. Кыздын мекени жаннат б-н(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо